СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до 24.06.2025
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
5-класс Кыргызстан тарыхы
1.Эмнелерди жазуу булактары деп аташат?
а) Башкаруучулардын көрсөтмөлөрү, буйруктар,бардык иш-кагаздар,каттар
б) Эмгек куралдар, тиричилик буюмдар,кийим,куралдар
в) Уламыштар,оозеки түрүндө берилген жомоктор
г) Каттар,уламыштар,ар кандай иш-кагаздар,тиричилик буюмдар
2. Томирис ким болгон?
а) перстердин башкаруучусу б) хундардын шанүйү
в) усундардын күнбагы г) сактардын башкаруучусу
3. Сактардын негизги кесипчилиги ............ болгон
а) карапа жасоо б) жер иштетүү
в) кооздук буюмдарды жасоо г) көчмөндүү малчылык
4. Б.з.ч I миң жылдыкта Фергана өрөөнүндө өнүккөн жер иштетүүчү отурукташкан маданияты бар мамлекет пайда болгон. Ал жерде .............. жашаган.
а) усундар б) сактар
в) давандыктар г) кытайлар
5. Шаарларды мамлекеттин аты менен дал келтиргиле.
А) Чигу | 1) Чыгыш Караханийлердин борбору |
Б) Эрши | 2) Батыш Караханийлердин борбору |
В) Өзгөн | З) Усундардын борбору |
Г) Баласагын | 4) Даван мамлекетинин борбору |
а) А-4, Б-1, В-3, Г-2 б) А-1, Б-2, В-2, Г-4
в) А-2, Б-3, В-4, Г-1 г) А-3, Б-4, В-2, Г-1
6. Улуу Түрк кагандыгынын негиздөөчүсү ................. болгон.
а) Истеми б) Мухан в) Бумын г) Маодун
7. 751-ж. Кытай жана Араб аскерлери кайсы жерде салгылашкан.
а) Энесайдагы Суңга токоюнда
б) Борбордук Азиядагы Ордо Балыктын жанында
в) Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында
г) Улуу Кытай сепилинде
8. “Сан Таш” орто кылымдагы кайсы басып алуучунун ысымы менен байланыштуу
а) Амир Темир б) Чынгызхан в) Захреддин Бабур г) Тоглук Тимур
9. XVI к. кыргыздардын жерине кайсы уруулар кол салып баштаган.
а) Моголдор б) Казактар в) Татарлар г) Калмактар
10. Ким жөнүнүдө сөз болууда?
XVIII к. экинчи жарымында Фергана аймагын жердеген кыргыз урууларын жетектеген аскербашчы жана саясий ишмер. Ал кыргыз урууларынын көз карандысыздыгын жана эркиндгин калмак жана кокондук баскынчылардан коргогон.
а) Жайыл баатыр б) Кубат бий в) Еренек бек г) Жарбаң баатыр
11. Кыргздын улуттук валютасы сом качан чыгарылган?
а) 1999-ж. 19-июнда б) 1993-ж. 10-майда
в) 1983-ж. 11-июлда в) 2000-ж 16-мартта
12. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги ..........кабыл алынган.
а) 1999-ж. б) 1992-ж. в) 1995-ж. г) 1989-ж.
6-класс Кыркызстан тарыхы
13. Кыргызстандын аймагында табылган алгачкы адамдардын издери .......таандык.
а) энеолитке б) неолитке в) мезолитке г) палеолитке
14. Таштан жасалган эң байыркы буюмдар Кыргызстанда ................ табылган.
а) Он-Арча суусунун боюнда, Ыссык-Көлдө, Фергана өрөөнүндө
б) Он-Арча суусунун боюнда, Кожо Бакырган Сайда, Таласта
в) Кожо Бакырган Сайда, Саймалы-Таш өрөөнүндө, Чүйдө
г) Борбордук Тянь-Шань тоолорунда, Саламат-Булак комплексинде, Ошто
15. Окумуштуулар ыйгарымдуу чарбадан өндүрүштүк чарбага өтүүнү ............. деп аташкан.
а) илимий техникалык революция б) сооданын өнүгүшү
б) неолиттик революция г) кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү
16. Байыркы адамдардын эң алгачкы иши ............... болгон.
а) аңчылык жана жыйноочулук б) мал багуучулук
в) жер иштетүү жана багбанчылык г) кол өнөрчүлүк жана соода
17. Уруулук коом-бул ...........
а) бири-бири менен баарлашуу үчүн мезгил-мезгили менен чогулган туугандар
б) мекен, байыркы адамдар туулган жана жашаган жер
в) жалпы мүлкү бар, чогуу жашап, биргелешип эмгек кылган туугандар
г) бир нече үй-бүлөдөн турган туугандардын жалпы конушу
18. Алгачкы эмгек куралы жасалган металл:
а) калай б) жез в) коло г) темир
19. Кыргызстандын аймагындагы байыркы мезгилде аскага тартылган атактуу
“аскадагы галереяны” (петроглифтер) белгилегиле.
а) “Чоң-Таш” б) “Кызыл-Таш” в) “Сары-Таш” г) “Саймалуу-Таш”
20. Маодунь ким болгон?
а) Хань днастиясынын императору б) сактардын падышасы
в) хундардын шанүйү г) даван мамлекетинин падышасы
21. “Кыргыз” этноними тарыхый булактарда алгач эскерилген:
а) б.з.ч 201-ж. б) б.з.ч 103-ж. в) б.з.ч 100-ж. г) б.з.ч 180-ж.
22. Азыркы Кыргызстандын аймагын жердеген урууларды хронологиялык ирээтте белгиле:
1) түрктөр 2) усундар 3) сактар 4) хундар
а) 1,2,3,4 б) 2,4,3,1 в) 1,4,2,3 г) 3,2,4,1
23. Б.з.ч VIк. Сак уруулары кимдер менен согушкан?
а) Персия падышалары Кир II жана Дарий I менен
б) А. Македонскийдин аскерлери менен
в) Аттиланын аскерлери менен
г) Грек-перси согуш мезгилинде гректер менен
24. Алексанр Македонскийдин аскерлери б.з.ч. кайсы кылымда Кыргызстандын түштүгүнө жортуул уюштурган?
а) VII к б) VI к в) IV к г) V к.
25. Көчмөн Хундардын Империясы качан түзүлгөн?
а) б.з.ч. V-IV к б) б.з.ч. III-I к в) б.з.ч. VII-VI к г) б.з.ч. IX-VIII к
26. Даван мамлекети качан, кайсы аймакта пайда болгон?
а) б.з.ч. I миң жылдыкта, Фергана өрөөнүдө б) б.з.ч. VII-VI кк. Орто Азияда
в) б.з.ч. VIII-VII кк. Түштүк Сибирде г) б.з.ч. VI-IV кк. Чыгыш Тянь-Шанда
27. “Түрк” этноними кайсы тарыхый булакта биринчи айтылган?
а) Индиялык б) Персиялык в) Гректик г) Кыйтайлык
28. Батыш Түрк кагандыгынын борбору Суяб шаары кайда жайгашкан?
а) Фергана өрөөнүндө б) Талас өрөөнүндө
в) Чүй өрөөнүндө г) Иле дрыясынын өрөөнүндө
29. Түргөш кагандыгынын кулашынын себеби- ................. уруусунун кол салуусу болгон.
а) кыпчак б) карлук в) кытай г) жунгар
30. VIII к. ортосунда Түргөш кагандыгынын ордуна ............... мамлекет түзүлдү.
а) Караханид б) Кыргыздар в) Уйгурлар г) Кимак
31. Орто Азияда .................. түрк элдеринен эң байыркысы.
а) казактар б) кыргыздар в) уйгулар г) башкрлар
32. VIII к. башында түрктөргө каршы ынтымакты кайсы мамлекет жетектеген?
а) Кыргыз кагандыгы б)Тан империясы
в) Түргөш кагандыгы г) Караханид кагандыгы
33. Енисейдеги Кыргыз мамлекети кайсы кылымда жашаган?
a) VII к.-IX к. б) VI к.-XII к. в) VII к.-XIII к. г) IV к.-VIII к.
34. Барсбек каган бийлик жүргүзгөн мезгил:
а) VI к. аягы VII к. башы. б) VII к. аягы VIII к башы
в) VIII к. аягы IX к. башы г) IV к. аягы V к. башы
35. Уйгур кагандыгы ...................... өкүм сүргөн.
а) 745-840-жж. б) 708-796-жж. в) 850-895-жж. г) 903-999-жж.
36. Уйгур каганатын кимдер талкалаган?
а) Арабдар б) Кытайлар в) Енисей кыргыздары г) Карлуктар
37. VIII к. Борбордук Азияга кыргыздардын үстөмдүк кылууга аракети .................. аяктаган.
а) жеңиш менен б) убактылуу тынчтык орнотуу менен
в) Тувада бийлигин орнотуу менен г) жеңилүү менен
38. Бул жазуулар кайсы мезгилдеги окуяны баяндайт?
“ ............. биз кыргыздарды уктап жаткан жеринен чаптык. Суңга токоюнда алар менен салгылашып Кыргыз каганын өлтүрүп, элин багынттык”
а) кышында 711-ж. б) жайында 701-ж
в) жазында 744-ж г) жайында 635-ж
6-класс Дүйнөнүн тарыхы.
39. Эң байыркы отурукташкан дыйканчылык ...................... пайда болгон.
а) 15 миң жыл мурда Түдүк Африкада
б) орточо 12 миң жыл мурда Түштүк Европада
в) 10 миң жыл мурда Алдыңкы Азияда
г) 6 миң жыл мурда Чыгыш Азияда
40. Алгачкы жамаатык түзүлүштүн кулашынын башкы себеби бул:
а) уруулук коомдордун өз ара касташуусу
б) дыйканчылыктын жана мал чарбасынын пайда болушу
в) уруулук коомдон коңшулук жамаатка өтүү
г) эмгек куралдарын металдан жасап баштагандан кийин бай жана кедейдин бөлүнүүсү
41. Байыркы мезгилде мал багуу ................. өздөштүрүүдөн келип чыккан.
а) жер иштетүү б) терип-жыйноочулук
в) аң уулоону в) балык уулоону
42. Тарыхта эң биринчи .................... табы Байыркы Египетте пайда болгон.
а) дыйкан жана мал багуучу б) кул жана кул элөөчү
в) дин кызматкерлери жана падышалар г) кол өнөрчү жана соодагер
43. тарыхта биринчи алфавитти ................ойлоп табышкан.
а) Байыркы Египетте б) Эки Дарыя аралыгында
в) Урарту хандыгында г) Финикияда
44. Индиядагы касталык түзүлүш-бул:
а) Индиялык княздардын жалданма аскерлеринин ар түрдүү отряддары
б) чектелген адамдардын чөйрөсү, ага таандык болуу мураска калган
в) Брахмага арналган диний майрам
г) коомдо кул жана кул элөөчү таптардын болушу
45. Байыркы Индияда ..................... ойлоп табышкан.
а) компас, жука кездемелер, сандарды б) чай, кант, сандарды
в) кант, сан, шахматты г) чай, пахтадан кездеме, жибекти
46. Байыркы кытайлар ойлоп тапкандан эмнелерди биз пайдаланабыз?
а) сандар, компас, кантты б) чай, жибек, шахматты
в) сандар, чай, шахматты г) компас, чай, жибекти
47. Прометей гректер үчүн сүйүктүү баатыр болгон, анткени- ал .........
а) Афинанын биринчи падышасы б) Троя согушунун баатыры
в) Гераклды бардык эрдиктеринде коштоп жүргөн
г) баатыр, ал кудайлардын эркинен коркпой адамдарга отту алып барган.
48. Эркин спарталыктардын негизги иши ...............болгон.
а) дыйканчылык жана мал багуу б) пайдалуу кендерди казып алуу
в) согушка даярдануу жана ага катышуу г) кеме куруу жана деңизге саякатка чыгуу
49.Байыркы Афинадагы кул элөөчүлүк демократия мезгилинде эң маанилүү
чечимдерди ............... кабыл алган.
а) ири кул элөөчүлөр б) шайланган стратегдер
в) аскер башчылары г) Афина граждандарынын элдик чогулушу
50. Байыркы Афинада “ чоңдор үчүн” мектеп деп ............ аташкан.
а) театрды б) циркти в) олимпиадалык оюндарды г) китепкананы
51. Олимпиадалык оюндар кимге арналып өткөрүлгөн?
а) Марафон жеңишине арналган б) согуштарды токтотуу үчүн
в) Зевстин урматына г) Улуу адамдардын урматына
52. Геродотту “тарыхтын атасы” деп аташкан, анткени-ал .........
а) тарыхый риториканы билген
б) дүйнө боюнча баарынан көп саякаттаган
в) грек-перси согушунун тарыхын жазган
г) келечекти көрө билген.
53. Биздин доорго чейин 74-71-жылдарда ............. болгон.
а) акыркы пуни согушу б) везувийдин эки жолу атылышы
в) Спартактын көтөрүлүшү г) Римден Помпейге жолду куруу
54. Б. д. I кылымды “Рим поэзиясынын алтын кылымы” деп аташкан, себеби:
а) императорлор акындарды алтын тыйындар менен сыйлашкан
б) бул учурда акындар алтын бастырылган кийимдерди кийишкен
в) бул учурда Римдин эң улуу акындары жашаган жана ыр чыгарышкан
г) Рим акындары грек акындарынын “алтын” чыгармаларын кайра иштеп чыгышкан
55. Римдиктер кайсы окуяны өзүлөрүнүн жыл эсептөөсүнүн башталышы деп эсептешкен?
а) Республиканын орношун б) Пуни согушунун башталышын
в) Римдин негизделишин г) Спартактын көтөрүлүшүн
56. Пуни согуштарында Рим үчүн башкы маселе болгон:
а) Рим талкаланабы же жокпу?
б) Сицилия Римге баш ийеби?
в) Рим өзүнүн душмандарыныкындай күчтүү флотту түзө алабы?
Г) Рим бүткүл батыш Жер ортолук деңизинин ээси боло алабы?
7-класс Кыргызстандын тарыхы
57. “Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору” кайсы мезгилде болгон?
а) XIV-XV кк. б) VIII-IX кк. в) IX- X кк. г) XI- XIII кк.
58. “Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору” түшүнүгүн тарых илимине киргизген илимпоз:
а) Ю.С. Худяков б) В.В.Бартольд в) А.Н.Бернштам г) В.В.Радлов
59. 1893-1894-жж. Орхон-Эне-Сайдагы таштагы жазууларды биринчи жолу окуган түрколог окумуштуулар.
а) Б.Томсон, В.Радлов б) С.Кляшторный, Б.Томсон
в) М.Масон, В.Радлов г) В.Радлов, Ч.Валиханов
60. Хакасияда Миң-Өзөн ойдуңунан табылган “Алтын-Көлдүн таш жазуулары” деп аталган эпитафия ................... арналган.
а) Билгеге жана Эрен Улукка б) Култегинге жана Тапу Алп Солго
в) Барсбекке жана Эрен Улукка г) Тон-Йокукка жана Сатук Караханга
61. Жеңилгенден кийин кытайлыктар миң жылча Орто Азиянын чек арасына жолобой калган “Элдердин салгылашуусу” качан жана кайсы жерде болгон?
а) 774-ж. Сырдарыя дарыясында б) 738-ж. Тараз ш. жанында
в) 751-ж. Атлах ш. жанында г) 727-ж. Или дарыясында
62. Амир Темирге каршы кыргыздар ............... жетекчилигинде согушкан.
а) Баймурат Чериктегин б) Мухаммед Кыргыздын
в) Көкүм бийдин г) Кубат бийдин
63. Төмөнкү окуялардын кайсынысы мурда болгон?
а) Карахани кагандыгында ислам расмий дин деп жарыяланышы
б) Карахани кагандыгынын бөлүнүшү
в) Караханилердин Мавернахрды баш ийдириши
г) Кыргыздардын уйгурлардын борбору Ордо Балыкты басып алышы
64. Жети-Сууда 940-жылы Карлук каганатынын ордуна кайсы мамлекет түзүлдү?
а) Түрк каганаты б) Кыпчак мамлекети
в) Түргөш каганаты г) Караханилер мамлекети
65. Караханилер мамлекетин качан жана ким негиздеген?
а) 902-ж. Сулуу Каган б) 913-ж. Мукан Каган
в) 940-ж. Сатук Карахан г) 975-ж. Кучлук Каган
66. Караханилер менен газневийлер кайсы мамлекетке каршы биримдик түзүшкөн?
а) Саманийлер мамлекетине б) Уйгур-Турфан мамлекетине
в) Кидан мамлекетине г) Карлук мамлекетине
67. Окуяларды болуп өткөн мезгилине дал келтиргиле.
А) кыргыздардын кара-кытайларга каршы күрөшү | 1) 840-924-жж. |
Б) Жунгар хандыгынын кыйрашы | 2) 1219-1221-жж. |
В) Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору | 3) 1125-1128-жж. |
Г) Чынгыз хандын Орто Азияны басып алышы | 4) 1755-1758-жж. |
а) А-2, Б-3, В-1, Г-4 б) А-2, Б-4, В-3, Г-1
в) А-3, Б-4, В-1, Г-2 г) А-1, Б-2, В-3, Г-4
68. Окуяларды болуп өткөн мезгилине дал келтиргиле.
А) Караханид каганатынын түзүлүшү | 1) 1269-ж. |
Б) Хайду мамлекетинин түзүлүшү | 2) 1349-ж. |
В) Моголстан малекетинин түзүлүшү | 3) 1709-ж. |
Г) Кокон хандыгынын түзүлүшү | 4) 940-ж. |
а) А-2, Б-3, В-1, Г-4 б) А-4, Б-1, В-2, Г-3
б) А-3, Б-1, В-4, Г-2 г) А-1, Б-2, В-3, Г-4
69. 1206-1207-жж. эң алгач моңголдук ордонун чабуулуна ........... кыргыздар туш болгон.
а) Түштүк Сибир элдери жана Енисейлик
б) Ортоңку Сибир элдери жана Тянь-Шандык
в) Чыгыш Сибир элдери жана Енисейлик
г) Түштүк Сибир элдери жана Орто Азиялык
70. Борбордук Азия (Кыргызстандын аймагы менен) Чынгызхандын кайсы уулунун энчисине тийген?
а) Жучуга б) Чагатайга в) Тулуйга г) Угедейге
71. Моголдорго каршы кыргыз-казак согуштук биримдиги кайсы жылдарда болгон?
а) 1510-1515-жж. б) 1515-1520-жж. в) 1518-1523-жж.
г) 1520-1522-жж. д) 1524-1550-жж.
72. Кыргыздардын “Оң канат” уруу бирикмесинин тегин белгиле.
а) Ак уул б) Куу уул в) Тагай бий г) Адигине
73. Жунгар хандыгы Цин империясы тарабынан качан талкаланган?
а) 1746-1747-жж. б) 1712-1713-жж. в) 1757-1758-жж.
г) 1760-1761-жж. д) 1732-1733-жж.
74. Захреддин Бабур-бул .......................
а) монгол-татарлардын акыркы ханы
б) бириккен Араб мамлекетин негиздөөчүсү
в) Улуу Могол империясын негиздөөчүсү
г) бириккен Казак мамлекетинин биринчи ханы
75. XVI кылымдын кайсы жазуу эстелигинде эстелигинде биринчи жолу кыргыздын баатырдык эпосу “Манас” эскерилет?
а) “Маджму ат-Таварих” б) “Нафахат-Ул-Унс”
в) “Джами-ат Таварих” г) “Тарихи-и Рашиди”
76. XVIII-XIX кк. Түндүк Кыргызстандын аймагын кайсы уруулар жердеген?
а) Сарыбагыш, солто, саяк, бугу б) Теит, кыпчак, мундуз, жоокесек
в) Басыз, бугу, кесек, азык г) Моңолдор, бостон, карабагыш, черик
7-класс Орто кылымдар тарыхы
77. Көз каранды дыйкандар феодалдын пайдасына бере турган башкы нерсе-бул ..............
а) чиркөө ондугу
б) киши башына алынуучу салым
в) феодалдын тегирменинде эгинди тарттыргандыгы үчүн акы
г) барщина жана оброк
78. VII к. Византия империясынын курамына кирген өлкөлөр:
а) Италия, Испания, Араб халифаты, Рим
б) Кичи Азия, Египет, Сирия, Балкан
в) Орто Азия, Иран, Афганистан, Франция
г) Түндүк Африка, Индия, Египет, Ирак
79. 1453-ж. Евразиядагы маанилүү окуя:
а) акыркы крестүүлөр жортуулу б) гуситтер кыймылы жеңилген
в) Жанна д Арк курман болгон г) Византия империясы кулаган
80. Дүйнө тарыхында орто кылымдын тарыхый окуялары ................... башталат.
а) мусулман дининин пайда болушунан
б) христиан дининин пайда болушунан
в) Рим империясынын түзүлүшүнөн
г) Рим империясынын кулашынан
81. Бул шаар дүйнөнүн эки бөлүгүнүн ортосуна жайгашкандыктан, үч улуу империянын борбору болууга жетишкен. Аны атагыла.
а) Вена б) Стамбул в) Анкара г) Афина
82. Орто Азияда XII-XIII кк. жашаган дүйнөгө белгилүү окумуштууларды белгиле.
а) Ал-Хорезми, Низами, Жусуп Баласагын, Ал-Беруни
б) Ал-Беруни, Ибн-Сина, Ал-Хорезми, Жусуп Баласагын
в) Ибн-Сина, Руставели, Жусуп Баласагын, Низами
г) Ал-Беруни, Ширакаци, Ибн-Сина, Руставели
83. Орто кылымда Кытайда кол өнөрчүлүктүн бул түрү өзгөчө өнүккөн жана ал Кытай кол өнөрчүлөрүн бүткүл дүйнөгө тааныткан. Бул:
а) жибек куртун өстүрүү б) куймачылык кол өнөрчүлүгү
в) темир уста кол өнөрчүлүгү г) фарфор идиштерин жасоо
84. Индияда Улуу Моголдордун державасы кайсы кылымда орногон?
а) IX к. б) XVI к. в) XIV к. г) XIII к.
85. Католик чиркөөсү Густу “еретик” деп жарыялаган. Ал үчүн ...............
а) аны сууга чөктүрүшкөн
б) ал өмүр бою өлкөдөн куулган
в) аны өмүр бою түрмөгө камашкан
г) аны сотко берип, отко жагып өлтүрүшкөн
86. Батыш Европадагы кайра жаралуу бул:
а) XI-XIII кылымдарда чиркөө маданиятынын жогорулоо мезгили
б) XV-XVI кылымдарда протистантизмдин өнүгүү мезгили
в) XV жана XVII кылымдын башында антикалык маданиятка терең кызыгуу мезгили
г) суу барасы жана домна меши ойлоп табылган мезгил
87. “Варфоломей түнү” деп ............................... аталган.
а) Испанияда чиркөөгө каршы көтөрүлүштүн башталышы
б) Рим Папасынын бийлигинин 1500 жылдыгын майрамдоо
в) 1572-ж. Францияда католиктер протестанттарды жалпы өлтүрүлгөн түн
г) Анлиядан Францияга еретиктердин жапырт кача башташы
88. Качан, кайда, ким орустардын тарыхын жазган?
а) XI к. Новгороддо, кечил Кирил б) XIV к. Полтавада, кечил Мономах
в) IX к. Псковдо, кечил Мефодий г) XII к. Киевде, кечил Нестор
89. Орусияны моңгол-татарлар ......................... басып алган.
а) 1263-1267-жж. б) 1285-1288-жж.
в) 1237-1240-жж. г) 1228-1231-жж.
90. Байыркы Орус мамлекетинин түзүлүшүнүн себеби .............. болгон.
а) элдердин улуу көчүүсү б) “Орус Акыйкатын” кабыл алуу
в) орустарды чокундуруу г) тышкы душмандарга сокку берүү зарылдыгы
91. Москваны ким негиздеген?
а) В. Мономах б) М. Ярослав в) Ю. Долгорукий г) С. Владимир
92. Окуялардын кайсынысы мурда болгон?
а) Русту чокундуруу б) Невада салгылашуусу
в) Куликов салгылашуусу г) Киев Русунун кулашы
93. “Россия империясы” деген аталыш кайсы кылымда пайда болгон?
а) XIV б) XVI к. в) XVII к. г) XVIII к.
8-класс. Кыргызстан тарыхы.
94. 1820-ж. Чыгыш Түркстандагы Жаангер-Кожо жетектеген көтөрүлүштө көрүнүктүү ролду ойногон кыргыз баатыры.
а) Атаке бий б)Суранчы бий в) Жайыл баатыр г) Балбай баатыр
95. 1820-ж. Чыгыш Түркстандагы Жаангер Кожо жетектеген көтөрүлүштүн
мүнөзү кандай болгон?
а) басып алуучулук б) улуттук-боштондук
в) Кокондуктарга каршы күрөш г) феодализмге каршы
96. Кокон хандыгын ким качан түзгөн?
а) 1715-ж. Нарбото бий б) 1711-ж. Омор хан
г) 1712-ж. Ирдана г) 1709-ж. Шахрух бий
97. XVIII к. аягында Россияга алгачкы элчилерди жөнөткөн Сарыбагыш
уруусунун башчысы ким?
а) Тынай бий б) Маматкул бий в) Жантай г) Атаке бий
98. XVIII к. аягында Түштүк Кыргызстанда Кокон феодалдарына каршы
ким активдүү күрөшкөн?
а) Акбото бий б) Эмир бий в) Ажы бий г) Аман бий
99. Кокон хандыгы каратып алгандан кийин кыргыз дыйкандарынын жана малчыларынын абалында кандай өзгөрүүлөр болгон?
а) Алар эркиндик алышты б) Салыктан бошотулушту
в) Эки эзүүнүн астында калышты г) Хандын аскеринде кызмат кылышты
100. Байтик баатыр- ........................ жетекчиси.
а) моңголдордун эзүүсүнө каршы күрөштүн
б) Чыгыш Түркстандагы боштондук кыймылдын
в) Чүй өрөөнүндө Кокон бийлигине каршы көтөрүлүштүн
г) Нарындагы кокондук эзүүгө каршы көтөрүлүштүн
101. XIX к. биринчи жарымында Чыгыш Түркстандагы Цин бийлигине каршы кыймылды жетектеген мусулман мамлекетинин мураскерин белгиле.
а) Омор хан б) Жаангер-Кожо в) Мадалы хан г) Маматкул бий
102.Тарыхый инсандарды ишмердиги менен дал келтиргиле.
А) Шералы | 1) солто уруусунун баатыры |
Б) Тайлак | 2) казактардын ханы |
В) Кенесары | 3) Нарында кокондуктарга каршы күрөштү жетектеген |
Г) Жайыл | 4) Кокондун ханы |
а) А-4, Б-3, В-2, Г-1 б) А-1, Б-3, В-2, Г-1
б) А-2, Б-3, В-4, Г-1 г) А-3, Б-4, В-1, Г-2
103. Кайсы кыргыз феодалы кыска убакытка хандык жүргүзө алган?
а) Алымбек б) Шабдан в) Атаке г) Ормон
104. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздар салык төлөөдөн тышкары кандай жумуштарды иштөөгө милдетүү болгон?
а) Жоокердик милдет аткарган, чептерди курушкан, жолдорду курушкан
б) Соода иштерин жүргүзгөн, жол салган
в) Жайында жайлоого, кышында кыштоого көчүүгө милдетүү болушкан
г) Чептерди курушкан жана өзүлөрү үчүн жашашкан
105. 1831-ж. Кокон хандыгына каршы алгачкы көтөрүлүш .......................уулунун
жетекчилигинде болгон.
а) Чүй өрөөнүндө Байтик Канай б) Түштүктө Исхак Асан
в) Нарында Тайлак Рыскул г) Нарында Табылды Алыке
106. Кокон хандыгы канчанчы жылдарда кыргыздардын жерин басып алган?
а) 1715-1825-жж. б) 1762-1831-жж.
в) 1780-1845-жж. г) 1790-1860-жж.
107. 1898-ж. 17-майда Орто Азияда кайсы окуя болгон?
а) Кокон көтөрүлүшү б) Анжиян көтөрүлүшү
в) Алай көтөрүлүшү г) Жамбыл көтөрүлүшү
108. Окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.
1) Кокондуктардын Ыссык-Көлгө жана Борбордук Тянь-Шанга жортуулу
2) Куртка, Каракол чептеринин негизделиши
3) Кокондуктардын Ош, Өзгөн шаарларын каратып алышы
4) Бишкек чебинин негизделиши
а) 1, 2, 3, 4 б) 3, 4, 1, 2 в) 2, 3, 4, 1 г) 4, 1, 2, 3
109. Кокондуктар Чүй өрөөнүнө кайсы чептерди курушкан?
а) Бишкек, Токмок, Кара-Балта б) Куртка, Каракол, Жамбыл
в) Кетмен-Төбө, Тамга, Бишкек г) Токмок, Куртка, Коңур-Өлөң
111. 1855-жылы бугу уруусунун Россиянын курамына кошууда демилгечи болгон
Ыссык-Көлдүк кыргыздардын чоң манабын белгиле.
а) Осмон б) Балбай в) Боромбай г) Муратаалы
112. Кокон хандыгынын акыркы башкаруучусун белгиле.
а) Шералы-хан б) Шабдан в) Маля-хан г) Кудаяр-хан
113. Төмөндөгү тарыхый инсандардан бирөө туура келбейт. Аны белгиле.
а) Байтик б) Шабдан в) Саякбай г) Тайлак
114. XIX к. биринчи жарымында түндүк Кыргызстанда кандай кырдаал түзүлгөн?
а) Уруулардын ортосунда тынчтык жана макулдашуу түзүлдү
б) Кокон хандыгына каршы жортуулга даярданышкан
в) Уруулар арасында кастык чатакташуулар күчөдү
г) Россиянын курамына киришкен
115. Түндүк Кыргызстан Россиянын курамына толугу менен качан киргизилген?
а) 1871-1876-жж. б) 1843-1848-жж.
в) 1855-1868-жж. г) 1854-1860-жж.
116. Жоюлган Кокон хандыгынын ордуна түзүлгөн Фергана областынын биринчи губернатору ............................ болгон.
а) М. Д. Скобелев б) Г. Н. Колпаковский
в) К. П. Кауфман г) А. Н. Куропаткин
117. XIX к. аягында Кыргызстанда кандай социалдык топтор пайда болгон?
а) манаптар жана букаралар б) көпөстөр жана кулактар
в) феодалдар жана дыйкандар г) буржуазия жана жумушчулар
118. Кыргызстанга дуңган жана уйгурлар кайсы жылдары көчүп келишкен?
а) 1845-1851-жж. б) 1862-1868-жж.
в) 1877-1884-жж. г) 1853-1859-жж.
119. Кыргыздардын кайсы оюндары жалаң балдардын катышуусу менен өткөрүлөт?
а) көкбөрү б) алтыбакан в) ат чабыш г) тушоо кесүү
120. Кыргызстанга келген илимпоздордон ким биринчи жолу “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү жазып алган?
а) Бартольд В. В. б) Пржевальский Н. М.
в) Северцев. Н. А г) Валиханов Ч. Ч
121. Заманизм-тарыхый адабий агым, ал ........................ үйрөткөн.
а) жашоонун жыргалын, бүгүнкү күн менен ыракаттануу
б) дүйнө жалгандыгын, анын сөсүз кайгылуу бүтүшүн, өткөнгө кусалыкты
в) адамдын күч кубаттулугун, анын жаңыланууга, прогресске умтулуусун
г) ислам нормалары койгон талаптарды так аткарууга
122. 1911-ж. Уфа шаарында кыргыз тилинде басылып чыккан биринчи
“ Алиппенин” авторун белгиле.
а) Б. Солтоноев. б) И. Абдрахманов
в) К. Тыныстанов г) И. Арабаев
123. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары:
а) дудка, скрипка, гитара б) варган, свирель, скрипка
в) кыл кыяк, ооз комуз, комуз г) дудка, домбра, балалайка
124. Төмөндөгү тарыхый инсандардан бирөө туура келбейт. Аны белгиле.
а) С. М. Абрамзон б) А. Н. Бернштам
в) В. В. Бартольд г) Н. И. Пирогов
8-класс. Жаңы тарых.
125. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтиргиле.
А) Нидерланд буржуазиялык революциясынын мезгили | 1) 1653-1658-жж. |
Б) Англияда буржуазиялык революциянын “ тынч” мезгили | 2) 1640-1642-жж. |
В) О. Кромвелдин протектораттык мезгили | 3) 1688-1689-жж. |
Г) “ Даңктуу революциянын” мезгили | 4) 1566-1606-жж. |
а) А-2, Б-1, В-3, Г-4 б) А-4, Б-2, В-1, Г-3
в) А-1, Б-3, В-2, Г-4 г) А-3, Б-2, В-4, Г-1
126. Англиялык буржуазиялык революциянын негизги себебин белгиле.
а) Өнүгүп келе жаткан капитализмге феодалдык тартиптин тоскоол болушу
б) Королдук бийлик менен англичандык чиркөөнүн тирешүүсү
в) Түндүк менен Түштүк помещиктеринин бийлик үчүн күрөшү
г) Жаңы дворяндардын бийлик үчүн күрөшү
127. Англиялык буржуазиялык реолюциянын тарыхый мааниси:
а) дыйкандардын феодалга көз карандылыгын жойду
б) сословиялык айырманы, чиркөөнүн бийлигин жойду
в) абсолютизмди кыйратты
г) аристократтардын саясий бийлигин жойду
128. Түнүк Америкада кайсы Европа дөөлөтү биринчи колониясын түзгөн?
а) Португалия б) Испания в) Англия г) Голландия
129. XVIII кылымдагы агартуучуларды белгиле.
а) Вольтер, Монтескье, Мелье, Мартин Лютер
б) Мелье, Мартин Лютер, Лильберн, Ж. Руссо
в) Монтескье, Вольтер, Руссо, Дидро
г) Мюнцер, Дидро, Ян Гус, Вольтер
130. XIX к. дүйнөлүк соода жана өнөр жайга монополиялык абалда кайсы
мамлекеттин буржуазиясы ээлеген?
а) Франциянын б) Германиянын в) АКШнын г) Англиянын
131. Дүйнөдөгү биринчи пролетардык революция качан, кайда болгон?
а) 1871-ж. Англияда б) 1871-ж. Польшада
в) 1861-ж. Австрияда г) 1871-ж. Францияда
132. Утопиялык социализмдин өкүлдөрүн белгиле.
а) Джордж Гарни, К. Маркс, Ф. Энгельс
б) Сен-Симон, Шарль Фурье, Роберт Оуэн
в) К. Маркс, Сен-Симон, Роберт Оуэн
г) Ф. Энгельс, Дж. Гарни, Шарль Фурье
133. XVII к. Россияда абсолютизмдин пайда пайда болушу менен кандай өзгөрүү болду?
а) Земстволук Соборлор чакырылбай калды
б) Падышалы бийлик чексиз болуп калды
в) Боярдык Думанын таасири күчөдү
г) Приказдар жана Земстволук Соборлордун таасири күчөдү
134. Петр I Россияны кайсы мезгилде башкарган?
а) 1661-1696-жж. б) 1682-1725-жж.
в) 1635-1773-жж. г) 1652-1787-жж.
135. Түндүк согуш кайсы жылдарда болгон.
а) 1684-1715-жж. б) 1700-1721-жж.
в) 1717-1773-жж. в) 1733-1754-жж.
136. Е. Пугачевдун жтекчилиги астында көтөрлүш кайсы мезгилде болгон?
а) 1785-1787-жж. б) 1767-1769-жж.
в) 1730-1732-жж. г) 1773-1775-жж.
137. Россия мамлекетинде биринчи илимий борбор .................. болгон?
а) Москва университети б) Илимдер Академиясы
в) Адмиралтейство г) Инженердик академия
138. 1721-ж. фин шаары Ништадтта тынчтык келишимге кол коюлуп,
ал боюнча Россия .....................
а) Балтика деңизинин жээгинде бекемделди
б) Кара деңиз жээгинде бекемделди
в) Закавказье аймагын кошуп алды
г) Чыгыш Грузияга протекторат орнотту
139. Аталган баардык окуялар-Москвадагы Туз козголоңу, Псков жана Новгороддогу көтөрүлүш, Москвадагы Жез козголоңу кайсы кылымда болгон?
а) XV к. б) XVI к. в) XVII к. г) XVIII к.
140. Окуялардын кайсынысы акыркы болгон?
а) Собордук Уложенияны кабыл алуу
б) Романовдордун башкаруусу
в) Россиянын Балтика деңизине чыгууга ээ болуусу
г) Москва Университетинин ачылышы
141. XVIII к. Россиянын маданиятынын өнүгүүсүнө төмөнкү аталгандан
кимдер салым кошкон?
А) С. Дежнев Б) В. Баженов В) Е.Канкрин Г) М. Казаков
Д) Б. Ф. Растрели Е) А. Сумарков
а) АБВ б) БГД в) БГЕ г) ГДЕ
142. Индиядагы сыпайылардын көтөрүлүшүнүн тарыхый маанисин белгиле.
а) Индия Англияныны колониялык эзүүсүнөн бошоду
б) Касталардын жоолашканы токтоду
в) Ал өлкөнүн биригүүсүнө шарт түзүлдү
г) Азия элдеринин колонизаторлого каршы боштондук күрөшүнө түрткү берди.
143. Кытайдын “ апийим согушунда” жеңилишинин себебин белгиле.
а) Колонизаторлордун аскеринин санынын артыкчылыгы
б) Кытайдын экономикалык жана согуштук-техникалык артта калуусу
в) Жергиликтүү байлардын колонизаторлор тарапка өтүүсү
г) Кытай армиясында бирдиктүү аскердик башкаруунун жоктугу
144. 1842-жылы Нанкин келишими боюнча Гонконг ....................... берилген.
а) Японияга б) Францияга в) Улуу Британияга г) Германияга
145. 1850-1864-жж. Цин династиясына, чет элдик колонизаторлорго жана Феодалдардын эзүүсүнө каршы Кытайдагы дыйкандар согушу болгон. Бул ................... көтөрүлүшү.
а) батавдардын б) сыпайлардын в) тайпиндердин г) ионийлердин
146. Японияда император Муцихито башкарган убакыт ............... мезгили деп аталган?
а) экономиканы реформалоо б) кошуна өлкөлөр менен согушуу
в) өнөр жайдагы төңкөрүш г) билимдүүлүктүн ээлиги
147. XIX к. аягында кайсы өлкөлөр ири колониялык империя болуп калышты?
а) Улуу Британия, Франция, Кытай б) Франция, Япония, Россия
в) Улуу Британия, Франция, Германия г) Франция, Индия, Германия
148. “Үчтүктөр союзуна” кайсы мамлекеттер кирген?
а) Германия, Англия, Япония б) Россия, Франция, Италия
в) Германия, Италия, Австро-Венгрия г) АКШ, Италия, Польша
149. Декабристердин көтөрүлүшүнүн жеңилишинин негизги себеби эмнеде?
а) Армия падышага каршы чыгуудан баш тарткан
б) Декабристердин коомундагы чыккынчылык
в) Көтөрүлүшчүлөрдүн санынын аздыгы
г) Элдердин таянычынан баш тартуу
150. Россияда боштондук кыймылынын биринчи этабы кайсы окуядан кийин башталган?
а) Сарай төңкөрүшүнөн кийин б) “Куткаручулар Союзу” түзүлгөндөн кийин
в) Ата Мекендик согуштан кийин в) Декабристтедин көтөрүлүшүнөн кийин
151. Россиядагы 1861-ж. реформанын мааниси эмнеде?
а) Жеке бийликти бекемдеди
б) Кепостнойлук укуктун күчөшү
в) Айыл чарбасында капиалисттик мамилелерге жол ачылды
г) Революциялык күрөштөрдү басып турган
152. XIX к. экинчи жарымында Пекин келишимин түзүүнүн
Россия үчүн мааниси кандай болгон?
а) Сибир менен Ыраакы Чыгыштын экономикасы тез өнүгө баштады
б) Кытай менен Россиянын ортосундагы товар алмашуу өстү
в) Уссури крайы Россиянын аймагы деп таанылды
г) Амур дарыясы, Ханко көлү Россияга өттү
153. 1853-1856-жж. Крым согушуна тиешелүү ................ болот.
а) Синоп салгылашуусу, Севастополду коргоо
б) Бородино салгылашуусу, Тарутинодогу марш-маневр
в) Аустерлицтин алдындагы салгылашуу, Лейпциг салгылашуусу
г) Нарванын алдындагы салгылашуу, Лесная кыштагындагы салгылашуу
154. Дүйнөлүк ортомчулук, уставдык грамоталар-деген түшүнүктөр кайсы
реформага тиешелүү?
а) 1906-ж. Столыпиндин агрардык реформасы
б) 1861-ж. Дыйкандар реформасына
в) 1874-ж. согуштук реформага
г) 1864-ж. Сот реформасына
155. XIX к. дүйнөнүн көрүнүктүү окумуштууларын белгиле.
а) М. Ломоносов, Д. Джоуль, Ж. Мартин
б) М. Лобачевский, Д. Менделеев, Ч. Дарвин
в) А. Лавуазье, И. Ньютон, Г. Лейбниц
г) И. Ньютон, Ч. Дарвин, М. Лобачевский
9-класс. Кыргызстан тарыхы.
156. 1916-жылы Кыргызстанда көтөрүлүштүн башталышына ................ себеп болгон.
а) I дүйнөлүк согушта орус армиясынын фронттогу ийгиликсиз чабуулу
б) солчул партиялардын чакырыктары
в) 1916-ж. 25-июндагы падышанын указы
г) 1916-ж. баштап салыктардын көбөйүшү
157. Кыргызстанда Совет бийлиги эң алгач качан жана кайсы жерде орногон?
а) 1927-ж. майда Караколдо, Чолпон-Атада
б) 1930-ж.мартта Ошто, Өгөндө
в) 1917-ж. ноябрда Сүлүктүдө, Кызыл-Кыяда
г) 1915-ж. декабрда Пишпекте, Кантта
158. 1925-жылдагы “отуздун” каты-бул:
а) большевиктер партиясынын официалдуу багытына биринчи жолу уюшулган каршылык
б) партиялык аппараттагы топтук күрөш
в) большевиктер партиясынын официалдуу багытын жактаган кат
г) аймактык-улуттук бөлүштүрүүгө нааразычылык билдирген кат
159. Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасы .................... жүргүзүлгөн.
а) 1916-1917-жж. б) 1920-1921-жж.
б) 1936-1937-жж. г) 1927-1928-жж.
160. Кыргызстанда коллективдештирүүнүн өзгөчөлүгү ..................
а) жер иштетүү шериктештиги ( ТОЗ) түзүлгөн
б) механизациялаштырылган чарбалар түзүлгөн
в) ири коллективдик чарбалар түзүлгөн
г) көчмөн жана жарым көчмөн чарбалар отурукташкан
161. XIX к. II жарымында Кыргызстанда орус-туземдик мектептерин ачуунун
башкы максаты кандай болгон?
а) Жергиликтүү калктан аскердик адистерди даярдоо
б) жер кыртышын изилдөө үчүн илимий адистерди даярдоо
в) Жергиликтүү калктан дипломаттарды даярдоо
г) Жергиликтүү калктан колониялык саясат жүргүзүү үчүн адистерди даярдоо
162. 1921-1922-жж. жер-суу реформасын жүргүзүүнүн негизги максаты кандай эле?
а) көчүрүлүп келгендерди жер менен камсыз кылуу
б) жерди коллективдүү менчиктерге берүү
в) элге жерди узак мөөнөткө арендага берүү
г) падышачылык тартып алган жерлерди дыйкандарга кайтарып берүү
163. Сүйлөмдү толуктагыла. Кыргызстанда сталиндик массалык репрессиянын кандуу жылдарынын курмандыгы ___________киши болгон, азыркы убакта алардын_____________ реабилитацияланган.
а) 40 миң / 13 миңи б) 63 миң / 17 миңи
в) 75 миң / 21 миңи г) 50 миң / 18 миңи
164. Бишкек шаары кайсы жылдары полководец М. В. Фрунзенин наамын алып жүргөн?
а) 1926-1991-жж. б) 1930-1991-жж.
в) 1932-1991-жж. г) 1933-1991-жж.
165. 1938-ж. атууга кеткен коомдук ишмер, тилчи, акын, прфессор. Ал 1988-ж. акталган.
Бул ким?
а) К. Карасаев б) С. Ибраимов в) И. Айдарбеков г) К. Тыныстанов
166. Тарыхый окуяларды болуп өткөн жылына дал келтиргиле.
А) Кара Кыргыз областы түзүлгөн | 1) 1918-ж. январда |
Б) Орто Токой суу сактагычын жана Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынган | 2) 1929-жылы |
В) Сталин жалпы коллективдештирүүнү жарыялаган | 3) 1940-ж. мартта |
Г) Ошто Совет бийлиги орноду | 4) 1924-ж. октябрда |
а) А-1, Б-2, В-3, Г-4 б) Г-1, В-2, Б-3, А-4
в) Б-1, В-2. Г-3, А-4 г) В-1, Г-2, А-3, Б-4
167. Кыргызстанда 1930-жж. башындагы улуттук-маданий курулуштун
жыйынтыгы ............................. болуп эсептелет.
а) бардык диний уюмдмарга эркин иш-аракет жүргүзүүгө укук берүү
б) жалпы башталгыч билим берүүнү киргизүү
в) улуттук саясий уюмдарды түзүү
г) бир гана кыргыз тилин мамлекеттик тил деп киргизүү
168. Репрессиянын курмандыгы болгонкыргыз интеллегенциясынын өкүлдөрүн белгиле.
1) Ж. Турусбеков 2) А. Орозбеков 3) А. Токомбаев
4) И. Арабаев 5) К. Тыныстанов 6) Т.Айтматов
а) 1, 2, 4, 6 б) 3, 4, 5, 6 в) 2, 4, 5, 6 г) 1, 2, 3, 4
169. Советтер Союзунун Баатырларын зрдиктери менен дал келтиргиле.
А) Чолпонбай Түлөбердиев | 1) Москваны коргоого катышкан, панфиловчу |
Б) Исмайылбек Таранчиев | 2) Дондо көкүрөгү менен дзотту тоскон |
В) Дүйшөнкул Шопоков | 3) Сталинград үчүн согушкан |
Г) Дайыр Асанов | 4) Эстониядагы Нарва шаарында душмандын техникаларын жок кылган |
а) А-1. Б-3, В-4, Г-2 б) А-2, Б-4, В-1, Г-3
в) Б-2, А-3, Г-4, В-1 г) А-1. Б-2, В-3,Г-4
170. Москванын алдындагы салгылашууга катышкан панфиловчуларды белгиле.
А) Дүйшөнкул Шопоков Б) Дайыр Асанов В) Исмайылбек Таранчиев
Г) Николай Ананьев Д) Григорий Конкин
а) А, Б, В б) А, В, Г в) А, Б, Д г) А, Г, Д
171. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылдагы эмгектеги эрдиги үчүн СССРдин
орден-медалдары менен Кыргызстандык ..................... киши сыйланышкан.
а) 1823 б) 1849 в) 1855 г) 1837
172. УАМС душмандын дзотун амбразурасын денеси менен тоскон
Кыргызстандык жоокерди белгиле.
а) Ы. Таранчиев б) М, Ванахун в) Ч, Түлөбердиев г) Д. Шопоков 173. Бул ысымдарды эмне байланыштырат?
К, Усенбеков , Д. Шопоков, Д. Асанов, И, Таранчиев
а) Социалисттик Эмгектин баатырлары б) Советтер Союзунун баатырлары
в) Стахановчулар г) Белгилүү шахтерчулар
174. Төмөндөгү тарыхый инсандардан бирөөнүн ишмердиги туура келбейт. Аны белгиле.
а) К. Шопокова б) З. Кайназарова в) Д. Күйүкова г) О. Атабекова
175. !942-ж.Дондо көрсөткөн эрдиги үчүн кайсы кыргызстандык жоокер
Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон?
а) И Добробабин б) Д. Асанов в) И. Таранчиев г) Ч. Түлөбердиев
176. Кыргызстанда согуштан кийинки жылдарда чыгармачыл интелегенциянын кайсы бөлүгү куугунтукталып, репрессияланган?
а) Акындар жана сүрөтчүлөр б) Сүрөтчүлөр жана жазуучулар
в) Жазуучулар жана адабиятчылар в) Окумуштуулар жана опера ырчылары
177. 1950-жж. “ буржуазиялык улутчул”, “космополитизм” деген саясий айып тагылып,
репрессияланган кыргыз жазуучуларын атагыла.
а) Токомбаев А, Байжиев Т, Сыдыкбеков Т.
б) Бектенов З, Баялинов К, Саманчин Т.
в) Саманчин Т, Бектенов З, Байжиев Т.
Г) Үмөталиев Т, Саманчин Т, Бектенов З.
178. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын чыгармаларын ......................катары
окутууга тыюу салышкан.
а) “динди даңазалоочулар” б) “бай-манаптарды коргоочулар”
в) “ реакциячыл агымды жактоочулар” г) “ ак падышаны коргоочулар”
179. Кыргыз ССРинин киноматографисттеринин биринчи улуттук көркөм тасмасы.
а) “Алыскы тоолор” б) “Самнчынын жолу”
в) “ Салтанат” г) “ Кызыл алма”
180. 1970-жж. дүйнөлүк рынокто сапаттык жагынан эталон болуп эсептелген Кыргызстанда казылып алынган кендин түрү белгиле.
а) нефти б) вольфрам в) алюминий г) сурьма
181. 1980-жылдары кайсы ГЭСтер иштеп баштаган?
а) Токтогул, Таш-Көмүр б) Ат-Башы, Камбар-Ата
в) Токтогул, Күрпсай г) Лебединовка, Уч-Курган
182. Кыргыз ССРи мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды .................... кабыл алган.
а) 1978-ж б) 1989-ж. в) 1967-ж. г) 1995-ж.
183. Советтик мезгилдеги Кырызстандын жетекчилерин ирээти менен жайаштыргыла.
1) А. Масалиев 2) А. Орозбеков 3) Т. Усубалиев 4) И. Раззаков
а) 1, 2, 3, 4 б) 3, 4, 1, 2 в) 2, 4, 3, 1 г) 4, 1, 2, 3
184. Кыргызстанда кайра куруу мезгилинде саясий системада кандай өзгөрүүлөр болгон?
1) Айкындуулук
2) КР жаңы Конститутция кабыл алган
3) Өлкөдө Президенттик кызмат киргизилди
4) Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган
а) 2, 3, 4 б) 1, 2, 4 в) 1, 3, 4 г) 1, 2, 3
185. Кыргызстанда кайра куруу мезгилиндеги “айкындуулук саясаты” ............. алып келди.
а) кайра курууга каршы чыккандарды комоого
б) коомдун саясий активдүүлүгүнүн жогорулашына
в) айылдарда бала бакчалардын көбөйүшүнө
г) айылдарда жаштар клубдарынын түзүлүшүнө
186. Кыргызстандын тарыхында 1961-, 1985-, 1990-жж.кандай мааниге ээ болгон?
а) Кыргызстандын жетекчилери алмашкан
б) Кыргызстандын символдору кабыл алынган
в) Кыргызстандын Конститутциясы кабыл алынган
г) Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүш этаптары
187. Тарыхый инсандарды ишмердүүлүктөрүнө дал келтигиле.
1) Тыныстанов К. | А) Белгилүү кыргыз түрколог окумуштуу |
2) Карасаев Х. К. | Б) Музыка таануучу этнограф, композитор |
3) Затаевич А. В. | В) Живописчи,СССРдин эл сүрөтчүсү |
4) Айтиев Г. | Г) Тилчи, акын, коомдук ишмер |
а) 1-А, 2-Б, 3-В, 4-Г б) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В
в) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б г) 1-Б, 2-В, 3-Г, 4-А
188. “ Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку ардактуу наамга
алгач .........................татыктуу болушкан.
а) Акматов Т, Кулатов Т, Юдахин К
б) Сыдыкбеков Т, Сыдыков Т, Айтматов Ч
в) Касымбеков Т, Джумагулов А, Шамшиев Б
г) Рыскулов М, Чокморов С, Кыдыкеева Б
189. Окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.
1) Кыргыз Республикасы БУУга мүчө болду
2) Ош шаарынын 1000 жылдык маарекесин белгилөө
3) Кыргыз ССРнин Конститутциясы кабыл алынган
4) Кыргыз АССРнин түзүлүшү
5) Эгемендүү, көз карандысыз Кыргызстандын Конститутциясы
а) 4, 3, 1, 5, 2 б) 2, 4, 3, 1, 5
в) 3, 5, 4, 1, 2 г) 2, 1, 3, 4, 5
190. Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыгын жана толук эркиндигин жарыялаган
Декларациясын ........................... кабыл алган.
а) 1991-ж. августта б) 1999-ж. мартта
в) 1986-ж. майда г) 1995-ж. октябрда
191. тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтигиле.
А) Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы | 1) 1989-ж. 23-сентябрда |
Б) КР биринчи Конститутциясын кабыл алды | 2) 1992-ж. 2-мартта |
В) Кыргызстан БУУга мүчө болгон | 3) 1994-ж. 22-23-октябрда |
Г) КР малекеттик тил мыйзамын кабыл алды | 4) 1993-ж. 5-майда |
а) А-3, Б-1, В-4, Г-2 б) А-2, Б-4, В-3, Г-1
в) А-1, Б-2, В-3, Г-4 г) А-3, Б-4, В-2, Г-1
192. 2002-ж. октябрь-ноябрда КР болуп өткөн маанилүү окуя:
а) КР Конститутциянын жаңы редакциясын кабыл алды
б) кыргызстанда Бүткүл Дүйнөлүк Тоолор саммити болуп өткөн
в) борбор шаары Бишкектин 125 жылдык мааракесин майрамдоо
г) Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо
193. Окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.
А) КР Конститутцияны кабыл алуусу
Б) “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо
В) Ош шаарынын 3000 жылдыгын майрамдоо
Г) Кыргызстан көз карандысыздык Декларациясын кабыл алуусу
а) А, Б, В, Г б) Г, А, Б, В в) Б, В, Г, А г) В, Г, А, Б
194. Кыргызстанда улуттук валютаны киргизүүнүн мааниси эмнеде?
а) Инфляцияны токтотуу, базар мамилелерин өнүктүрүүнү тездетүү,
өлкөнү кризистен чыгаруу
б) Базар мамилелерин өнүктүрүүнү тездетүү, инфляцияны өнүктүрүү
в) Өздүк валютасы менен башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүү
г) Инфляцияны өнүктүрүү, кризистин тереңдеши
195. Төмөнкү окуялардын кайсылары эгемендүү Кыргызстанда болуп өткөн?
А) Манас эпосунун 1000 жылдык мааракеси
Б) айкындуулук саясаты башталды
В) улуттук валюта-сом киргизилген
Г) “Өнүккөн социализмдин” Конститутциясын кабыл алуу
Д) КР мамлекеттик туусу бекитилди
Е) Президенттик институттун киргизилиши
а) А, Б, В б) А, В, Д в) Б, В, Е г) Г, Д, Е
196. БУУнун чечими жана КР Президентинин буйругу менен 2003-жыл ......................
деп жарыяланган.
а) “Тоо жылы” б) “Дени сак улут жылы”
в) “ Билим жылы” г) “ Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылы”
197. 2005-ж. мартта Кыргызстанда болуп өткөн революция кандай аталган?
а) “баркыт” революциясы б) “байчечекей” революциясы
в) “ жоогазын” революциясы г) “жибек” революциясы
198. 2011-жылды Кыргыз Республикасынын Президенти ................. жылы деп жарыялаган.
а) Ч. Айтматов б) Курманжан датка в) Энелер г) Таза экология
9-класс. Соңку тарых.
199. Британ империясынын колониялык системасына кайсы өлкө кирбейт?
а) Индия б) Алжир в) Канада г) Австралия
200. XX к. башында кайсы өлкө колонияга ээ болгон эмес?
а) Англия б) Франция в) Австро-Венгрия г) Германия
201. Япондук империализмдин негизги мүнөзүн белгиле.
а) Колониялык империализм
б) Сүткордук империализм
в) Юнкердик-буржуазиялык империализм
г) Согуштук-феодалдык империализм
202. XX к.таасир көрсөтүүчү чөйрөнү бөлүштүрүү жөнүндөгү Россия менен Англиянын
ортосундагы келишимдин натыйжасында ..........................
а) “Үчтүктөр союзу” түзүлгөн б) “ Антанта” түзүлгөн
в) орус-япон согушу башталган г) орус-фрацуз союзу бузулган
203. 1958-1960-жж. Кытайда коммунизмди курууну тездетүүгө багытталган, өнөр жайдын тез өнүгүшүн жана коммуналарды түзүүнү камтыган Мао Цзэдундун саясаты:
а) “Чоң секирик” б) “Жаңы багыт”
в) Чоң бузуп өтүү” г) “Кытайлык укмуш”
204. Биринчи дүйнөлүк согушка _____________ калкы бар _____________
мамлекет тартылган.
а) 1 млрд / 28 б) 1,5 млрд / 38 в) 2 млрд / 48 г) 2,5 млрд / 58
205. 1915-ж.түзүлгөн “Төрттүк союзга” кайсы өлкөлөр кирген?
а) Австро-Венгрия, АКШ, Англия, Испания
б) Япония, АКШ, Греция, Канада
в) Германия, Түркия, Польша, Италия
г) Россия, Сербия, Польша, Германия
206. I Дүйнөлүк согушта душмандын позициясына биринчи жолу газ
чабуулу ........................ колдонулган.
а) Марнада б) Уазда в) Верденде г) Ипрде
207. Биринчи Дүйнөлүк согуштун башталган жана бүткөн датасы:
а) 1914-ж. 28-июль - 1918-ж. 11-ноябрь
б) 1910-ж. 1-сентябрь - 1914-ж. 19-декабрь
в) 1921-ж. 15-апрель - 1923-ж. 7-июль
г) 1903-ж. 7-ноябрь - 1907-ж. 13-сентябрь
208. 1914-ж. I Дүйнөлүк согуш отун кайсы өлкөнүн башкаруучулары тутандырган?
а) АКШ жана Японичнын б) Италия жана Германиянын
в) Германия жана Австро-Венгриянын г) Франция менен Түркиянын
209. I Дүйнөлүк бир эле мезгилде эки фронтто .......................... согушкан.
а) Англия б) Франция в) Германия г) Польша
210. 1922-жылдан 1941-жылга чейин фашисттик диктатура орногон
мамлекеттерди белгиле.
а) Финляндия, Голландия, Венгрия, Испания, Польша
б) Болгария, Албания, Бельгия, Румыния, Венгрия
в) Греция, Дания, Германия, Румыния, Югослсавия
г) Италия, Германия, Румыния, Венгрия, Испания
211. Антантага кайсы өлкө кирген эмес?
а) Франция б) Россия в) Германия г) Англия
212. Экинчи дүйнөлүк согуш ......................... басып кириши менен башталган.
а) 1938-ж. 2-сентябрда Германия СССРге
б) 1937-ж. 1-сентябрда Италия Албанияга
в) 1936-ж. 3-сентябрда Франция Бельгияга
г) 1939-ж. 1-сентябрда Германия Польшага
213. УАМ согуштун аталыштарын болгон мезгилдери менен дал келтигиле
А) Ленинграддын блокадада калышы | 1) 1941-ж июль-сентябрь |
Б) Сталинград салгылашуусу | 2) 1941-ж.-сентябрь - 1944-ж. январь |
В) Курск салгылашуусу | 3) 1942-ж.-июль - 1943-ж. февраль |
Г) Смоленск салгылшуусу | 4) 1943-ж. июль-август |
а) А-4, Б-1, В-2, Г-3 б) А-2, Б-3, В-4, Г-1
в) А-1, Б-2, В-3, Г-4 г) А-3, Б-2, В-1, Г-4
214. Тарыхый окуяларды болгон мезгили менен дал келтиргиле.
А) СССРге фашисттик Германиянын кол салышы | 1) 1941-ж. 7-декабрь |
Б) Тынч океанда согуш аракеттеринин башталышы | 2) 1941-ж. 22-июль |
В) Крым конференциясы | 3) 1939-ж. 1-сентябрь |
Г) Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы | 4) 1945-ж. февраль |
а) А-2, Б-1, В-4, Г-3 б) А-2, Б-3, В-1, Г-4
в) А-1, Б-4, В-3, Г-2 г) А-3, Б-2, В-4, Г-1
215. АКШ Япониянын кайсы шаарларына, качан атом бомбасын таштаган?
а) 1944-ж. апрелде –Токио, Фукусимага
б) 1945-ж. майда – Киото, Хиросимага
в) 1945-ж. августта – Хиросима, Нагасакиге
г) 1945-ж. мартта – Сент, Осакага
216. Ялта конференциясы качан болгон, ага кайсы мамлекеттер катышкан?
а) 1944-ж. январда – Франция, Англия, АКШ
б) 1945-ж. февралда – АКШ, СССР, Англия
в) 1943-ж. майда – Германия, АКШ, Румыния
г) 1942-ж. сентябрда - Австрия, Болгария, Англия
217. Аныктамаларды маанисине дал келтигиле.
1) Национализм | А) төмөндөн жогоруга карай өнүгүү, жетишерлик эместен толук мыктылыкка жетүү |
2) Милитаризм | Б) элди бийликтин булагы деп билүүчү мамлекеттик бийликтин бутагы |
3) Прогресс | В) улуттун артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү жөнүндө идея |
4) Демократия | Г) согушка даярдануу максатында аскердик күчтөрдү өнүктүрүү |
а) 1-А, 2-Б, 3-В, 4-Г б) 1-Б, 2-В, 3-Г, 4-А
в) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б г) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В
218. Япония багынгандыгы жөнүндө актыга качан кол койгон?
а) 1937-ж. 5-октябрда б) 1951-ж. 9-майда
в) 1941-ж. 7-январда г) 1945-ж. 2-сентябрда
219. 1970-жылдардагы кайсы окуя эл аралык кырдаалдын бошоңдошунун
бүткөндүгүн билдирген?
а) Чехословакияга ОВДнын аскерлерин киргизүү
б) Афганистанга советтик аскерлерди киргизүү
в) Кариб кризиси
г) Кореядагы согуш
220. Аталган окуялардын кайсынысы “кансыз согуш” түшүнүгүнө тиешелүү?
а) Антикоминтердик пактыга кол коюлушу
б) АКШ менен СССРдин саясий конфронтациясы
в) 1948-1949-жж. советтик-югославиялык чыр-чатак
г) эки “күч борборунун” куралдуу ачык кагылышуусу
221. 1905-ж. Портсмут тынчтык келишими боюнча Россия ......................
а) Крымга жана Молдавияга ээ болду
б) Финляндиянын аймагын кошуп алды
в) Дежнев тумшугунан жана Түндүк Сахалинден ажырады
г) Түштүк Сахалинден жана Курил аралдарынан ажырады
222. 1905-1907-жж. Россиядагы революциянын башкы маселеси кайсы болгон?
а) Буржуазияны саясий бийликке тартуу
б) Япония менен согушуу
в) Пролетариат диктатурасын орнотуу
г) Дыйкандар маселеси
223. Россиядагы 1905-1907-жылдардагы революция .............. башталган.
а) Сарай аянтында манифестанттарды атуудан
б) Москвада декабрдагы куралдуу көтөрүлүштүн
в) “ Князь Потемкин-Таврический” броненосециндеги көтөрүлүштөн
г) жалпы россиялык саясий стачкадан
224. Аталган согуштук операциялардын кайсынысы Дүйнөлүк биричи
согушта болуп өткөн?
а) Шипканы коргоо б) Брусиловдук чабуул
в) Измаил чебин басып алуу г) Порт-Артурду коргоо
225. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу качан түзүлгөн?
а) 1922-жылы 30-декабрда б) 1924-жылы 14-ноябрда
в) 1926-жылы 27-февралда г) 1936-жылы 5-декабрда
226. Фашисттик Германия СССРди “чагылгандай тез талкалоону” иштеп чыккан план:
а) “Ост” б) “Вайс” в) “Барбаросс” г) “Тайфун”
227. Документти атагыла:
“Келишим түзүлгөн эки тарап ар кандай күч колдонууну, агрессивдүү иш аракеттерди жасоону жана ар кандай кол салууларды тыюуга милдеттенишет......
Келишим он жылдык мөөнөткө түзүлгөн ............. Эки түп нускада – немец жана орус тилдеринде Москвада түзүлдү”.
а) “Кол салышпоо жөнүндө пакт” б) “Достук жана чек ара жөнүндө келишим”
в) “Коминтерге каршы пакт” в) “Берлин протоколу”
228. Окуяларды хронологиялык ирээтти менен жайгаштыргыла.
А) Финляндия менен болгон тынчтык келишими
Б) Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы
В) Германия менен СССРдин достук жана чек ара жөнүндө келишими
Г) Гитлердик Германия менен согушта Франциянын жеңилиши
Д) Советтик-финляндиялык согуштун башталышы
а) Б, В, Д, А, Г б) А, Б, В, Г, Д в) Б, А, Д, Г, В г) Б, Г, В, Д, А
229. Улуу Ата Мекендик согуш убугында Ленинград шаары блокадада болгон мезгил?
а) 1940-ж. сентябрдан - 1942-ж. октябрга чейин
б) 1941-ж. сентябрдан - 1944-ж. январына чейин
в) 1949-ж. ноябрдан -1951-ж. мартка чейин
г) 1945-ж. январдан - 1947-ж. апрелге чейин
230. Аталган окуялардын кайсынысы Улуу Ата Мекендик согуштун
башталыш этабында болгон?
а) Курск дугасындагы салгылашуу б) Днепрдан тез сүзүп өтүү
в) Москва салгылашуусу г) Ленинград ш. блокадасын жоюу
231. УАМ согушта биринчи Советтер Сюзунун үч жолку Баатыры болгон
учкучту белгиле.
а) А. И. Покрышкин б) Н. Г. Кузнецов
в) Т. Я. Бегелдинов г) Н. Ф. Гастелло
232. Ашыкчасын белгиле.
1945-ж. СССРдин Японияга каршы согушка киришинин себеби болгон:
а) Крым конференциясында батыштагы союздаштарына берген СССРдин милдеттенмеси
б) 1905-ж. Портсмут тынчтыгы боюнча жоготкон жерлерин
кайтарып алуу аракети ( Түштүк Сахалин ж.б аралдар)
в) Ыраакы Чыгыштагы япондук Квантун армиясынын согуштук
коркунучун жоюу зарылдыгы
г) Япония басып алган Маньчжуриянын аймагын СССР өзүнө кошуп алуу аракети
233. Окуяларды жылдары менен дал келтигиле.
1) СССР менен АКШ ракетага каршы системаны чектөө жөнүндөгү келишимге кол койгон | А) 1963-ж |
2) СССР, АКШ жана Великобритния атмосферада жана суу астында ядролук сыноолорду жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол койгон | Б) 1972-ж.
|
3) СССР менен АКШ орто жана кичине аралыкка атылуучу ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимге кол койгон | В) 1979-ж. |
4) СССР менен АКШ стратегиялык чабуул коюучу куралдарды ( ОСВ-2) чектөө боюнча келишимге кол койгон | Г) 1987-ж. |
а) 1-Б, 2-В, 3-Г, 4-А б) 1-А, 2-Г, 3-В, 4-Б
в) 1-Б, 2-А, 3-Г, 4-В г) 4-Г, 1-Б, 2-В, 3-А
234. Адамзатты ядролук апаатка алып келип такаган
Кариб кризиси ................ келип чыккан.
а) Кубадагы революцияга байланыштуу 1959-жылы
б) Качинос булуңуна контрастар түшкөнүнө байланыштуу 1961-жылы
в) Советтик ракеталарды Кубага жайгаштырууга байланыштуу 1962-жылы
г) Кубаны америкалык блокадалоого байланыштуу 1963-жылы
235. XX к. 70-ж. башында “кансыз согуштун” күчөшүнөн абалдын
жеңилдешине өтүү башталды, анткени .........................
а) СССРде саясатты Л. И. Брежнев жүргүзгөн
б) Европа мамлекеттеринде бийликке социалисттер келген
в) АКШда бийликке демократтар келген
г) согуштук-саясий эки блоктун ортосунда согуштук-стратегиялык жактан
барабардыкка жетишилди
236. Хельсинкиде 1-августта 1975-ж. кандай окуя болгон?
а) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Кеңешменин жыйынтыктоочу актысына кол коюлган.
б) СССРге АКШнын президенти Р. Никсондун визити
в) АКШга КПСС БКнын Генеральный секратары Л.И.Брежневдин визити
г) Бүткүл дүйнөлүк Жаштардын фестивалы
237. 1960-жылдардын башында Советтер Союзу менен бардык байланышын
токтоткон өлкө кайсы?
а) Румыния б) Польша в) Германия г) Албания
238. “Баркыт” революциясы аркылуу тоталитардык режимди демократиялык режимге алмашкан өлкө кайсы?
а) Югославия б) Албания в) Румыния г) Чехословакия
239. Акыркы болуп өкүм сүрүүсүн токтоткон колониялык өлкө:
а) Испания б) Британия в) Португалия г) Франция
240. Кытайдагы “маданий революциянын” башкы максаты ................... болгон.
а) өлкөнүн экономикасын бекемдөө
б) Мао Цзэдундун жеке бийлигин бекемдөө
в) көп партиялуулукту түзүү
г) өлкөнүн маданиятын өнүктүрүү
241. ГДР менен ГФР качан бириккен?
а) 1985-ж. б) 1991-ж. в) 1988-ж. г) 1990-ж.
242. Тарыхый инсандарды алардын ишмердүүлүгүнө дал келтиргиле.
А) И. В. Джугашвили | 1) 1939-1953-жж. тышкы иштер эл комиссары |
Б) Л. П. Берия | 2) 1953-1964-жж. КПСС БКнын генеральный секратары |
В) Н. С. Хрущев | 3) 1922-1953-жж. ВКП(б) биринчи секратары |
Г) В. М. Молотов | 4) 1938-1953-жж. НКВДнын жетекчиси |
а) А-2, Б-1, В-4, Г-3 б) А-3, Б-4, В-2, Г-1
в) А-1, Б-2, В-3, Г-4 г) А-4, Б-3, В-1, Г-2
243. КПССтин XX съездинде Сталиндин керт башына сыйынуучулугунун
бетин ачуу ............... алып келди.
а) сталиндик репрессиянын курмандыктарын калыбына келтирүүгө
б) маалымдуулук саясатын өткөрүүгө
в) көп партиялуулуктун калыптанышы
г) СССРде социализмди куруунун жаңы моделин кабыл алууга
244. АКШнын ядролук монополиясын жоюуга өз салымын кошкон окумуштууларды белгиле.
а) Сахаров А.Д., Тамм И.Е., Харитон Ю.Б., Вознесенский Н.А.
б) Кузнецов А. А., Сахаров А.Д., Тамм И.Е., Вернадский В.И.
в)Вернадский В.И., Родионов М.И., Вознесенский Н.А., Курчатов И.В.
г) Андрианов В.М., Вознесенский Н.А., Вернадский В.И., Сахаров А.Д.
245. ГУЛАГ – деп ..................аталган.
а) СССРде атомдук программа жагында иштеген жашыруун илимий мекеме
б) мамлекеттик сясатка айланган эмгекке мажбурлоонун
административдик-жазалоо системасы
в) мамлекеттик сыйлыкты алган атактуу драма
г) өлкөдөгү эң ири үлгүлүү-көрсөтмөлүү Крымдагы пионер лагери
246. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келиргиле.
А) 1950-жж. СССРдин тышкы саясатында жаңы концепция-“социалисттик өлкөлөргө карата катаал мамиледен баш тартуу” иштелип чыккан | 1) 1964-ж. октябрда |
Б) СССР менен капиталисттик өлкөлөрдүн ортосундагы карама-каршылык 1960-жж. жогорку чекке жеткен | 2) 1961-ж. СССРде коммунизмди куруу |
В) КПССтин XXII съезди кабыл алган программа | 3) 1956-ж. КПССтин XX съездинде |
Г) Н. С. Хрущевдун бийликтен четтетилиши | 4) 1962-ж. Кариб кризисинен |
а) А-2, Б-1, В-4, Г-3 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4
в) А-3, Б-4, В-2, Г-1 г) А-4, Б-3, В-1, Г-2
247. 1957-жылы 4-октябрдагы окуяны белгиле.
а) СССР ИАсынын Сибир филиалы ачылган
б) СССР водород бомбасын биринчи жолу сынаган
в) Космоско советтик биринчи адам учкан
г) Жердин спутниги дүйнөдө биринчи жолу учурулду
248. Советтер Союзунда кимдерди диссидент деп атаган?
а) Живопистеги модернисттик агымдын өкүлдөрүн
б) Өзүн түшүнүү максатында жалгыздаган адамдарды
в) Мекенге зыян келтирип Батыш державаларынын пайдасына
шпиондук кылган адамдарды.
г) Расмий идеология менен караганда, башкача ойлогондорду
249. КПСС БКнын эң акыркы Генералдык секратары ........................... болгон.
а) Брежнев Л. И. б) Черченко К. У. в) Андропов Ю. В. г) Горбачёв М. С.
250. 1991-ж. декабрда Алматада көз карандысыз мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусу эмне менен аяктады?
а) СССРди кайра калыбына келтирүү жөнүндүгү Келишимди жыйынтыктады
б) СССРди конфедеративдүү мамлекет деп жарыялоо жөнүндө макулдашылды
в) СССР юридикалык жок болду
г) СССРди мурунку калыбында сактап калууга макулдашылды
251. Коммунисттик тоталитардык бийликке каршы сөз эркиндиги жана коомдун
адеп-ахлактык боштондугу үчүн эр жүрөктүүлүк менен күрөшкөн:
а) В.И. Вернадский б) А.И. Солженицын
в) А.А. Громыко г) А.Н. Яковлев
252. 1950-1965-жж. төмөнкү саналган окуялардын кайсынысы акыркы болгон?
а) КПССтин XX съезди б) И.В. Сталиндин өлүмү
в) акча реформасы г) “Ленинград иши”
253. А.Д. Сахаров өзүнүн эскерүүсүндө “Берлин дубалы, Кариб кризиси жана 1963-ж. азык-түлүк кыйынчылыгы – бардык ушул карама-каршылыктардын калейдоскобу
1964-ж. анын бийликтен кулашы менен аяктады” – деп жазган СССРдин жетекчиси.
а) М. Горбачёв б) Н. Хрущев в) К. Громыко г) Л. Брежнев
254. XX к. 2-чи жарымында СССРдин тарыхында “көп партиялууулук”
түшүнүгү ..........................мезгили менен байланыштуу.
а) “айкындуулук” б) “жылуулук”
в) “сенектик” г) “кайра куруу”
255. “СССРде кооперациялоо жөнүндө”, “СССРде аренда жана арендалык мамилелер” боюнча мыйзамдар өлкөнү ......................... башкарып турган мезгилде кабыл алынган.
а) Л.И. Брежнев б) Ю.В. Андропов
в) М.С. Горбачёв г) Б.Н. Ельцин
256. 1970-жылдары “жылуулук” мезгилинде кабыл алган коммунисттик коомду
20 жылдын ичинде толук куруу концепциясын СССРдин жетекчилиги ...........................
концепциясына алмаштырылган.
а) “өнүккөн социализмди” андан ары өнүктүрүү
б) СССРде социализмди толук жеңиши
в) “ жаңыча саясий ой жүгүртүү”
г) дүйнөлүк революция идеясы
257. СССРдин өкмөт башчыларын ирээти менен жайгаштыргыла.
1) Брежнев Л.И.
2) Горбачёв М.С.
3) Хрущев Н.С,
4) Андропов Ю.В.
5)Черненко К.У.
6) Сталин И.В.
а) 6,3, 1, 4, 5, 2, б) 2, 3, 4, 5, 6, 1 в) 3, 4, 5, 6, 2, 1 г) 5, 1, 2, 3, 4, 6
10-классс. Кыргызстан тарыхы.
258. Саймалуу-Таштагы аска бетиндеги байыркы сүрөттөр .................... мезгилинде жаралган.
а) энеолит б) неолит в) мезолит г) коло доору
259. Б. з. ч VI к. сак уруулары ........................ менен согушкан.
а) хундар б) моңгодор в) перстер г) аландар
260. 744-жылы экинчи Түрк кагандыгын басмылдар, карлуктар, уйгурлардын бириккен күчү талкалагандан кийин ............................... мамлекет түзүлгөн.
а) Карлук б) Басмылдар в) Уйгур г) Кыргыз
261. Хронология боюнча дал келтиргиле (тарыхый окуяларды датасы менен).
А) б.з.ч III миң-б.з.ч I к. башы | 1) Кыргызстандын аймагында усундардын отурукташы |
Б) б.з.ч V-III миң жылдык | 2) Кыргызстандын аймагында коло доору |
В) б.з.ч VIII к.- б.з.ч 160-ж. | 3) сак цивлизациясы мезгили |
Г) б.з.ч. II к.-б.з. IV к . | 4) жаны таш ( неолит ) доору |
а) А-4, Б-2, В-1, Г-3 б) А-2, Б-4, В-3, Г-1
в) А-3, Б-1,В-4, Г-2 г)А-1, Б-2, В-3, Г-4
262. Тарыхый окуяларды болгон мезгили менен дал келтиргиле.
А) Кытай летописинде “түрк” этноними биринчи жолу эскерилиши | 1) 704-766-жж. |
Б) Улуу Түрк кагандыгынын мезгили | 2) 546-ж. |
В) Түрк кагандыгынын расмий бөлүнүшү | 3) 552-603-жж. |
Г) Түргөш кагандыгынын мезгили | 4) 603-ж. |
а) А-3, Б-2, В-1, Г-3 б) А-4, Б-1, В-3, Г-2
в) А-2, Б-3, В-4, Г-1 г) А-1, Б-2, В-3, Г-4
263. “Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору” .......................... кийин башталган.
а) Барсбек кагандын бийлигинен
б) Ордо-Балыкты кыргыздар басып алгандан
в) 751-ж. Талас дариясындагы согуштан
г) кыргыз эли калыптангандан
264. Бул уруулар “сарылар” жана “каралар” деп экиге бөлүнүшкөн. Сөз кайсы уруу жөнүндө?
а) Карлуктар б) Түргөштөр в) Түрктөр г) Хундар
265. Сактар жөнүндө биринчи маалыматты кайсы эмгектен тапса болот?
а) Гай Плиний Секунддун “Табигый тарых” китебинен
б) Геродоттун “Тарых” китебинен
в) Византиялык Менандранын “Тарых” китебинен
г) Аммиан Марцелинин “Римдин тарыхынан”
266. VIII кылымда Кыргыз кагандыгы, Тан империясы жана Түрөш кагандыгы кандай максат менен союз түзгөн?
а) Улуу Жибек жолун көзөмөлдөө
б) Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгын талкалоо
в) маданий байланыштарды чындоо
г) бирдиктүү мамлекетти түзүү
267. Кыргыздар жөнүндө эң алгачкы маалыматты ......................... калтырган.
а) Саид Гардизи б) Сыма Цянь в) Бан Гу г) Мухамед Хайдар
268. Кыргызстандын аймагында андрон маданиятынын эстеликтери
кайсы жерлерде кездешет?
а) Чүй жана Фергана өрөөндөрүндө, Борбордук Тянь-Шанда, Ыссык-Көлдө
б) Борбордук Тянь-Шанда жана Ыссык-Көлдө, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө
в) Фергана жана Талас өрөөндөрүндө, Нарында жана Ыссык-Көлдө
г) Борбордук Тянь-Шанда, Талас жана Фергана өрөөндөрүндө
269. Тарыхый булактарды авторлору менен дал келтиргиле.
1) Ныспалар китеби | А) Рашид-ад Дин |
2) Кутадгу билиг | Б) Махмуд Кашгари |
3) Диван лугат ат-тюрк | В) Жусуп Баласагын |
4) Джами ат-таварих | Г) Карим Самали |
а) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б б) 1-В, 2-А, 3-Г, 4-Б
в) 1-Г, 2-В, 3-Б, 4-А г) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В
270. Атлах салгылашуусу кандай тарыхый мааниге ээ болгон?
а) Орто Азияда түрктөрдүн маданиятынын таасири күчөгөн
б) Орто Азияда Кытайдын үстөмдүгү орногон
в) Орто Азияда араб халифатынын үстөмдүгү орногон
г) Орто Азияда мусулман дини тарала баштаган
271. Кыргызстанга Улуу Жибек жолу кандай пайда алып келген?
а) Кыргызстандын аймагындагы элдер кербендерди талап-тоноп байышкан
б) Тянь-Шандын бардык элдери жибек кийим кийип баштаган
в) Жаңы шаарлар, чептер пайда болуп, соода өнүккөн
г) Кыргызстандын аймагындагы элдер биринчи жолу кытайлыктарды көрүшкөн
272. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтиргиле.
1) Улуу Түрк каганаты | А) 603-704-жж. |
2) Батыш Түрк каганаты | Б) 744-840-жж. |
3) Түргөш каганаты | В) 704-766-жж. |
4) Уйгур каганаты | Г) 552-603-жж |
а) 1-Г, 2-Б, 3-В, 2-А б) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б
в) 1-Г, 2-А, 3-В, 4-Б г) 1-В, 2-Г. 3-Б, 4-А
273. X-XII кк. Кыргызстандын аймагында жайгашкан мамлекет:
а) Түргөш кагандыгы б) Карлук кагандыгы
в) Уйгур кагандыгы г) Караханилер кагандыгы
274. Төмөнкү окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.
1) Монгол империясы 2) Караханийлер каганаты
3) Кара-кытай мамлекети 4) Улуу Кыргыз дөөлөтү
5) Түрк каганаты
а) 5, 4, 2, 3, 1 б) 1, 2, 3, 4, 5 в) 2, 3, 4, 5, 1 г) 3, 4, 5, 1, 2
275. “Моголстандын жапайы арстандары”деп элдердин бирин атаган автор кайсы?
а) Сейф ад-Дин Аксикенди – дуулаттарды
б) Мирза Мухаммед Хайдар – кыргыздарды
в) Абдул Гази Бахадур хан- өзбектерди
г) Захреддин Мухаммед Бабур – моголдорду
276. XIV к. экинчи жарымында Моголстандын уделдерге бөлүнүшүнүн
себеби эмне болгон?
а) Амир Темирдин агрессиясына каршы тынымсыз күрөштөр
б) Мамлекеттин ичиндеги феодалдык согуштар жана талаш-тартыштар
в) Феодалдык Маверннахрга чагатайлардын бийлигин орнотууга
Ильяс-Ходжанын умтулуусу
г) Ак-Ордону бириктирүүгө моголстандык хандардын ийгиликсиз аракети
277. Кыргыз элинин калыптанган мезгилин белгиле.
а) XIV к. аягы – XV к.башы б) XV к. аягы – XVI к. башы
в) XVI к. аягы – XVIII к. башы г) X к. аягы – XI к. башы
278. Сарыбагыш бийи- Атаке баатыр өткөргөн курултайдын максаты:
а) бирдиктүү Кыргыз мамлекетин түзүү
б) Кокондуктарга каршы күрөшүү үчүн аскер түзүү
в) кытайга элчи жөнөтүү
г) Орусияга элчи жөнөтүү
279. Саясий ишмерлердин ысымдары кайсы мезгилдеги тарыхый окуялар менен байланыштуу болгонун дал келтигиле.
А) Атаке бий | 1) 1785-1787-жж. Орусияга алгач элчиликке барган |
Б) Барс-бек | 2) 1785-1787-жж. Оруссияга алгач элчиликти жөнөткөн сарыбагыш уруусунун башчысы |
В) Абдрахман Кучаков | 3) XVI к. кыргыздарды бириктирип, моголдорго каршы күрөштү жетектеген |
Г) Мухаммед Кыргыз | 4) VIII к. Борбордук Азияга үстөмдүккө умтулган Енисей кыргыздарынын каганы |
а) А-1, Б-4, В-1, Г-3 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4
в) А-3, Б-1, В-4, Г-2 г) А-4, Б-3, В-2, Г-1
280. XIX к. башында Жаангер кожонун кыймылы ......................... башталган.
а) кыргыздардын басып алуусуна б) Цин империясына
в) калмак эзүүсүнө г) Кокон хандыгына
281. XIX к. башында Чыгыш Түркстанга цин-манжур бийлигине каршы
көтөрүлүштүн жетекчиси:
а) Мухаммед Садык б) Акмат бий в) Зия-ад-Дин г) Хасан Ходжа
282. 1709-жылы болгон тарыхый окуяны белгиле.
а) Жунгар ханы Галдан Церендин аскерлеринин соккусунан Ош шаары кулаган
б) тайлак баатырдын жетекчилигинде кыргыздар Циндик Кытайга каршы көтөрүлүшкөн
в) Кокон хандыгы түзүлгөн
г) Надир шах Орто Азияга жүрүшкө чыккан
283. Кокон хандыгына каршы кыргыздардын алгачкы көтөрүлүшү ................. башталган.
а) XVIII к. 90-жж. б) XIX к. 30-жж. в) XIV к. 45-жж. г) XVI к. 60-жж.
284. Кокон хандыгына каршы кыргыздардын алгачкы көтөрүлүшү кайсы жерде болгон?
а) Таласта б) Ыссык-Көлдө в) Ошто г) Нарында
285. Окуяларды мезгилдери менен дал келтиргиле.
1) 1348-ж. | А) Кокон хандыгынын негизделиши |
2) 1709-ж. | Б) Барскоон салгылашуусу |
3) 1517-ж. | В) “Ылай салгылашуусу” |
4) 1365-ж. | Г) Моголстан мамлекетинин негизделиши |
а) 1-А, 2-Б, 3-В, 4-Г б) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В
в) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б г) 1-Б, 2-В, 3-Г, 4-А
286. Кыргызстанда Караханий дооруна тиешелүү кайсы тарыхый эстеликтер
сакталып калган?
а) Ак-Бешим шаарчасы жана Манастын күмбөзү
б) Таш-рабат кербен-сарайы жана Өзгөн мунарасы
в) Бурана мунарасы жана Өзгөн архитектуралык комплекси
г) Кошой-Коргон шаарчасы жана Шах-Фазил мавзолейи
287. “Анда – Караханий каганатында жашаган түрк элдери, алардын аскерлери, жерлери, шаарлары менен айылдары жөнүндө тарыхый жана географиялык маалыматтар камтылган”. Бул китеп ................................
а) Сыма Цияндын “Тарыхый жазуулары”
б) Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү”
в) Жусуп Баласагындын “ Кут алуучу билими”
г) Рашид ад-Диндин “Жылнаамалар жыйнагы”
288. Архитектуралык эстеликтерди курулган мезгилине дал келтиргиле.
1) Таш-Рабат | А) XI-XII кк. |
2) Бурана | Б) VIII-XIV кк. |
3) Кошой-Коргон | В) XI-XIV кк. |
4) Шах-Фазил | Г) XVI к. |
а) 1-Г, 2-Б, 3-В, 4-А б) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б
в) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В г) 1-Б, 2-Г, 3-А, 4-В
289. Кайсы архитектуралык эстелик экендигин аныктагыла.
X-XII кылымдарга тиешелүү, түштүк дубалынын узундугу 117 м болгон,
төрт бурчтуу чеп. Ак-Талаа аймагынын, Чолок-Кайык айылынын түндүк тарабындагы, Алабука дарыясынын жээгинде орун алган.
а) Кошой-Коргон б) Манастын күмбөзү
в) Шах Фазил күмбөзү г) Шырдакбектин чеби
290. Кыргыздар түшүм жыйноо убагында кайсы ырды ырдашкан?
а) Шырылдаң б) Оп майда в) Бекбекей г) Кылоо-кылоо
291. Кайсы архитектуралык эстелик экендигин аныктагыла. Токмок шаарынын
түштүк-батышынан 13 км аралыкта, Кегети капчыгайына бара жаткан жерде,
Чүй дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.
а) Кошой-Коргон б) Манастын күмбөзү
в) Шах Фазил мавзолейи г) Бурана мунарасы
10-класс. Дүйнө тарыхы.
292. Тарыхта Хаммурапинин атагы калды, ал ..............................
а) байыркы заманда эң улуу саякатчы болгон
б) бүткүл Вавилон хандыгы үчүн бирдей мыйзамды киргизген
в) Урада атактуу храмды курган
г) Эки дарыя аралыгында пирамида курууну башкарган
293. Византия кайсы өлкөлөргө күчтүү маданий таасир тийгизген?
а) Англияга, Францияга, Германияга б) Египетке, Сирияга, Персияга
в) Болгарияга, Сербияга, Киев Русуна г) Грецияга, Италияга, Польшага
294. Египетте жана Эки дарыя аралыгында биринчи мамлекеттер пайда болду,
анткени ал жерде ........................
а) климат эң мыкты болгон
б) пайдалуу кендер көп болгон
в) ошол кездеги эң акылдуу адамдар жашаган
г) дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк эң тез өнүккөн
295. Байыркы индиялыктардын илиминдеги эң маанилүү салымы – бул- ..........................
а) дыйканчылык жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүшкөн
б) касталарды түзүү жана коомду таптарга бөлүүсү
в) биз араб цифрасы деп атаган цифраны ойлоп табышкан
г) “Махабхарата” жана “Рамаянаны” жаратышкан
296. Байыркы Кытай чарбасындагы башка бир да өлкөдө болбогон тармак – бул .................
а) пахта өстүрүү б) күрүч өстүрүү
в) кант камышын өстүрүү в) жибек куртун өстүрүү
297. Төмөнкү ачылыштардын кайсынысы Кытайда жасалган?
а) Папирус б) Иероглифтер в) Азыркы сандар г) Кагаз
298. Улуу Кытай сепилин ............................ үчүн курушкан.
а) кытайларды согушчан көчмөндөрдөн коргоо
б) кытайлар өлкөдөн сырткары кетүүсүн тыюу
в) кытайдын жетишкендигин башкаларга көрсөтүү
г) кытайдын чек арасын белгилөө
299. Байыркы дүйнөдө “Жети укмуш” болгон. Вавилондо анын кайсынысы жайгашкандыгын аныкта?
а) Александрия маягы б) Колос Родосский
в) Тадж-Махал күмбөзү г) Семирамиданын асма багы
300. Олимп тоосу байыркы гректер үчүн.......................... жер болгон.
а) Олимпиадалык оюндар өткөрүлүүчү
б) музыкант жана акындар жыл сайын мелдеш өткөрүүчү
в) кудайлар жашаган
г) кулдар сатылуучу чоң ярмарка
301. Байыркы Грециядагы демократия, бул - ...................................
а) байлар жана кедейлердин өлкөнү башкарууга бирдей катышуусу
б) Эгей деңизинин жээгиндеги аскердик бөлүк
в) башка өлкөдөгү грек элчилиги
г) карызы үчүн дыйкандарды кулдукка сатуу
302. Афинанын жараны – бул:
а) Афинада туулуп, мамлекеттин алдында милдетүү жана укуктуу адам
б) Афина жашоочусу сатып алган кул
в) Афинага келип бир жылдан ашык жашаган грек
г) Афинага келип көп акча төлөгөн чет элдик бай адам
303. Александр Македонский өлгөндөн кийин анын державасы ыдырады, анткени:
а) жеңилген элдер гректерге каршылык көрсөткөн жана өз алдынча жашагысы келген
б) жеңип алган жерлер менен Македониянын байланышы солгундаган
в) Александрдын бойго жеткен балдары болгон эмес
г) кол башчылары чарчаган жана жеңип алгандарын сактагысы келген эмес
304. Төмөнкү окуялардын кайсынысы баарынан мурда болгон?
а) Периклдын башкаруусу
б) солондун реформалары
в) Олимпиада оюндарынын башталышы
г) марафон салгылашуусу
305. Б. д. ч. 509-жылдан баштап Байыркы Рим республика деп аталган,
анткени ал жерде .......................... башкарган.
а) Аксаклдар кеңеши
б) шайлануучу консулдар менен сенат
в) башкы кечил жана аскер башчы
г) башкы судя жана консулдар
306. Римдин “бөлүп алып бийлик жүргүзө бер” деген эрежеси ........................ билдирген.
а) римдиктерди сиңирген эмгегине жараша бөлүштүрүп, адилет башкар
б) шайлоо алдында топторго бөлүнүп консулдукка талапкерди колдогун
в) салгылашууда ээлеп алган кемелерди римдиктердин ортосунда бөлүштүрүп жана деңизде бийлик жүргүз
г) каратып алган элдерди бири-бири менен чатакташтыр жана алардын Римге каршы биригишине жол бербе
307. Феодалдык тепкич – бул:
а) феодалдын сепилине кире бериштеги тепкич
б) дыйкандар майда феодалдарга, майда феодалдар ири феодалдарга ж. б.
төлөгөн салык жыйноо тартиби
в) төмөнкү феодалдардын жогорку феодалдарга баш ийиши
г) элдик чогулуштун, аксакалдар кеңешинин жана уруу башчысынын
ортосундагы мамилелер
308. VIII кылымдын башында араб мамлекти:
а) Аравия жарым аралын жана ага жамаатташ райондорду ээлеген
б) өзүнө Византиянын, Грециянын жана Балкан жарымар алынын жерлерин кошуп алган
в) Испаниядан тартып Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш аркылуу Индия менен Орто Азияга чейинки жерлерди басып алган
г) Египетти басып алып, андан кийин түштүктү көздөй жылган
309. Арабдар жгорку маданиятуу болушкан, анткени:
а) басып алган өлкөлөрдүн бүт калкын мажбурлап сабаттуулукка окуткан
б) араб көпөстөрү ар кайсы жерлерден китептрди сатып алышчу
в) басып алган элдин маданиятын өздөштүрүшкөн жана кайра иштеп чыгышкан
г) бардык билимдүү адамдардын чет өлкөгө кетишине тыюу салышкан
310. XI-XIV кк. Европадагы маанилүү өзгөрүүнү белгиле.
а) Үч талаалуу дыйканчылыкты киргизүү, шаарлардын өсүшү, кол өнөрчүлүктүн жана айыл чарбасынын бөлүнүшү
б) Саздарды кургатуу, токойлорду кыркуу, дүмүрлөрдү коңторуу
в) Жемиш бактары, огород жана жүзүмзарлар кеңейди
г) Княздар, графтар, барондордун саны жогорулады
311. XI-XIV кк. Батыш Европада шаарлар .............................. борбору болгон.
а) Айыл чарбасынын жана маданияттын
б) кол өнөрчүлүктүн, сооданын жана маданияттын
в) монастырдык жердин жана сооданын
г) феодалдык бытырандылыктын
312. Жакынкы Чыгышта крестүүлөргө каршы согуш адилеттүү болгон .........................
а) кресттүүлөр үчүн, алар христиан чиркөөсүнүн эркин кыңк этпестен аткарышкан
б) Иисус Христос жөнүндө эскерүүнү коргогон чиркөө үчүн
в) кудайдын аты менен бөтөн жерлерди жана байлыктарды басып алган
рыцарлар жана чиркөө үчүн
г) баскынчылардан өз мекенин коргогон Сирия менен Палестинанын
мусулмандары үчүн
313. Франциядагы (Жакерия) жана Ангиядагы (Уот Тайлер) дыйкандардын көтөрүлүшү кандай окшош натыйжа алып келген?
а) дыйкандар парламентке депутаттарын шайлоо укугун алышкан
б) феодалдар дыйкандарга эркиндик бере баштаган
в) эки көтөрүлүш тең дыйкандардын жеңиши менен аяктаган
г) феодалдык бытырандылык кескин күчөгөн
314. XVI кылымда Осмон империясы начарлай баштаган, анткени:
а) Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрү түбөлүк тынчтык келишимин түзүшкөн
б) Түркиянын европалык коңшулары жана багынган элдердин
түрктөргө каршылыгы күч алган
в) империянын башында тынчтыкты жактаган султандар турган
г) түрк феодалдары жаңы жерлерди басып алгандан көрө, мурдагы жерлерине
көбүрөөк камкордук көрө баштаган.
315. Батыш Европада Университеттер – бул:
а) VIII к. пайда болгон монастырь мектептери
б) королдордун салык жыйноо борбору
в) орто кылымда келечекти алдын ала айтуучулардын съезди
г) XI к. пайда болгон Еропадагы алгачкы жогорку мектептер
316. Европа менен Азиянын кайсы аймагында (мурунку СССР) кул элөөчүлүк мамлекеттер түзүлгөн?
а) Кара деңиздин боюу, Кавказ, Орто Азияда
б) Киев Русу, Сибирь, Ыраакы Чыгышта
в) Кавказ, Түндүк Кара деңиздин бою, Европада
г) Орто Азия, Сибирь, Ыраакы Чыгышта
317. X-XI кк. кайсы князь башкарган убакта Русь европанын чоң мамлекетине айланган?
а) Борис Годунов б) Олег Владимирович
в) Владимир Святославич г) Всеволод Ярославич
318. Россияда крепостнойлук укуктун башталышын негиздеген Судебник
кайсы жылы түзүлгөн?
а) 1441-ж. б) 1453-ж. в) 1465-ж. г) 1497-ж.
319. XV к. аягы XVI к. башында Россия мамлекетинин түзүлүшүнүн натыйжасы?
а) Россия Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирди
б) Орус православ чиркөөсү күч ала баштады
в) Эл чарбасы, маданият тез өнүгө баштады, тышкы душмандардын
кол салуусу токтоду
г) Феодалдардын бийлиги бекемделди
320. Иван Грозныйдын биринчи Земстволук соборунун мааниси эмнеде?
а) Мамлекетте падышанын бийлиги чектелген
б) Боярлардын бийлиги күч алды
в) Мамлекетте чиркөөнүн бийлиги чектелди
г) Россия сословиялык- өкүлчүлүктүү монархияга айланды
321. Улуу географиялык ачылыштардын башкы натыйжасы ........................... болгон.
а) таттуу даамдар кескин арзандаган
б) европанын өнөр жайынын өнүгүшүнө түрткү берилип,
дүйнөлүк соода калыптана баштаган
в) ар кайсы өлкөлөрдө кемелердин саны кескин көбөйгөн
г) генералдар Европада гана эмес, Америкада да согушууга болот деп сүйүнүшкөн
322. Америкада жана Африкада алгачкы колонияларды ээлеп алган биринчи
өлкөлөр, булар:
а) Португалия Америкада, Испания Африкада
б) Франция Америкада, Англия Африкада
в) Италия Америкада, Германия Африкада
г) Португалия Африкада, Испания Америкада
323. Англияда буржуазия жаңы тап болгон, алар ............................
а) жеке өзү товар чыгарган жана аны сатуудан байыган
б) дин кызматкерлери менен чиркөө жерин бөлүшкөн
в) мануфактураларды кургандыгы үчүн королдон эмгек акы алган
г) мануфактураларды курган жана жалданма жумушчуларды эзүүнүн эсебинен байыган
324. Реформанын башталышындагы Германиянын өнүгүшү менен революция болоор алдындагы Нидерланддын өнүгүшүндө кандай жалпылык болгон?
а) Өлкөнүн бытырандылыгы
б) Чет элдик эзүү
в) католик чиркөөсүнүн эзүүсү
г) кол өнөрчүлүктүн жана сооданын төмөндөшү
325. Жаңы тарыхтын мазмуну эмнеде?
а) Капитализмдин орношу жана өнүгүшү
б) Дыйкандарды, кол өнөрчүлөрдү эзүү күчөгөн түзүлүш
в) Феодалдык-чарбалык тартиптин үстөмдүгү
г) Феодалдык-чексиз тартиптин гүлдөшү
326. Улуу Француз революциясынын тарыхый маанисин белгиле.
а) Элдин бийлигин орнотту
б) Феодалдык-абсолюттук түзүлүштү кыйратты жана капитализмдин
өнүгүшүнө шарт түздү
в)Буржуазия менен дыйкандардын союзун түздү
г) революциялык кайра курууларды аяктады
327. XVIII к. кайсы конститутция эң прогрессивдүү болгон?
а) Н. Бонопарттын “граждандык кодекси”
б) Франциянын 1791-ж. Конститутциясы
в) 1793-ж. Якобиндик Конститутция
г) АКШнын 1787-ж. Конститутциясы
328. 1815-ж. Ыйык Союзду түзгөн Европа мамлекеттери кандай максатты көздөгөн?
а) Европада дворяндардын таасирин бекемдөө
б) Экономикалык жардам
в) Соода жана маданият байланышы
г) Европада революциялык кыймылдарды басууга жардам берүү
329. I Интернационалдын тарыхый мааниси эмнеде?
а) Сынчыл-утопиялык социализмдин идеясын элге тараткан
б) “Таптарды теңдөө” идеясын ишке ашырды
в) Жумушчулар бийликке экономикалык күрөш аркылуу келет деген
теорияны жарыялады
г) Жумушчу патияларды бириктирип, алардын теориялык программасын негиздеди
330. “Айыл чарбасында капитализмдин пруссиялык жол менен өнүгүшү”
дегенди кандай түшүнөсүң?
а) ири помещиктик чарбанын сакталып калышы
б) бул агрардык революция жолу
в) дыйкандарды толугу менен налогдон куткарат
г) дыйкан чарбасы фермердик чарбага өтөт
331. Е. Пугачев жетектеген дыйкандар согушунун тарыхый мааниси ..........................
а) көтөрүлүшчүлөр крепостнойлук көз карандысыздыкты гана эмес бийликтеги
дворян-жер ээлөөчүлөр табын да жоготушмак болгон
б) крепостнойлук системаны жоюп өнүккөн буржуазиялык күчтөргө жол ачып беришти
в) боштондук үчүн күрөштүн жолдорун байытты
г) көтөрүлүшкө чыккандар элдерден ар тараптуу колдоо алышты
332. Россия Кара деңиз жээги менен Крымды кошуп алган орус-түрк согушу кайсы жылдары болгон?
а) 1770-1775-ж. б) 1764-1769-ж. в) 1755-1760-ж. г) 1768-1774-ж.
333. XVIII кылымдын биринчи жарымында Россияда мамлекеттик реформалар кандай өзгөрүүлөргө алып келди?
а) Боярдык думанын таасири өстү, земстволук собор токтотулду
б) Приказдар системасы өтө өнүккөн
в) Борбордук бийлик чыңдалды жана чексиз монархия калыптанды
г) Боярдык дума менен земстволук собордун таасири өстү
334. 1812-ж. Ата Мекендик согушка Россия канча сандагы
калкы жана армиясы менен кирген?
а) 18 млн калкы, 200 миң аскер б) 36 млн калкы, 600 миң аскер
в) 50 млн калкы, 1млн аскер г) 60 млн калкы, 1 млн аскер
335. Декабристтердин көтөрүлүшүнүн маанисин белгиле.
а) Көтөрүлүш крепостнойлук укуктун жоюлушунун негизги себеби болду
б) Россияда кийинки революциялык кыймылдарга программа түздү
в) Революционерлердин биринчи жолу падышачылыкка каршы ачык
көтөрүлүшкө чыгышы
г) Көтөрүлүш Россияда мамлекетти башкаруу формасын өзгөрттү
336. XIX кылымдын 30-50-жылдарында Россиянын коомдук турмушуна революциялык кружоктор кандай роль ойногон?
а) Куралдуу күч менен демократиялык түзүлүштү орнотууга аракет кылышкан
б) Россияда боштондук кыймылдын революциялык-демократиялык жаңы
этабынын башталышын даярдашты
в) Украина, Белоруссияда дыйкандардын көтөрүлүшүн жетектешти
г) Элдик революцияга ачык эле чакырышкан
11-класс. Кыргызстан тарыхы.
337. XIX к. II жарымында чүйдөгү кыргыздардын көтөрүлүшү кимге каршы багытталган?
а) Россия империясына б) Кытай империясына
в) Бухара хандыгына г) Кокон хандыгына
338. XIX к. аягында Кыргызстандын көчмөн калкынан милдеттүү түрдө
расмий алынуучу негизги салыкты белгиле.
а) Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык б) Жерден алынуучу салык
в) Земстволук салык г) Түндүк зекет
339. Россиянын XIX к. 60-80-жж. Кыргызстанга көчүрүп келүү саясатынын
негизги максаты ......................... болгон.
а) Россиянын четки райондорунда мыкты агрардык райондорду түзүү
б) өлкөнүн четки райондорунда келгин дыйкандардан падышанын
социалдык тирегин түзүү
в) улуттук райондордо жер иштетүүнү жакшыртуу
г) жергиликтүү калкты дыйканчылыкка үйрөтүү
340. XIX к. аягында кыргыз элинин руханий турмушунда искусствонун кандай жанры көрүнүктүү орун ээлеген?
а) Көркөм сүрөт б) Көркөм адабият
в) Оозеки поэтикалык чыгармачылык г) Театр искусствосу
341. 1898-жылы болгон Анжиян көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси.
а) көтөрүлүш падышанын салык саясатын өзгөрткөн
б) бардык Түркстанда жашоочуларды падышалык саясатты колдоого чакырган
в) падышалык колониялык саясатка каршы алгачкы улуттук – боштондук күрөш
г) улуттук маданияттын өнүгүшүнө негиз болгон
342. Россия өкмөтү кыргыздардын жерин кошуп алгандан кийин алдыга койгон
башкы максаты .................................. болгон.
а) Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн бай чийки зат булагын пайдалануу
б) Кыргызстандын элинин жашоо деңгээлин көтөрүү
в) крайды жеке казактык жана өкмөттүк колонизациялоосун жоюу
г) Кыргызстандын мурдагы башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөрттү
343. Убактылуу Өкмөттүн Кыргызстандагы жергиликтүү калкка карата
саясаты кандай болгон?
а) Ар кандай улуттук-демократиялык уюмдарды түзүүгө тыюу салуу
б) 1916-ж. көтөрүлүштө качып кеткен кыргыздарга кайра келүүгө тыюу салган
в) Саясий патияларды түзүүгө тыюу салган
г) Ар кандай газета жана журналдарды чыгарууга тыюу салган
344. Пишпек шаарында жана Пишпек уездинде Совет бийлиги качан орногон?
а) 1922-ж. апрелде б) 1917-ж. декабрда
в) 1915-ж. мартта г) 1918-ж. январда
345. Түндүк Кыргызстандагы Совет бийлигине коркунуч келтирген ири
кулактык козголоңду белгиле.
а) Нарында б) Беловодскиде
в) Дмитриевкада г) Түптө
346. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер кол койгон Кыргызстандагы
партиялык кысымга каршы багытталган 1925-жылдагы документти белгиле.
а) “Отуздун каты”
б) Советтердин съездинин чечими
в) Кыргызстандын ревкомунун каты
г) Тоолу Кыргыз областын түзүү чечими
347. Тарыхый окуяларды болгон даталары менен дал келтигиле.
А) Кыргызстанда түштүгүндөгү жер-суу реформасы | 1) 1924-ж. ноябрь |
Б) Кыргызстандын түндүгүндөгү жер-суу реформасы | 2) 1927-1928-жж. |
В) алгачкы кыргыз тилиндеги “ Эркин Тоо” газетасынын чыгышы | 3) 1918-ж. декабры |
Г) Беловодскидеги контрреволюциялык кыймыл басылган | 4) 1921-1922-жж. |
а) А-3, Б-1, В-4, Г-2 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4
в) А-4, Б-3, В-2, Г-1 г) А-2, Б-4, В-1, Г-3
348. Кыргызстандын тарыхында биричи конститутция качан кабыл алынган?
а) 1920-ж. 25-октябрда б) 1918-ж. 12-мартта
в) 1929-ж. 30-апрелде г) 1937-ж. 5-декабрда
349. Кыргызстанда коллективдештирүү мезилинде жогорку темпти камсыз кылган “борбордон” келген кызматкерлерди белгиле.
а) Ревкомдун өкүлдөрү б) Областтык партиялык жетекчилик.
в) “Жыйырма беш миңчилер” г) Маданий мекеме адистери
350.1938-жылы 6-8-ноябрда кандай окуя болгон?
а) Туран партиясынын активисттерин камакка алган
б) Кыргыз зооветеринардык институту ачылган
в) Чоң-Ташта 138 кызматкерлерди мссалык көмүү
г) Кыргызстан Компартиясынын II сьезди болгон
351. 1925-жылы ачылып 1930-жылдарда Кыргызстанда улуттук интеллигенцияны даярдоодо чоң салым кошкон кайсы окуу жай болгон?
а) Кыргыз агартуу институту б) Суу чарба техникуму
в) Фрунзедеги айыл чарба техникуму г) Караколдогу зоотехникалык техникум
Кыргызстанда маданий революциянын акыркы баскычы болгон:
а) жашы улуулардын арасында жалпы сабатсыздыктын жоюлушу
б) жаштардын “Ленинчил жаш” газетасынын чыгышы
в) кыргызстанда сүрөтчүлөр Союзунун түзүлүшү
г) “Кыргыз алиппеси” окуу куралынын басылып чыгышы
353. Сөз ким жөнүндө? 1874-ж. туулган, Кыргызстанда Совет бийлигинин орнотуучулардын бири. Орус-тузем мектебинде билим алган. Басмачыларга каршы күрөшкон. 1923-ж. Кызыл туу ордени менен сыйланган.
а) М.В.Фрунзе б) К.Сарыкулаков в) А.Муханов г)А. Осмонбеков
354. Кыргызстанда 1920-жж. жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын мааниси эмнеде жана ал кандай өткөрүлгөн?
а) Жерди колдонуу маселелердинде феодалдык мурастардын күчөшү жана жерди байларга гана берүү
б) Интеллигенция өкүлдөрүнүн ортосунда жерди бөлүштүрүү, жерди интеллигенция жана жумушчуларга берүү
в) Жерди колдонууда феодалдык мурастарды жоюу, байлардан жерди тартып алуу жана жерсиз, жери аз дыйкандарга бөлүштүрүп берүү
г) Байлар жана кедейлердин арасында жерди колдонуунун эрежелерин орнотуу
355. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында коргонуу өнөр жайы үчүн сурьма жана сымапты камдап берген Кыргызстандын өнөр жай ишканаларын белгиле.
а) Кадамжай жана Хайдаркен б) Ак-Түз жана Кажы-Сай
в) Майлы-Суу жана Шакафтар г) Кашка-Суу жана Саргардан.
356. 1945-ж. 16-апрелде Берлинди штурмалоо башталган: Ал салгылашууга Кыргызстандан ким катышкан?
а) В.Клочков б) К. Үсонбеков в) С.Жүндүбаев г) К. Жуматаев
357. УАМ согуш мезгилинде Кыргызстанда заводдордун саны өскөн.
Себеби, ................................
а) АКШ жаңы заводдорду белекке берген
б) кыргызстандыктар көп иштеп, жаңы заводдорду курган
в) Россиядан заводдорду көчүрүп келген
г) аларды курууга коңшу республикалар жардам берген
358. Эстонияда абадагы салгылашууда эрдик көрсөткөн учкучту белгиле.
а) Е. Пасько б) И. Таранчиев в) Т. Бегелдинов г) К. Жаркынбаев
359. XX к. 80-жылдарында Кыргызстанда кайсы өнөр жай тармагы өнүккөн?
а) Гидроэнергетика б) Тетиктерди куруу
в) Электротехника г) Мал чарбачылыгы
360. Түштүктөрдүн кайсынысы Кыргызстанда кайра куруу мезгилиндеги саясий турмушка тиешелүү болгон?
а) “Партияга каршы топ” б) Идеологиялык таңуулоо
в) көп партиялуулук г) Өнүккөн коом
361. 1989-ж. 23-сентябрда Кыргыз Республикасында .........................
а) малекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган
б) президентти шайлоо болуп өткөн
в) Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлашкан
г) Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлашкан
362. Окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.
А) Советтик бийлик кулады
Б) Кыргызстандын бүткүл дүйнөлүк курултайы
В) Жерди жеке менчиктөө киргизилди
Г) Кыргызстанда президенттик кызмат түзүлдү
а) Г, А, Б, В б) А, Б, В, Г в) Б, В, Г, А г) В, Г, А, Б
363. 1980-жылдары Орто Азияда Кыргызстан кайсы тармактын өнүгүшү боюнча биринчи орунду ээлеген?
а) Энергетика б) Жеңил өнөр жай
в) Машина куруу г) Мал чарбачылыгы
364. 1964-1985-жылдар Кыргызстандын тарыхында кандай мезгил деп аталган?
а) Коммунизмди куруу б) Социализмдин жеңиши
в) Өнүккөн социализм г) Коммунизмдин жеңиши
365. Фрунзе заводунун кайсы ченеп-өлчөөчү прибору Лейпцигдеги өткөн эл аралык жарманкесинин алтын медалына татыктуу болгон?
а) “Ала-Тоо” б)”Тянь-Шан” в) “Кыргызстан” г) “Майлуу-Суу”
366. Төлөмүш Океевдин ишмердик чөйрөсүн аныктагыла.
а) Музыка б) Көркөм сүрөт в) Адабият г) Кино
367. Кыргызстандан чыккан биринчи косманавт.
а) С. Шарипов б) Ш. Кубатов в) А. Нурбеков г) С. Шабданов
368. 1998-ж. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи кайсы
эл аралык экономикалык уюмга кирген?
а) ЕвраАзЭС (Евразиялык экономикалык кызматташтык)
б) БСУ (Бүткүл дүйнөлүк соода уюму)
в) ЭКӨБ (Эл аралык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы)
г) ЭВФ (Эл аралык валюта фонду)
369. 2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда кандай окуя болду?
а) Президенттик шайлоо б) Парламенттик шайлоо
в) Элдик революция г) Конститутция кабыл алынды
370. Кыргызстандын жетекчилерин бийликте турган мезгили менен дал келтиргиле.
А) И. Раззаков | 1) 1985-1990-жж. |
Б) А. Масалиев | 2) 1961-1985-жж. |
В) А. Акаев | 3) 1950-1961-жж. |
Г) Т. Усубалиев | 4) 1990-2005-жж. |
а) А-3, Б-1, В-4, Г-2 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4
в) А-4, Б-3, В-2, Г-1 г) А-2, Б-4, В-1, Г-2
371. 2007-ж. 16-августта Бишкекте ............................. өткөн.
а) Орто Азияда түрк элдеринин ассамблеясы
б) Шанхай шериктеш мамлекеттер уюмунун саммити
в) кыргыздардын эл аралык курултайы
г) Дүйнөлүк жаратылышты коргоо өкүлчүлүгүнүн (ГРИНПИС) съезди
372. Кыргызстанда “өткөөл мезгилде” (2010-ж.) ким президент болгон?
а) А. Акаев б) К. Бакиев в) Р. Отунбаева г) А. Атамбаев
11-класс. Дүйнө тарыхы.
373. XIX к. ортосундагы буржуазиялык революциялар капитализмдин өнүгүшүнө кандай таасир берген?
а) Феодалдык тартиптерди жок кылып, капитализмге жол ачты
б) Коомдун алга жылышына кубаттуу түрткү берди
в) Элдин жашоосун жакшыртуу талаптарынын аткарылышына, эмгек акынын көбөйүшүнө, 8 сааттык иш күнгө өтүүгө чоң таасир берген
г) Фабрикаларда эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы жумушчулардын
жашоосун жакшыртты
374. 1848-1849-жылдардагы Европадагы революциялардын сабагы:
а) үстөмдүк кылуучу таптар реформага жумушчулардын турмушун жакшыртуу
жолу менен бара алат
б) пролетариат өз максатына жетиш үчүн буржуазия табын пайдаланса болот
в) жумушчу кыймылы буржуазия менен дыйкандар колдобосо да максатына жетсе
болот
г) революциялар жумушчу табынын революциячыл партиясынын зарылдыгын
далилдеди
375. Батыш Европанын жана АКШ өлкөлөрүнүн XVIII к. аягы жана XIX к. өнөр
жайындагы илимий техникалык прогресс кандай таасир кылды?
а) Техникадагы ийгиликтер эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн зор өсүшүнө түрткү болду
б) Жаңы ойлоп табуулар чыгарылган продукциялардын сапатын жакшыртты
в) шаар калкынын өсүшү жер иштетүүнүн кеңейишине жана жакшырышына
алып келди
г) Өндүрүштүк анархия токтоду
376. Францияда “Панаманы көрүү” сөзү ........................... түшүндүргөн.
а) малекеттик бюджетти кийинки финансы жылга чейин эптеп-септеп
жеткирүү аракетин
б) кадимки газета-журналдык “өрдөк учурууну” сапатту материал катары
бере билүүнү
в) Панама өткөөлүн деңиздин нары жагындагы аймак катары Францияга кошууну
г) ири афера менен байланышкан жалпыга маалым болгон жаңжалды
377. В. И. Ленин Англиялык империялизмге кандай мүнөздөмө берген?
а) Монополисттик б) Согуштук-феодалдык
в) Колониялык г) Юнкердик
378. Индияда 1857-1859-жылдардагы сыпайылардын көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси эмнеде?
а) Индиянын экономикасы англиялык үстөмдүктөн бошогон
б) Ар түрдүү расалардын, уруулардын, касталардын, диндердин ортосундагы
касташуулар жоюлган
в) Мамлекеттик казыналарды уурдоолор тыйылган
г) Азиянын бардык элдеринин боштондук күрөшүнүн жогорулашына жол ачты
379. Кытайдагы тайпиндер көтөрүлүшүнүн негизги максатын белгиле.
а) Капиталисттик дөөлөттөргө толук экономикалык көз карандылыктан кутулуу
б) Буржуазиялык республиканы жарыялоо
в) Помещиктик жер ээлөөнү жоюу, тең укуктуулукту жарыялоо, феодалдык
эзүүнү жок кылуу
г) Кытайдын обочолонуу саясатын кайра баштоо
380. XIX к. 80-жылдарында Европалык кайсы мамлекеттердин ортосунда
согуштук союз түзүлгөн?
а) Англия-Япония-Россия б) Германия-Австро-Венгрия-Италия
в) Россия-Германия-Англия г) Франция-Италия-Австрия
381. Бул окумуштуу укук жана мамлекет жөнүндө илимге негиз салуу менен,
биринчи болуп “коомдук келишим” идеясын көтөрүп чыккан.
а) Джон Локк б) Жак Руссо в) В. И. Ленин г) З. Фрейд
382. Россиядагы пролетардык революциялык кыймыл кайсы мезгилди камтыйт?
а) 1887-1909-жж. б) 1890-1912-жж. в) 1903-1925-жж. г) 1895-1917-жж.
383. Россияда кайсы уюм революциялык кыймылдын пролетардык
мезгилин баштаган?
а)”Жумушчулардын түштүк-россиялык союзу”
б) “Орус жумушчуларынын түндүк союзу”
в) “Эмгекти боштондукка чыгаруу” союзу
г) “Жумушчу табын боштондукка чыгаруу үчүн күрөш союзу”
384. XIX к. аягы – XX к. башында илимеги жетишкен ийгликтери үчүн Нобель
сыйлыгына татыктуу болушкан:
а) Павлов И. П., Тимирязев К. А. б) Жуковский Н. Е., Мичурин И. В.
в) Попов А. С., Жуковский Н. Е. г) Павлов И. П., Мечников И. И.
385. Россия 1904-1905-жж. ............................менен согушкан.
а) Түркия б) Ирак в) Япония г) Кытай
386. Орус-япон согушундагы эң акыркы салгылашуу ...........................блгон.
а) Мукдене б) Цусимада в) Порт-Артурда г) Ляодунда
387. Окуялардын кайсынысы биринчи болгон?
а) Кандуу жекшемби б) РСДРПнын II съезди
в) Орус –Япон согушу г) “Искра” газетасынын чыгышы
388. Дүйнөнү айланып чыккан биринчи деңиз саякатын башарган
деңизде сүзүүчүнү белгиле:
а) Ю. Ф. Лисянский б) Ф. Ф. Беллинсгаузен
в) И. Ф. Крузенштерн г) М. П. Лазерев
389. XX к. башында АКШ конгрессинде жумушчуларга каршы
кандай мыйзам кабыл алынган?
а) Тафта Хартли мыйзамы б) Вагнер мыйзамы
в) Лендрем Гриффин мыйзамы г) Өнөр жай мамилелери боюнча мыйзам
390. В. И. Ленин империализмдин өзгөчөлүгүн атабаган өлкөнү белгиле:
а) Германия - юнкердик-буржуазиялык империализм
б) АКШ – илимий-техникалык империализм
в) Франция – сүткордук империализм
г) Англия – колониялык империализм
391. “Үч элдик принцип” улутчулдук, демократизм, элдин жыргалчылыгын ишке ашыруунун негизинде Кытайды кайра түзүүнүн автору ........................ болгон.
а) Юань Шикай б) Чан Кайши в) Мао Цзедун г) Сун Ятсен
392. I Дүйнөлүк согуштун чыгышына .............................. шылтоо болгон.
а) Австро-Венгрия тактысынын мураскору Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү
б) “Лузитания” жүргүнчү кемесин чөктүрүү
в) Германдык кемелер Россиянын кара-деңиз портторун атышы
г) Германия Бельгиянын бейтараптыгын бузушу
393. I Дүнөлүк согушка акыркы кирген өлкө кайсы?
а) Япония б) Россия в) Түркия г) АКШ
394. Версаль – Вашингтон системасынын иш жүзүнө ашкан
реалдуу артыкчылыгына ............................. кирген.
а) чек араларды жаңыдан белгилөө жана эл аралык аренада күчтөрдүн
жаңы катышын бекемдөө
б) эл аралык мамилелердин прицибин бекемдөө
в) Улуттар Лигасынын иштиктүү саясаты
г) өз жолун аныктоого бардык улуттардын укугун мыйзам жүзүндө таануу
395. Улуттар Лигасынын башкы маселеси ............................... көмөк көрсөтүү болгон.
а) антисоветтик үгүт жүргүзүү
б) АКШ дүйнө жүзүндө үстөмдүгүн орнотуусуна
в) тынчтык жана коопсуздукту бекемдөө
г) Европада Германиянын таасиринин күчөшүнө
396. Мандат ситемасы – бул системада ........................................
а) I Дүйнөлүк согушта экономикасы жабыркаган өлкөлөр
жеңилдетилген заемдорду алышкан
б) колониялар өз жолун аныктоого Улуттар Лигасынан укук алышы
в) өз жолун аныктоого жөндөмсүз деп эсептелген аймактарга карата
Улуттар Лигасынын атынан көзөмөлдүк кылууну орнотуу тартиби
г) Улуттар Лигасынын өкүлү ыйгарым укук алып, Германиянын Версаль келишимин
сакташына контролдук кылган
397. Дүйнөдөгү эң катаал жана кыйраткыч экономикалык кризис жылдарын белгиле.
а) 1911-1915-жж. б) 1956-1960-жж.
в) 1908-1912-жж. г) 1929-1933-жж.
398. 1938-ж. Мюнхен конференциясында эмне жөнүндө суроо каралган?
а) Европада фашизмди ооздуктоо
б) СССРге каршы согуштук союзду түзүү
в) Чехословакияны бөлүү
г) 1918-ж. Париж тынчтыгын кайра кароо
399. II Дүйнөлүк согуш алдындагы жылдарда “изоляциялоо” саясатын жүргүзгөн:
а) Англия б) АКШ в) Япония г) Болгария
400. Хронология боюнча алгач кайсы окуя болгон?
а) Берлин дубалынын тургузулушу
б) Женевадагы эң жогорку деңгээлдеги конференция
в) Экономикалык өз ара жардамдашуу Советинин түзүлүшү
г) Варшава келишиминин түзүлүшү
401. РСФСР уюшулганда бийликтин жогорку органы ББАК түзүлгөн.
Революциядан кийин партиянын көрүнүктүү ишмерлери башкарган ыраатты көрсөт:
а) Ленин В. И., Сталин И. В., Свердлов Я. М.
б) Троцкий Л. Д., Свердлов Я. М., Калинин М. И.
в) Каменев Л. Б., Свердлов Я. М., Калинин М. И.
г) Ленин В. И., Сталин И. В., Троцкий Л. Д.
д) Сталин И. В., Ленин В. И., Калинин М. И.
402. “Бардык бийлик патияларга эмес, Советтерге!” деген ураанды .................. көтөгөн.
а) Октябрь революциясынын алдында Кубань менен Дондун казак орустары
б) граждандык согуштун учурунда Тамбов жана Воронеж губернияларынын
дыйкандары
в)Советтерге меньшевиктер менен эсерлер көпчүлүк кылган учурда
г) граждандык согуш бүткөндөн кийин Кронштадттын моряктары
403. Согуш алдында Советтер Союзундагы индустриализациянын
негизги жыйынтыгы болгон:
а) ири машина өнөр жайы түзүлгөн эмес
б) “ашкере буроо” ыкмасынын эффективдүү эместигин түшүнүү
в) өлкөнүн техника-экономикалык жактан өз алдынчалыкка жетишүүсү
г) өндүрүштө “ зыянкечтерди” табуу боюнча компанияны акырына чейин жеткирүү
404. Айыл чарбасын коллективдештирүүдөгү Лениндин планында каралган эмес:
а) ыктыярдуулук
б) этаптуулук
в) жеке менчик дыйкан чарбасын жоюу
г) ар кандай фермердик альтернативаны мамлекеттик колдоого алуу
405. СССРде 1930-жылдарда репрессиянын болушуна эмне себепчи болгон?
а) Бухарин, Рыков, Томскийдин оппозициялык ишмердиги
б) С. М. Кировдун өлтүрүлүшү
в) Троцкийдин чет өлкөдө антисталиндик ишмердиги
г) Коллективдештирүүгө байланыштуу дыйкандар козголоңу
406. УАМС мезгилиндеги согуш пландарын код менен аталыштарына дал келтиргиле.
А) Москва салгылашуусу | 1) “Барбаросс” |
Б) СССРге каршы чагылгандай тез согуш планы | 2) “Тайфун” |
В) Курск догосундагы салгылашуу | 3) “Багратион” |
Г) Белоруссиядагы согуш операциясы | 4) “Цитадель” |
а) А-1, Б-3, В-4, Г-2 б) А-4, Б-2, В-1, Г-3
в) А-2, Б-1, В-4, Г-3 г) А-3, Б-4, В-2, Г-1
407. Советтик Армиянын Курскинин алдындагы жеңиши ....................... таасир берди.
а) Япония СССРге согуш дарыялоодон баш тартышына
б) Түркия СССРге согуш жарыялоодон баш тартышына
в) Италиянын согуштан чыгышына
г) УАМ согушта түп тамырынан бери бурулуштун башталышына
408. 1945-ж. 24-июнда кандай окуя болгон?
а) СССР Японияга согуш жарыялады
б) Москвада жеңиш парады болуп өттү
в) АКШ Японияга атом бомбасын таштады
г) Потсдам конференциясы өз ишин аяктады
409. Улуу Ата Мекендик Согуштагы кайсы салгылашуулар “түп тамырынан бери бурулуш” деген түшүнүк менен байланыштуу?
Берилген бешөөнүн ичинен эки салгылашууну белгиле.
1) Москванын алдындагы салгылашуу
2) Сталинграддагы салгылашуу
3) Смоленскидеги салгылашуу
4) Курск дугасындагы
5) Кавказ үчүн салгылашуу
а) 2, 4 б) 1, 3 в) 3, 5 г) 1, 4
410. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында биринчи салют ................... бошотулганына арналып берилген.
а) Севастополдун жана Курскинин б) Кенигсбергдин жана Туланын
в) Ленинграддын жана Москванын г) Белгород жана Орелдун
411. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин СССРдин “Маршалдын планынан” баш тартуусунун себеби .............................болгон.
а) “үчүнчү дүйнөнүн” өлкөлөрүнөн жардам күтүү
б) Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн жардамына үмүттөнүү
в) АКШга экономикалык саясий көз каранды болуп калуу коркунчу
г) Англия жана Франциянын жардамы менен экономиканы калыбына
келтиребиз деп эсептөө
412. 1940-жылы Германия кайсы өлкөлөрдү басып алган?
а) Югославия, Греция, Нидерланды, Венгрия, Франция
б) Польша, Чехословакия, Швеция, Люксембург, Румыния
в) Бельгия, Болгария, Нидерланды, Финляндия, Чехословакия
г) Дания, Норвегия, Нидерланды, Бельгия, Люксембург
413. (1943-ж.) Тегеран конференциясына катышкан үч державанын
жетекчилерин белгиле.
а) Сталин И.В., Эттли К.Р., Рузвельт Ф.Д.
б) Сталин И.В., Черчилль У.С., Трумэн Г.Э.
в) Сталин И.В., Эйзенхауэр Д.Д., Вильсон Д.Г.
г) Сталин И.В., Рузвельт Ф.Д., Черчилль У.С.
414. Ленд-лиз – бул:
а) АКШнын атомдук куралды иштеп чыгаруу долбоору
б) АКШ үчүн өзгөчө маанилүү болгон өлкөлөрдү коргоодо, куралдарды жана аскер материалдарын карызга же арендага берүү жөнүндө мыйзам
в) согуштан кийин Европага америкалык экономикалык
жардам көрсөтүү программасы
г) Перл-Харбордо Япония АКШнын аскер флотун талкалагандан кийин аны кайрадан
калыбына келтирүү программасы
415. 1949-ж. НАТО блогуна мусулман дүйнөсүнөн кайсы мамлекет кирген?
а) Иран б) Ирак в) Сирия г) Түркия
416. Түркия Республикасынын биринчи президенти:
а) Тургут Озал б) Мустафа Кемаль
в) Абдул Меджид г) Мустафа Субхи
417. XX к. экинчи жарымында Европадагы социалисттик өлкөлөрдүн оппозициялык күчтөрү ................................. ураанынын алдында чыгышкан.
а) “ленинизмге кайтып келүү”
б) “социализмди жаңылоо”
в) “батыштын демократиясын кайра калыптандыруу”
г) азыркыдан башка режимдерден бардыгы жакшы”
418. “Элдик демократия” режиминин калыптанышынын объективдүү факторлордон бирөө - cубъективдүү. Бул - ........................................
а) “фашисттик мурастан” арылууга умтулуу
б) экономиканы кайрадан калыбына келтирүү проблемасын чечүү үчүн улуттун бардык күчтөрүн бириктирүү зарылчылыгы
в) демократиялык реформаларды жүргүзүүдө калктын ар кандай социалдык катмарларынын таламдарынын төп келиши
г) Кызыл Армиянын дайыма болушу, Советтер Союзунун партиялык-мамлекеттик жетекчилигинин басым жасоосу
419. Социализмдин дүйнөлүк системасынын кризисинин жыйынтыгы кандай?
а) Колониализмдин акыркы очогу жоюлду
б) Реформалар, “баркыт” революциялары, Варшава Келишими Уюму жоюлду
в) Өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкөлөрдүн ортосундагы
карама-каршылык курчуду
г) Азыркы учурдагы глобалдуу проблемалар күчөдү
420. СССР, Великобритания жана АКШнын жетекчилери Ялта конференциясында чыгарган чечимден үзүндүнү окуп чыгып, сөз кайсы уюм жөнүндө болгонун белгиле.
“Биз, тынчтыкты сактоо максатында эл аралык уюмду түзүү керек деп эсептейбиз. Биз агрессияны болтурбоонун алдын алууну ошондой эле согуштун саясий, экономикалык жана социалдык себептерин бардык тынчтыкты каалаган элдер менен дайыма
тыгыз жана тынымсыз иштеген кызматташтык жолу аркылуу
жетишүүгө болот деп эсептейбиз”.
а) БУУ (Бириккен Улуттар Уюму)
б) ЭЭУ ( Эл аралык Эмгек Уюму)
в) ЮНЕСКО (БУУ билим берүү, илим жана маданият боюнча)
г) БДУ (Бүткүл дүйнөлүк Ден соолук Уюму)
421. Сунуш кылынган окуялардан хронологиялык акыркысын белгиле.
а) Чехословакия жок болду
б) Гитлер Австрия мамлекетин толугу менен жок кылуу планын бекиткен
в) СССР менен Германия 10 жылдык мөөнөткө кол салышпоо жөнүндө
келишимге кол койгон
г) Гитлер менен Муссолини “Болот пактысына” кол коюшкан
422. Кариб кризисинин жыйынтыгы ..................................... болгон.
а) Фидел Кастронун жетекчилиги менен Кубадагы революция
б) Берлин дубалынын тургузулушу
в) 1963-жылы ядролук куралдарды абада, космос мейкиндигинде жана суу астында сыноого тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгы
г) экономикалык өз ара жардамдашуу Советинин түзүлүшү
423. Боордоош Чехословакияда “ревизионизмдин” бекемделишине жол бербеш үчүн 1968-ж. августта кайсы өлкөлөрдүн аскерлери киргизилген?
а) СССР, Венгрия, Польша, Болгария, Югославия
б) СССР, Венгрия, ГДР, Болгария, Польша
в) СССР, Польша, Болгария, ГДР, Румыния
г) СССР, Польша, Венгрия, Югославия, Албания
д) СССР, ГДР, Румыния, Югославия, Албания
424. 1970-жылдардын башында Советтер Союзунда экономиканы уюштуруунун жана башкаруунун негизин кандай принцип түзгөн?
а) Сөзсүз жана баарын камтыган пландуулук
б) Совет экономикасынын пландуу жана пландан тышкаркы формасы
удаалаш колдонулган
в) Экономикада пландуулуктун жана эркин рыноктун артыкчылыктарын
айкалыштыруу
г) 70-жылдардын башында Советтер Союзунда “жапайы рынок” колдонулган, бул учурда бекем борбордоштурулган пландуу ыкма аяктап, ал эми рынок механизми
али ишке кире элек болучу
425. “Кайра куруунун” этаптарынын ыраатуулугу туура катарды белгилегиле.
а) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү жана маалымдуулук саясатын жарыялоо, “демократиялык, гумандуу социализмди” куруу багыты, көп партиялуулукту бекемдөө
б) маалымдуулук, “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы,
көп партиялуулук, тездетүү
в) “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы, көп партиялуулук,
тездетүү, маалымдуулук
г) көп партиялуулук, тездетүү, маалымдуулук, “демократиялык,
гумандуу социализм” идеясы
426. 1960-ж. ортосунан 1980-жж. биринчи жарымына чейин СССРдин Батыш Европа өлкөлөрүндө социалисттик түзүлүштү сактап калуу максатында өткөргөн тышкы саясат курсу – бул “............................. доктринасы” деп аталган.
а) Андроповдун б) Хрущевдун в) Брежневдин г) Сусловдун
427. 1991-жылы 19-августта эмне үчүн ӨКМК (өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет) түзүлгөн?
а) 17-августта М. С. Горбачевдун ден соолугунун абалы кескин начарлаган
б) 18-августта М. С. Горбачев өз полномочиясын вице президентке өткөргөн
в) 20-августта жаңы Союздук келишимге кол коюлмакчы болгон
г) Балтика республикаларынын проблемаларын чечүү үчүн
428. СССРдин биринчи жана акыркы президенти:
а) М. С. Горбачев б) В. В. Бакатин
в) Б. Н. Ельцин г) В. В. Путин
429. Кайсы советтик республика өзүнүн көз карандысыздыгын биринчи жарыялаган?
а) Литва б) Эстония в) Украина г) Армения
430. Азыркы мезгилдеги тарыхчынын эмгегинен үзүндүнү окуп, кайсы окуя жөнүндө жазылгандыгын белгиле. “Радиоактивдүү чалдыгуу .............. Украинанын, Белоруссиянын жана Россиянын көп райондорунун 200 миң квадрат километр аймагын каптады. Радиоактивдүү фонддун жогорулашы башка өлкөлөрдө: Польшада,Румынияда, Югославияда, Норвегияда, Финляндияда, Швецияда жана ошондой эле алыскы Бразилия менен Японияда да белгиленген”.
а) Чернобыль АЭСи б) Курск АЭСи
в) Смоленск АЭСи г) Днепр АЭСи
431. Туура айтылган сапты тапкыла.
а) СССРдеги саясий реформалар КПССтин кадыр-баркынын өсүшүнө алып келди.
б) Саясий реформалардын жыйынтыгында КПССбийликтеги монополиясын жоготту.
в) СССРдеги саясий реформалардын жыйынтыгында КПССтин мүчөлөрүнүн
саны көбөйдү
г) СССРдеги саясий реформалар КПССтин ишмердигин даңазалады
432. ММКнан төмөнкү үзүндүнү окуп чыгып, андагы жазылган окуя кайсы
жылы болгонун белгиле.
“Такталган маалымат булактарынын билдирүүсү боюнча СССРдин Президенти
М. С. Горбачев “ден соолугунун абалынын начардыгына байланыштуу малекеттик башкарууга жараксыз болуп” ӨКМК ( Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет) тарабынан 19-августтун түнүндө бийликтен алынып, азыр Крымдагы эс алуу үйүндө үй камагы абалында”.
а) 1990-ж. б) 1991-ж. в) 1992-ж. г) 1993-ж.
433. Өкмөт жетекчилерин алардын түзгөн концепцияларына дал келтиргиле.
А) М. С. Горбачев | 1) коомдо саясий стабилдүүлүккө жетишүү |
Б) Л. И. Брежнев | 2) “жаңыча саясий ой жүгүртүү” |
В) В. В. Путин | 3) “өнүккөн социализм” концепциясы |
Г) В. И. Ленин | 4) дүйнөлүк революция идеясы |
а) А-2, Б-3, В-1, Г-4 б) А-3, Б-1, В-2, Г-4
в) А-1, Б-2, В-3, Г-4 г) А-4, Б-3, В-2, Г-1
434. СССРде кайра куруу мезгилинде экономикалык реформалардын мүнөзү кандай?
1) Экономикада жекече секторду түзүү
2) Мамлекеттик менчиктерди приватташтыруу
3) Фермерлердин пайда болушу
4) Арендалык мамилелерди киргизүү
а) 2, 3, 4 б) 1, 2, 4 в) 1, 2, 3 г) 1, 3, 4
435. СССРдин жетекчилеринин аты-жөнүн бийликте турган мезгилдери
менен дал келтигиле.
А) Ю. В. Андропов | 1) 1953-1964-жж. |
Б) Н. С. Хрущёв | 2) 1964-1982-жж. |
В) М. С. Горбачев | 3) 1982-1984-жж. |
Г) Л. И. Брежнев | 4) 1985-1991-жж. |
а) А-3, Б-1, В-4, Г-2 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4
в) А-4, Б-3, В-2, Г-1 г) А-2, Б-4, В-1, Г-2
436. Совет мамлекетинин жетекчилеринин биринин сөзүнөн үзүндүнү окуп чыгып, аты-жөнүн белгиле.
“ Кымбаттуу мекендештер! .................. Мен республикалардын суверендүүлүгүнө, элдердин көз карандысыз жана өз алдынча болуусуна бекем тургам. Бир эле мезгилде союздук мамлекеттерди сактоо менен, өлкөнүн бүтүндүгүн колдогом. Окуянын өнүгүшү башка жолго түштү. Өлкөлөр бекемдеп, малекеттердин бөлүнүүсү күч алды, мен ага макул боло албайм”.
а) Н.С. Хрущёв б) Ю.А. Андропов
в) М.С. Горбачёв г) Л.И. Брежнев
437. СССРде кайра куруу мезгилинде саясий системада кандай өзгөрүүлөр болгон?
1) СССРдин эл депутаттарынын съезди чакырылган
2) Мамлекеттик Дума түзүлдү
3) Өлкөгө Президенттик кызмат киргизилген
4) Конститутциянын 6-статьясы алып салынган
а) 2, 3, 4 б) 1, 2, 4 в) 1, 3, 4 г) 2, 3
438. 1970-жылдан 1980-жылдардын ортосуна чейинки СССРдин коомдук-саясий турмушун кайсы белгилер мүнөздөйт?
1) Партиялык-малекеттик аппараттын санын кыскартуу
2) Башкача ой жүгүртүүчүлөр менен күрөшүүнү күчөтүү
3) И. В. Сталиндин жеке адамга сыйынуусун сындоону жаңылантуу
4) Ички саясий абалды стабилдештирүү
5) Альтернативдүү шайлоолорду өткөрүү
6) Партиялык номенклатуранын ролун күчөтүү
а) 1, 2, 5 б) 1, 4, 6 в) 2, 3, 6 г) 4, 5, 6
439. Жаңыча ой жүгүртүүнүн негизинде кандай жетишкендиктер болду?
1) Орбиталык бирдиктүү станцияны куруу башталды
2) Араб-израилдик чыр-чатактарды чечүү жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды
3) Ядролук куралдарды жана толук класстагы ракеталарды кыскартуу
4) “Темир көшөгөнү” калыбына келтирүү башталды
а) 1, 2 б) 3, 4 в) 2, 3 г) 1, 4
440. СССРде айкындуулук саясаттын жыйынтыгы ..............................болгон.
а) Сталиндик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоону баштоо
б) социалисттик коомдун тарыхына кызыгуунун төмөндөшү
в) мамлекеттик жашыруун сырларды алып салуу
г) коомдун тоталитардык системанын маңызын түшүнүүсү
441. 1985-1991-жж. тиешелүү СССРдин тышкы саясатында кайсы маанилүү
иштер болгон?
А) Европадагы социалисттик өлкөлөрдөн куралдуу күчтөрдү алып салуу
Б) Кубага советтик ракеталарды жайгаштыруу
В) АКШ менен орто жана алыскы аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишим түзүү
Г) Венгрияга советтик куралдуу күчтөрдү киргизүү
Д) Афганистандан куралдуу күчтөрдү алып чыгуу
а) А, Б., В. б) А, В, Д. в) Б, В, Г. г) Б, Г, Д.
© 2020, Сыдыкова Самара Бузурманкуловна 2508 4