СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Таза аба менен дем алуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

Сабактын темасы: Таза аба менен дем алуу.

Жаңы лексика: аба, дем алуу,ачып туруш керек, аракет кылгыла,өзгөчө.

 

 

Грамматикасы: ким менен? эмне менен?

Сабактын максаты:

♦ Жаңы сөздөрдүн маанисин, текстти угуп жана окуп, түшүнүшөт.

♦ Жаратылыш байлыктарын коргоо керектигин түшүнүшөт. Таза абанын ден соолукка келтирген пайдасын түшүнүшөт.

♦ Алган билимдерин практикада колдонуу, жыйынтык чыгаруу көндүмдөру өнүгөт.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу: Үй тапшырмасын текшерүү:

Күн тартибин айтып беришет, саатын жардамы менен убакытты туура айтууга машыгышат.

1- тапшырма. Мугалим жаңы сөздөрдүн маанисин түшүндүрөт, окуучулар кайталашат.

2- тапшырмага карата болжолдуу сүйлөмдөрдү түзүзөт.

    Балдар тексти угуп, окуп, түшүнүшөт. Болжолдуу сүйлөмдөрүн салыштырышат. Бири - биринен интервью алышат (аба - (ава), таза аба - ( тазава) айтылышына көңүл буруу керек ). Жаратылыштын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин, анын кооздугун сезишет. Кыргызстандын жаратылышы тууралуу, булганыч абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу ойлорун айтышат. Белгиленген сөздөргө суроо беришип, башка мисалдарды келтиришет.

3 - тапшырма. Үлгүлөрбоюнча менен деген сөздүн байламталык жана жандоочтук маанисин аныкташат, оозеки мисалдарды келтиришет.

4 - тапшырма. Тил жатыктырууга берилген ырды окуп,маанисин түшүнүшөт. Ырда булуттар,тоо булагы эмнеге салыштырылат? Ата Журттун алдында силердин милдетиңер эмнеде? (Өз ойлорун айтышат)

5 - тапшырманы оозеки аткаруу менен грамматикалык коментарийди бышыкташат.

Үйгө тапшырма: Ырды көркөм окушат. 5 - тапшырманы жазып келишет.