Сабактын темасы: ТЕКСТТИН ПЛАНЫ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК. ЖӨНӨКӨЙ ПЛАН
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучулар тексттин жөнөкөй планы жөнүндө түшүнүк алышат. Текст боюнча план түзө билүүгө машыгышат.
Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар тексттеги ойдун урунттуу учурларын көрсөтүү үчүн жөнөкөй план түзүлөрүн түшүнүшөт.
Тарбиялоочулук: топтордо иштөөдө бири-биринин ойлорун угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) тексттин жөнөкөй планы жөнүндө түшүнүк алса жана текст боюнча план түзө билүүгө машыкса;
б) жөнөкөй пландын тексттеги ойдун урунттуу учурларын көрсөтүү үчүн түзүлөрүн түшүнсө;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
текст боюнча план түзүүгө машыгат;
берилген жөнөкөй план боюнча текст түзө алат.
Кептик компетенттүүлүк:
даяр тексттин жөнөкөй планын түзүп, пландын негизинде өз оюн бере алат.
тексттеги негизги ойду жана анын тема менен дал келерин аныктайт.
Маданий компетенттүүлүк:
теориялык билимдерин жазуу жана сүйлөө ишмердүүлүгүндө пайдаланат;
логикалык жактан ой жүгүртө алат;
Сабактын тиби: алган билимди чыңдоо сабагы.
Сабактын методу: айтып-берүүчүлүк түшүндүрүүчүлүк метод.
Колдонулуучу ресурстар: таблица, түстүү сүрөттөр, методикалык колдонмолор, ватман, маркер, скотч ж. б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Үйгө берилген тапшырманы текшерип, өтүлгөн теманы кайталоо.
Өтүлгөн теманы кайталоодо топторго ватман, маркерлер таратылып, түстүү сүрөттөр сунушталат. Окуучулар ал сүрөттөрдүн негизинде чакан тексттерди түзүшөт. Тексттин мазмунуна карата ар бир топ темасын да аныкташат.
Жаңы тема: Сабакка даярдалган таблицанын негизинде түшүндүрүлүп, чакан текст окулат. Андагы негизги ойдун эмне жөнүндө экендиги аныкталып, ага жөнөкөй план түзүлөт.
Текст – кеп ишмердигин жөнгө салып, баарлашууну ишке ашыруучу каражат болуп саналат.
Окуу китебиндеги 24–25–26-көнүгүүлөрдү аткаруу менен топтор берилген план боюнча чакан текст түзсө, башка топ тексттин мазмуну менен сунушталган план дал келеби, ошону аныкташат. 27-көнүгүүнү окуп, табышмактын жообун табышат. Жооп болгон сөзгө (мугалим) синквейн түзүшөт жана мугалим жөнүндө ырлардан көркөм айтып, обондуу ырлар- дан аткарышат.
Мындан тышкары, мугалимдин сунушу боюнча төмөнкүдөй кошумча текст сунушталып, мазмунун түшүнүү менен, анда берилген ойдун урунттуу учурларын көрсөтүү үчүн пландын жөнөкөй түрлөрүн түзүшөт. Карысы бардын ырысы бар
Улутубуздун кылымдарды кезип, бизге жеткен эң кымбат наркынын, салтынын бири – улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо болуп са- налат. «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» деген накыл кептери кимди да болсо, ойлондурбай койбойт. «Карысы бардын ырысы бар», – деп айтылат кыргыз элинде. Кыргыз баласы атаны сыйлап төргө отургузуп, кымыз сунуп, атанын акылы менен акылдашып келген. Атанын катуу сөзү ок болуп тиет деп сестенип турган.
«Бейиш – эненин таман алдында» деп энени ыйык тутуп келишкен. Эненин мээрими балага дем берип, ыйманын «ысык» кылып турган.
«Мээр» деген нерсе энеге жакын болгон. Ошон үчүн «Энеге мээриң керек, атага дээриң керек» деген сөз бекеринен айтылган эмес чыгар. Кыргыз эч качан ата-энесин таштаган эмес. Намысы бар кыргыздын кыз-жигити атанын ак эмгегин, эненин ак сүтүн акташ үчүн далалат кылат. Булар – ар бир баланын ыйык парзы.
Карыларды канчалык сыйласак, биримдигибиз артып, келечекке даңгыр жол ачылат. Улгайган адамдын батасын алгандан артык бакыт жок.
Окуучулардын билимдерин баалоо критерийдин негизинде жүргү- зүлөт. Окуучуну билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
1) көнүгүү тапшырмаларын аткара алат; 2) эрежени билип, аны пайдалана алат; 3) план боюнча текст түзө алат.
Үй тапшырма 28-көнүгүү. Сунушталган пландын негизинде чакан текст түзүп, мазмунуна ылайык анын темасын аныкташат.