СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Темперамент жөнүндө түшүнүк

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Темперамент жана анын типтери  жөнүндө түшүнүк

Просмотр содержимого документа
«Темперамент жөнүндө түшүнүк»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ

ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


Кыргыз-Өзбек университети


Кесиптик колледжи


«Педагогикалык сабактар» бирикмеси





Психология предметинен түзүлгөн

САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ













ПС бирикмесинин окутуучусу: Самидинова Жыпаргул

  1. Сабактын темасы: Темперамент

  2. Сабактын планы:

1.Темперамент жөнүндө жалпы түшүнүк

2.Темпераменттин табиятын түшүндүрүчү негизги теориялар

3.Темпераменттин түрлөрүнө жалпы мүнөздөмө

4.Темпераменттин иш-аракетин түрүнө жараша ыдгайланышы

5.Темперамент, тукум куучулук жана чөйрө түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланыштар

  1. Сабактын максаты:

а) билим берүүчүлүк жагы:

Темперамент жөнүндө кеңири маалымат берүү жана мүнөздөрдүн типтерин окуп үйрөнүү ошондой эле жашоодо колдоно билүү

б ) өнүктүрүүчүлүк жагы:

Педагогикалык процессте темпераментти колдоно билүү менен бирге студенттердин ой жүгүртүүсүн, акыл эсин жана интелектин өнүктүрүү

в) тарбия берүүчүлүк жагы:

Студенттерди эстетикалык сезимдерин өстүрүү жана мугалим менен студенттин ортосундагы баалуулуктарды сыйлай билүүгө,

педагогикалык кесибин сүйүүгө жана гумандуулукка тарбиялоо.

4.Сабактын жабдылышы: Дидактикалык көрсөтмө куралдар, улуу педагогдордун адабияттары, китептер, сүрөттөрү, карточкалар, таяныч-плакат, ватман, маркер, скотч, түстүү сүрөттөр.

5.Сабактын тиби: Видеолекция

6.Пайдаланылган адабияттар: Усулдук адабияттар, көркөм адабияттар, сөздүктөр.

7.Сабактын усулу: Ой жүгүртүү, топтордогу талкуу, акыл чабуулу

8.Сабактын жүрүшү:

А)Уюштуруу (10 мүнөт)

Мугалимдин кыскача кириш сөзү

Педагогика илими ар бир коомдун деңгээлин жана анын келечегин аныктоочу илимдердин бири. Кыргыз Республикасында кабыл алынган приоритеттүү багыттардын бири – билим берүү системасын өнүктүрүү. Акыркы мезгилде педагогика илиминде болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр орун алууда. Ошондой эле окутуу жана тарбиялоо процессинин маселелерин жана билим берүүнүн негиздерин педагогика илими изилдейт. Республикабыздын көптөгөн жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларында колдонулууда.

9. Үйгө берилген тапшырманы суроо (10 мүнөт):

Анда эмесе келгиле үйгө берилген тапшырмага токтолуп, текшерип көрөлү. Эмне тапшырма берилгенин эске салалычы, ким айтып коет? Кана студенттер үйгө берилген таршырма тууралуу ким сүйлөп берет? Мен ……..

10. Жаңы теманы түшүндүрүү (30 мүнөт)

1.Темперамент жөнүндө жалпы түшүнүк

Адамдын окшош, бирдей турмуштук шарттарда өздөрүн түрдүүчө кармай тургандыгы белгилүү. Ошондой эле монотондуу (бир­дей ыргактагы) дүүлүктүргүч ар бир адамдын психикалык процессстерине ар түрдүү таасир тийгизет. Бир адамда эмоция ачык, экинчисинде жеңил көрүнсө, үчүнчү адамда эмоция пайда болуу үчүн атайын убакыт, кошумча шарт талап кылынат. Ошол эле монотондуу дүүлүктүргүч инсандардын мотордук кыймылдарына, көңүлдөрүнүн түрдүү темпте жүрүшүнө таасир тийгизет. Мындай абал студенттик аудиторияда ачык байкалат. Окутуучунун бир ыргакта берин жаткан интеллектуалдык маалыматына сту- денттердин бир тобу көңүлдөрү көтөрүнкү, жайдары, экинчи тобу салмактуу, сабырдуу, ал эми үчүнчү тобу көңүлсүз, кайдыгер мамиледе отурушканын байкоо кыйын эмес. Адамдардын топторунда иш аракетти аткаруу, ага карата мамиле жасоодогу өзгөчөлүктөр менен катар ал ар үчүн туруктуу, окшош жалпы касиеттер да бар, Адамдардын ушундай өзгөчөлүктөрү темперамент деген пси­хологияык категория аркылуу туюнтулат.

«Темперамент ар бир жеке адамдын жалпы мүнөздөмөсү бо­луу менен нерв системасынын да эн негизги мүнөздөмөсүнө айланат. Нерв системасы индивиддин бардык uш-арекетине өз мөөрүн басат», — деп белгилейт, И. П. Павлов

Темперамент индивиддин бардык психикалык аракеттерине (эмоцияга, ойлоого, элестетүүгө, кеп ыргагына ж. б.) өз таасирин тийгизет. Демек, темперамент адамдын жүрүш-турушунун жана психикалык процесстердин жүрүү динамикасын мүнөздөөчү жекече өзгөчөлүк болуп саналат. Жүрүү динамикасы деген психикалык процесстердин темпин, ритмин, узактыгын, иитенсивдүүлүгүн жана адамдын жүрүш-туршундагы сырткы өзгөчөлүктөрдү, ак- гивдуулугун, кыймылдуулугун, реакциясын, акын темпин билдирет.

Темперамент личносттун динамикалык өзгөчөлүгүн, мүнөздөйт, бирок анын ишеничин, көз карашын, кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүк денгээлин аныктабайт.

Иш-аракеттин психикалык динамикасы, жалаң гана темпераментке, эмес, мотивге .адамдын психикалык абалына да коө каранды. Адамда конкреттүү ишке карата мотив күчтүү болсо, ал темпераментине карабай көп эле мээнет кылыл, ишти сапаттуу ат кара берег. Алсак, адам жакын, сүйүктүү жолдошунан ажыраган да кайсы темпераментте болбосуна, анын кайгыруусу, туталануусу, өзгөчө абалда өтөт. Ошондуктан темпераментти мотивден айыр малай турган өзгөчөлүктөрдү билуу зарыл.

  1. Темпераменттин айрым туруктуу касиеттери адамдын иш-аракетинин түрдүү салааларында пайда болот: эмгекте, кетинин түрдүү салааларында пайда болот: эмгекте, оюнда, ж. б.

  2. Темпераменттин айрым касиеттери адамдын турмушунда узак убакытка чейин туруктуу калат.

3. Адамдын темпераментинин тигил же бул касиеттери кокустни гана жаралбастан, топтолбостон мурдатан бери болуп, бири- бири менен тыгыз органикалык байланышта турат.

2. Темпераменттин табиятын түшүндүрүчү негизги теориялар

Темпераменттин табиятын, тейлөө сферасын, башка психикалык процесстер менен болгон карым-катнашын түшүндүрүүдө ар түрдүү теориялар, пикирлер бар. Алгач темперамент түшүнүгүн, башка психикалык процесстерден айырмалап кароодогу пикирлерге токтолуп көрөлү.

1.Личность жана темперамент түшүнүктөрүн бир маанилеш көрүнүш катары карашат.

2. Темпераментти негизги деп, личносттун калыптанышын ага көз каранды денгээлде койгон пикир бар.

3. Темперамент өзүнчө, өзгөчө психикалык процесс катары жашабайт деген багыт да кездешет.

Темперамент категориясын түшүнүүдөгү, анын башка психика­лык түшүнүктөр менен болгон карым-катышы жөнүндөгү мындай карама-каршы пикирлердин болушу, албетте, бул маселенин али терең изилдене электиги менен түшүндүрүлөт. Темпераменттин табиятын аныктоого аракеттенген бир катар теориялар белгилүү. Темперамент физиологиялык жана психологиялык багытта изилденип келүүдө. Темпераменттин табиятын физиологиялык багытта түшүндүрүүдө аны кандын химиялык составы, кан тамырлардын жоондугу туурасы, нерв тонусу, булчуң ткандары жана нерв системасынын касиеттерн менен байланыштырып талдаган гипотезалар кездешет. -

Жогорку божомолдордун ичинен окуу китептеринен кеңири орун алып жүргөн эки (гуморалдык, неврологиялык) көз карашка токтолобуз.

Гуморалдык теория, латын сөзү «суюктук» деген маани берет. Гуморалдык теориянын автору - биздии заманга чейин жашаган грек дарыгери Гиппократ. Ал адамдардын бири-биринен айырмасы же жалпы окшош касиеттери алардын денесиндеги ар түрдүү суюктуктун былжыр суктуктун, кандын, өттүн өз ара катыщына жараша болот деп түшүндүргөн.

Гипократ жана анын окуучулары өздөрүнүн ушундай идеяларына таянып, темпераменттин төрт түрүн бөлүп карашкан.

  1. Сангвиник (кан— латынча сангвис) темперамент. Денеде кандын, абалын көбөйүп кетишинен адамдар өздөрүн шайыр, жаркын маанайда алып жүрүшөт

  2. Флегматик (былжыр суюктук - флегма) темперамент. Денеде баш мээ бөлүп чыгарган былжыр суюктуктун, суунун басымдуу болушу адамдын өз чөйрөсүнө кайдыгер, бейтарап болушуна алып келет.

  3. Холерик (сары өт-грекче холе) темперамент. Денеде боор бөлүп чыгарган сары өт көбөйүп, адамды конфликтүү, энергиялуу болууга түртөт.

  4. Меланхолик (кара өт-грекче майан холе) темперамент. Денеде кара өт арбын болуп, адамда кысынуу, тарынчаактык касиеттерди пайда кылат.

Гуморалдык окуу өз учурунда материалисттик мүнөздө болуп, зор тарыхый роль ойногону менен, азыркы кезде ал илимий негизге ээ эмес. Бирок «Гипократтын бир генийлиги, —дейт И. П.Павлов,- адамдын чексиз касиеттеринин ичинен «капиталдуу» белгилерди тапкандыгында»

Гуморалдык окууга жакын теориялардын бири —XX кылымдын башында пайда болгон П. Ф. Лесгафттын теориясы. Ал тем­пераменттин негизин кандын тамырлар боюнча айлануу касиетте­ри түзөт дейт.

Психология илиминде Э. Кречмер менен У. Шелдондун теориясы бир топ кызыгууну туудурат. Алар темперамент нерв системасынын жалпы тибинин физиологиялык өзгөчөлүгүнө эмес, организмдин жалпы конституциясына, башкача айтканда, дененин физио­логиялык түзүлүшүнө, анын ткандарынын, бөлүктөрүнүн ортосундагы катнашка байланышына жараша болот деген идеяны сунуш кылышат. Личносттун төмөнкүдөй үч тибин белгилешет;

.Эндоморф —флегматик,

2. Эктоморф —сангвиник же меланхолик,

3.Мезоморф —холерик.

И. Кант темпераменттик айырмачылыктарды кандын химиялык составы менен байлапыштырат.

Неврологиялык теория. Темпераменттин физиологиялык негизин аныктоодо И. П. Павловдун жогорку нерв системасы жөнүндөгү окуусунун мааниси чоң. Ал темпераменттин табиятын илимий негизде түшүндүрүү үчүн иттердеги шарттуу рефлекстин пайда болуу закон ченемдүүлүгүн изилдегеи. Иттер бирдей жашоо шартта турганына карабай, алардын биринен кысынуучулук, экинчисинен тынчсыздангандык, үчүнчүсүнөн тең салмактуулук абал байкалат. Иттерде шарттуу рефлекс да түрдүү пайда болгон: биринде тез, экинчисинде жай, ал эми үчүнчүсүндө өтө кыйынчылык менен түзүлгөн. И. П. Павлов иттердеги мындай өзгөчөлөнгөн абалдарды алардын жогорку нерв системасы менен байланыштырат. Жогор­ку нерв системасы (Ж. Н. С.) тубаса мүнөзгө ээ. Ошондуктан айбандардын нервдик иш-аракеттерин бири-биринен айырмалап туруучу эки нервдик процессти, козголуу жана тормоздолуу процесстерин, алардын төмөнкүдөй касиеттерин үйрөнүү зарыл:

  1. Козголуу жана тормоздолуу процесстеринин күчүн.

  2. Козголуу, тормоздолуу процесстеринин тең салмактуулугун.

  3. Козголуу жана тормоздолуу процесстеринин кыймылдуулугун.

Аталган касиеттер баш мээнин чоң жарым шарынын иш-аракетин мүнөздөйт жана ЖНСтин типтерин аныктоого мүмкүндүк берег.

Нерв процесстеринин күчү - нерв клеткаларынын жана нерв системасынын жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Обьективдуу дүйнө адам­дын, айбандардын нерв системасына түрдүү күчтө, интенсивдүүлүктө таасир этет. Нерв системасы ал таасирге жооп берет, анын маанисин жоюу үчүн күрөшкө чыгат. Бул адамдардын да, айбандардын да жашоо үчүн күрөшүнүн маңызын чагылдырат.

Жогорку түзүлүштөгү жандуу дүйнөнүн жашоосунда зарыл болгон нерв системасынын экинчи касиети тең салмактуулук. Сырткы дүүлүктүргүчтөргө карата нервдик козголуунун, тормоздолуунун күчү ар дайым тең салмактуу абалдарда турууга тийиш. Ансыз тирүү жандардын жашоосу кыйын.

Турмуш кечирүү процессинде нерв системасынын кыймылдуулук касиетинин мааниси да чоң. Ансыз адам өзгөрүп туруучу дүйнө менен мамиле, карым-катнаш түзө албайт. Кыймылдуулуктун жардамы менен адамдар чексиз таасир этүүчү пайдалуу, пайдасыз түркүн-түмөн дүүлүктүргүчтөрдүө арасынан өздөрүнө ылайыктуу зарыл жүрүш-туруштун типтерин тандап алат.

И. П. Павлов жана анын окуучулары нерв системасынын күчү, тең салмактуулугу, кыймылдуулугу түрдүү комбинацияларда өзгөрүп турарын, жогорку нерв иш-аракетинин типтерин түзөрүн аныкташкан. Нерв системасында мындай комбинациялар көп санда. И. П. Павлов ЖНСтин иш-аракетинин төрт түрүн болуп көрсөтөт.

Күчтүү, тең салмактуу, кыймылдуу тип.

2.Kүтүү, тең салмактуу эмес (кармап токтоткус) кыймылдуу тип.

3.Kүчтүү, тең салмактуу, инертүү тип.

4. Күчсүз тип. ‘

И. П. Павловдун ЖНСинин төрт түрү эскиргендигнне карабай бардык окуу китептеринде берилет. Бирок өзү ачкан ЖНСтин типтерине карата, Павловдун олку-солку мамилеси көзүнүн тирүүсүндө изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында да байкалган. Мисалы, ал генотип (нерв системасынын тубаса тиби), фенотип (жогорку Нерв иш-ракетинин чөйрөгө жараша түзүлүшү) түшүнүктөрүн киргизип, темпераменттин маанисин жана табиятын башкача түшүндүрүүгө дагы аракеттенген. Павлов генотипти темперамент менен, фенотипти мүнөз менен байланыштырган. Павлов өзүнүн эксперименттеринде жогорку нерв системасынын касиеттеринин ар түрдүү комбинациялары 24кө жакын типтерди берерин аиыктаган. Кийинчерээк ЖНСтии тиитерин изилдегенде нерв системасынын негизги туруктуу катыштары 4төн көп экендигин айткан. Павлов өзүнүн жогоркудай илимий изилдөөлөрүнө маани бербей, ЖНСтин 4 түрү бар деген жыйынтыкка келген. Мындай корутунду Гиппократтын окуусунун таасиринен болсо керек дейт психолог Теплов.

Улуу физиолог өз экспериментин иттерге жүргүзгөндүктөн, иттерде көрүнгөн системасынын аталган типтерин адамга ыйгарууда көп ыңгайсызданган. Кийин: «Эгер адамды мүнөздөөчү нерв система иттин нерв системасы менен окшош болсо, адамдар капа болбойт деп ойлойм», -деп жазган. Мындай ой жүгүртүүгө каршты чыгууга эч кандай негиз жок. Адам да- биологиялык жандыктардын бир түрү. Ошондуктан иттерге эксперимент жүргүзүү менен табылган нерв системасынын типтерин толук түрдө адамдага алып өтүүгө илимий негиз бар.

Сыягы, келтирилген жогорку типтер мазмуну боюнча темперамент түшүнүгүнө туура келчүүдөй. Бул И. П. Павлов ЖНСтии типтерин Гиппократтын темпераментине салыштыруудан да ачык көрүнөт.

  1. Күчтүү, тең салмактуу, кыймылдуу тип сангвинник темпераментке туура келет.

  2. Күчтүү тек салмактуу инертүү типти флегматик темпера­мент деп караса болот.

  3. Күчтүү, тең салмактуу эмес; кыймылдуу тип холерик тем­пераментке дал келет.

4. Күчсүз типти меланхолик темперамент менен тең койсо, болот.

И. П. Павлов булардан дагы ойчул (экинчи сигналдык система негизги орун ээлеген тип жана орто тип деген жетиге чейинки ЖНСтин типтерин аныктаган.

Жогоруда талдалган темпераменттин түрлөрү жөнүндөгү окумуштуулардын пикирлерин таблицага төмөнкүдөй жайгаштырса болот.

Таблицада көрүнгөндөй, окумуштуулар темпераменттин табиятын аныктоодо түрдүү концепцияларды кармаганына карабай бардыгы Гиппократтын типтерине келип токтолгону ачык көрүнөт ички, тышкы тоскоолдуктарды жеңүүдө, сырткы дүйнөгө таасир этүүдө көрүнгөн адамдын активдүүлүгүнүн деңгээлин белгилейт.

5.Ийилчээктик— адамдын тышкы таасирге, өзгөрүүлөргө кара­та женил, тез ыңгайлашуу өзгөчөлүгү.

6.Ригиддуулук. Бул— журуш-туруштун инертуулук деңгээли башкача айтканда сырткы шартка ыңгайлашпоочулук.

7.Экстраверттуулук адамдын реакциясыньн, иш-аракетинин көп учурда тышкы таасирге көз каранды болуп, өзгүрүп турушун билдирет.

8.Интроверттүүлүк адамдын жүрүш-трушунун, келечектеги кыялдардын жана өткөнкү элестердин таасиринде болушун мүнөздөйт.


3. Темпераменттин түрлөрүнө жалпы мүнөздөмө

Темпераменттин түрлөрүн мүнөздөө үчүн психо-физиологдор тарабынан ачылган темпераменттин негизги касиеттерин билүү за­рыл. Алар нерв системасынын касиеттери менен тыгыз байланышта туруп, адамдын иш-аракеттеринин бардык түрлөрүнө бирдей, туруктуу кездешип, темпераменттерди бири-биринен ажыратып, ар бирин жалпы мүнөздөөгө мүмкүндүк берет. В. С. Мерлин темпераменттии төмөнкүдөй психикалык касиеттерин белгилеген.

  1. Сензитивдүүлүгү (психиканын сезгичтиги) Бул адамда кандайдыр бир психикалык реакциянын пайда болушун шарттаган тыштан таасир этүүчү эң кичине күч, психиканын пайда болуу ылдамдыгы.

2.Реактивдүүлүк. Бирдей күчкө ээ болгон тышкы жана ички дүүлүктүргүчтөргө адамдын кандай эмоционалдык күч менен жооп бере тургандыгын билдирет.

3.Реакциянын темпи. Бул ар кандай кырдаалдардагы адам­дын психикалык процесстеринин кыймылынын ылдамдыгын, кептемпин, акылынын тездигин, тапкычтуулугун түшүндүрөт.

4.Активдүүлүк. Касиеттин бул түрү максатты ишке ашырууда. Жогоруда таблицаларда көрсөтүлгөн касиеттер аркылуу темпе­раменттин түрлөрүнүн табиятын түшүнүүдө бир топ кыйынчылыктар түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан ар бир темпераменттин өзгөчөлүктөрүн конкреттүү мүнөздөп берүүнү оң көрдүк.


ФЛЕГМАТИК

  • Ишти ойлонуп, ырааты менен жасайт.

  • Күтүүгө эрки жетет.

  • Жоош, оор, басырыктуу.

  • Куру сөздү көп сүйбөйт.

  • Эстүү - баштуу

  • Токтоо, эмоциясыз сүйлөйт.

  • Чыдамкай өзүн кармай билет.

  • Баштаган ишин аягына чыгат.

  • Күчүн бекер кетире бербейт.

  • Ишинде системалуулук байкалат.

  • Урушканды, мактоону жакшы кабыл албайт.

  • Ички толгонуусун сыртка көп чыгарбайт.

  • Өз адресине айтылган катуу сөздөргө сабырдуу

  • Кызыгуусу, мамилеси туруктуу

  • Ишке жай киришет, бир иштен экинчи ишке жай өтөт.

  • Бардык адамдарга бирдей мамиледе.

  • Иште тыкандыкты, тартипти сактайт.

  • Жаны шартка тез көнбөйт.

  • Чыдамкай.


МЕЛАНХОЛИК

  • Тартынчаак, кысынчаак

  • Жаны шартта өзүн жоготуп коет.

  • Жаны таанышы менен мамиле түзүүдө кыйналат

  • Өз алдынча ойлонууну сүйөт.

  • Жеке жүрүүнү жакшы көрөт.

  • Жолу болбосо, өзүн жоготуп, көнүлү чөгөт.

  • өз алдынча ойлонууну сүйөт.

  • Тез чарчайт.

  • Үнү катуу чыкпайт, кээде шыбырагандай сүйлөйт.

  • Жор жолдошторунун мүнөздөрүнө аргасыздан көнөт.

  • Таасирге тез берилет.

  • Чөйрөгө өзүнө катуу талап коңт.

  • Шекчил келет

  • Өтө сезгич, көнүлү тез бурулат.

  • Өтө таарынчаак.

  • Адамдар менен мамиледе болуп, өз оюн бирөөлөр менен бөлүшөт.

  • Коркунчаак активдуу эмес.

  • -Өтө элпек;

  • Жардамга, көңүл болүүгө муктаж.


ХОЛЕРИК

  • Кымкуут, тырышчаак эмес.

  • Каны кызуу, токтоо эмес.

  • Чыдамсыз.

  • Кишилерге жасаган мамилеси бир жактуу, катаал.

  • Чечкиидүү демилгелүү.

  • Талашта тапкыч

  • Бирдей иштей албайт.

  • Экспериментчи.

  • Кекчил, тарынчаак эмес.

  • Мукактанып, берилип, тез сүйлөйт.

  • Курч, тем салмактуу эмес.

  • Агрессивдүү, урушчаак

  • Жетишпегендикке чыдамсыз

  • Жагымдуу мимикалуу.

  • Тез чечүүгө жана аракетенүүгө жөндөмдүү.

  • Катуу, үзгүлтүктүү кыймылгл ээ

  • Алдына койгон максатка жетүүдө туруктуу эмес.

  • Көнүлү тез өзгөрүп турат.


САНГВИНИК

  • Шайыр, турмушту сүйөт.

  • Энергиялуу, ишмер.

  • Көп учурда баштагаи иштин аягына жеткизбейт.

  • Өзүн ашыра баалайт.

  • Жаңы нерсени тез кабыл алууга жөндөмдүү.

  • Кызыгуусу ынтаасы өзгөрүлмөлүү.

  • Жолу болбогондукту жагымсыз окуяны жеңил көтөрөт

  • Жаңы шартка тез көнөт.

  • Жаны ишке кызыгуу менен киришет.

  • Иш кызыктырбаса, көнүлү тез калат.

  • Ишке тез киришет, бир иштен экинчи ишке тез өтөт.

  • Бир түрдүү аракеттерди, күндөлүк ишгерди жаман көрөт.

  • Мамилечил сылык, тааныщ эмес кишилерден чочубайт.

  • Чыдамдуу, ишке жөндөмдүү.

  • Сөзү так, көп жаңсоо менен катуу сүйлөйт.

  • Күтүлбөгөн, татаал шартта өзүн кармай билет.

  • Ар качан көңүлү көтөрүнкү .

  • Тез уктайт, женил ойгонот.

  • Тыкан эмес, маселени шашылып туура чечпейт,

  • Иштип мазмунун терен түшүнүүгө аракеттенбейт.


  1. Темпераменттин иш-аракетке жараша ыңгайланышы.

Темпераменттин кайсы түрү мыкты, баалуу да, кайсынысы начар деген суроолор турмушта көп эле коюлуп жүрөт. Мындай суроолорго бир жактуу жооп берүү туура эмес. Белгилүү окумуштуулар өздөрүнүн темпераменттеринин таасирине берилип, темпераментти жакшы, жаман деп экиге бөлүшкөн. Мисалы, Аристотель меланхоликти жогору баалар анын терең ойчулдугуна артыкчылык бериптир. Философ И. Кант болсо флегматик темпераментти баалап, анын ишке жай кызыганы менен, майын чыгарып көшөрө иштерине тан берген экен.

Бирок мындай ой жүгүртүү туура эмес. Ар бир темпераментна он-терс касиеттери жарыш кездешет. Алсак, холерик таарынчаак өзүн-өзү кармай албаган ачуулуу, бирөөнүн тнлин албаган тээжик болгону менен өтө тырышчаак, ишти талбай, ак ниети менен берилип аткарат. Меланхолик - коркунчаак, өзүнө~өзү ишенбеген, бирөөлөр менен мамиле түзө албаган, өтө эмоциялуу адам. Oшoл эле учурда ал өтө кылдат, өтө сезгич, боорукер сапаты менен балуу. Сангвиник темпераменттеги адамдын баштаган ишти ар качан арабек калтырган шашма экени белгилүү. Бирок күчтүү дипломат, бир канча жумушту жарыш аткара алуучулук сыяктуу мыкты, жөндөмгө да ээ. Флегматик үчүн өзүн курчап турган кишилерге кайдыгерлик, көнүлү сүздүк өңдүү кемчил касиеттер менен бирге токтоолук, баштаган ишин аягына жеткизген өжөрлүк да мүнөздүү..

Турмушта туруктуу темпераменттин түрүнө ээ болгон адам кантип тигил жэ бул кесиптин талабына жооп берет деген практикалык суроо келип чыгары чын. Бул проблеманы чечүүнүн бир канча жолдору бар: .

Биринчи – кесипти туура тандоо, профориенатациялык иштерди тыккандык менен жүргүзүү.

  • Экинчи- адамдарга коюлуучу талаптарды диффереициялоо. Алсак, адамдар менен мамиледе болгондо алардын темпераеитинин он-терс жактарын бирдей эске алуу, көңүлдө кармоо зарыл. Айталы, флегматиктин көнүл кощтугун, кайдыгерлигин жое-тургандай, холериктен өзүн токтоо кармап, улууларды, жолдошторуи сыйлагандай, меланхоликтен коомдук эмгекке активдүүлүктү, коллективде болууну талап кылып, мамиле жасоо оң натыйжа берет. .

Үчүнчү - тандап алган кесипке темпераменттин касиеттерин ылайыкташтыруу же иш-аракетте кызыктуу мотивдерди көбөйтүү. Эгерде бул принцип ишке ашса, айда тигил же бул иште адамдардын темпераменттик касиеттери анча мааниге ээ болбой калат.


5. Темперамент, тукум куучулук жана чөйрө түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланыштар

Окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн эксперименттер, байкоолор темпераменттин касиеттери тубаса эмес деп негиздейт. Би­рок эгиз балдардын өз ара жакындык касиеттери 85%ке чейин жетери аныкталган. И. В. Рабич-Щербо бирдей жана турдуу уруктагы эгиздердии нерв системасынын (түгөйлөр ортосунда) типтеринин окшош касиеттерин атайын салыштырганда, тукум куучулуктун маанилуу ролу аныкталган, И. В. Рабия-Щербонун оюн белгилүү деңгээлде В. С. Мерлин да тактап, иерв системасынын ар кандай касиети темпераменттин түрдүү жактарына таасир этерин, активдүүлүктүн ар бир динамикалык, эмоционалдык жана мотордук өзгөчөлүгү нерв системасынын тиги же бул касиетине гана жараша болбостон, Бирок, И. П. Павлов аларга кошулгаи эмес. Ал адамдардыи жана айбандардын жүрүш-түрүш образдары жалаң гана нерв системасынын касиеттерине байланыштуу болбостон, организмге тынымсьгз таасир эткен дүүлүктүргүчтөргө, тагыраак айтканда, тарбияга, окутууга да жараша болот дейт. Жалпысынап алганда, темпераменттин касиеттерииин тубаса экендигин бир да окумуштуу танбаганы менен темпераменттик касиеттер чөйрөгө. тарбияга, окууга эч кандай көз каранды эмес дегендик туура эмес. Ал адамдын жашоо шартына,. жаштык өзгөчөлүгүнө, билим даигээлине, коомдо ээлеген ордуна карап, өзүнүн касиеттерин өзгөртөт, ылайыкташтырат. Мисалы, холериктик касиеттер менен төрөлүп калыптанган балдар турмуштун белгилңң этабында жогорку мадаиияттуу, адамгерчиликтүү үй-бүлөгө туш келсе, ошол шартка ылайык өз касиеттерин ыцгайлаштырат.

И. П. Павлов өзүнүн лабораториясында бирдей касиеттерге эз болгон итгерди тең эки группа га бөлүп, бир тобун эркин ачык чөйрөдө, экинчи тобун клеткада кармаган. Эксперимент клетка да багылган иттердин көбүнүн нерв снстемасынын начар өнүккөнүн көрсөткөн. Мындан чөйрөнөн таасиринен темпераменттии айрым касиеттери начарлашы, же күчөшү мүмкүн экендиги аныкталат.

Практикада адам катуу оорудан травмалык таасирдеи темпе­рамеиттик касиеттеринин айрымдарынын ажырашы мүмкүн. Чынында да, катуу оорудан турган адамдарда кескин өзгөрүүлөр байкалары белгилүү. Мисалы, шизофрения менен ооруган адамдын темпераменти жөнүндө сөз кылууга болбойт.

11.Сабакты бышыктоо: (20мүнөт)

Суроо-жооп

12.Студенттерди баалоо (5мүнөт) Бүгүнкү сабакта студенттер өздөрүн-өздөрү баалашат.

13. Үйгө тапшырма берүү: (5мүнөт)

Темперамент деген теманы терең изилденип келесиздер .