СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест Адабий окуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест Адабий окуу»

Адабий окуу. 8-бөлүм боюнча:

1. Эмне үчүн жети атаны билүү зарыл?

а) ата-тегин унутпоо үчүн

б) бирөөлөр сураса айтып берүү үчүн

в) бирөөгө уят болуп, тил укпоо үчүн

г) бирөөгө айтып берүү үчүн

2. Табышмак-оюндун жандырмагын тапкыла:

Көктөм жамгыр куюлса, аны колго аласын.

Баш тамгасын алып кой, жытуу боло каласың.

а) атыр, чатыр

б) чатыр, атыр

в) чатыр, ыр

г) ыр, чатыр

3. Болоттун чоң атасы кармап алган жаныбардын баласы?

а) эликтин баласы

б) коёндун бөжөгү

в) топоздун мамалагы

г) тооктун жөжөсү

4. Тоголок Молдонун “Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы” чыгармасындагы бул саптар кимге же эмнеге таандык?

“ Алтың менен аңга түш,

Айтпай койбой не болдум!

Ширин этин мен чайнап,

Эзип жебей не болдум!”

а) мергенчиге

б) түлкүгө

в) карышкырга

г) коёнго

5. Түлкүгө кандай сапаттар мүнөздүү?

а) коркок, жоош

б) аңкоо, эпчил

в) куу, жырткыч

г) куу, жоош

6. Дон айгыры эмне себептен өлүп калды?

а) бирөө сабап салгандыктан

б) себеби белгисиз

в) уулуу чөптү билбей жеп алгандыктан

г) ооруп калгандыктан

7. Кичинекей Чыңгыз айгырдын кантип өлгөнүн кимге түшүндүрүп берди?

а) башкармага

б) орус улутундагы мал доктур

в) айгырдын ээсине

г) жылкычыга

8. Чыңгыздын чоң энесинин ысмы ким эле?

а) Алымкан

б) Асылкан

в) Айымкан

г) Асылжан

9. Жай бою эмгек кылбай, кышында ачка болуп,үшүп калган канаттуу кандай аталат?

а) таранчы

б) ийнелик

в) тоок

г) карга

10. ”Аралжы” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

а) жалганчы

б) ортомчу

в) жардамчы

г) ушакчы

11. ”Жан бакты” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

а) өз жанын гана баккан

б) бирөөгө жардам кылган

в) бирөөнүн эсебинен жан баккан

г) бирөөгө жардамчы

12. Мансапкор күчүк алгач ким болууну каалады?

а) сүрөтчү

б) музыкант

в) баатыр

г) мугалим

13. Мансапкор күчүккө атасы баатыр болуу үчүн эмне керек деди?

а) акыл

б) тааныш

в) жүрөк

г) баатыр

14. Бир түйүнчөк акчасын жоготкон дүкөнчү эженин ысмы ким эле?

а) Айкан эже

б) Райкан эже

в) Айжан эже

г) Анара эже

15. Таап алган акчасын Талант эмне кылды?

а) ээсине кайтарып берди

б) өзүнө керектүү буюмдарды сатып алды

в) атасына алып келип берди

г) апасына берди

16. Акчасын жоготуп алып, ыйлап класска кирген дүкөнчү эжеге Талант кандай жооп берди?

а) чындыкты айтты

б) билмексен болуп олтурду

в) калп айтты

г) айткан жок

17. Коендун бөжөгүн ким же эмне уурдап алды эле?

а) түлкү

б) үкү

в) бала

г) кыз

18. Үкүнүн уурулугунун бетин ким же эмне ачты?

а) мергенчи

б) күн

в) токойдогу жаныбарлар

г) түлкү

19. Жер шаарын кыдырууга чыккан Күнгө эмне тоскоолдук кылды?

а) түн

б) шамал

в) булут

г) жер

20. Күнгө ким же эмне жардам берди?

а) дыйкан

б) шамал

в) туман

г) жер

21. 8-Март Аялдардын Эл аралык күнү катары майрамдоону ким сунуштаган?

а) Клара Цеткин

б) Клара Цой

в) Клара Алиева

г) Анара Цеткин

22. ”Таберик” деген сөздун мааниси эмнени түшүндүрөт?

а) белек дегенди

б) буюм дегенди

в) кымбат дегенди

г) идиш дегенди

23. Булбул аттуу ырчы жигитти жактырып калган кыздын ысмы ким?

а) Гүлайым

а) Гүланда

в) Гүлжамал

в) Гүлмира

24. “Жакыр” деген сөздүн мааниси кандай?

а) жалгыз

а) жалгыз өзүн ойлогон адам

а) кедей, колунда жок

в) бай

25. “Теребел” деген сөздүн мааниси кандай?

а) айлана-тегерек

б) талаа

в) короо

г) шаар

26. Качан күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт?

а) мар айынын башынан баштап

б) март айынын 20сынан тартып

в) март айынын 21-22синен тартып

г) март айынын аягында

27. Нооруз майрамында жасалуучу тамак кандай аталат?

а) жарма

б) сүмөлөк

в) беш бармак

г) палоо

28. Тогуз баласы бар жесир эне кайнап жаткан казанга эмнени салат?

а) унду

а) тогуз ташты

в) кумшекерди

г) куйрук

29. “Кызыл чиедей” деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

а) өтө жаш деген маанини

б) бышып турган кызыл чие

в) бардык мөмөлөрдү

г) чоң деген маанини

30. Бул кайсы мезгил?

Чексиз –чексиз талаалар,

Күндө –күндө кулпурат.

Шаңдуу –шаңдуу ыр менен,

Кучак –кучак гүл сунат.

а) күз

б) жай

в) жаз

г) кыш








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!