СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест физика 7-класстар үчүн

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест физика 7-класстар үчүн»

7-КЛАСС ФИЗИКА ТЕСТ 1-ЧЕЙРЕК 1-ВАРИАНТ

  1. Термелүүнүн амплитудасы деп эмнени айтабыз?

А) Бирдик убакыт ичиндеги термелүүлөрдүн саны Б) Толук бир термелүүгө кеткен убакыт

В) Нерсенин тең салмактуу абалынан эң чоң которулуу аралыгы Г) Термелүүнүн жыштыгы

2. Деформациянын эки түрүн белгиле.

А) Ийилүүчү жана калдыктуу Б) Калдыктуу жана серпилгичтүү

В) Созулуу жана серпилгичтүү Г) Калдыксыз жана серпилгичсиз

3. Инерция кубулушу канчанчы жылы ким тарабынан ачылган?

А) 1666-ж И. Ньютон Б) 1962-ж Р. Гук В) 1633-ж И. Ползунов Г) 1632-ж Г. Галилей

4. Масса инерттүүлүктүн чени. Масса кандай чоңдук?

А) вектордук Б) скалярдык В) пропорционалдык Г) килограмм

5. Эгер сырттан күч аракет этпесе, же аракеттер бири-бирин компенсацияланса, бардык нерселер тынч абалда же түз сызыктуу бир калыптагы кыймылда болот. Бул кайсы закон?

А) Инерция же Ньютондун биринчи закону Б) Ньютондун үчүнчү закону

В) Инерция же Галилей закону Г) Инерттүүлүк закону

6. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Титаник лайнеринин орточо ылдамдыгы 45,4км/саат болгон. Мындай ылдамдык менен ал 25км жолду канча убакытта өтө алмак?

А) 35мин Б) 48мин В) 65мин Г) 33мин

7. Көлөм бирдигиндеги заттын массасын мүнөздөөчү физикалык чоңдук ......... деп аталат.

А) заттын инерттүүлүгү Б) заттын тыгыздыгы В) заттын массасы Г) инерция

8. Өзүнүн өлчөмүнө караганда бир кыйла узун жипке илинген нерсе ................... деп аталат.

А) термелүү мезгили Б) математикалык маятник В) заттын тыгыздыгы Г) ылдамдануу

9. Айлануу мезгили 0,4с болгон түзүлүштүн айлануу жыштыгы кандай мааниге ээ болот?

А) 3Гц Б) 6Гц В) 2,5Гц Г) 2,9Гц

10. Күчтүн СИ системасындагы бирдигин белгиле.

А) Гц(Герц) Б) Кг(Килограмм) В) Н(Ньютон) Г) М/с (метр/секунд)







  1. Сырткы күч таасир эткен учурда нерсенин баштапкы абалын кандайдыр бир деңгээлде сактоо касиети ал нерсенин .................... деп аталат.

А) инерциясы Б) заттын тыгыздыгы В) инерттүүлүгү Г) массасы

12. Ньютондун биринчи закону канчанчы жылы такталып аныкталган?

А) 1667-ж Б) 1687-ж В) 1668-ж Г) 1670-ж

13. Ауди маркасындагы автомобиль 20км/саат ылдамдык менен 20мин ичинде кандай жолду басып өтөт?

А) 40км Б) 50км В) 67км Г) 45км

14. Кайсы заттардын тыгыздыктары эң чоң мааниге ээ? 1. Алтын-19300; 2. Алюминий-2700; 3. Пробка-240; 4. Муз-900; 5. Кызыл карагай-400.

А) 3;1;5;4 Б) 4;1;5;2 В) 5;4;2;3 Г) 1;2;4;5

15. Кандайдыр бир сырткы таасирден улам нерсенин формасынын өзгөрүшү ......... деп аталат.

А) дифракция Б) дисперсия В) деформация Г) дискуссия

16. Бирдик убакыт ичиндеги термелүүлөрдүн саны .......... деп аталат.

А) термелүү фазасы Б) термелүү жыштыгы В) термелүү мезгили Г) термелүү амплитудасы

17. 4,7саатты СИ системасына айландыр, башкача айтканда( м/с) метр/секундага.

А) 1,5м/с Б) 2,5м/с В) 1,8м/с Г) 1,3м/с

18. Патефон пластинканы 0,83с да бир толук айландырат. Анын айлануу жыштыгы эмнеге барабар?

А) 1,2Гц Б) 1,8Гц В) 3,2Гц Г) 2,2Гц

19. Кыймылдын, анын ылдамдынуусунун пайда болуш себебин үйрөтүүчү механиканын бир бөлүгү ............. деп аталат.

А) Статика Б) кинематика В) динамика Г) гидростатика

20. Инерция термини латын сөзүнөн алынган, кыргызча которогондо кандай маанини түшүндүрөт?

А) аракеттүүлүк жана абалын өз алдынча өзгөртө алуу

Б) аракетсиздик, баштапкы абалын өз алдынча өзгөртө албоочулук

В) баштапкы абалын аракет аркылуу өзгөртө алуу

Г) аракетсиздик, акыркы абалын өзгөртө албоочулук





ЖООП БАРАКЧАСЫ

1-вариант

1

в

2

б

3

г

4

б

5

а

6

г

7

б

8

б

9

в

10

в

11

в

12

б

13

а

14

г

15

в

16

б

17

г

18

а

19

в

20

б