11-класс
Кыргыз тили (кыргыз класс)
1. Багыныңкы сүйлөмдүн канча түрү бар ?
А) 7 Б)8 В) 9 Г)10
2. Өзгөчө сөз түркүмдөрү кайсылар?
А) зат атооч , сын атооч , сан атооч , ат атооч , этиш , тактооч
Б ) байламта , сырдык сөз , бөлүкчө
В) жандооч, бөлүкчө , байламта , модалдык сөз
Г) тууранды , сырдык сөз
3.Сөз айкашынын канча байланышуу жолу бар ?
А)3 Б)4 В)5 Г)6
4. Күн карама . Сөз айкашынын кайсы түрүнө кирет ?
А) эркин сөз айкашы Б) туруктуу сөз айкашына
5. Фельетон , очерк. Бул сөздөр кептин кайсы стилине кирет?
А) публицистикалык стиль Б) илимий стиль В) иш кагаздар стили Г) көркөм стиль
6. Үнсүз тыбыштар үн менен шыбыштын катышына карай кандай болуп бөлүнөт?
А) уяң, каткалаң,жумшак, түгөйлүү, түгөйсүз
Б) жарылма, жылчыкчыл , мурунчул , капталчы, дирилдеме , бириккен
В) кош эринчил , тиш эринчил , уччул, орточул , түпчүл
7. Кептин түрлөрү кайсылар?
А) илимий , публицистикалык, иш кагаздар, көркөм
Б) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү
В) ой жүгүртүү , сүрөттөө, илимий
Г) публицистикалык, илимий, баяндоо
8. Тактоочтун канча даражасы бар ?
А) 0 Б) 2 В) 3 Г) 4
9. Машакат. Сөздүн синоними :
А) жыргал Б) кыйноо В ) түйшүк
10. Ыйлап жиберди. Этиштин татаал формаларынын кайсы түрүнө кирет?
А) кыймыл-аракеттин узакка созулушу
Б) кыймыл-аракеттин аз жерден ишке ашпайт калышы
В) кыймыл-аракеттин жасалма мүнөздө экендиги
Г) кыймыл-аракеттин тездик менен капыстан болуп өтүшү