Тема :
Тик бурчтуу үч бурчтук. Кантет. Гипотенуза. Аянт
Тик бурчтуктун карама-каршы чокуларынын туташтыруучу кесинди тик бурчтуктун диагоналы деп аталат. Ал тик бурчтукту эки барабар үч бурчтукка бөлөт.
Бул эки барабар үч бурчтукка бөлүнгөн үч бурчтуктардын бирден бурчу тик бурч болот, ошондуктан мындай үч бурчтуктар тик бурчтуу үч бурчтук деп аталат.
Тик бурчту түзүүчү үч бурчтуктун жактары катеттер деп аталат. Тик бурчка карама-каршы жаткан жагы гипотенуза деп аталат.
Тик бурчтук диагоналы аны барабар эки тик бурчтуу үч бурчтукка бөлгондүктөн, тик бурчтуу үч бурчтуктун аянты тиешелүү тик бурчтуктун аянтынын жарымына барабар: S=ah:2
Бул формуланы төмөнкүдөй түрдө берсе болот: тик бурчтуу үч бурчтуктун аянты, анын катеттеринин узундуктарынын көбөйтүндүсүнүн жарымына барабар.
Маселе
Тик бурчтуу үч бурчтуктун катеттеринин бири 3см, гипотенузасы андан 2смге чоң, ал эми периметри 12смге барабар болсо, анын аянты канчага барабар?
Чыгарылышы
Бул үч бурчтуктун гипотенузасы төмөнкүчө барабар:
3см+2см=5см. Периметр бардык жактарынын узундуктарынын суммасы болгондуктан, экинчи катеттин узундугу: 12см-3см-5см=4см.
Демек, үч бурчтуктун аянты: (3*4):2=6см^2.