Максаты:
⇒ Тил билүүнүн пайдалары жөнүндө түшүнүк алышат;
⇒ Башка улуттук тилин түшүнбөөнүн кесепеттерин билишет;
⇒ Жомоктон турмуштук сабак ала алышат;
⇒ Жомоктун негизинде эссе жаза алышат;
Мугалим текстти окууга көрсөтмө берет!
Жүзүм жөнүндө текст жазгыла!
Жомокту түшүнүп окуп чыккыла!
Жүзүм жанжалы
Бир бай чогуу жүргөн Ирандык,Румыниялык, Арап жана түрккө белгилүү бир өлчөмдө акча берип: " Каалаганыңарды сатып алгыла " - деп Кайрымдуулук көрсөтүптүр. Анда Ирандык:
- Бул акчага engur аламын - дептир.
- Араб ага каршы чыгып:
- Ой куу десе, мен engur алышты каалабайм. Мен ineb аламын - дейт. Үчүнчү киши болгон түрк экөөнүн тең оюн кубаттабайт.
Тескериснче:
- Мен engur дагы, ineb дагы албайм. Мен жүзүм алам - деп айтат.
Болуп өткөндөргө көз салып олтурган румыниялык:
- Койгулачы аларды. Менин istafil алгым келип жатат. Бул акчага да istafil алам - деп бакырат.
Ар бири өзүнүн жактырган нерселерин алыш үчүн бири - бирине бакырып, уруша башташат. Ал гана эмес ошол жерде мушташа да кетишет. Бир убакта ал жерден өтүп бараткан бир акылман киши аларды көрүп,ажыратууга аракеттенет.
Ирандык:
- Бизге берилген акчага engur алабыз - деп айтат.
Араб болсо:
- ineb алабыз - дейт.
Турк:
- Мен жүзүм алалы - дедим эле деп бакырса румыниялык:
- Бир гана istafil алабыз - деп айтат.
Акылман бул төртөөнүн каалоолорун уккандан кийин күлөт. Себеби алар төрт тилде сүйлөшкөндүктөн төрт түрдүү нерсени айткандай болушат. Негизи баары " жүзүмдү " өз тилдеринде айтышкан. Акылман аларга:
- Унчукпай мени угуп тургула! Бул акчага ар бирңдин калоолоруңарды алып келем - деп айтат. Анан барып ал акчага жүзүм сатып алып, төртөөнө таратып берет.Ушуну менен түшүнүксүз маселе да чечилип калат.
Суроо - жооп:
1. Тил билсең - дил билесиң дегенди кандай түшүндүңөр?
2. Тил билүүнүн кандай артыкчылыгы бар экен?
3. Үч башка элдин адамынын жаңжалына эмне себеп болду?