СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 12.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тил жөнүндө сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тил жөнүндө сабак»


Сабактын темасы: “Улуттун сыймыгы,тили жана ар-намысы”

Сабактын максаты:

Билим беруучулук

Онуктуруучулук

Тарбия беруучулук

Теманын негизинде кеңири талкуу жүргүзүшөт.Тилибиздин тактыгын, улуулугун,кеңдигин даназалайт.

Улутубуздун сыймыгын,тилин жана ар-намысын аныкташат. “Элсиз-тил, тилсиз-эл” болбосун далалдешет.

Оз алдынчалыгын арттырышат.

Орфографиялык жана пунктуациялык жактан сабаттуулугун жогорулатышат.

Адамдын жакшы сапаттарын даназалай алышат.

Эне тилибиздин тактыгын,тил менен кыргыз болуп жаралып, дуйно эллине таанылып, элдин каада-салтын ыйык тутуп,туболук тилибизди сактай билүүгө тарбия алышат.


Корсоткучтор: Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз,эгерде

Теманын негизинде кеңири талкуу жүргүзүшсө,анан тактыгын далал-

дешсе,улутубуздун сыймыктарын аныкташса.

Кетирилген каталарын окуучулар оздору талдай, ондой билишсе, логикалык ойлоолорун жогорулата алышса.

Эне тилибизди сактап,даңктоо менен жашоодо жакшы ийгиликтерге жетерин сезишсе.


Сабактын тиби: окуучулардын билим, билгичтик, кондумдорун каттоо сабагы.

Сабактын туру: талкуу сабагы

Сабактын ыкмасы: топ менен иштоо, айтып беруу,

Сабакта колдонуучу каражаттар: компютер, учкул сөздөр, буклеттер,Айтматовдун, Манастын сүрөтү

Сабактын журушу:

Таңып байлап коёр эмес убакыт,

Же токтотуп тура албайсың суранып.

Мына ушундай жакшы күндөр алдында,

Жүз көрүшүп турганыбыз чоң бакыт.

Уюштуруу. Тапшырма:”Карылар – уйдун жарыгы”

1.Учурда карыларга кандай кам көрөбүз?

2.Карылар үйү керекпи? Эмне учун?

3.Силер өзүңөрдөн улууларды кантип сыйлайсыңар? Карылар үйгө кантип жарык болот?

Оо,адамдар,карыларды сыйлайлы,

Карылар деп даңазалап ырдайлы.

Оорутпайлы карылардын жүрөгүн,

Карыларга кыянаттык кылбайлы!

Бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолдогу татаал канчалаган өмүрүн ошол карыларыбыз басып өтсө дагы келечек муундарга салтыбызды, тилибизди,дилибизди жана ар намысыбызды сактап келген.

Жаны темага өбөлгө:

1.Учурда эне тилибизге кандай кам көрүлүүдө?

2.Улутубуздун сөз өнөрүн кантип өнүктүрсөк болот?

3.Элибиз каада-салтыбызды бүгүнкү күндө пайдаланып жатабы?

Жаны тема:“УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ,ТИЛИ ЖАНА АР_НАМЫСЫ”

Отко салсаң, чокко салсаң күйбөгөн,

Жоголгон жок кеткени жок дүйнөдөн.

Эне тилим эчен кылым карыткан,

Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн. (Манасттын сүрөтү)

Коргобосок унутулбайт күн өтпөй,

Тил дегениң кудум жандуу сүрөттөй.

Эне тилим-менин бакты-таалайым,

Эне тилим-кагып турган жүрөктөй - демекчи кыргызды кыргыз кылган анын тили, дини,салты, анан дүйнөгө жеткен баркы. (Чыңгыздын сүрөтү) Биз ошол байлыктарыбыз менен дайыма сыймыктанып келебиз. Андыктан ошол байлыктарыбызды далилдеп бере алабызбы?

Кымбаттан кыналышып буткөн тилим,

Кылымда азаз энем куткөн тилим.

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,

Жаралып жаным менен бүткөн тилим,-демекчи адам жаралгандан кайсы тил менен жаралса, түбөлүккө ошол тил менен жашап, өсүп-өнөт.

Эне тил! Кандай жонокой,кандай терен,улуу соз! Дал ушул соз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп,сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат.Эне тилибизди коргоо учун илгери «Манас! Атабыз жоого аттанган. Ар бир доордун,ар бир кылымдын, мезгилдин эр-азаматтары эли-жери, эне тили учун жан аяшкан эмес.Биз дагы эне тилибизди унутпайлы.Себеби дал ушул тилде бешикте жатып,алдей ырын укканбыз, «апа» деген биринчи созубузду айтканбыз,мектеп босогосун аттап, «А» тамгасын уйронгонбуз.Бирок ушул эне тилибизди барктай албай,дат баскан ийнедей кылып,кээ бир кыргыз адамдары тилин унутуп бараткансыйт. “Тил жоголсо,дил жоголот” ошондуктан тилибизди алыбыздын жетишинче сактап,барктап,урматташыбыз абзел.

Бүгункү сабагыбызды 7 тармакка бөлүп, элибиздин тилин, салтын,сыймыгын жана ар-намысын далилдеп көрөлү:

  1. “Маданият” тармагы

  2. “Тарых” тармагы

  3. “Тил” тармагы

  4. “Адабият” тармагы

  5. “Искусство” тармагы

  6. “Фразаворд” тармагы

  7. “Кино” тармагы

Класстагы окуучулардын санына карата 6 бөлуп алалы.

Тилиң-тарых, тилиң күзгү тилиңе,

Кимдигиңе тилиң күбө ириде.

Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутуп,

Өтүүң парз, бул дүйнөдө тирүүдө.

Чаткал жеринде тартылган чакан фильмди көрөлу?

  1. “Маданият” тармагындагы окуучулар элибиздин сыймыгы болгон каада-салтын көрсөтөт.

  2. “Тарых” тармагындагылар тарыхка кайрылат. Тилибиз кечээ,бугун,эртең?

  3. “Тил” тармагы эне тил жөнүндөгү ырларды көркөм айтат. Макал чечмелейт.

  4. “Адабият” тармагындагылар эне тил жөнүндө эссе жазат.

  5. “Искусство” тармагы сүрөт тартат.

  6. “Фразаворд” тармагы крассворд табат.

1.Сүйлөмдүн бир өңчөй мучөсү - ээ

2.Музыкалык чыгарманын тексти – липретто

3.Тематикалык талаш-тартыш – дискуссия

4.Жөндөмө мүчө – илик


5.Сөз түркүмү - тактооч

6.Тыныш белги - үтүр

7.Сүйлөмдүн баш мүчөсү – баяндооч

8.Этиштин чагы - өткөн чак

9.Ойду берүү ыгы - лексика

10.Чыгарманын чакан бөлүп алган бөлүгү – үзүндү

11.Чыгармадагы кейипкер - каарман


12.Сөз түркүмү - этиш

13.Белгилүү бир темада окулган доклад - лекция


14.Иш кагазы - кулактандыруу

15.Адабий жанр - ыр

16.Болумуш, уламыш - легенда

17.”Бетме-бет” повестиндеги каарман - Ысмайыл

18.Тил илиминин тармагы - пунктуация


19.Жөндөмө - табыш

20.Сөздүн негизи - уңгу

21.Бир нерсе жөнүндө пикир айтуу - реплика

22.”Акыйкат жарчысы”, “Кыргыз Туусу” - газета

23.Чыгармага берген кыска түшүнүк - аннотация

24.Жаңы сөз - неологизм


25.Тамгалардын жыйындысы - алфавит

26.Адабияттагы жаңычылдык - наватордук

27.Белгилүү окуядан кийин айтылып калган сөз - ылакап

28.Бирөөгө арналып ыр менен жазылган дастан - наме


29.Айкындооч мүчө - толуктооч

30.Төкмө акындарды айтабыз - импровизатор

31.Макал ------ лакап

32.чыгарманы сахналаштыруу - инценировка

Кырыгз тили- эне тили кыргыздын,

Эне сүтү менен сиңген каныма.

Өз тилиңди билсең гана кыргызсың,

Кыргызбайым келсең боло намыстанып, арыңа.

“Намыс” деген казак фильмин көрсөтөм.

Талкуу болот.

Кинодон сен эмнени байкадың?

Сага кайсы каарман жакты? Эмне үчүн?

Бул кинонун тарбиялык мааниси бар бекен?

Ар бир кыргыз силерге эмне болт экен? Аларды кантип сыйлашыбыз керек?

Тармактар боюнча сөздөрдү толуктап, сабакты жыйынтыктайм.

Суурулуп нечен кылым жалаңдаптыр

Эр башы канжыгада салаңдаптыр.

Душмандар канча бүлүк салган менен

Кыргыздын тилин тартып ала албаптыр.









1.Сүйлөмдүн бир өңчөй мучөсү

2.Музыкалык чыгарманын тексти

3.Тематикалык талаш-тартыш –

4.Жөндөмө мүчө –


5.Сөз түркүмү -

6.Тыныш белги

7.Сүйлөмдүн баш мүчөсү –

8.Этиштин чагы -

9.Ойду берүү ыгы -

10.Чыгарманын чакан бөлүп алган бөлүгү –

11.Чыгармадагы кейипкер -


12.Сөз түркүмү -

13.Белгилүү бир темада окулган доклад -


14.Иш кагазы -

15.Адабий жанр -

16.Болумуш, уламыш -

17.”Бетме-бет” повестиндеги каарман -

18.Тил илиминин тармагы -


19.Жөндөмө -

20.Сөздүн негизи

21.Бир нерсе жөнүндө пикир айтуу

22.”Акыйкат жарчысы”, “Кыргыз Туусу”

23.Чыгармага берген кыска түшүнүк

24.Жаңы сөз -


25.Тамгалардын жыйындысы -

26.Адабияттагы жаңычылдык -

27.Белгилүү окуядан кийин айтылып калган сөз -

28.Бирөөгө арналып ыр менен жазылган дастан


29.Айкындооч мүчө

30.Төкмө акындарды айтабыз -

31.Макал ------

32.чыгарманы сахналаштыруу -




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!