СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Токтогул Сатылганов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Токтогул Сатылганов»

Токтогул Сатылганов (1864-1933)

Токтогул Сатылганов

(1864-1933)

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү берген.

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү берген.

 Акындын балалыгы Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы

Акындын балалыгы

Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган. 

Устаттары  Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы комузчу, Сары Ырчылар бар. 

Устаттары

Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы комузчу, Сары Ырчылар бар. 

Эң алгачкы айтышы 1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азыркыга чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн

Эң алгачкы айтышы

1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азыркыга чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн "ырчы" аттуулардын көздөрүн далай кызыткан. 

Үй бүлөсү  1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.

Үй бүлөсү

1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.

Сибирге айдалуусунун  себеби эмнеде? Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон. 

Сибирге айдалуусунун себеби эмнеде?

  • Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон. 
Токтогулдун түрмөдөн  качуусу  Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет.

Токтогулдун түрмөдөн качуусу

Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет.

Сибирден качканда Күйүттүү тагдыры Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип чыгат…     1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат. 

Сибирден качканда

Күйүттүү тагдыры

Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип чыгат… 

1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат. 

Эң алгачкы чыгармасы Токтогул Сатылгановдун алгачкы

Эң алгачкы чыгармасы

Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган. 

Токтогулдун күүлөрү Ал эми акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган.

Токтогулдун күүлөрү

Ал эми акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Чайкама", "Чоң кербез", "Тогуз кайрык" ж.б. күүлөрү комуз эле эмес, оркестрге салынып аткарылып жүрөт

Дүйнөдөн кайтышы Токтогул 1933-жылы 69 жаш курагында өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерге коюлган. Уулу Бабажан да атасынын жолун жолдоп комуз четип, кыргыз филармониясынын артисти болгон. 

Дүйнөдөн кайтышы

Токтогул 1933-жылы 69 жаш курагында өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерге коюлган. Уулу Бабажан да атасынын жолун жолдоп комуз четип, кыргыз филармониясынын артисти болгон. 

Ырлары тууралуу  Токтогулдун

Ырлары тууралуу

Токтогулдун "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал" сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги "Үлгү ыры" сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу "Алымканды" да Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.

Ырларынын маани мазмуну   Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамгерчилик сапаттарды сыпаттайт. Далайларды кор кылып,  Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың? Зарланткансың, замана, Кедейлерди байларга Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың?  Карматкансың, замана Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың? Ажыдаардай залимге Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың?     Арбаткансың замана Желмогуздай байларга Жалматкансың замана.

Ырларынын маани мазмуну

Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамгерчилик сапаттарды сыпаттайт.

Далайларды кор кылып,

Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?

Зарланткансың, замана,

Кедейлерди байларга

Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың? 

Карматкансың, замана

Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?

Ажыдаардай залимге

Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың? 

Арбаткансың замана

Желмогуздай байларга

Жалматкансың замана.

Сүргүндө жүруп жазган ырлары Акын

Сүргүндө жүруп жазган ырлары

Акын "Элиме качан жетемин?", "Туткундагы арман", "Айланган тоонун бүркүтү", "Ушундайбы сурагың?", "Азапка түштү өмүрүм" сыяктуу сүргүндө жүрүп кайгыга, өз жерине болгон кусалыкка, акыйкаттын жоктугунан өкүнүчкө толгон ырларын чыгарган.

Сибирден кайтып келгенден кийинки ырларынын ичинде уулу Топчубай каза болгонун уккандан кийинки чыгарган кошок түрүндөгү "Балам жок" аттуу ыры бар. Бул ырды Токтогулдун замандаштары жана шакирттери Эшмамбет, Калык, Коргоол, Алымкулдар көп кайталап ырдашкан.

Элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы Улуу акын жаштайынан эле өз чеберчилиги менен жумурай журтту өзүнө тартып турган адам болчу. Токтогул тиги же бул айылга келип конуптур деген кабарды уккан эл жөө-жалаңдап болсо да, адырды ашып, сууну кечсе да, ошол жерге барып акындын таңшыган үнүн угуп кайтышаар эле. Ал ошол кездеги атактуу акындар Алымкул Үсөнбаев жана Эшмамбет Байсеитов менен көп айтышка түшкөн. Тилекке каршы, Токтогулдун өзүнүн айтышканы жазылып калган эмес. Бирок башка акындар алым сабак иретиндеги айтыштарын кайра калыбына келтирип, азыркыга чейин сюжеттүү, көркөм сөзгө жана мазмунга бай чыгарма катары аткарып келишет.

Элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы

Улуу акын жаштайынан эле өз чеберчилиги менен жумурай журтту өзүнө тартып турган адам болчу. Токтогул тиги же бул айылга келип конуптур деген кабарды уккан эл жөө-жалаңдап болсо да, адырды ашып, сууну кечсе да, ошол жерге барып акындын таңшыган үнүн угуп кайтышаар эле. Ал ошол кездеги атактуу акындар Алымкул Үсөнбаев жана Эшмамбет Байсеитов менен көп айтышка түшкөн. Тилекке каршы, Токтогулдун өзүнүн айтышканы жазылып калган эмес. Бирок башка акындар алым сабак иретиндеги айтыштарын кайра калыбына келтирип, азыркыга чейин сюжеттүү, көркөм сөзгө жана мазмунга бай чыгарма катары аткарып келишет.

Жыйынтыктоо Токтогулдун улуу чеберчилиги жана кайталангыстыгы — анын көп кырдуу талантында. Токтогул Сатылганов баштап кеткен элдик музыкалык-поэтикалык искусствону анын шакирттери жана кийинки муундагы сөз, күү чеберлери азыркыга чейин улантып келет. 1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделип, ал республиканын искусствосуна эмгеги сиңип, зор ийгиликке жеткен чеберлерге ыйгарылып келет. Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт.

Жыйынтыктоо

Токтогулдун улуу чеберчилиги жана кайталангыстыгы — анын көп кырдуу талантында. Токтогул Сатылганов баштап кеткен элдик музыкалык-поэтикалык искусствону анын шакирттери жана кийинки муундагы сөз, күү чеберлери азыркыга чейин улантып келет.

1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделип, ал республиканын искусствосуна эмгеги сиңип, зор ийгиликке жеткен чеберлерге ыйгарылып келет.

Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт.

Токтогул атын алып жүргөн объектилер

Токтогул атын алып жүргөн объектилер

Көнүл бурганыңар үчүн рахмат

Көнүл бурганыңар үчүн рахмат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!