Просмотр содержимого документа
«Трапеция 8-класс»
Классы 8-класс.
Сабактын темасы: Трапеция.
| САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ: | КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ: |
| а) билим берүүчүлүк; трапециянын аныктамасын , бөлүктөрүн , негизги белгилерин билишет; | Аныктамасына таянып трапеция жасай алышса; Трапециянын бөлүктөрүн көрсөтүп бере алышса; Трапецияга байланышкан маселени чыгара алышса; |
| б) өнүктүрүүчүлүк : трапецияны пареллелограммдан айырмалашат; трапециянын периметрин аныктай алышат; | Трапеция менен параллелограммдын окшош жана айырмалуу жактарын айтып бере алышса; Трапециянын периметрин эсептеп чыгара алышса; |
| в) тарбия берүүчүлүк: трапецияга байланыштуу сабакта берилген маалыматтарын турмуштук маселелерди чыгарууда пайдалана алышат, убакытты үнөмдөөгө машыгышат. | Трапециянын турмуштагы мисалдарын келтире алышса; Берилген турмуштук мисалдарды иштөө жолдорун түшүндүрүп айтып бере алышса. |
Сабактын тиби: жаңы билим берүү сабагы.
Колонулуучу усулдар жана ыкмалар: эвристикалык метод, репродиктивдүү метод, аңгемелешүү, жупта жана топтордо иштөө.
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, проектор, ноутбук, дидактикалык материалдар, жумушчу барак, презентациялык материал, баалоо баракчалары.
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, биология, дене тарбия, технология.
Негизги жана предметтик компетентүүлүктөр: 8.2.4.2, 8.3.3.17, 8.3.2.16, 8.3.1.15, 8.3.3.4, 8.3.3.14.
| Сабактын этаптары | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Күтүлүүчү натыйжа | Баалоо |
| Мотивдештирүү | Окуучулар менен жагымдуу маанайда саламдашам. ”Өзүңдү тап” оюну менен сабакты уюштуруп алам. Суроо берем: Пазл аркылуу кайсы геометриялык фигураларды жасадыңар? Жасаган фигураңарды алыңардакы “Иргөөчү машинага” салып алар боюнча сүйлөп бергилечи? Кайсы фигура силерге тааныш эмес? Ал кандай аталат деп ойлойсуңар? Божомолуңарды айтсаңар болот. (“Квадрат”, “Тик бурчтук”, “Ромб”, “Трапеция”). Божомолдоолор аркылуу теманы аныктатып алам. Сабактын максаттарын окуучулар менен биргеликте талкуулап түзүп алам. | Саламдашат.Көрсөтмө боюнча оюнга катышышат. Оюндун шарты: ар бир окуучу өзүнө түстүү баракчалардын бир бөлүгүн тандап алат.Тандаган бөлүгүнүн калган шериктерин издеп таап (пазлдар) , ар бир пазл бирден топту түзүп отуруп калышат. Тандаган фигуралары аркылуу топторго бөлүнүп отурушат. Сабактын максаттарын аныкташат. | Жагымдуу маанай түзүлөт | Калыптандыруучу баалонун (КБ)техникаларын колдоном |
| Билимдерин актуалдаштыруу | Үй тапшырманын аткарылышын текшерем.Бул тапшырманы баалоо критерийин окуучулар менен талкуулап алам. Квадрат, ромб, пареллелограмм –ушул фигуралардын негизги белгилерин “Иргөөчү машинага” салып алар боюнча сүйлөп бергилечи? | Ар бир топтогу окуучулар өздөрүнө бөлүнгөн фигура тууралуу айтып беришет.Жоопторду талкуулашат. | 8.3.3.4, 8.3.3.17 | КБ |
| Жаңы материалды өздөштүрүү | Слайдда 4 фигура көрсөтүлөт.Бул фигуралар окуучунун жумушчу барагында да берилет. 1-тапшырма: Сүрөткө карап, берилген таякчалардын же жиптердин , же пластилиндин жардамы менен трапеция жасагыла.Ар бир бурчун тамгалар менен белгилегиле. Суроолор берилет. 1.Силер жасаган фигура –трапеция. Ал башка фигуралардан кантип айырмаланып турат? 2.Кандай окшоштуктарды байкадыңар? 3.Канча жагы параллель болот экен? 2-тапшырма. Жоопторуңардын негизинде трапециянын эрежесин китепти карабастан , өзүнөр түзүп көргүлө. 3-тапшырма. Өзүңөр жасаган трапециянын параллель жактарын жазгыла. Параллель эмес жактарын жазгыла. Мисалы: АД// ВС- негиздери АВпареллель эмес СД-каптал жактары. Жаныңардагы шериктериңердин ишинин тууралыгын текшергиле. 4-тапшырма. Берилген 2 аныктаманы окугула. Түшүнүгүңөрдү колуңардагы таякчалар аркылуу көрсөткүлө. | Окуучулар сүрөткө карап , берилген таякчалардын же жиптердин же пластилиндердин жардамы менен өздөрүнө тааныш эмес фигураны –трапецияны жасашат. Берилген тамгалардан тандап алып , бурччтарын белгилешет (1тапшырма). Берилген суроолорго жооп берүү аркылуу трапециянын аныктамасын өздөрү таап чыгышат, жумушчу барактарына жазышат Мугалимдин көрсөтмөсүнө таянып, Өздөрү жасаган трапециянын негиздерин жана каптал жактарын бири-бирине көрсөтүп, тууралыгын текшеришет. Трапециянын бийиктигин жана орто сызыгын аныктамага таянып , көрсөтүп беришет. | 8.3.1.15 8.2.4.2. | КБ |
| Өтүлгөн материалды бышыктоо | -Эми бүгүн сабакта үйрөнгөнүңөрдү топтордо бири-бириңерге көрсөтүп бергиле. Бири-бириңерге суроо бергиле. -Окуу китебиңердин 113-бетин-деги 2-көнүгүүнү аткаргыла . Көнүгүүнү кадамдар менен аткарууга көрсөтмө берем | Бири-бирине суроо тапшырмаларды берип, жоопторду көрсөтүү аркылуу алган билимдерин бышыкташат. 2-көнүгүүнү эсептеп чыгышат, бири-бирин текшеришет. | 8.3.2.16, 8.3.3.4, 8.3.3.14. | КБ |
| Сабакты бышыктоо | -“Мен бүгүн сабакта ...” деген фразаны улантып жазгыла. -Сабагыбызга койгон максаттарыбыз кандай ишке ашканын карап көрөлү . Бул аркылуу сабак жыйынтыкталат. | Бүгүнкү сабактан үйрөнгөндөрүн жазышат, аларды талкуулашат. Сабактын башында койгон максаттар кантип ишке ашканын талкуулашат. | Сабактагы иш- аракеттеринен жыйынтык чыгарат. | КБ |
| Үй тапшырмасы | Үй иши : Төмөнкү тапшырмалардын ичинен өзүңөр каалаган эки тапшырманы аткаргыла. Окуу китебинин 113-бетиндеги 3-тапшырманы аткаргыла ар бир сүйлөмдү иш-аракети ирээти менен аткарууга көңүл бургула. Ххххх шилтемеси менен Ютубга кирип , “Трапеция” деген темада ЭлТР телеканалында тартылган телесабакты көрүп чыккыла. Катуу кагаздан трапеция формасында бир окуучуга ылайык стол жасагыла. Мындай столдор кайсы учурда колдонууга ыңгайлуу болорун далилдер аркылуу жазгыла. Газетадан, полиэтилен баштыктарынан трапеция формасындагы юпканын үлгүсүн кыркып алып , анын өлчөмдөрүн жазгыла. | Жумушчу баракчада үй иши үчүн жазылган тапшырмаларды аткаруунун жолдорун мугалим менен бирге талкуулап түшүнүшөт | | КБ |
| Баалоо | Окуучулардын сабактагы жетишкендиктерин баало критерийлер аркылуу баалайм. | Окуучулар баалоо баракчаларына упайларды белгилешет. Упайлардын жыйынтыгы менен бири –бирине баа коюшат. | Өз ишмердигине туура баа берилет. | КБ Жыйынтыктоочу баалоо. |
Жумушчу барак.
Окуучунун аты-жөнү: ___________________________________________________________________________
1-тапшырма:
Сүрөткө карап , берилген таякчалардын ,же жиптердин, же пластилиндин жардамы менен трапеция жасагыла.Ар бир бурчун тамгалар менен белгилегиле.
2-тапшырма:
Жоопторуңардын негизинде трапециянын эрежесин китепти карабастан , өзүңөр түзүп көргүлө.
_____________________________________________________________________________________________________________ ________________________________________ _________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
3-тапшырма:
Берилген 2 аныктаманы окугула ( окуу китебинде 113-бет ) Түшүнүгүңөрдү колуңардагы таякчалар аркылуу көрсөткүлө.
Өзүңөр жасаган трапециянын параллель жана параллел эмес жактарын карап, бул аныктамаларда айтылган трапециянын бөлүктөрүн жазгыла.
___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Баалоо баракчасы.
Окуучунун аты-жөнү: _________________________________________________________________
| Тапшырманын мазмуну | Баалоо критерийлери | Упай | Окуучунун упайы |
| Үй тапшырмасы. Төмөнкү суроолорго жооп бергиле: Карама-каршы жактары параллель болгон томпок төрт бурчтук ... деп аталат. Биздин эрага чейинки 6-кылымда жашаган үч бурчтуктар жөнүндө изилдөө жүргүзгөн байыркы грек окмуштуусу? Негизинин узундугу 12 см болгон үч бурчтуктун каптал жагынын тең ортолорун туташтырган кесиндинин узундугу канча? Квадраттын периметри 20см болсо анда, анын жактарын тапкыла. | Төрт суроонун баарына жооп бере алышы (4Х0,5) | 2 упай | |
| 1-тапшырма Квадрат, ромб, пареллелограмм –ушул фигуралардын негизги белгилерин “Иргөөчү машинага” салып алар боюнча сүйлөп беришет 2-тапшырма: Сүрөткө карап ,берилген таякчалардын , же жиптердин , же пластилиндердин жардамы менен трапеция жасагыла. Ар бир бурчун тамгалар менен белгилегиле | Туура чыгара алышса 1.Трапецияны туура жасай алышы | 1 упай 1 упай | |
| 2.Оригиналдуулугу | 1 упай | |
| 3-тапшырма: Жоопторуңардын негизинде трапециянын эрежесин китепти карабастан, өзүнөр түзүп алгыла. | Эрежени өзү чыгара алса | 1 упай | |
| Чыгарган эрежесин туура , сулуу жазса | 1 упай | |
| 4-тапшырма: Берилген 2 аныктаманы окугула ( окуу китебинде 113-бет ) Түшүнүгүңөрдү колуңардагы таякчалар аркылуу көрсөткүлө. Өзүңөр жасаган трапециянын параллель жана параллел эмес жактарын карап, бул аныктамалардын далилдерин жазгыла. | Аныктамалардын мазмунун окуп, түшүнүктөрүн нерселер аркылуу көрсөтө алса (2x1 упай) | 2 упай | |
| Аныктамаларга далил жаза алса (2х1 упай) | 2 упай | |
| 1-көнүгүү. Окуу китебинде | Трапеция менен пареллелограммдын окшош жактарын таба алса | 1 упай | |
| Трапеция менен пареллелограммдын айырмалуу жактарын таба алса | 1 упай | |
| 1-көнүгүү. Окуу китебинде (113-бет) | Маселенин шартын элестетип чийип же жасай алса | 1 упай | |
| Периметрин чыгара алса | 2 упай | |
| Иштелген маселенин үстүндө оюн далилдей алса | 1 упай | |
| Темага тиешелүү турмуштук мисалдардан далил келтире алышы | Турмуштук түрдүү учурлардан мисал келтире алса | 1 упай | |
| Сабактагы өзүн алып жүрүүсү | Сабактын жүрүшүндө өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алса | 1 упай | |
| Жалпы упайлар: | 19 упай | |
| Окуучунун жалпы топтогон упайы: | |
| 16-19 упай алса - “5” 12-15 упай алса –“4” 7-11 упай алса -“3” | |
Баасы: _______________________________