For цикли while циклинен кайсы бир командаларды алдын ала белгилүүсанда кайталоо үчүн колдонулгандыгы менен айырмаланат. Ал эми while цикли тескерисинче кайсы бир аракеттерди канча жолу кайталай тургандыгы белгисиз болгон учурларда колдонулат. Бирок анда циклди токтотуучу шарт белгилүү. For циклинин колдонулушун кеңири карап көрөлү. For циклинин python тилинде жазылышы төмөнкү схема боюнча жүрөт for i in range (5): print(i) 0 1 2 3 4 Берилген схемада for цикли көрсөтүлгөн диапазондогу бардык элементтерди терип чыгат. Циклде ар бир элементке for тулкусунда жазылган аракеттер колдонулат. for сөзүнөн кийин жазылган i өзгөрүлмөсүнө циклдин ар бир өтүүсүндө диапазондогу кезектеги элемент ыйгарылат. Келгиле, мисалды карап көрөлү:letter өзгөрмөсүнө ар бир жолу python сабынын жаңы элементи ыйгарылып турсун. Print командасы экранга бул саптын ар бир тамгасын бирден чыгарат: for letter in ‘Python’: print(letter, ‘тамгасы’ , ) P тамгасы y тамгасы t тамгасы h тамгасы o тамгасы n тамгасы Төмөнкү мисалда ар бир кийинки өтүүдө өзгөрмөнүн мааниси берилген диапазондогу санга көбөйтүп турат: f = 12 for i in range (1, 6): f = f + i print(f) 27 “for i in range (1, 6)” цикли беш жолу аткарылат (6-кирбейт). Циклдин ар бир кадамында f өзгөрмөсү i санына өсүп турат. Баштапкы мааниси f=12. Циклде маанилери өзгөрүп турат: 1-өтүү: f=12+1=13 2-өтүү: f=13+2=15 3-өтүү: f=15+3=18 4-өтүү: f=18+4=22 5-өтүү: f=22+5=27 Кыскача мындай кылып жазсак болот: f=12+1+2+3+4+5=27 Range() функциясынын аргументтери төмөнкүдөй берилет: Range(x) – 0 дон x-ке чейинки маанилерди алат, бирок х – диапазонго кирбейт; Range(y, x) – y-тен x-ке чейинки бардык маанилерди алат, мында да x диапазонго кирбейт; Range(y, x, s) – y-тен x-ке чейинки бардык маанилерди s кадамы менен алат. Мисалы: for i in range (0, 15, 3): print(i) Берилген мисалда for цикли 0дон 15ке чейинки маанилерди 3 кадам менен алат, жыйынтыгында ал ар бир үчүнчү санды чыгарып берет: 0 3 6 9 12 |