СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Турдакун Усубалиев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Турдакун Усубалиев

Просмотр содержимого документа
«Турдакун Усубалиев»

Тарбиялык



саат



тема: Турдакун Усубалиевге 100 жыл











аткарган: Юлдашева С



текшерген: Сатмаматова З



класс: 4











Сабактын темасы: Т. Усубалиевге 100 жыл



С Сабактын максаты:



Т Усубалиевдин өмүр жолу менен таанышышат,кеңири маалымат алышат.Кыргызстандын түптөлүшүндөгү ордун билишет.



Сабактын тиби: ачык саат



Сабакта колдонулган каражаттар: Т.Усубалиев боюнча слайд



Сабактын жүрүшү:



Уюштуруу: Сабакка болгон даярдыкты текшерет.Гимн.



Жаны тема:



-Кыргызстанга көп жыл жетекчи болгон адам ким экенин билесиңерби?



Белгилүү инсан Т.Усубалиев 1919-жылы Нарын областынын Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган.Коомдук, мамлекеттик саясий ишмер.Мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамалекеттик институтунан,КПСС БКнын алдындагы партиялык жогорку мектептен,В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогика институтунан билим алган.



Москвада КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта болгон. Азыркы Кыргыз Туусу гезитинин редактору,партиялык Фрунзе шааркомунун 1961-1985-жылдары, Кыргызстан КП БКнын секретары болуп иштеген. Турдакун Усубалиев бала чагында эле жакшы окуган ,пионер,комсомол уюмдарынын ишинде өзүнүн уюштургуч,иш билги жөндөмдөрүн көргөзгөн.



Ушундан улам аны жолдоштору сыйлашкан. Өз алдынча көп окуп,жаш чагында эле келечекте жакшы адамдардан болсом экен деп аракет кылган. Ал кыргыз жаштарынын билим алуусуна ,айрыкча орус тилин мыкты өздөштүрүшүнө көп көңүл бурган. Натыйжада анын түздөн-түз демилгеси менен борбор шаарда орус тили жана адабияты педагогика институту (азыркы БГУ) ачылган.



Ал жетекчи болуп турган кезде республикада бир канча завод,фабрикалар ишке киргизилген.Токтогул,Үчкоргон,курпсай өңдүү ГЭСтер,Бишкек-Ош жолу,Манас аэропорту пайдаланууга берилген. Аны жакшы билген адамдар шаарыбыздын архитектору деп коюшат.Анткени Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянты,Өкмөт үйү,филармония, кыргыз,орус драма театрлары жана башкалар Турдакун Усубалиевдин убагында курулган. Мындай жакшы иштер Ошто,Кара-Колдо,Нарында,Жалал-Абадда,Таласта да болгон. Турдакун Усубалиев Кыргыз Республикасынын Баатыры,1996-жылы 1-даражадагы Манас ордени,Орус жана Кыргыз өлкөлөрүнүн достугуна жана кызматташтыгына кошкон чоң салымы үчүн Россия Федерациясынын “Достук Ордени” медалы менен 1999-жылдын 25-сентябрында, Ленин атындагы орден менен эки жолу 1969-1979-жылдары сыйланып,Эмгек Кызыл туу жана Октябрь Революциясы ордендеринин, “Ак Шумкар” өзгөчө белгисинин ээси.Жогорку кеңештин бир канча жолку депутаты.



Үй-бүлөсү:



Атасы-Усубалы Кененсариев,апасы-Рапия Байгазиева. Карындашы Сайра Усубалиева. Өмүрлүк жары-Усубалиева Күлжаке Ниязалиевна (1920-2000).



Балдары: уулу Сыргак (1946-2007),уулу Эсенгул (1948).Неберелери: Эркин,Эрмек,Энвер,Эсен жана Бегайым. Чөбөрөлөрү: Элан,Этар,Эмир,Эмад,Таир-Кемел,Сана-Адель.



Ооба ,Турдакун атабыз 96 жаш курагында бул дүйнөдөн кете берди.Ошого карабастан чыныгы кыргыз инсанынын жашоосу укмуштуудай жемиштүү,окуяларга бай болуп,көп жылдык саясий карьерасы Кыргызстандын жаңы тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды.Атабыз Кыргыз өлкөсүн, тагыраак айтканда Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарды(1961-1985).Бул мезгилде кыргыз калкынын жашоосунда ири өзгөрүүлөр болду,кыргыз өлкөсү өзгөрдү.



Т.Усубалиев менен коштошуу зыйнаты адегенде Тарых музейинде болоору айтылган.Бирок элдин көп келгендигине байланыштуу акыркы сапарга узатуу зыйнаты “Ала-Тоо” аянтында болуп өттү.Маркумду акыркы сапарга узатууга президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков,өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү,санаалаштары, айылдаштары,Бишкектин тургундары жана жакын туугандары катышты.Турдакун Усубалиев Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө, байбичесинин жанына коюлду.















Кызмат жолунда



1938-1941-ЖЖ. Кочкор кыштагында мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары.



1941-ж.партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары



1945-55-жж.Кыргызстан КП БКнын (1941-45) инструктору



1955-56-жылдары “Советтик Кыргызстан” гезитинин редактору.



1956-58-жылдары Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы.



1958-61-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-катчысы.



Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (1990-жылдан) депутаты.



1961.09.05-1985.02.11 Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.



1985-ж.тартып пенсионер



1961-ж.тартып КПССтин мучөсү



1985-ж.партиялык дооматтар менен партиядан чыгарылган,бардык льготалардан ажыратылган.Бирок КПСС БК бул чечимге макулдук берген эмес.



1988-ж.кайра Т.Усубалиев дин арызы каралып коюлган дооматтардан акталып,партиядагы мүчөлүгү жана льготалары толугу менен калыбына келтирилген.



СССР Жогорку Кеңешинин 6-11-чакырылыштарынын депутаты.



2008-ж. “Бирдиктүү Кыргызстан” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон.







Сыйлыктары жана наамдары



Мамлекеттик жана саясий ишмер



Кыргыз Республикасынын Баатыры (1999,)



“Ак Шумкар” өзгөчө белгиси



3 Ленин ,Эмгек Кызыл Туу,Октябрь Революциясы, Достук (РФ),1-даражадагы “Манас “ордендери менен сыйланган.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!