ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫ
4 сапатуу
билим
1972-ж. – Стокгольм: БУУнун курчап турган чөйрө жана өнүгүү боюнча конференциясы. 1992-ж. – Рио-До Жанейро: БУУнун курчап турган чөйрө жана өнүгүү боюнча конференциясы. 2002-ж. – Иоханнесбург: Туруктуу өнүгүү (ТӨ) боюнча бүткүл дүйнөлүк саммит. 2012-ж. – Рио+20: «Биз каалаган келечек» бүткүл дүйнөлүк саммит. Баа: Адамзат цивилизациясынын акыркы 200 жылдагы өнүгүүсү туруктуулук чегинен чыгып кетти
ТӨ
Экономика
Социум
Жаратылыш капиталы
ТӨ – жаратылыш ресурстары, инвенстициялардын, илимий-техникалык өнүгүүнүн багыты, личносттун өнүгүшү жана индустриалдык өзгөрүүлөр бири-бири менен макулдашылган жана керектөөчүлөрдүн ниеттерин канаттандыруу үчүн азыркы жана келечек потенциалды бекемдөөчү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр процесси. 2015-ж. БУУ Генералдык ассамблеясы «Миң жылдыктын өнүгүү максаттары. Биздин дүйнөнү өзгөртүү: 2030-жылга чейин ТӨ областында күн тартиби» (193 мамлекет труктуу өнүгүү максаттарын кабыл алган).
ТӨ деген эмне?
Туруктуу өнүгүүнүн максаттары эмне?
Туруктуу өнүгүү областындагы максаттар: 17 максат, 169 милдетер.
1-максат. Жакырчылыктын жоюу Жакырчылык – бул туруктуу негизде жашоого каражаттарды камсыздоо үчүн ресурстардын жана кирешелердин жетишсиздиги. Жакырчылыктын көптөгөн түрлөрү бар: - ачкачылык; - тамак-аш жетишсиздиги; - жумушсуздук; - билим алууга жеткиликтүүлүктүн чектелгендиги; - социалдык обочолонуу; - табигый кырсыктардын кесепети; - ооруулардын жогорку деңгээлдеги аярлуулугу; - элдердин татыктуу жашоосуна мүмкүндүк берген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүктүн жоктугу ж.у.с.
2-максат . Ачкачылыкты жоюу Тамак-аш жетишсиздигинин негизги себептери: - табигый кырсыктар; - түшүмдүн аз болушу: - согуштар: - ресурстарды сарамжалдуу эмес пайдалануу. Ачка адамдар жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жоготот, ачкачылык ооруулуулар үчүн аярлуу, акча табуу мүмкүндүгү азайат, адам өзүнүн жашоо-шартын жакшырта албайт. Бүгүнкү күндө ачкачылыктан жана тамактын жетишсиздигинен 800 миллиондой адам запкы тартышат.
3-максат. Дени сак жашоо жана адамдын бакубаттуулугу
Ден соолугу чың адамдар – тың экономика үчүн негиз.
Элдердин бакубаттулугун жана ден соолугун жакшыртуунун жетишилген ийгиликтерине карабастан, саламаттык сактоо чөйрөсүнүн жеткиликтүүлүгүндө теңсиздик сакталып келет.
Жыл сайын 6 миллион бала 5 жашка жетпей каза болот.
Өнүгүп келе жаткан региондордо аялдардын жарымы гана зарыл болгон медициналык жардамга ээ.
4-максат. Сапаттуу билим
Билим берүү –ТӨ нүн көптөгөн максаттарына жетүү үчүн негизги элемент.
Билим берүү элдердин ортосундагы мамилелерде толеранттуулукту жогорулатуу жана теңсиздикти кыскартуу үчүн негизги кызматты аткарат, элдерге туруктуу жана сергек жашоого мүмкүнүк берет.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө балдардын 91%ы баштапкы билим алуу менен камтылган.
57 млн. балдар мектепке барышпайт (Алардын ичинен жарымынан көбү Африка өлкөлөрүндө жашашат).
Бүткүл дүйнөдө 103 млн. жаш адамдар базалык сабаттуулукка ээ эмес, алардын ичинен 60%дан ашууну – аялдар .
5-максат. Гендердик теңдүүлүк
Гендердик теңсиздик – көпчүлүк өлкөлөрдө орун алган социалдык түзүлүш.
Эркектер жана аялдар өзүнүн гендерине байланыштуу коомдо бирдей эмес мүмкүндүктөргө ээ.
Кээ бир өлкөлөрдө кыздардын саламаттыкты сактоого жана жетишерлик тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок.
Күн сайын 18 жашка чейинки 37 миң кыздар алардын эркине каршы турмушка берилет. Бул жылына дээрлик 15 млн. кызды түзөт.
6-максат. Таза суу жана санитария
Таза суу – ар бир адамдын негизги муктаждыгы.
Жер шарынын калкынын 40%дан көбү суунун жетишсиздигинен жапа чегишет.
Таза суунун үлүшү планетанын бардык суусунун 2,5 - 3%ын түзөт.
Дүйнө жүзү боюнча 2 млн. адам жыл сайын антисанитардык шарттардан пайда болгон диареялык оорулардан көз жумат.
7-максат. Арзан жана таза энергия
Адамзат казылып алынган отундан энергия пайдаланууга көнгөн (көмүр, мунай, газ). Мындай отундарды күйгүзүүдө атмосферага парник газдары чыгат, климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөгөалар зыян алып келет.
Казылып алынган ресурстар түгөнөт.
Дүйнө жүзү боюнча электр энергиясын колдонуу тездик менен өсүүдө. Электр энергиясынын жоктугу экономиканы токтотууга жөндөмдүү.
Дүйнө жүзүндө ар бир бешинчи адамга электр энергиясы жеткиликтүү эмес.
8-максат. Татыктуу жумуш жана ЭКОНОМИКАЛЫК ЖОГОРУЛОО
Дээрлик 2 млрд. адам кедейликтин акыркы чегинде жашашат (бир күндө 1,9 $ өлчөмүндө киреше керектелиш керек).
Жумушсуздардын саны өсүүдө, алардын көпчүлүк бөлүгү – жаштар.
Көп жерлерде жумуштун болушу жакырчылыктан кутулууга кепилдик бербейт.
Экономика үчүн сапаттуу жумуш орундарын түзүү жеңил эмес милдет.
2016 -2030 – жылдардын аралыгында дүйнөлүк рыноктун жаңы катышуучулары үчүн 470 млн. жумуш орундары талап кылынат.
9-максат. Индустриализация, инновация инфраструктура
Индустриялаштыруу жана инфратүзүмдөр - экономикалык өнүгүү үчүн тирөөч.
Кайра иштетүү өнөр жайларында жумуш орундары башка тармактарга салыштырмалуу көбүрөөк.
Өнүккөн инфратүзүмдөр, инновация бардык адамдарга ресурстарга жана мүмкүндүктөргө жетүүнү камсыздайт.
10-максат. Теңсиздикти азайтуу
Эл аралык коомчулукта жакырчылыктан кутулуу үчүн көп иштер жасалып жатат.
Мамлекеттер аралык теңсиздик, өлкө ичинде теңсиздик.
Абдан аялуу абалдагы мамлекеттер – начар өнүккөн мамлекеттер, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, кичине аралда жайгашкан мамлекеттер
Теңсиздик негизги көйгөйлөрү:
- Медициналык;
- билим берүү кызмат көрсөтүүлөр;
- өндүрүштүк активдерге жетүү;
11-максат. Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар
Шаарлар – интеллектуалдык иштердин, сооданын, маданияттын, илимдин, эмгектин өндүрүмдүүлүгүнүн, социалдык өнүгүүнүн жана башка көптөгөн нерселердин борбору.
Адамдарга экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө адамзаттын жарымы - 3,5 млрд. адам шаарларда жашашат.
Шаарлардын жалпы аянты кургактыктын 3%ын гана түзөт.
Шаарларга:
- энергия керектөөнүн 60-80%;
- көмүр кычкыл газын чыгаруунун 75 %ы туура келет.
12-максат. Жооптуулук менен керектөө жана өндүрүш
Жакынкы эки он жылдыкта орто класска кирген дүйнөдөгү адамадардын саны өсөт.
Чектелген жаратылыш ресурстарына болгон талаптын жогорулоосуна алып келет.
2050-жылга карата дүйнөдөгү калктын саны 9,6 млрд.га чейин жетери болжолдонууда.
Анда азыркы жашоонун мүнөзүн колдоо үчүн, дээрлик үч планетанын эквиваленти керектелет.
13-максат. Климаттын өзгөрүшүнө карата чаралар
Экономикалык өсүү жана калктын санынын көбөйүшү глобалдуу климаттын өзгөрүшүнө алып келди.
Адам менен байланышкан парник газын бөлүп чыгаруу тарыхый чекке жетти.
1990-жылдан тартып көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруунун дүйнөлүк көлөмү 50%га көбөйдү.
14-максат . Деңиз экосистемаларын сактоо
Дүйнөлүк океандагы процесстер: температуранын, суунун деңгээлинин, булгануунун даражасынын өзгөрүшү - түздөн-түз адамдын жашоосу үчүн жердин жарактуулугуна таасирин тийгизет.
Жаан суусу жана ичүүчү суу, аба ырайы, климат, жээк сызыктары, жеп-ичкен тамактын көпчүлүк бөлүгү, абадагы кычкылтек да – баары деңиз аркылуу жөнгө салынат жана берилет.
15-максат. Кургактыктагы экосистемаларды сактоо
Планетадагы кургактыктын 31%ынын тегереги токойлор менен курчалган.
1,6 млрд. адамдар үчүн токойлор жашоонун булагы.
Токойлордо кургактыкта өскөн өсүмдүктөрдүн жана жашаган курт-кумурскалардын жана жаныбарлардын 80%дан ашык түрү жашайт.
Жоголуп кеткен жана жок болуу алдында турган түрлөр бедгилүү.
16-максат. Тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттар
Куралдуу зордук-зомбулук жана коопсуздуктун жоктугу өлкөнүн өнүгүү аракеттерин жокко чыгарат.
Зордук-зомбулуктун бардык түрү ден соолукка, адамдардын бакубаттуулугуна жана өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.
17-максат. Туруктуу өнүгүугө жетүүнүн каражаттарын бекемдөө жана туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыктарында глобалдуу өнөктөштүк
Туруктуу өнүгүнүн максаттары
ТӨМ 2016-жылдын 1-январында башталып, 2030-жылдын 31-декабрына чейин чечилиш керек. Бирок, кээ бир тапшырмалары мурдагы Эл аралык түзүлгөн келишимдердин негизинде иштелип чыккандыктан 2030-жылга чейин эле чечилиши күтүлүп жатат.
Мамлекеттер ТӨМгө жетишүү боюнча өз алдынча программаларды жана стратегиялык пландарын иштеп чыгышат. ТӨМ өлкөлөрдүн өз пайдалары үчүн дүйнөлүк милдеттенмелердин талаптарына жооп берген пландарына алып келүүчү ориентирдик ролду ойнойт.
Программаларды жана стратегиялык пландарды жөнгө салуу аларды каржылоо менен иш жүзүнө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ТӨ өтүү боюнча ББ программасы
Максаты: Мамлекетти жана коомду ТӨ үчүн зарыл болгон адистер менен камсыздоого ички жана тышкы ресурстарды эффективдүү колдонуу жолу менен билим берүү системасын өнүктүрүү.
Өнүгүүнүн модели: Билим берүүнүн компетенттүүлүк моделине өтүү(натыйжага багытталган билим берүү). Бардык деңгээлдеги стандаттарга ТӨ, энергоэффективдүүлүк жана экологиялык коопсуздук маселелерин кийирүү.
4 максат. Сапаттуу билим берүү
«Бардыгын камтуучу жана адилет сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана баары үчүн бүткүл өмүрдө окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө дем берүү»
4-максаттын «натыйжага багытталган» милдеттери:
- Акысыз башталгыч жана орто билим берүү; мектепке чейинки билим берүүнүн жалпыга бирдей жеткиликтүлүгү;
- Жеткиликтүү техникалык, кесиптик жана жогорку билим;
- Каржылык ийгилик үчүн зарыл көндүмдөргө ээ болгон адамдардын санын көбөйтүү;
- Билим берүүдө ар кандай дискриминацияны жок кылуу, жалпы сабаттуулук жана эсеп;
- Туруктуу өнүгүү жана глобалдуу атуулдук максаттарында билим берүү.
Максатка жетүүнүн каражаттары:
- Инклюзивдүү жана коопсуз мектептерди куруу жана модернизациялоо
- Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жогорку билимге ээ болууга стипендияларды кеңейтүү;
- Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө квалификациялуу мугалимдерди көбөйтүү.
4-максаттын ТӨМдүн бардык максаттарына таасири бар.
Мектептеги бардык окуу предметтеринде МББСте норма катары белгиленген 3 негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу предметтик компетенттүүлүктөр аркылуу жүрөт.
Мугалимдерди даярдоодо окуучуларду калыптандыруу заарыл болгон бул компетенттүүлүктөрдү ТӨ концепциясында белгиленген проблемалар менен байланыштырууну (экология, энергия, сарамжалдуулук, мусорду сорттоо, суу ресурстары жана башкалар) болочок педагогторго үйрөтүү зарыл.
ТӨ идеяларын окуу процессине ылайыктуу интеграциялоо керек (окуу пландары, жумушчу программалар, мазмун, практика, БКФ жана башкалар).
Жогорку кесиптик билим берүүгө ТӨМдү интеграциялоонун багыттары:
- Окутуу, үйрөтүү;
- Илимий изилдөө;
- Ички башкаруу, университеттин бүтүндөй ишмердиги;
- Университеттин ТӨМгө жетүүдөгү жетекчилик ролу
ТӨМдү ББПларга интеграциялоо
- Миссия
- ББПнын максаты
- ОНдор
- Компетенциялар
- Окуу пландары, Жумушчу окуу пландары
- ОМК, ДОМК, БКФ
- Ресурстар
- Механиздер, технологиялар
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!