2 | Жагымдуу маанай | Тууранды сөздөр деген сөздүн ар бир тамгасынан башталган жакшы сөздөрдү бири-бирине айтышат. Мисалы: тыкансың, улууларды урматтайсың, улуксуң, роза гүлүндөйсүң, адептүүсүң, намыскөйсүң, дилгирсиң, ыймандуусуң жана ушул сыяктуу. |
4 | Үй тапшырма | Доскага тактооч боюнча кластер түзүшөт (бардык окуучулар катышыш керек Түзүлүшүнө карай жөнөкөй Маанисине карай 4кө бөлүнөт жана татаал боуп бөлүнөт Кыймыл-аркеттин ар түрдүү кырдаалын билдирет тактооч туунду тактоочтор морфологиялык жол менен жасалат Маани берүүчү сөз түркүмү Бышыктоочтук милдет аткарат Татаал тактоочтор синтаксистик жол \ менен жасалат Качан?,кайсы убакта?,канча?,кайда? деген суроолорго жооп берет |
7 | 2-бөлүк | БББКнын экинчи (билдим) бөлүгүнө мугалим жардамга келет. Доскага тема жазылат , максаты окуучулардын позициясында айтылат, мугалим толуктайт. Жаңы тема түшүндүрүү: Демек, бүгүнкү өтө турган темабыз өзгөчө сөз түркүмдөрүнө кире турган тууранды сөздөр. Биз жогорудагы максаттарга жетүү үчүн көңүл бөлүп түшүнүшүбүз керек. Тууранды жана жана сырдык сөздөр өзгөчө сөз түркүмдөрү деп аталат, себеби булар маани берүүчү же маани бербөөчү сөз түркүмдөрүнө кирбейт. Аларда маани берүүчү, кызматчы сөздөрдөгүдөй касиет жок. Өзгөчө сөз түркүмдөрү экиге бөлүнөт: тууранды сөздөр жана сырдык сөздөр. Жандуу жана жансыз заттардан чыккан үндү,табышты, добушту, кыймылды, элести,көрүнүштү туурап,окшотуруп көрсөткөн сөздөр тууранды сөздөр деп аталат. Мисалы, тарс, шылдыр-шылдыр, арс-арс, карс, маа,мөө, шыңгыр, кобур-собур, шак, шака-шак, чыйк, арс, пырп, карс. Элестүү сөздөр заттын кыймылы же алардын көрүнүшү жөнүндөгү элести билдирет. Элестүү сөздөр экиге бөлүнөт. Кыймыл-аракеттин же элестин тездигин билдирет: жалт-жалт, жарк-журк, шап, лып, жалп, жарк, жалбырт, шуу, зуу. Заттын сырткы көрүнүшү,кыймылы жөнүндөгү элести билдирет: эрбең-эрбең, чолтоң-чолтоң, калдаң-калдаң, эрбең-сербең, соксоң.(Мугалим экрандан видеолорду, слайттарды, доскада илинген сүрөттөрдү көрсөтүп сүйлөмдөрдү,түздүрүүаркылуу түшүндүрөт. Тууранды сөздөр өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албайт, жөндөлбөйт, жак, сан мүчөлөрү менен да өзгөрбөйт. Качан гана заттык мааниде колдонулганда гана жөндөлүп, жак, сан мүчөлөрдү кабыл алат. Жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөргө эт, де деген көмөкчү этиштер кошулуп айтылып, же кошулбай да сүйлөм мүчөлөрүнун милдетин аткара берет: Ызы-чуу азайды. Мылтык тарс-турс этти. Кыжы-кужу сөздөр угулду. Бектурган эрбең-сербеңди алыстан көрдү. Гүлсары шарт бурулду. (Синтаксистик талдоо жүргүзүшөт. |