Просмотр содержимого документа
«Убакытты башкаруу»
Убакытты башкаруу .Өзүн башкаруу
Ар бир адамдын жашоосунда эң баалуу нерсе-бул убакыт .Убакытты туура пайдалануу – ийгиликке етүүнүн негизги ачкычы .Көпчүлүк адамдар көп иштейт ,бирок натыйжа аз болот .Себеби ,алар убакытты башкарууну жана өзүн башкарууну билбейт.
Убакытты жана өзүн башкаруу-бул жөн гана ишти бутүрүү эмес, бул жашоону пландаштыруу, максат коюу , жогору тартитүүлүкко жетишүү дегенди билдирет .
Убакытты башкаруу деген эмне?
Убакытты башкару-бул адамдын өзүнүн убактысын туура бөлүштүрүп , ар бир ишке белгилүү мүнөт коюп , аны өз убагында аткаруу жөндөмү.Бул көндүм ар бир адамга керек ,анткени туура пландалган убакыт – натыйжалуу иштөө, стресстен арылуу жана максатка жетүү үчүн негиз түзөт .
Убакытты башкаруунун негизги принциптери:
1.Максат коюу: эмне үчүн убакытты бөлүп жатканыңды так билүү
2.Пландоо: ар бир күндү ,жуманы жана айдын иштерин алдын ала жазуу
3.Приоритет коюу: эң маанилүү иштерди биринчи аткаруу
4.Дисциплина сактоо: белгиленген планды так кармануу
5.Бош убакытты да туура колдонуу
Өзүн башкаруу деген эмне?
Өзүн башракуу –бул адамдын эмоциясын ,жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн жана чечимдерин көзөмөлдөө жөндөму.Башкача айтканда,өзүн башкарган адам- жоопкерчиликтүү, сабырдуу, максаттуу, өзүнө ишенген адам болот.