Үй- бүлөдө тарбиянын
негизги багыттары
жөнүндө
(ата энелер үчүн)
Ата- энелер үй-бүлөдө балдарынын тарбиясына астейдил көңүл буруп, убакыт ажыратып киришсе, ошондо балдары жаш кезинен ар тараптан төп келишкен адам болуп чоңоет.
Ал үчүн эрте жаштан бала тарбиясында төмөнкү багыттарга көңүл буруу зарыл:
Баланын жетишкендиктери эң алгач анын ден- соолугуна толук көз каранды болот:
Дайыма өз убагында калориялуу, витаминдүү тамактанып, гимнастикалык көнүгүүлөрдү системалуу жасоо өнөкөткө айланса, баланын ден соолугу чың болуп өсөт.
Акыл- эс тарбиясы
Анын негизги максаты: баланын ой чабытын өстүрүү, сезимталдык, зиректик, тапкычтык, анализдеп, салыштырып айырмалап, окшоштуруп, корутунду чыгара билүүгө үйрөтүү
Адептик тарбия
Бул бир топ терең жана кеңири түшүнүк. Анын негизги өзөгүн- баланы адамгерчиликке, ар- намыска, мээримдүүлүккө, чынчыл- адилеттүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо түзөт
Эмгек тарбиясы
Турмуш- тиричиликке машыктырып тарбиялоо. Туура уюштурулган эмгек процессинде балдардын эрки, чыдамкайлыгы тарбияланып, тапкычтыгы өсөт.
Эстетикалык тарбия
Балдар үйдө ар дайым таза, иреттүү жайланыштырылган бөлмөдө өссө, таза кийим- кече, идиш- аяктарды көрүп ошого үйрөнүшсө, кийин мектепте, турмушта да ошондой болот
Жакшы китеп-өмүрдүн жан шериги
« Дүйнө жүзүндөгү кылмыштардын эң коркунучтуусу – китепти окубоо, барктабоо »
И.Бродский
Китеп окубаган элдин шору арыбайт
Адам -китеп окуу менен гана инсан катары калыптанат
Караңгылыкты миң кайталап наалыганча, бир бурчуна шам жак