СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу Ата Мекендик согушка 75 жыл

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

1941-45-жылдардагы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына  каршы күрөшү Кыргызстан тарыхында өзгөчө мааниге ээ. Согуш СССРдин ал учурдагы 15 союздук республикаларынын анын ичинде Кыргызстандын тарыхында өзүнүн маңызы, ал учурдагы жагдайлардын курчтугу, катышкан өлкөлөрдүн, элдердин саны, тийгизген кесепеттери менен жана бир топ жылга созулган убактысы менен олуттуу окуя катары белгилүү болуп калды.  

Просмотр содержимого документа
«Улуу Ата Мекендик согушка 75 жыл»


Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу маалыматтарга

карата айрым ойлор


1941-45-жылдардагы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы күрөшү Кыргызстан тарыхында өзгөчө мааниге ээ. Согуш СССРдин ал учурдагы 15 союздук республикаларынын анын ичинде Кыргызстандын тарыхында өзүнүн маңызы, ал учурдагы жагдайлардын курчтугу, катышкан өлкөлөрдүн, элдердин саны, тийгизген кесепеттери менен жана бир топ жылга созулган убактысы менен олуттуу окуя катары белгилүү болуп калды. Бул апаатта 1946-жылдагы И.Сталиндин билдирүүсү боюнча бул согушта 7 млн., 1961-жылы Н.Хрущёвдун маалыматында 20 млн., ал эми 1988-1993-жылдардагы Россияда аскер иштери боюнча изилдеген тарыхчылардын иликтөөсүнө таянсак 27 млн. адам каза болгон.

Кыргызстанда Улуу Ата мекендик согуш темасы атайын изилдөөлөрдүн обьектиси катары карала элек болсо да бүгүнкү күндө айрым планда чагылдырылып келе жатат. Изилдөөнүн бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна байланыштуу Улуу Ата Мекендик согушка илимий жактан баа берүү, айрым талаш маселелерди тактоодо, азыркы эгемендик доордун шартында изилдөөнү андан ары улантуу, күчөтүү зарылчылыгы келип чыгат.

Учурда Кыргызстан тарыхы боюнча илимий адабияттарда согуштун жүрүшү жана аякташы, Кыргызстандан катышкан жоокерлердин саны, алардын эрдиктери тууралуу жалпы фактологиялык материалдар абдан арбын. Бирок бул маалыматтарда көрсөтүлгөн сандар да ар түрдүү. Мындай көрүнүш жалпы билим берүүчү мекемелерде окутулуучу Кыргызстан тарыхы китептеринде жана башка адабияттарда абдан көп кездешет. Мисалы, 2012-жылы чыккан Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар (XIX кылымдын ортосунан азыркы мезгилге чейин) 11-классы үчүн окуу китебинде согушка катышкан адамдын санын 365 минден ашуун деп көрсөтүлсө, 2009-жылы чыккан “Кыргызстандын тарыхы боюнча кыскача аңгемелер” 5-классы үчүн окуу китебинде 380 мин жоокер деп көрсөтүлөт. Ошондой эле курман болгон жоокерлердин саны да ар түрдүүчө берилип келет. 2003-жылы жарыкка чыккан “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясында болсо курман болгондордун саны 90 миңден ашуун деп берилсе, жогоруда көрсөтүлгөн окуу китептеринде 160 миңден ашуун экендиги көрсөтүлөт. Мындан сырткары Советтер Союзунун Баатыры, “Даңк” орденин алгандардын саны да түрдүүчө берилген.

Андыктан Улуу Ата мекендик согуш тууралуу алдыда жалпы тарыхчылар үчүн чоң иликтөөлөрдү жүргүзүү, талаш же болбосо так эмес маалыматтардын түбүнө жетүү иштери тураары айкын көрүнүп турат. Ага байланыштуу архивдик маалыматтарды өзгөчө Россиянын мамлекеттик архивдеринен бул маалыматтарды дагы да тактоо иштерин жүргүзүү, окуу китептерин жана башка адабияттардагы согуш тууралуу маалыматтарды бирдиктүү маалыматтарга айлантуу зарылдыгы бар. Ошондой эле жалпы коомчулуктун пикирин эске ала турган болсок, адам өлүмү, каржылык жактан да учурунда СССР эки-үч эсе көп жоготууларга кабылганы, согушка байланыштуу жашыруун документтер эмдигиче ачыкка чыкпай атканы сыяктуу жагдайларды да тактоо маселелери пайда болот. Себеби ар кыл маалыматтарга караганда, 10 миллионго чукул документ бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин архивинде жашыруун сыр катары сакталып келүүдө. Адистердин божомолунда, ал архивдер ачылган күнү бул согушка болгон көз караш өзгөрүшү ыктымалдыгын Азаттык үн алгысы да билдирген.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!