СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Урок1.2.3.4.5.6..

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

иреттуу тапшыр.р ж.а тесттер

Просмотр содержимого документа
«Урок1.2.3.4.5.6..»

Менин ийгилик жолум



“Миң кадам бир кадамдан башталат” дегендей кичинемде ар тараптуу болууга аракет жасап, ар тармакта өзүмдү сынап келем. Бул жашоодо адам бийик-бийик максат коюп, ага жараша аракет кылат эмесби. Мен 2002-жылы Ош облусунун Алай районунун Күң-Элек айылында төрөлүп, балалыгым ушул айылда өткөн. Жогоруда айткандай мен да мектептин ак босогосун аттаганда бүтүрүүчүлөрүбүздү көрүп ниет кылгам, ушулар сыяктуу сыйлыктарды алсам, мектептин сыймыктуу окуучуларынан болсом, элиме жардам берсем деп. Анан 1-класстан баштап 5 деген баага татыктуу окуп баштадым,илимий, маданий, спорттук иш-чараларга катышып жаттым. Бир топ ийгиликтерди жаратып математика сабагынан олимпиадага катышып баштадым.

8—классымда “Алтын түйүн” сынагынын 1-турунун жеңүүчүсү,2-турунун активдүү катышуучусу болдум, бул сынактын 2-туру Жалал-Абад шаарында өткөн эле, сынакка катышуу менен бирге жер көрүп, эл таанып келдик.

Тогузунчу классымда математика предмети боюнча райондук олипиадада 2-оорунду камсыз кылдым, 2018- жылы “Ыссык-Көл досторун чакырат” аттуу эл аралык этно корнавалга катышып, облустан 1-оорунду алып, Ыссык-Көлдө өтүүчү корновалга жолдомо алдык. 10 күндүк эс алууга чыктык десем да жанылышпайм. Ал жакта көркөм окуу боюнча 2-даражадагы диплом, медаль жана башка кошумча белектерди алдым, дал ошол эле сынакта улуттук аспаптарды ойноп да катыштым. Кызыгы, ар өлкөдөн келген талантуу достор менен таанышып, алардын маданиятынан да кабардар болуп баары менен жылуу пикир алышып достоштук. Мына ошондо Ыссык-Көлүбүздүн берметин биринчи жолу көргөм, көздүн жоосун алган бул керемет мени аябай кыялдантып, максаттарым кеңейген.



Андан кийин манас таануу интелектуалдык таймашка катышып райондук турда гранприни алып, облустук турга да катышып келгенбиз. “Мурас” фольклордук топ менен бирге далай ийгиликтерге жетиштим.

5-классымдан баштап, комуз, пианио ойноп музыка жаатында да озунду сынап келем. Ага чейин атакем карате менен машыктырып, чуркоону адатка айлантып спорт менен алаектенчүүбүз. Ушул убактарда КТРКдан Махабат Молдалиева аттуу журналист эжейибиз келип, айылыбыздын кооз жерлерин тартып андагы элдин жашоо- турмушун чагылдырып журуп биздин машыгып жаткан залга да келип калат да, бизди да бир топ кадрга тушуруп суроо узатып жооп алып кеткен эле. Кийин телевидениеден өзүбүздү көрүп сыйыктанып отурдук. Жогоруда айткандай атам чуркоону бизге адатка айлантып койгон үчүнбү айтор “7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук” күнүнө карата уюштурулган мелдеште чуркоо боюнча байгелүү орунга жетиштим. 9-классымда 5тик күбөлүк менен аяктап, 10-11-классымда ийгиликтуу окуп, анда да аттестатты 5 деген бааларга татыктуу алгам. Кийинчерээк ЖРТны ийгиликтүү тапшырып, Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультетине бюджеттик орун менен окууга отуп, 1-курсту жалан 5 менен окууп стипендияга жетиштим, Университетибиздин жаштар кенешине кошулуп , жаны чойро менен бир топ ийгиликтерге жетиштик. Учурда да он-лайн конференцияларды уюуштурулуп, өзүм изденүү менен доклад даярдап окуп, ыраазычылыктарды алып талыкпай эмгектенүүдөөбүз.

“Күнүгө жасалган майда кадамдар аягында чоң жыйынтыкка алып барат” бул менин эн кичине ийгиликтерим, алдыда дагы чон ийгиликтер күтүүдө. Мен быйыл 2-курс болом, буюрса баары алдыда.

Бугунку аракет, эртенки берекет!