СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Усулдук бирикме 2-тиркеме

Нажмите, чтобы узнать подробности

Усулдук бирикме 2- тиркеме

Просмотр содержимого документа
«Усулдук бирикме 2-тиркеме»




Үзгүлтүксүз принциби





Билим берүү тармагындагы окутуу усулдары жана ыкмалары, окуучулардын психологиясы, окутуунун маалымат технологиялары улам өзгөрүп жаткан шартта кесиптик өнүгүү үзгүлтүксүз болбосо, анын натыйжалуулугу такыр эле болбой тургандыгы белгилүү. Андыктан, мугалимдер өз ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз, ырааттуу алып баруулары зарыл.






Өз ара кызматташтык принциби




Усулдук потенциалы мыкты, натыйжалуу мектептерде өз ара кызматташтык бир гана МУБдун ичиндеги мугалимдердин же УБдар ортосунда гана эмес, башка мектептердин мугалимдери жана МУБдардын арасында да жүргүзүлөт.









Конкреттүү маселеге/көйгөйгө багытталуу принциби




Усулдук колдоо программасы аркылуу конкреттүү маселелерге көңүл буруу керек (окутуу көйгөйлөрү, кесиптик көндүмдөр ж.б); мындай программа билим берүү жана усулдук көйгөйлөрдү чечүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Усулдук колдоо ар түрдүү иш-чараларын камтуусу керек, мисалы, максаттарды талкуулоого, диалогдорго, топтук иштерге, сынчыл ой жүгүртүүгө, түрдүү долбоордук иш-чараларды иштеп чыгууга, алган билимин жана үйрөнгөн көндүмдөрүн практика жүзүндө көрсөтүүгө катышуу ж.б.





Мектеп жетекчилигинин колдоо көрсөтүү принциби




МУБдун мугалимдери үчүн кесиптик өнүгүүгө тиешелүү шарттардын: укуктук-ченемдик документтердин, усулдук колдонмолордун, башка адабияттардын болушу, ачык билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, убакыт, физикалык, психологиялык жагымдуу чөйрө ж.б. түзүлүшү абдан маанилүү






Туура пландаштыруу принциби



МУБдагы мугалимдердин учурдагы педагогикалык тажрыйбасы кандай, педагогикалык чеберчиликтин кайсы деӊгээлине кантип жетишүүгө болот?, кандай тажрыйбаларга ээ кыла алдык деген сыяктуу суроолорго ар дайым мерчемдүү түрдө талдоо жүргүзүп, пайда болгон көйгөйлөрдү, маселелерди чечүү жолдорун пландаштыруусу керек.





Окуучулардын билим алуусун биринчи орунга коюу принциби





Пландоо процессинде түпкү максат катары мугалим бүт көңүлүн окуучулардын билим алуусуна бөлүү менен натыйжалуу кесиптик өнүгүү программасын иштеп чыга алат.




Тажрыйба алмашуу жана бири-биринен үйрөнүү принциби.



Мугалим үчүн эң жакын, эң ишенимдүү насаатчы бул кайра эле ошол жамаатта иштеген мугалим. Мугалимдердин башка бирөөдөн үйрөнгөнүнө караганда бири-биринен үйрөнгөнү алда канча натыйжалуу болору шексиз. Адатта мугалимдерде билбегенин жашыруу, тескерисинче, көпчүлүк учурда билгенин да жашыруу стереотиби жашап келет. Мугалимдердин билбегенин жашырганы көпчүлүк учурда мектеп жетекчилигинин жана башка мугалимдердин сынына кабылбоо максатында жасалат. Мугалимдер бул стереотиптерди жойгондо бардык мугалимдер утушка ээ болорун, билим берүү мекемесинин кесиптик өнүгүү максаттарына ийгиликтүү жетерин аң-сезимдүү түрдө түшүнүүлөрү зарыл. Ушундай бири-бирине ишеним чөйрөсү түзүлгөн шартта гана бири-биринен үйрөнүү ишмердүүлүгү өз жемишин берет.