СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Усулдук бирикме 5-тиркеме

Нажмите, чтобы узнать подробности

Усулдук бирикме 5-тиркеме

Просмотр содержимого документа
«Усулдук бирикме 5-тиркеме»

ОТУРУМДУН БОЛЖОЛДУУ СТЕНОГРАММАСЫ



МУБнин отурумунда окуучулардын шар окуу, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өздөштүрүүсү боюнча топтолгон маалыматтарга талдоо жүргүзүү.

Фасилитатор1:

Саламатсыздарбы, кесиптештер. Бүгүнкү отурумда 3-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрү боюнча кесиптешибиз Айнура өткөргөн баалоонун жыйынтыктарын талдайбыз. Айнура баалоону качан өткөрдүңүз?

Айнура:

Эки жума мурда окуучуларым жайкы каникулдан кайтып келишкенден кийин эле ушул баалоону өткөрдүм.

Фасилитатор:

Классыңызда канча окуучу бар? Баалонун максаты жөнүндө айтып өтсөңүз?

Айнура:

28 окуучу. Баалоону эки максат менен өткөрдүм. (1) Шар окуу көндүмү боюнча окуучулардын бир минутада канча сөздү туура окуганын аныктоо;

(2) Окуганын түшүнүү көндүмү боюнча окуучуларымдын канчалык деңгээлде көркөм жана маалыматтык тексттерди окугандарын түшүнүүлөрүн баалоо.

Фасилитатор:

Окуучуларыңыздан кандай натыйжаларды күттүңүз эле?

Айнура:

Шар окуу боюнча айта турган болсом, негизинен, үчүнчү класстын окуучулары тааныш да, тааныш эмес да сөздөрдү туура окуй алуусу керек. Ошондуктан орто эсеп менен тааныш эмес тексттен 45 сөздү окуучулар туура окуй алышат деп күткөнмүн.

Мугалим 1:

45 сөздү предметтик стандарттын талаптары боюнча аныктадыңызбы?

Айнура:

Жок, өзүмдүн кесиптик тажрыйбамдын негизинде аныктадым.

Мугалим 2:

Шар окуу боюнча түшүнүктүү болду. Менде окуганын түшүнүү боюнча суроо жаралып жатат. Окуганын түшүнүү көндүмү боюнча конкреттүү түрдө эмнени бааладыңыз? Тест боюнча кандай суроолорду колдондуңуз эле?

Айнура:

Башталгыч класстардын предметтик стандарты боюнча окуганын түшүнүү көндүмү тексттен конкреттүү маалыматты табуу, окуяны фактылар менен байланыштыра алуу жана башка билгичтиктерин өлчөйт. Баалоодо ушуларды текшердим.

Мугалим 2:



Айнура:

Фактологиялык суроолор менен жогорку татаалдыктагы суроолорду колдондуңузбу?


Ооба, албетте. Бул боюнча тесттин көчүрмөлөрү бар. Карап чыгыңыздар.

Фасилитатор:

Окуучуларыңыздын жыйынтыктары кандай болду?

Айнура:

Шар окуу боюнча баалоодон баштайын. Башта айтып өткөнүмдөй, окуучуларымды аларга тааныш эмес тексттен 45 сөздү туура окуй алышат деп күткөнмүн. Ал эми жыйынтык боюнча класстын жарымы канааттандырарлык эмес натыйжаларды берди. 24 окуучудан болгону 4 окуучум жогорку натыйжаны көрсөтүштү. Алар минутасына 70тен ашык сөздү туура окуй алышты.

Мугалим 3:

Мындай төмөн натыйжаларга кандай факторлор таасир берди? Сиздин окуучуларыңыздын мыкты окурман болуусуна эмне тоскоол кылат деп ойлойсуз?

Айнура:

Биринчиден, окуучуларым үчүн туура окууга кыйын сөздөрдү аныктоого аракет кылдым. Натыйжада, бул сөздөрдүн окуучуларга тааныш эмес жана алардын кебинде көп колдонулбаган сөздөр экенин аныктадым.

Фасилитатор:

Дагы эмнени байкай алдыңыз?

Айнура:

Натыйжасы абдан төмөн көрсөткүчтү берген окуучуларымдын 10у эмгек мигранттарынын балдары. Үйдө алардын окуусуна көңүл бурган киши жок.

Мугалим 2:

Сиздин окуучуларыңыз үйдө китеп окушабы?

Айнура:

Төмөн натыйжаны көрсөткөн окуучуларым жайкы каникул учурунда китеп окушкан эмес. Бул дагы мындай натыйжалардын себептеринин бири деп ойлойм. Окуучулардын натыйжаларын жогору, орто, төмөн деңгээлдерге бөлүп, аларды үч түс менен белгилеп алдым. Жашыл түс жогорку деңгээлдеги натыйжаны, сары түс орто деңгээлдеги натыйжаны, ал эми төмөн деңгээлди көрсөткөн натыйжаны көгүш түс билдирет. Бул натыйжалар көркөм тексттердики, ал эми булар маалыматтык тексттерге тиешелүү. Көрүп турганыңыздардай натыйжалар боюнча окуучуларым көркөм тексттерди маалыматтык тексттерге караганда окуганда жакшы түшүнүшөт.

Мугалим 2:

Ооба, маалымаатык тексттер боюнча бир дагы окуучунун натыйжасы жогору эмес экен.

Мугалим 1:

Көркөм тексттер боюнча кандай суроолор окуучуларга кыйын болду, ал эми кандай суроолорго окуучулар оңой жооп беришти?

Айнура:

Окуучулар тексттин негизги идеясын оңой эле аныктоо менен бирге фактологиялык суроолорго кыйналбай жооп беришти. Бирок жогорку татаалдыктагы суроолорго жооп берүүдө кыйналышты. Менимче, окуучуларымдын тексттин түзүлүшү боюнча билимдери жетиштүү эмес. Ушул багытта иш алып барышым керек деп ойлойм.

Мугалим 1:

Менин байкашымча, шар окуу боюнча төмөн натыйжа берген окуучулар окуганын түшүнүү боюнча да төмөн натыйжаларды көрсөтүшүптүр. Шар окуу боюнча көйгөй чечилгенде гана окуучулардын окуганын түшүнүүсүнө оң таасирин берет деп ойлойм.

Айнура:

Ооба, туура айтасыз. Шар окуу боюнча баалоодо төмөн көрсөткүчтөрдү берген окуучуларым окуганын түшүнүү боюнча да төмөн натыйжаларды беришти.

Фасилитатор:

Биз көйгөйдүн бир себебин таптык. Шар окуу боюнча көйгөйлөр окуучулардын окуганын түшүнүүсүнө да терс таасирин тийгизет. Окуучулардын көркөм жана маалыматтык тексттер боюнча натыйжалырын эске алуу менен дагы кандай себептерди байкоого болот?

Мугалим 1:

Дагы бир себеби, окуучулардын маалыматтык тексттер менен иштөө тажрыйбасы жок болгонунда деп ойлойм. Биздин окуу китептерибизде маалыматтык тексттер жетишсиз же жокко эсе.

Мугалим 2:

Бул көйгөйдүн болушунун дагы бир себеби окуучулар көпчүлүк учурда китеп окууну каалабайт. Анткени китептердин татаалдык деңгээлдери окуучулардын окурмандык деңгээлдерине туура келбей калышы мүмкүн. Эгерде окуучуга текст оор болсо, же китептин темасы балага кызыктуу болбосо, балдар мындай китептерди окугусу келбейт. Биз окуучуларга татаалдык деңгээлдери ар түрдүү тексттерди окууну сунуш кылсак, анда ынтызарлык менен окушат эле.

Фасилитатор:

Келгиле талдоонун жыйынтыгын чыгаралы.

  1. Бир класстан болгону бир нече окуучу гана жогорку натыйжа көрсөтүштү. Класстын жарымы төмөн натыйжаларды берди. Бул көйгөйгө жакшылап көңүл бурушубуз керек.

  2. Маалыматтык тексттерге караганда окуучулар көркөм тексттерди окуганын түшүнүүлөрү боюнча натыйжалары жакшыраак экендиги аныкталды.

  3. Окуучулар фактологиялык суроолого оңой эле жооп бере алышкан. Бирок дээрлик бардык окуучулар деңгээли татаал суроолорго жооп бере алышкан эмес. Окуучулардын окуганын баалоо жана талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү керек.

Мугалим 3:


Окуу жылынын башында бул көйгөйлөргө көп тынчсызданбай койсок да болот.

Фасилитатор:

Ооба, окуу жылынын башында көп тынчсыздануунун кереги жок. Бирок окуучулардын натыйжаларын жакшыртууга бардык күчүбүздү

жумшообуз керек. Көйгөйлөрдү канчалык эрте аныктай алсак, өз

убагында оңдоп-түзөөлөрдү киргизе алабыз. Айнура рахмат сизге бул көйгөйлөрдү эрте стадиясында аныктадыңыз. Урматтуу кесиптештер,

Айнуранын тажрыйбасы баарыбызга тиешелүү болуп эсептелет.





1 Фасилитатор МУБнин усулдук башчысы, насаатчы, усулдук бирикмеде предметти окуткан мугалим болушу мүмкүн.


3