СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Усулдук бирикме 9-тиркеме

Нажмите, чтобы узнать подробности

Усулдук бирикме 9-тиркеме

Просмотр содержимого документа
«Усулдук бирикме 9-тиркеме»





«Үлгү сабактарды талдоо» иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү боюнча МУБдун отурумунун болжолдуу сценарийи


Катышуучулар: Башталгыч класстар боюнча усулдук бирикменин жетекчиси же усулчу (мындан ары Фасилитатор) жана мугалимдер

Фасилитатор: Саламатсыздарбы кесиптештер. Отурумдун күн тартиби боюнча мугалимдерге усулдук колдоонун натыйжалуу механизмдеринин бири «Үлгү сабактарды талдоо» иш-чарасы боюнча сүйлөшөбүз.

Үлгү сабактарды талдоо аркылуу мугалимдер натыйжалуу пландаштырылган, практикада колдонулуп тастыкталган окуу жана окутуу процесси менен тааныша алышат. Үлгү сабактарды мугалимдер видеодон же тажрыйбалуу усулчу тарабынан натыйжалуу ресурстардын жана мыкты пландаштыруунун негизинде өтүлгөн сабактарга катышуу аркылуу көрө алышат. Мугалимдер сабак учурунда колдонулган стратегияларга байкоо жүргүзүшөт, талдашат жана аларды өз тажрыйбалары менен сабактарына байланыштырышат.


Алгач белгилүү темага же окутуу стратегиясына байланыштуу үлгү сабакты көрүүнү аныктап алышыбыз керек. Кайсы суроо же тема боюнча үлгү сабак көрүүнү каалайсыздар?


Мугалим 1: «Окуганга чейин - Окуу учурунда - Окугандан кийин» окуу баскычтарын чагылдырган сабактын жүрүшүн көргүм келет.


Мугалим 2: Мен дагы. Бул стратегия жөнүндө көп эле угуп жүрөм бирок сабак учурунда толугу менен колдонулушун көрсөм, стратегияны сабагыма ыйгайлаштыруу мага бир кыйла жеңил болмок.


Мугалим 3: Бир жума мурда «Окуганга чейин - Окуу учурунда - Окугандан кийин» окуу баскычтарынын стратегиялары боюнча усулдук колдонмодон окудум. Ар бир окуу баскычы боюнча абдан кеңири маалымат берилиптир. Булардын практикада колдонулушун жергиликтүү мугалимдер тарабынан сабак учурунда колдонулушун көргүм келет.


Фасилитатор: Менде 3-класстын адабий окуу сабагында тартылган «Окуганга чейин-Окуу учурунда-Окугандан кийин» окуу баскычтары колдонулган видео сабак бар. Видео сабакка Бишкек шаарындагы Гмайнер мектебинин 3-классынын окуучулары жана мугалими тартылган. Ушул видео сабакты көрөлү. Кааласаңыздар мен өзүм да өтүп бере алам. Кайсынысын тандайсыздар?







Мугалимдер: Видео сабакты көрөлү.


Фасилитатор: Макул анда видео сабакты көрөлү. Видео сабакта «Окуганга чейин - Окуу учурунда - Окугандан кийин» окуу баскычтарынын колдонулушу «Тыным жасап окуу» стратегиясы аркылуу берилген. Араңыздарда бул стратегияны колдонгонуңуздар бырбы?


Мугалим 4: Мен колдонуп көргөн эмесмин бирок тренингден уккам.


Мугалимдер (калгандары): Жок уккан эмес экенбиз.


Фасилитатор: Видео сабакты «Окуганга чейин-Окуу учурунда-Окугандан кийин» окуу баскычтарына карай 3 эпизодго бөлүп көрүүнү сунуштайм. Ар бир баскычтан кийин талкуу жүргүзөбүз. Буга кандай дейсиздер?


Мугалимдер: Макулбуз.


Фасилитатор: Анда эмесе видео сабакты көрүү эрежелерин түшүндүрүп кетейин. Видео сабакты көрүү учурунда сабакка байкоо жүргүзүү формаларын толтурасыздар. Мындан сырткары сабакка байкоо жүргүзүү учурунда иш-тажрыйбаңыздар үчүн керек деп эсептеген жерлерин белгилеп алсаңыздар болот.


Фасилитатор сабакка байкоо жүргүзүү формасынын көчүрмөлөрүн ар бир мугалимге таратып бергенден кийин видео сабакты койот. Мугалимдер видео сабакты көрүп жатышып байкоо жүргүзүү формаларын толтурушат. Видео сабактын жүрүшүндө окуунун ар бир баскычынан кийин фасилитатор видео сабакты токтотуп талкуу жүргүзөт. Талкуу учурунда сабактын жүрүшүн ирети менен кыскача айтып беришет. Видео сабактын 3 бөлүгү тең көрсөтүлгөндөн кийин фасилитатор төмөнкү суроолорду колдонуп жалпы топто талкуу жүргүзөт:

  1. Бул сабак жөнүндө оюңар кандай?

  2. Силер көргөн сабактын кайсы бөлүгүн сабактарыңарга ыңгайлаштыра аласыздар же колдоно аласыздар? Кантип ыңгайлаштырасыздар?

  3. Кайсы жерлерин колдонууга болбойт?Эмне үчүн?