СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уурулук бул кылмыш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Уурулук бул кылмыш»

Сабактын темасы:  Уурулук-бул кылмыш.


Сабактын максаты:
1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар уурулуктун  маанисин жана ал кылмышка алып баруусун түшүнүшөт, уурулук жана анын жазасы жөнүндө маалымат алышат.
2. Өнуктүрүүчүлүк: Окуучулар уурулукка барбоонун, ага каршы күрөшүүнүн жолдору менен таанышышат.
3. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка, жаман адаттардан алыс болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Плакаттар , сүрөттөр.
Сабактын тиби: Стандарттуу эмес.
Сабактын формасы: Сахналаштырып көрсөтүү.
С а б а к т ы н   жүрүшү :Алып баруучу: -Учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири- бул…
1-окуучу: Мектеп рэкетчилиги.
2-окуучу: Зомбулук.
3-окуучу: Уурулук.
4-окуучу: Хулиганчылык.
5-окуучу: Аракечтик.
6-окуучу: Наркомания.
7-окуучу: Таксикомания.
Жалпы окуучулар:  Мунун баары-кылмыштуулук. Бул илдеттер менен күрөшүү жалпыбыздын милдетибиз.

Алып баруучу:  Албетте, уурулук да –кылмыш. Ууру деген ким?
1-окуучу: Бирөөнүн мүлкүн билгизбей алып койгон адам.
2-окуучу: Бирөөнүн чөнтөгүнөн акчасын же телефонун алып качкан бала.

3-окуучу: Класста тыныгуу маалында классташтарынын сумкасынан буюмун алып, катып койгон окуучу.
4-окуучу:  Уюшуп алып, бирөөлөрдүн малдарын алып чыгып , сатып жиберген адамдар.




Алып баруучу:  Эмне үчүн адамдар уурулукка барышат?
1-окуучу: Жокчулуктун айынан.
2-окуучу: Таалим-тарбиясы начар болгондуктан.
3-окуучу: Азгырылуунун айынан.
4-окуучу: Аракка же наркотикке акча табуу учүн.
5-окуучу: Бай болуу үчүн.
6-окуучу: Кумар, козино оюндарын ойноо үчүн.
Алып баруучу: Эми бизге келген юристконсультанттарга сөз берсек. Алар бизге уурулукка барган адамдарга кандай жазалар колдонулаарын айтып беришсин.

1-юрист: 164-берене – уурдоо. Уурдаганда , башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн билгизбей алып кеткенде – үч эселенген айып салынат же эң аз айлык акынын элүү эселенген нормасын төлөп берет, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.


2-юрист: Уурдоо:
1. Адамдардын тобу тарабынан
2. Олуттуу өлчөмдөрдө жасалганда
3. Жабырлануучунун өзүнөн (чөнтөгүнөн же сумкасынан)уурдалганда – үч эселенген айып салынат жана мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


3-юрист: Уурдоо:
1. Уюмдашкан топ тарабынан
2. Ири өлчөмдө
3. Мурда уурулук менен эки же андан көп жолу кесилген адам тарабынан
4. Турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен жасалганда мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


4-юрист: Эскертүү :Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө күнөөлүүнүн же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүү максатында жасалганда. Менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирилгенде , мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.
Алып баруучу: Уурулукка барган адамдарды ушундай жазалар күтүп турат. Андан башка ал адамдын жана анын жакындарынын кадыр-баркы эл ичинде өтө төмөндөйт. Келечегине балта чабат. Ошондуктан достор
Окуучулар:Эч качан уурулукка барбайбыз!


Алып баруучу:  эгерде мектепте уурулар пайда болсо кантип жана кимдер менен иштешибиз керек?


1-окуучу: Адатта уурулук  менен айрым гана балдар алакеттенет, ошондуктан аларга каршы классташтарыңар, курдаштар менен биримдигиңер өтө күчтүү болсун.


2-окуучу: Мушташууну, алардын жазасын берүүнү максат кылбагыла, бирок бул ыпластыкка түп тамырынан каршы экениңерди ачык билдиргиле, жеңишке жетишкенче туруктуулугуңарды көрсөткүлө.


3-окуучу: Мектептеги активисттер, мектеп парламенти сыяктуу уюмдар менен биргелешип жыйындарды өткөргүлө, ачык түшүнүктүү, мыйзамга туура келе тургандай чечим кабыл алгыла.


4-окуучу: Мектептин директору, окуу- тарбия бөлүмдөрүнүн башчылары, мугалимдериңер аркылуу ата-энесине, туугандарына ушундай иш менен алектенип жаткандыгын билдиргиле.


5-окуучу: Жардылыктан уурулукка барып жаткандар болсо, ачык акция уюштуруп, аларга жардам көрсөткүлө. Ар кимиңер өз кошумчаңарды кошкула. Аларды камкордукка алгыла.


Алып баруучу: Өспүрүмдөрдүн арасында уурулардын пайда болуусуна мектеп рэкеттери да себепчи болушат. Рэкет деген ким? Класстер түзөбүз.
Окуучулар кластер формасында туруп, рэкетчиликтин маанисин тушүндүрүп беришет.


Мугалим : Мына балдар, бүгүнкү сабагыбызда уурулук кантип пайда болоору жана кандай жазаланаары, ошондой эле кылмыштын алдын алуу учүн эмне кылуу керектиги жөнүндө талкууладык. Элибизде мурдатан эле айтылып келе жаткандай “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба”. Жаман адаттарга берилсең, кылмыш жасасаң, ал эч качан жазасыз калбайт. “Кыңыр иш кырк жылда да билинет” дегендей бир күн албетте жазасын алат. Жабырлануучулардын каргышы, муң -зары  “Кудай жазаңды берсин”деген оор сөзгө такалат.  Ошондуктан балдар, эч качан уурулукка барбай, өз мээнетибиз менен жашаганга үйрөнөлү.


Тарбиялык саат төмөнкү ыр саптары менен жыйынтыкталат:

1-окуучу:                     Эстүү болсоң элиң сүйөт ар качан,
                                      Карылардын капка салгын айтканын.
                                      Бололу биз ыйман күткөн жакшы адам,
                                      Бойго жетип, адеп жыйнап, окуган.


2-окуучу:                     Капа кылбай эне менен атаны,
                                       Жаман жорук, тентектиктен качалы.
                                       Таанылып мектепке да, элге да,
                                       Эң адептүү мыкты окуучу катары.


3-окуучу:                      Ыйман болсо өлкө өнүгөт жогору,
                                        Тартип менен бейбаштыкты жоёлу.
                                        Элге керек келечектин ээлери,
                                        Эң ыймандуу уул-кыздар бололу.


4-окуучу:                       Оолак болуп жаман жорук кылыктан,
                                        Орун тапсак кең кесири турмуштан.
                                        Ар убакта бизге болоор ыраазы,
                                        Ата-энебиз өксү болбой сыймыктан