Ырыс алды — ынтымак
Качандыр бир кезде акылдуу карыя жашаптыр. Анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акыл-ды угушпайт. Ар кимиси өз алдынча жүрөт. Ага теге-ректегилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт. Киченеси чоңун акырая карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетишет. Атасы балдары-нын кылыгы жөнүндө терең ойго чөмүлөт. Эч айла болбо-гон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгы-ны көтөрүп келип, балдарын чогултуп алып:
— Кана, балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына
бул табылгыны тобу менен сындыргыла,— дейт.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Боо-ланган табылгыны эч кимиси сындыра албай, шалдайып туруп калышты.
Карыя табылгынын боосун чечип:
— Эми бирден сындырып көргүлө,— деди.
Балдары табылгыны ошол замат чырт-чурт бөлүп, сын-
дырышты.
Абышка балдарын отургузуп алып нускалуу сөз баш-тады:
— Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман си-
лерди жанагы жалгыз табылгыдай барча-бурч сындырып коёт. Ал эми боолонгон табылгыдай бирдиктүү болсоңор,
сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтаар акылым ушул,— дейт.
Просмотр содержимого документа
«Ырыс алды ынтымак»