Просмотр содержимого документа
«Зат атооч сөз түркүмү»
Чүй облусу Сокулук району Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы
Предметтик-үйрөтүүчү долбоор
Кыргыз тили
Башталгыч класстын окуучулары үчүн
Долбоордун темасы:
Зат
атооч
Долбоордун максаты:
- Зат атооч сөз түркүмү жөнүндө кеңири түшүнүк алуу
- Зат атооч сөз түркүмүнө талдоо жүргүзүүнү үйрөнүү жана аң – сезимде калыптандыруу
- Сан атоочту адабий тилде жана күнүмдүк турмушта туура колдоно билүү
Зат атооч деген эмне?
Заттын атын билдирип, ким? эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү зат атооч дейбиз.
Суроолордун берилиши
Ким?
Эмне?
- Кыргыз тилинде ким? деген суроо адамдарга гана берилет.
- Адамдардан башка жандуу жана жансыз заттарга берилет.
- Адамдардан башка жандуу жана жансыз заттарга берилет.
- Адамдардан башка жандуу жана жансыз заттарга берилет.
Учкул сөздөр
- Тилек болсо, билек табылат.
- Акылдуу ой издейт, акмак оюн издейт.
- Билим карыбас, өнөр арыбас.
- Эл амандыкты тилейт,
Душман жамандыкты тилейт.
Зат атоочтордун бөлүнүшү
Жандуу заттар
Жансыз заттар
- Адамдар
- Үй айбандары
- Жапайы айбандар
- Канаттуулар
- Жана башка түрдүү жаныбарлар
- Буюмдар
- Жемиштер
- Жашылчалар
- Кийим-кечелер
- Идиш-аяктар
Зат атоочтун жандуу же жансыз экендигин аныкта:
Энчилүү зат атоочтор деп эмнени айтабыз?
- Затка энчиленип, өзүнө гана таандык болуп коюлган атты энчилүү ат дейбиз.
- Адамдардай эле, айбанаттардын, жердин, көлдүн, тоолордун, суулардын, шаарлардын да энчиленген аттары болот .
Энчилүү аттардын жазылышы
- Энчилүү аттар ар дайым баш тамга менен башталып жазылат.
Зат атоочтордун маанисине карай бөлүнүшү
Зат атооч сөздөр жекелик жана көптүк мааниде айтылат
Зат атоочтун көптүк санда өзгөрүшү
Демек, зат атоочтун көптүк мааниси, жеке маанидеги зат атоочторго - лар мүчөсү улануу аркылуу түзүлөт.
- лар мүчөсү
- -лар, -лер, -лор, -лөр,
- -дар, -дер, -дор, -дөр,
- - тар, тер, тор, төр,
болуп өзгөрүлөт.
Көптүк маанидеги зат атоочко айландыр
- Кой
- Балык
- Көйнөк
- Китеп
- Алча
- Көпүрө
- Кыз
- Таш
- Койлор
- Балыктар
- Көйнөктөр
- Китептер
- Алчалар
- Көпүрөлөр
- Кыздар
- Таштар
Жеке маанидеги зат атоочко айландыр
- Бала
- Саат
- Көйнөк
- Тарелка
- Өрдөк
Зат атоочтордун жөндөлүшү
- Зат атоочтор жөндөмөлөр боюнча жөндөлөт. Адегенде кыргыз тилиндеги жөндөмөлөр жөнүндө эске салып алалы.
Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
- Атооч
- Илик
- Барыш
- Табыш
- Жатыш
- Чыгыш
- Ким? Эмне?
- Кимдин? Эмненин?
- Кимге? Эмнеге?
- Кимди? Эмнени?
- Кимде? Эмнеде?
- Кимден? Эмнеден?
Жөндөмө мүчөлөрүн ата.
- Атооч
- Илик
- Барыш
- Табыш
- Жатыш
- Чыгыш
-
-нын
-га
-ны
- да
- дан
Сүрөттөгү сөздөрдү жөндөгүлө
Аягы үндүүлөр менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү
- А: эже
- И: эженин
- Б: эжеге
- Т: эжени
- Ж: эжеде
- Ч: эжеден
Аягы жумшак үнсүздөр менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү
- А: килем
- И: килемдин
- Б: килемге
- Т: килемди
- Ж: килемде
- Ч: килемден
Аягы каткалаң үнсүздөр менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү
- А: мектеп
- И: мектептин
- Б: мектепке
- Т: мектептин
- Ж: мектепте
- Ч: мектептен
Аягы б, в, г, д тыбыштары менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү
- Мындай сөздөрдү жөндөгөндө в тыбышы ф, д тыбышы т, б тыбышы п, г тыбышы к болуп угулат .
- Бирок, угулушуна карабай сөздөр жөндөлгөндө б, в, г, д тамгалары сакталып аларга уланган мүчөлөр жумшак үнсүздөрдөн башталат.
Мисалы:
- А: Кыдыро в
- И: Кыдыро вд ун
- Б: Кыдыро вг о
- Т: Кыдыро вд у
- Ж: Кыдыро вд о
- Ч: Кыдыро вд он
- А: клу б
- И: клу бд ун
- Б: клу бг а
- Т: клу бд у
- Ж: клу бд а
- Ч: клу бд ан
Мисалы:
- А: заво д
- И: заво дд ун
- Б: заво дд о
- Т: заво дд у
- Ж: заво дд о
- Ч: заво дд он
- А: геоло г
- И: геоло гд ун
- Б: геоло гг о
- Т: геоло гд у
- Ж: геоло гд о
- Ч: геоло гд он
Орус тили аркылуу кирген сөздөрдүн жөндөлүшү
- Орус тили аркылуу кирген жана аягы -ск, -кт, - фть менен бүткөн сөздөр жөндөлгөндө уңгу менен мүчөнүн ортосуна бир үндүү кошулуп жөндөлөт.
- А: Томск
- И: Томск и нин
- Б: Томск и ге
- Т: Томск и ни
- Ж: Томск и де
- Ч: Томск и ден
-кт, -нг менен бүткөн сөздөр
- А: факт
- И: факт ы нын
- Б: факт ы га
- Т: факт ы ны
- Ж: факт ы да
- Ч: факт ы дан
- А: митинг
- И: митинг и нин
- Б: митинг и ге
- Т: митинг и ни
- Ж: митинг и де
- Ч: митинг и ден
Аягы ичкертүү белгиси менен бүткөн сөздөрдүн жөндөлүшү
- Аягы ичкертүү белгиси (ь) менен бүткөн сөздөр жөндөлгөндө ичкертүү белгиси (ь) түшүп калат.
- А: лагер ь
- И: лагердин
- Б: лагерге
- Т: лагерди
- Ж: лагерде
- Ч: лагерден
Ичкертүү белгиси сөздүн ортосуна келген сөздөрдүн жөндөлүшү
- Ичкертүү белгиси сөздүн ортосуна келген сөздөр жөндөлгөндө, ичкертүү белги (ь) сакталып калат да, жөндөлө берет.
- А:ал ь бом
- И:ал ь бомдун
- Б:ал ь бомго
- Т:ал ь бомду
- Ж:ал ь бомдо
- Ч:ал ь бомдон
Татаал зат атоочтордун жөндөлүшү
- Татаал зат атоочтордун жөндөлгөндө баш жагында келген сөздөр өзгөрүүсүз калып, жөндөмө мүчөлөрү аяккы сөзгө жалганат.
- А:ата- эне
- И: ата- эненин
- Б: ата- энеге
- Т: ата- энени
- Ж: ата- энеде
- Ч: ата- энеден
Татаал зат атоочтордун жөндөлүшү
- А:таш бака
- И:таш баканын
- Б:таш бакага
- Т:таш баканы
- Ж:таш бакада
- Ч:таш бакадан
- А: Кара- Көл
- И:Кара- Көлдүн
- Б:Кара- Көлгө
- Т:Кара- Көлдү
- Ж:Кара- Көлдө
- Ч:Кара- Көлдөн
Жыйынтык:
- Зат атоочтор адам баласынын турмушунда зор мааниге ээ.
- Зат атоочтордун маанисин жана жазылыш эрежелерин билүү сабаттуулуктун негизи
- Зат атоочтор кыргыз тилинде негизги оорунду ээлейт жана кеңири колдонулат.
Долбоордун үстүндө иштегендер :
- Талайбек уулу Кенчбек
- Токторбаев Сулайман
- Темирбеков Эльхан
- Темиралиев Улукбек
- Усенов Куттубек
- Мелисов Адилет
- Абдиахат уулу Саалих
- Улан кызы Жаңылмырза
- Сафаралиева Аида
- Тимур кызы Айзирек
- Аскарбек кызы Сезим
Долбоордун координатору :
- Тюлемишева Жаңыл Жумадиловна