Просмотр содержимого документа
«Жаш мугалимге жардам»
Мугалимдин милдеттери жана
олимпиадага окуучуларды даярдоо
Педагог үчүн пайдалуу 10 кеңеш
1. Өзүн өнүктүрүүгө көп
убакыт бөлүү керек.
Көп оку. Өз адистиги боюнча
китептерди, усулдук китептерди,
а дабий китептер, шыктандыруучу (мативациялык) китептерди окуу пайдалуу.
3. Өзүнө китеп окуу боюнча план коюу, аны аткаруунун үстүндө иштөө натыйжалуу болот.
4. Айлык маянаңдан өзүңдү өнүктүрүүгө каражат бөлгөнгө үйрөн.
5. Ар түрдүү семинар-тренингдерге директор жөнөтсө эле эмес, пайдалуу семинарларды өзүң издеп жүрүп катышууну адатка айлантыңыз.
6. Окуучуларңа көп китеп окутууга жетиш. Анткени окуучуларың көп окуса, билим сапаты өзүнөн-өзү көтөрүлөт.
7. Ата-энелер менен жакын бол. Аларга көп китеп окут. Себеби ата-эненин билимге мамилеси өзгөрөт. Билимдүү менен иштешүү, билимдүүнү башкаруу бир топ жеңил болот.
8. Кесибиңди сүйгөнгө үйрөн. Кесибиңе ылайык кийим кийип жүрүүгө үйрөн. Кесибиңди сыйла.Эгер өз кесибиңди сыйлабасаң, анда башкадан сый мамиле күтпө.
9. Күн сайын болбосо да, жума сайын, ай сайын «мен өзүмдүн, балдардын, коомдун билими үчүн эмне иш кылдым» деп өзүңө отчет бергенге үйрөн.
10. Бирөөнү окутуу, сабатын ачуу, жакшылыкка чакыруу-сооп иш экенин ар дайым эсте. Сооп иш жасоого күн сайын аракет кылууга үйрөн.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.