СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаш өзгөчөлүгүнө карата тарбиялоо

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша ата-эненин тарбия берүүсү жөнүндө сөз болмокчу

Просмотр содержимого документа
«Жаш өзгөчөлүгүнө карата тарбиялоо»

Тема: Жаш өзгөчүлүгүнө карата тарбиялоо

Сабактын билим берүүчүлүк максаты: Энелерге 13-14 жаштагы кыз- балдардын үй-бүлөдө эс алуу, эмгектенүү, сабакка даярдоосун уюштуруу, жаш өзгөчөлүгүнө жараша, аларды тарбиялоонун өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүк алышат

Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: Бул курактагы балдарды тарбиялоодогу өзгөчөлүктөрүн практикада колдоно билүү көндүмүнө ээ болушат

Сабактын тарбиялык максаты: Келечек муундарына тарбия берүү менен бирге жакшы жаманды айрымалай билүүгө үйрөтүшөт

Мектеп жашындагы балдардын жаш өзгөчөлүгүн кантип бөлүштүрөбүз жана алардын өзгөчөлүгү эмне деп ойлойсуздар?

Мектеп жашындагы балдар жеткинчек (7ден 12 —13 жашка чейин) жана өспүрүм (13 — 14төн 16—18 жашка чейин) болуп бөлүнөт. Бул мезгилдердин ар бири баланын өсүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Баланын өсүшүнө жыныстык жетилүү мезгилинин, жашоо шартынын, саламаттыгынын жана алган дене тарбиясынын мааниси чоң. Туура түзүлгөн күн тартиби жана спорт менен такай машыгуу баланын дене, күч жагынан жакшы жетилүүсүн камсыз кылат. Мектеп курагы: Мектеп жашындагы балдар жеткинчек (7ден 12 —13 жашка чейин) жана өспүрүм (13 — 14төн 16—18 жашка чейин) болуп бөлүнөт. Бул мезгилдердин ар бири баланын өсүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Баланын өсүшүнө жыныстык жетилүү мезгилинин, жашоо шартынын, саламаттыгынын жана алган дене тарбиясынын мааниси чоң. Туура түзүлгөн күн тартиби жана спорт менен такай машыгуу баланын дене, күч жагынан жакшы жетилүүсүн камсыз кылат.

Балдарыңыздардын үйдө үй жумуш жасоосуна көңүл бурасыздарбы, үй жумуштарын кантип бөлүштүрөсүздөр?

Баланын кыймылы, эмгектенүүсү анын таяныч-кыймыл аппаратынын туура өсүшүнө байланыштуу болот. Баланын алы жетерлик жумушту дайыма жасоодо булчуңдарга кан көп келип, булчуң ткандарынын туура өсүп-өнүгүшүнө түрткү берет. Мектепке барган жеткинчектерде көп учурда омуртка тутумунун кыйшайышы байкалат, ал китеп капты дайыма бир колуна көтөрүп жүрүүдөн, кыйшайып басуудан, партада же столдо туура эмес отуруудан болот (Келбет). Баланын төшөгүнүн өтө жумшак же түз эместигинен да омурткасы кыйшайышы ыктымал.

Дем алуу органдарын машыктырууда таза абада көнүгүүлөрдү, дем алуу гимнастикаларын жасоо маанилүү. Баланын жүрөк-кан тамыр системасы өтө чыдамкай жана ишкердүүлүгү менен айырмаланат.

Мектеп жашындагы балдар кан пайда болуу системасы баланын өсүшүнө жараша өзгөрүп турат. Жашы чоңойгон сайын кандагы эритроциттер жана гемоглобин азаят, лейкоциттер да ушундай өзгөрүүгө дуушар болот (Кан, Кан пайда болуу). Баланын организминин күч жана нерв-психикалык жагынан ылдам өсүүсү, маанилүү функцияларды жөнгө салуучу нерв системасынын өнүгүүсү баланын организмин чөйрө менен байланыштырат, балдарды эмгекке үйрөтүүгө мүмкүндүк ачат

Балдардын зат алмашуусунун өзгөчөлүгү бар. Өнүгүп-өсүп жаткан организм сарптаган энергия үзгүлтүксүз толукталып турушун жана орган менен ткандардын калыптануусуна керектүү заттардын келип туруусун талап кылат. Баланын организми (ач карын 20° температурада) нормалдуу зат алмашууну камсыз кылуу үчүн чоң кишилерге караганда көбүрөөк калория керектейт: баланын 1 кг салмагына 44 ккал. талап кылынса, чоң кишиге 23 ккал. гана керек. Баланын ден соолугун сактоо жана чыңдоодо аны гигиеналык көнүмдөргө үйрөтүүнүн мааниси чоң. Бала эртең менен, жатарда жуунуп, тишин тазалаганга, эшиктен келгенде, тамактанарда колун жууганга үйрөнүүсү зарыл. Баланын бөлмөсүн күнүгө жууп, андагы буюмдарды ным чүпүрөк менен сүртүп, желдетип, шейшебин тез-тез алмаштырып туруу керек.

Балдарыңыздар менен бирге сабак даярдайсыздарбы?

Баланын мектепке баруусу анын турмушундагы олуттуу өзгөрүү болуп саналат. Педагогдор менен ата-эне мүмкүн болушунча балага жардам берип, кыйынчылыкты жеңүүсүнө көмөктөшүүгө милдеттүү. Окуучунун акыл эмгегиндеги күн тартибинин бузулушу ага терс таасир тийгизет. Окуу материалдарынын ашкере көптүгү, күн тартибинин жоктугу, маалында эс албоо, күч эмгеги менен алектенбөө, аз кыймылдоо окуучунун нерв системасын бошоңдотуп, организмди чарчап-чаалыгууга жана алсызданууга дуушар кылат, ар кандай инфекцияларга чыдамсыз болушат. Окуучунун сабак даярдай турган орду ыңгайлуу болушу керек. Баланын мебели анын жашына жана боюна ылайык келиши керек. Бала сабак даярдап жатканда ага көз салуу зарыл: бүкүрөйбөй түз олтуруп, стол менен көздүн аралыгы 30 — 35 см болууга тийиш. Столго жарык сол жактан тийип, стол үстүндөгү чырактын жарыгы баланын көзүн уялтпагандай болуусу керек. Жарыктын туура эмес тийүүсү, стол менен отургучтун өтө бийик же жапыз болушу баланын келбетин, көзүн бузат.

Сабак даярдоону адегенде жазуу ишинен баштаган оң, андан кийин окуу көнүгүүлөрүн бышыктоо керек. Алгач анча оор эмес сабакты, анан оорураагын, аягында эң жеңилин даярдоо туура.

Балдардын эс алуусу жөнүндө эмнелерди кеңеш кылат элеңиздер?

Организмдин ишке жөндөмдүүлүгүн жакшы эс алуу, айрыкча уйку гана калыбына келтирет. 7 —10 жаштагы балдар 10—10,5 саат укташы керек. Эгер алар азыраак (7—8 саат) уктаса, ишке жөндөмдүүлүгү 30%ке төмөндөйт. Кээде мектеп окуучулары үй тапшырмаларынан тышкары музыкага көнүгөт, китеп окуйт, чет тил үйрөнөт, кино, телеберүүлөрдү көрөт. Мындан алар өтө чарчап, начар уктайт, уйкусу канбайт. Дайыма уйку канбоодон, акыл эмгегинен чарчап чаалыгуудан ачуулуу, орой, унутчаак боло баштайт. Жатып алып китеп окуу көздү гана бузбастан, уйкуну да качырат. Окуучулардын таза абада ойноосун туура уюштуруу зарыл. Айрыкча мектептен келгенден кийин 1 —1,5 саат ойноп, анан сабак даярдоого киришсе болот. Өтө чарчатуучу оюндарды (коньки, лыжа тебүү, футбол ойноо) аз ойнотуу керек. Дем алыш күндөрүндө бала уйкусун кандыруусу, экскурсия, жүрүшкө чыгуу, спорт менен машыгуусу пайдалуу.

Баланы тарбиялоодо анын айланасындагылардын таасири маанилүү. Айрыкча ата-эне балага үлгү болуулары зарыл. Баланы тарбиялоодо анын жеке өзгөчөлүгү эске алынууга тийиш.

Мектеп окуучусун туура тамактандыруу анын күч жана нерв-психикалык жагынан өсүшүндө мааниси зор. Бала тамак-аштан ткандарды түзүүчү заттарды — белокторду, майларды, углеводдорду, минерал туздарды, витаминдерди алууга тийиш. Белок ар бир тирүү клетканын составына кирүүчү негизги курулуш материалы болуп саналат (Белоктор). Белок жетишпегенден бала алсызданат, арыктайт, кеч жетилет, көп ооруйт. Айрыкча сүт жана сүт азыктарынын, эт, балык, жумуртка белоктору пайдалуу. Белокту жашылча жакшы сиңирет ошондуктан эт жана балык тамактарга жашылча кошуп берүү туура. Майлар жана углеводдор энергиянын булагы болуп саналат. Май тамактын даамын жакшыртып, ток болот. Бирок өтө көп жегенден, айрыкча малдын майынан зат алмашуу бузулуп, семирип кетүү мүмкүн. Углеводду (ундан жасалган тамак-аш) көп жеген бала борпоң, өңү кубарып, алсыз, оорукчан болот. Балдар минерал тузду жетишерлик алуусу керек (Минерал заттар). Ошондой эле витамин жетишпегенден да бала чатак болуп, тез чарчайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, көп ооруйт (Витамин жетишсиздиги).

Мектеп жашындагы жеткинчек балдарга дене тарбия мамлекеттик программа боюнча жашына ылайык жүргүзүлөт. Ата-эне баланын дене тарбиясына активдүү жардамдашуулары керек.

Окуучу күн сайын эртең менен зарядка жасоого тийиш. Жеткинчек бала үчүн спорт оюндарына окшош кыймылдуу оюндар сунуш кылынат. Спорттун түрлөрү (Акробатика, Баскетбол, Волейбол, Коньки спорту, Жеңил атлетика, Лыжа спорту) менен окуучулар ар кандай куракта машыга башташат. Денени чыңдоого аба жана күн ванналары, суу процедуралары жакшы жардам берет.

Жыйынтыктоо:

1.Балдардын эс алуусун кантип уюштурушубуз керек?

2.Бүгүнкү сабактан кандай жыйынтык чыгардыңыздар?