СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жат жазуу 11-класс үчүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

Күү баяны

Просмотр содержимого документа
«Жат жазуу 11-класс үчүн»

Күү баяны

Кыргыздын меймандостугу жөнүндө байыртан келаткан уламышты уккан белең?



Анда окуя мобундай: илгери бөлөк элден, бөлөк жерден ат арытып, жол карытып, комузун угуп, сый-урматын көрөлүк деп, кыргызга мейман келиптир.



Үй ээсинин жалгыз уулу өлүм алдында жаткан. Үй ээси капыстан келген меймандарга сыр билгизбей,башка ак өргөөгө мейман тосуп, мурдагысындай жадырап-жайнап, каадалуу нуска кебин айтып, комузун чертип отурду. Меймандардын бирөө сырттагы башка боз үйдөгү кыйналган үнгө кулагын төшөп суроо салды:



- Кишинин онтогону угулабы? Ким бу?



- Мал го.-деп жооп берди мейман тоскон үйдүн ээси. Бир оокумда, казан чыгарарга келгенде, үйдүн ээси боз үйгө аста кирип, уулунун о дүйнөгө узап кеткенин көрдү.



Үй ээсинин жүрөгү муң-зарга батса да:" Меймандарымдын күлкүсү качпасын, ыраазычылыкта кетишсин үйдөн"-деп, ичине сыр катты. Меймандар жадырап- жайнап кыргызга ыраазы болушту.



Эми комузунду чертип кой,угалы да,кайталы,-дешти меймандар.



Үй ээси кереге башындагы комузун алып,чертип кирди. Бу саам комуз ботодой боздоду белем. Комузду тыңшаган меймандар кара башын жоктоону угушту. Эми эле шаттыкка баткан үй ээсинин жүрөгүн кайгы чалганын меймандар сезип калышты.



Каада-салтты билген меймандар да сыр бербей,мейман ишаратынан жазбай, үй ээси менен коштошуп, жолго аттанышат. Меймандар узап баратышып, кайрадан аттарынын баштарын шарт бурушуп, баягы аза күткөн кыргыздын үйүнө бул саамында өкүрүп түшүшкөн экен.



Көрдүңбү, замандаш,мында кайгылуу күүнүн баяны эмес,мейман күткөн кыргыздын достук адилдигине,кайгыга чыдаган эрдигине сыймыктанып айтып жатам.



(206сөз)