СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жазуу эрежелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жазуу эрежелери»

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ (ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ)

Тыбыш, тамга жана алфавит.

1-§. Кыргыз адабий тилинде он төрт үндүү, жыйырма үнсүз тыбыш бар. Үндүүлөрдүн сегизи - кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо - созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө - жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө - ичке: э, ээ, о, оо, и, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо - уяң: м, н, ң, р, й, л; алтоо - жумшак: б, в, д, ж, з, г; сегизи - каткалаң: п, ф, с, ш, ч, х, к, т.

2-§. Кыргыз тилиндеги тыбыштар 36 тамга менен белгиленет: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд, Ее, Ёё, Жж, Зз, Ии, Ий, Кк, Лл, Мм, Нн, ң, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя.

"Эскертүү: булардын ичинен Ц, Щ тамгалары жапа Ъ, Ь белгилери Кыргыз Республикасынын расмий тили - орус тилинен жана башка тилдерден кирген сөздөрдү жазууда колдонулат."

3-§. Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү. Аары, саат, жаа, жээк, бээ, оор, боор, жоо, өөн, мөөн, төө, уук, суур, буу, жүүн, күү, ж.б.

Үндүү тыбыштардын жазылышы.

4-§. Сөз башында "э", сөз ортосунда жана аягында "е", созулма түрү бардык учурда "ээ" болуп жазылат.

5-§. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө же сөз уланганда үндүүлөрдүн бири түшүп калат: "бала - ым -балам, эне - ым - энем, тара- ын - таран, укта - ып - уктап, сары - ала - сарала, тору - ала - торала, тору - айгыр - торайгыр".

Үнсүз тыбыштардын жазылышы.

6-§. Төл сөздөрдүн аягында "б, в, д, ж, г" тыбыштары колдонулбайт, бирок өздөштүрүлгөн "герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог" сыяктуу сөздөрдө сакталат (VII бөлүмдү караңыз).

7-§. Төл сөздөрдө "р" тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан "раазы, рас, раак" сөздөрү "ыраазы, ырас, ыраак" түрүндө жазылат.

"Эскертүү: араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: "рамазан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, руханий"."

8-§. "б" тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл "в" тыбышына окшош айтылса да, жазууда "б" тамгасы менен гана белгиленет: "ооба, аба, собол" («суроо» маанисиндеги, аны менен катар колдонулуп жүргөн сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.

Баш тамгалардын жазылышы.

9-§. Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат. "Эмгек - бакыт. Биз - элибиздин маданий байлыгына мурасчыбыз".

10-§. Сүйлөмдүн же энчилүү аттын башына келген созулма үндүүнүн биринчи тамгасы баш тамга, экинчиси кичине тамга менен жазылат: "Аалам, Ооруктам, Уулум, Ээрден, Аалы" ж.б.

11-§. Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат (VI бөлүмдү караңыз).

Уңгу сөздөрдүн жазылышы.

12-§. Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: "айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты" ж.б.

13-§. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: "алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири" ж.б.

14-§. Сөз башында "н" тыбышы түшүрүлбөй жазылат: "найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ноюбас, ным, нике" ж.б. Ал эми "нечен-эчен, небак-эбак" болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет.

"Эскертуу: бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмесин орфографиялык сөздүк камтыйт."

Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы.

15-§. Аягы "р" тыбышы менен бүткөн сөзгө -"лык, -луу, -ла" мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы "л" тыбышы "д" тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б.

16-§. Чакчыл "-а(-й)" мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, "-м" жана толук "-мын" болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: "келем-келемин, окуйм- окуймун, алам-аламын, барам-барамын" ж.б.

17-§. Өткөн чактын "-ган" мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын "-ганмын, -гамын, -гам" болуп өзгөрүп айтылган түрлөрүнүн бардыгына тең жазууда жол берилет: келгенмин-келгемин-келгем, барганмын-баргамын-баргам, окуганмын-окугамын-окугам ж.б.

18-§. Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: "энемдин-энемин, энемди-энеми, энемден-энемен, энеңдин-энеңин" ж.б.

19-§. 1-, 2-жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык "-ныкы" мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: "баламкы//баламдыкы, инимки//инимдики, агамкы//агамдыкы, эжемки//эжемдики".

20-§. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: "байыртан//байыртадан, илгертен//илгертеден, эмитен//эмитеден, азыртан// азыртадан".

21-§. "-оо, -уу, -өө, -үү" мүчөсүнөн кийин "-чы" мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү, бургулоочу түрүндө жазылат.

22-§. Өткөн чактын "-чу" мүчөсү уланган этиш сөздөр "жазчу, тергечү, ширетчү, бакчу, иштечү" түрүндө гана жазылат.

"Эскертүү: этиш создордүн "-ычу, -учу, -үчү" формасында жазылышына жол берилбейт: "барычумун" эмес, "барчумун", "келүчүмүн" эмес, "келчүмүн" ж.б."

23-§. Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр "б, в, г, д, ж" тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткаландашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: "педагогко" эмес, "педагогго"; "Калининградта" эмес, "Калининградда"; "Гамбургка" эмес, "Гамбургга"; "Алиевтин" эмес, "Алиевдин" ж.б.

24-§. Аягы "к, п" тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар "г, б" тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат: "көк+ыш=көгүш, бак+ар=багар, чап+ уу=чабуу, китеп+ы=китеби, бак+ында=багында, топ+ым=тобум" ж.б.

"Эскертүү: тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: "такылда, чакылда, бапылда, тапылда" ж. б."

25-§. Аягы уяң үнсүз менен аяктаган сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да жазылышына жол берилет: "карыным-кардым, мурунун-мурдун, эриниң-эрдиң, ийиниң-ийниң" ж.б.

26-§. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун "-ар//-ыр" мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: "иште+ар=иш-тээр, башта+ар=баштаар, ойло+ар=ойлоор, кара+ар=караар" ж.б.

"Эскертүү: "-ы, -и" үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө "-ар//-ыр" мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: "ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр, жиби+ир=жибир, ысы+ыр=ысыр, ээрчи+ир=ээрчир"."

27-§. Үнсүз менен аяктаган этишке "-ар" мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: "бар+ар=барар, кел+ар=келер, сат+ар=сатар, жүр+ар=жүрөр" ж.б.

28-§. Аягы "м, п" тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл "-ып" мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан андай сөздөр угулушунча жазылат: эм+ып=ээмп, сеп+ып=сээп, өп+ып=өөп, чап+ып=чаап ж.б.

29-§. Аягы "н" тыбышы менен бүткон создөрго "к, г, б, м" тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, "н" тыбышынын "ң" же "м" тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: "түңкү" эмес, "түнкү"; "түмбү" эмес, "түнбү"; "күңгө" эмес, "күнгө" ж.б.

30-§. Аягы "з" тыбышы менен бүткөн сөзгө "с, ч" тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: "сөссүз" эмес, "сөзсүз"; "касса" эмес, "казса"; "тоссо" эмес, "тозсо"; "асчылык" эмес, "азчылык" ж.б.

31-§. Аягы "ч" тыбышы менен бүткөн сөзгө "с, ч" тыбыштарынан башталган мүчө жалганса, "ч" тыбышынын "ш" тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: "ушсуз" эмес, "учсуз"; "кашты" эмес, "качты"; "уушта" эмес, "уучта"; "чашса" эмес, "чачса" ж.б.

32-§. Күчөтмө сын атооч, күчөтмө тактооч, айрым сурама ат атоочторду жасоочу "кап-, көп-, кып-, кип-, күр-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп-" ж.б.у.с. формалар негизги сөз менен бирге жазылат: "капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, апаппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз". Ошондой эле "тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак" деген сөздөр да бирге жазылат.

33-§. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн "на-, бей-, анти-, контр-, ди-" сыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: "бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, нааразы, натуура, бейкам, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог" ж.б.

Бириккен жана кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы.

34-§. Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара биригип кеткен тарыхый кошмок (бириккен) сөздөр бирге жазылат: "бүгүн, быйыл, кайер, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, унчук, кайната, байке, агайын, былтыр, бүрсүгүнү, антип, минтип, ушинтип, ошентип, түнүчүндө, таяке, улутун" ж.б.

35-§. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашынан жасалып, бир маани берип турган кошмок (бириккен) сөздөр бирге жазылат: "карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, акиташ, балжууран, денебою, карагат, алмончок" ж.б.

36-§. Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып, бириккен сөз катары колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт: "тилгат" эмес, "тилкат"; коңгарга эмес, коңкарга; "колгап" эмес. "колкап"; "ишенимгат" эмес, "ишенимкат".

37-§. Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбой, биригип кеткен сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат: "асыресе, тиригарак, жексур, колкабыш, ачарбак, ачкүсөн".

38-§. Түгөйлорү маанилик касиеттерин толук сактаганы менен, эркин сөз айкашынан айырмаланып, лексикалашып кеткен (эки, үч сөз биригип, бир маани туюнтуп калган) кошмок сөздөр бирге жазылат: "көзайнек, алпкаракуш, аксарбашыл, ташбака, козукарын, аткулак, айбалта, аттиш, ашказан, айрыкуйрук, кошооз, ачкөз, көкжал, арыкчырай, алагүү, тогузкат, үчем, араңжан, колжазма, басмасөз, көзкараш, колбашчы, жолбашчы, кезкарандысыз, аккөңүл, карагер".

Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы.

39-§. Түгөйлөрүнүн лексикалык алгачкы мааниси сакталып, толук лексикалашпаган төмөнкүдөй кошмок сөздөр айрым жазылат: "беш күндүк, алты айлык, эгин талаасы, алтын кашык, алтын саат, башкы командачы, башкы редактор, бүткүл дүйнөлүк, айылдык кеңеш, райондук кеңеш, ойлоп табуучу, иш жүргүзүүчү, ат сарай, кой сарай" ж.б.

"Эскертүү: биринчи сөзү кыскарып бир мууну гана сакталса, алар бирге жазылат: "райкеңеш, облкеңеш" ж.б."

40-§. Сан атоочтордун жөнөкөй түрү да, татаал түрү да айкашкан сөздөрү менен биригип жазылбастан, айрым жазылат: "он бир, жүз элүү эки, бир миң тогуз жүз токсонунчу жыл, беш бала, үч киши, он эки ай, кырк бешинчи жыл".

41-§. Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: "чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, айттырып ий, кете бер, алып барып кел, таап кел, алып барып бере кой, сурап чыга кал, жыгылып кете жаздап барып токтоду, келе жатат" ж.б.

"Эскертүү: 1) «жат» деген жардамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: "иштебатат, баратат, келатат, алпаратат, апкелатат" ж.б.

2) төмөнкү татаал этиштердин толук түрүнө да, кыскартылган түрүнө да жазууда жол берилет: "алып бар//алпар, алып кел//апкел, алып бер//алпер" ж. б."

42-§. Зат атооч менен этиштен, тактооч менен этиштен куралган кошмок сөздөр да айрым жазылат: "жардам кыл, жардам эт, кол шилте, кол сал, баш ийдир, салам бер, баш тарт, азап чек, өч ал, кол кой, таасир эт, өмүр сүр, курман бол, өйдө бас, төмөн түш, жогору чык" ж.б.

43-§. Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк жазылат: "эшек такалаган, тили буудай куурган, кара кылды как жарган, колтугуна суу бүркүү, жумурткадан кыр издөө, камырдан кыл суургандай, мурдун балта кеспеген, талпагын ташка жаюу" ж.б.

44-§- Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектешип айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: "өтө кооз, ого бетер, бар эле, сен го, эң сонун, бах чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, мага чейин, тоого дейре, ар нерсе, ар ким, кимдир бирөө, эч качан, эч жерде, эч нерсе, ар качан" ж.б.

"Эскертүү: "эчтеке, эчтеме, бирдеңке, бирдеме" сыяктуу сөздөр бирге жазылат."

Кыскартылган сөздөр, графикалык кыскартуулар жана алардын жазылышы.

45-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: "БУУ (Бириккен улуттар уюму), КУУ (Кыргыз улуттук университети), УАК (Улуттук аттестациялоо комиссиясы)".

46-§. Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө уланганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык мүчө кичине тамга менен жазылат: "БУУга, КУУнун, УАКтын, МАИнин, КТРдин" ж.б.

47-§. Биринчи муундары сакталып кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып, бирге жазылат: "химфак, филфак, физприбор, турфирма" ж.б.

Кош сөздөрдүн жазылышы.

48-§. Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат: "сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, эки-үч, улам-улам, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр, тарс-турс, жылт-жулт, жүрүм-турум, каада-салт" ж.б.

Энчилүү аттардын жазылышы.

49-§. "1." Адамдын бир сөздөн турган ысмы, атасынын аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: "Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Аян, Кыял, Балка, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс" ж.б.

"2." Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: "Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Элтегин, Сонунбала, Мамбеткалый, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Элмира" ж.б.

"Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар "Кыз Сайкал, Жайыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач" сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылышына да жол берилет.

"3." Адамдын ысмына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглу, зааде ж.б. сыяктуу) кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: "Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы".

"Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж.б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат ("Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин").

"4." Адам аттарын жазууда "Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек" сыяктуу - адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын атап жазууга жол берилет."

"5." Адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт (2-параграф): "Асель, Назгүль, Эмиль" эмес, "Асел, Назгүл, Эмил".

"6." Адам аттарына "-лык, -чы, -чыл, -изм" мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: "марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил".

50-§. Мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат: "Адам ата, Умай эне, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата, Зеңги баба, Көкө теңир" ж.б.

51 -§. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: "Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Бонч-Бруевич, Жан-Жак-Руссо, Салтыков-Щедрин, Иоганн-Себастьян Бах" ж.б.

"Эскертүү: орус тилинде "дж" аркылуу белгиленип жүргөн Джек", Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдош, Джаныбек" сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги "ж" аркылуу гана "Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдош, Жаныбек" түрүндө жазылат."

52-§. Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып ("солто, саяк, кыдык, орус, хакас"), татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: "сарбагыш, карабагыш, боркемик, каракытай, бешкүрөң, чакчабий, акбилек, элчибай, отузуул" ж. б.

53-§. Астрономиялык татаал энчилүү аттар (космонимдер) баш тамга менен башталып, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат: "Жети аркар, Жети каракчы, Алтын казык, Чоң жетиген, Саманчы жолу" ж.б.

54-§. Айбанат, куштардын энчилүү аттары (зоонимдер) баш тамга менен башталып, түгөйлөрү бириктирилип жазылат: "Акборчук, Аккула, Кербилек, Акшумкар, Бөрүбасар, Чалкуйрук, Гүлсарат, Телтору, Суречки, Сарала".

55-§. "1." Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: "Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Арстанбап, Нарын, Гүлчө, Жазы" ж.б.

"2." Географиялык татаал энчилүү аттар бириктирилип, айтылышы боюнча жазылат: "Аларча, Балгарт, Алабука, Акталаа, Акшыйрак, Алабел, Алайкуу, Чоңалай, Башкарасуу, Чоңсарой, Айтийбес, Көкжаңгак, Атбашы, Кичикумбел, Шамалдысай, Ысыккөл, Ысыката, Сарычелек, Торайгыр, Ылайталаа, Мырзаке, Эркинтоо, Карабалта, Жалалабат" ж.б.

3." Географиялык энчилүү аттарга ошол жердин экендигин туюнтуучу "-лык" мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: "Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысыккөл// ысыккөлдүк, Нарын//нарындык".

"4." Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: "Алматы, Анжыян, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самаркан, Ташкен, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бетпакталаа, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Кызылжар, Түркия" ж.б.

"Эскертүү: 1) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң музтөр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоңсарой айылы ж.б.;"

"2) түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: "Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Түштүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү" ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: "Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысыккөлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы" ж.б.

56-§. Географиялык энчилүү аттар кош сөз катары жанаша айтылса, арасына сызыкча коюлуп. баш тамга менен айрым жазылат: "Ош - Эркечтам - Кашкар жолу, Пекин - Үрүмчү - Алматы - Бишкек - Ташкен темир жол каттамы, Бишкек - Москва — Уфа — Бишкек каттамындагы самолет".

57-§. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: "Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту" ж.б.

58-§. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: "Билим жана маданият министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонд, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия".

59-§, Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баштамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым жазылат: "Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы, Эрдик, Даңк медалдары".

60-§. Тарыхый окуя, майрамдык даталардын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: "Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басмасөз күнү, Жылажыраш же Нооруз майрамы" ж.б.

"Эскертуу: майрамдыи аты сап менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: "1-Май, 9-Май" ж.б."

61-§. Министр, президент, төрага, деректир, орунбасар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы, ж.б. кызмат орунду, атайын наамды, илимий даражаны билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз улуттук университетинин ректору" ж.б.

"Эскертуу: "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры" өңдуу аталыштардын бардык сөзу баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат."

62-§. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Бишкек» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Илим» басмасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Кыял» бирикмеси.

63-§. Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезит-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Тоо арасында», «Каныбек», «Сынган бугу», «Асаба», «Узак жол».

64-§. Эгерде көркөм чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сөз катары айтылса, алар тырмакчага алынып, ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: «Жаныш - Байыш», «Саринжи - Бөкөй» эпостору, «Козу көрпөш - Баян сулуу» чыгармасы.

Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы.

65-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр, негизинен, орус орфогра-фиясындагыдай жазылат: "жюри, бокс, аффикс, арбитраж, герб, банк" ж.б.

66-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилип айтылган сөздөр айтылышынча жазылышына жол берилет: "белет, ашмүшкө, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, нөл, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, жаркоп, машине, меш, силиндир, шотка, плаш" ж.б.

67-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген айрым сөздөр кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп (акыркы тыбышы түшүрүлүп же ага башка тыбыш кошулуп, же акыркы тыбыштын ордуна башка тыбыш колдонулуп) жазылышына жол берилет: "сутки" эмес, "сутка"; "ранг" эмес, "ранга"; "танк" эмес, "танка"; "азбест" эмес, "азбес"; "артист" эмес, "артис"; "ботинки" эмес, "батинке"; "каникулы" эмес, "каникул" ж.б.

68-§. Аягы "-пп, -тт, -сс, -мм" кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү тыбыш менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: "киловатт+да - киловатта, киловатт+дан - киловаттан, класс+сыз - классыз" ж.б.

Ташымал.

69-§. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки"-теп, бо-ёк, то-ют, айтылган-дар. келген-дер, же ай-тылгандар". Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт: "то-олордо" эмес, "тоо-лордо"; "бекинү-үчү" эмес, "бекинүү-чү"; "за-аркану-учу" эмес "заар-кануу-чу".

70-§. Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: "жол, ар, эл, тан, таан, суук, тоо, ээр, тарс, акт".

71-§. Үч тыбыштан же эки муундан турган сөздөрдү да ташымалдоого болбойт. Мындай сөздөрдүн бир гана үндүү тыбыштан турган муунун өзүнчө калтырып, калган муунун экинчи сапка ташып жазуу ылайыксыз. Ошондуктан мындай сөздөр муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бардыгы чогуу жазылат ("э-не" эмес "эне").

72-§. Йоттошкон "е, ё, ю, я" тамгалары менен келген муундарды бөлүп ташууга болбойт: "та-я, бо-ё, ю-билей, чи-е, акаци-я".

73-§. Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбышты бири-биринен ажыратып ташуу керек: "та-ккан" эмес, "так-кан"; "кана-ттуу" эмес, "канат-туу"; "ча-ппа" эмес, "чап-па"; "ка-сса" эмес "кас-са".

74-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган "БУУ, КМУУ, УАК, МАИ" сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: "хим-фак", "мам-бас" (мамлекеттик басма).

75-§. Кишилердин кыскартылып алынган ысмы жана атасынын аты фамилиядан ташылбайт. Т". М. Мамбетжунушов, Б. Т. Рысалиевди" "Т. М." жана "Б. Т." кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт.

76-§. Цифрадан кийин келген "км, дм, м, см, т, ц, кг, г" сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: "10 км, 20 дм, 75 см; 10 т., 100 ц., 125 кг., 67 г".

"Жалпы эскертүү: жазуу эрежелеринде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлүүчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет."




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!