СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жеке компьютердин түзүлүшү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жеке компьютерлер эки негизги элементтен турат. Бул системалык блок жана киргизүү-чыгаруу түзүлүштѳрү(монитор, клавиатура, чычкан, колонкалар, принтер ж. б.)

Просмотр содержимого документа
«Жеке компьютердин түзүлүшү»

Жеке компьютердин түзүлүшү

Жеке компьютерлер эки негизги элементтен турат. Бул системалык блок жана киргизүү-чыгаруу түзүлүштѳрү(монитор, клавиатура, чычкан, колонкалар, принтер ж. б.).



Системалык блок тѳмѳнкүлѳрдѳн турат:
1. корпус;
2. энелик плата;
3. процессор;
4. оперативдик эс;
5. катуу диск;
6. жумшак (флоппи)-дисктерди окуу(дисковод);
7. компакт дискттерди окуу(CD-ROM);
8. видеокарталар;
9. үндүк карталар;

Корпустун бир нече тиби бар:

1.Desktop.
2.Mini-Tower.
3.Midi-Tower.
4.Big-Tower.

Desktop – бул горизонталдуу блок, монитордун алдында жайгашкан түрү. Tower’лер (башнялар)–азыркы учурда кѳп таркаган, вертикалдуу блок түрүндѳ болот. Албетте, ар бир түрү ѳзүнүн жетишкендиги жана кемчилиги менен белгилүү.


Системалык платанын негизги компоненттери:
1. Процессор.
2. Оперативдик эс.
3. PCI шиналарынын интерфейстери.
4. системалык логиканын микросхемасы(чипсет).
5. Катуу дискттерди, CD же DVD лерди туташтыруу үчүн керектелген интерфейстер.
6. FDD ни туташтыруу үчүн интерфейсттер.
7. Киргизүү-чыгаруу порттору


Энелик плата. (mainboard, matherboard, systemboard). Муну биз дагы системалык плата деп да атайбыз. Бул компьютердин негизи. Оперативдик эстин максималдуу ѳлчѳмүн аныктоону, кайсы типтеги процессорду колдонууну мына ушул плата аныктап берет. Бардык кеңейтүү платалары (видеокарта, контроллер SCSI, модем, сеттик карта ж.б.) энелик платага бекитилген, мында компьютерди башкаруучу микросхема жайгашкан.


Процессор



Процессор-бул берилиштерди эсептѳѳгѳ негизделген. Процессорду эки бѳлүккѳ бѳлүүгѳ болот: АЛТ (Арифметика-Логикалык түзүлүш) жана УУ (түзүлүштү башкаруу). Биринчиси берилиштерди анализдейт, экинчиси болсо – аларды жѳнѳтѳт. Процессор ички эс менен жабылган. Ал кэш-эс деп аталат жана эки деңгээлде болот. Азыркы учурда процессорду негиздеген бир нече уюм бар, бирок алардын ичинен эң алдыңкысы: Intel жана AMD.




(DRAM – Dynamic Random Access memory). Оперативдик эс. Маалыматтарды сактайт. Оперативдик эстин кемчилиги-бул компьютер ѳчкѳндѳ маалыматтар ѳчүп калат.









Каттуу диск


(HDD – Hard Disk Driver). Бул- винчестер, бул-винт, бул- хард. Бул берилиштерди(программалар, оюндар, вирустар) сактоочу түзүлүш Каттуу дискттердин негизги эки түрү бар : 3,5 дюймдук-булар жеке компьютерлер үчүн жана 2,5 дюймдук – бул ноутбуктар үчүн. Катуу дискттердин кѳлѳмү азыркы учурда гигобайттар менен ѳлчѳнѳт.





Флоппи – дисковод


(FDD Floppy Disk Driver). Дисковод бул жумшак дискттер менен иштѳѳгѳ негизделген.




(CD-ROM - Compact Disk Read Only Memory, DVD-ROM - Digital Versatile Disk). CD-бул компакт-дисктеги маалыматтарды окуу, жазуу үчүн колдонулат. DVD – бул DVD-дисктеги маалыматтар менен иштейт. CD-ROM бул CD менен Гана иштейт, ал эми DVD-ROM болсо DVD менен да CD менен иштей берет.


Видеокарта




Бул видеоадаптер






Үндүк карта


Үндүк маалыматтарды алууга негизделген. Колонка, наушниктер туташтырылат.






Клавиатура

(Keyboard). Клавиатура бул компьютердин киргизүүчү түзүлүшү. Мында 101-103 баскыч бар. Мындагы баскычтарды 4 топко бѳлѳбүз.

  1. Алфавиттик-цифралык баскычтар тобу

  2. Функционалдык баскычтар тобу

  3. Кызматчы баскычтар тобу

  4. Оң жактагы жардамчы баскычтар тобу.

Чычкан



Чычкан-бул компьютердин кошумча түзүлүшү. Бул түзүлүш компьютерде иштѳѳнү жеңилдетет.

Чычкандын оптикалык, проводу жок, аралаш, ролиги бар түрлѳрү бар.





Сканер

Сканер-бул ар кандай сүрѳттѳлүштѳрдү, тексттерди компьютерге түшүрүүчү түзүлүш.


Монитор

Маалыматтарды чыгаруучу негизги түзүлүштѳрдүн бири. Мониторлор экранынын ѳлчѳмүнѳ карата түрлѳргѳ бѳлүнѳт. Эң кеңири тараган түрү-бул 15 дюймдук, 17 дюймдук болуп бѳлүнѳт.


Принтер.


Принтер маалыматты кагаз бетине чыгаруучу түзүлүш. Принтердин негизи 3 түрү бар. Матрицалык, чачыратма, лазердик


Колонки


бул үндүк маалыматтарды чыгаруучу түзүлүш.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!