Жолдо
жүрүүнүн
эрежеси
Өтө
бер!
Жолдо жүрүүнүн
эрежелери
Байыркы заманда ,машина жок кезде көчөлөрүндө жеңил жана жүк ташуучу автомобиль, автобус, троллейбус, маршруттук таксилер, трамвайлар кыйма-чийме жүрүп турат. Көчөлөрдөгү башаламандык адам өмүрү үчүн өтө опурталдуу болду: жолду машиналар бөгөп, жөө кишилерди коюп кетүү коркунучу чоң. Үйлөргө кат жана гезиттер, дүкөндөргө товарлар өз учурунда ташылбай, врачтар оорулууларга, өрт өчүргүчтөр өрткө үлгүрө алышмак эмес. Башаламандык болбос үчүн Мамлекеттик автомобиль инспекциясы (МАИ) жолдо жүрүүнүн эрежесин - көчөдө жана жолдо жүрүү мыйзамдарын түзгөн.
Көчөдө ар кимдин өз орду бар. Транспорт жолдун унаа жүрүүчү бөлүгү - төшөлмө жол аркылуу, жөө жүрүүчүлөр тротуар же жолдун чети менен жүрүүгө тийиш. Шаардагы транспорт көп жүргөн көчөдөн өтүш үчүн ак тилкелер менен белгиленген өтмө жолчодон же жер алдындагы өткөөл аркылуу гана өтүш керек. Эгер андай жолчо да, өткөөл да жок болсо, көчө кесилишинен гана өтүүгө болот. Көчө кесилиши - көчөдөгү эң маанилүү жер. Эгер айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр көчөдө жүрүүнүн эрежелерин туура сактабаса, дал ушундай жерден авария, кырсык көп болот.
Көчө кесилишиндеги кыймылды светофор жөнгө салып турат. Анын кызыл, сары жана жашыл жарык берүүчү үч фонары болот, кээде капталында да жебелүү фонарлар кездешет. Көчөдө жүрүүгө жана андан өтүүгө уруксат жашыл фонарь жанган багыт боюнча гана берилет. Ал эми кызыл жанганда көчөдө бир да машина болбосо да жүрүүгө жана өтүүгө тыюу салынат. Анткени өтө ылдам келе жаткан машина жакын арадан чыга калышы ыктымал.
Сары фонарь көчөдөгү кыймыл жакында башталарын же токтолорун эскертип турат. Ал күйүп турганда айдоочулар жана жөө бара жаткандар көчө кесилишин тезирээк бошотуулары зарыл, же болбосо токтоп туруш керек. Айдоочуларга кайсы тарапка бурулууга уруксат экендигин жебе көрсөтүп турат. Эгер жебе жок болсо, жашыл жанып турган тарапка бурулуу керек. Бирок бул эки учурда тең айдоочу жөө бара жаткандарды өткөрүп жиберип, андан кийин өзү өтүүгө милдеттүү. Кээде көчө кесилишиндеги кыймылды светафор эмес, көчө кыймылын жөнгө салуучу милиционер башкарган учур да болот.
Ал колунун кыймылы менен машиналардын агымын токтотуп, жөө бараткандарды көчөдөн өтүүгө уруксат берет. Бирок бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: көчө кыймылын иретке келтирүүчү бизге бет маңдай же далысын салып турса - бул эки учурду тең кызыл жарык (өтүүгө болбойт), ал эми капталынан турганда - жашыл жарык (өтүүгө уруксат) деп түшүнүү керек. Светофордон башка да көптөгөн белгилер болот. Андай белгилерди айдоочу жатка билиши керек. Белгинин маанисин андагы сүрөт боюнча да түшүнүүгө болот.
Эң негизгиси кызыл жээктүү үч бурчтук белгилер - эскертүүчү, тегеректери - тыюучу, ал эми түрдүү формадагы көгүлтүрлөрү милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер экендигин эске тутуу зарыл. Мисалы, кызыл тегерекченин ичинде велосипеддин сүрөтү тартылса, анда ал жерде велосипедчен жүрүүгө тыюу салынган. Эгер ал көгүлтүр фондо болсо, анда бул жол атайын ошолорго арналган. Андан башка бир да транспорт жүрүүгө болбойт. Көчөдө болгон бардык жол кырсыктарына айдоочулар гана жооптуу деген айрым туура эмес түшүнүктөр да бар. Эгер жөө киши жүрүп келаткан автомобилдин дал алдынан чуркап чыкса да айдоочу күнөөлү болмок беле?
Өтө ылдам келе жаткан автомобилди көз ирмемде токтотушка мүмкүн эмес, анын үстүнө тоскоолдук капыстан пайда болсо, автомобилди токтотуу андан бетер кыйын. Ошондуктан көчөдөгү тартип жана коопсуздук үчүн баарыбыз жооп беребиз. Ошондой болсо да айдоочунун жоопкерчилиги өзгөчө чоң. Ал өз машинасынын ишенимдүү жүрүшүнө, өз жүргүнчүлөрүнүн аман-эсендигине, алардын өмүрүнө, ошондой эле жөө өтүүчү адамдар үчүн да жооп берет. Биз жолдо жүрүүнүн эң негизги эрежелери жөнүндө гана айттык. Кошумча маалымат бул жерде. Аларды толук баяндаш үчүн өзүнчө эле бир китеп керек. Силер төмөнкү эң негизги жети эрежени жатка билгидей болгула: төшөмө (чоң) жол - автомобилдерге, тротуар - жөө жүрүүчүлөргө арналат.
Сен тротуардын оң тарабы менен жүрүшүң керек, ошону дайыма оюңа сакта! Көчөдөн өткөндө адегенде автомобилди өткөрүп анан өзүң өт! Жөө кишилер өтүүчү жолчо же жер астындагы өткөөл аркылуу гана өт! Көчө кесилишинен жашыл жарык күйгөндө гана өтүүгө болот! Бул белгилерди сөзсүз билишиң керек! Жол коопсуздугу үчүн айдоочулар да, жөө кишилер да жооп берет.
Эскертүү белгилери: кызыл жээктүү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опурталдуулугун жана ага карата чара көрүү зарылдыгын унаа айдоочуга эскертет. Тыюу салуу белгилери: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө менен жүрүү керектигин эскертет. Милдеттендирүү белгилери: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта жана транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат.
Маалыматтык - жол көрсөтүү белгилери: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урксат берилген багытын жана башка көрсөтөт. Сервис белгилери – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. Кошумча маалымат белгилери (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануучу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бардык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат жана 100 м аралыктан көрүнүшү керек.
Салам достор, бүгүн жол белгилери жонундо таанышып алалы. Дароо айтып коелу. Бул макала айдоочулар үчүн эмес жөнөкөй жөө жүргүнчүлөр, айрыкча мектеп окуучулары үчүн.
Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилер эч нерсеге тыюу салбайт, бирок алдын ала боло турган кырсыктардан алдын алуу үчүн эскертет. Бардык эскертүүчү белгилер кызыл кыюусу бар үч бурчтук формага ээ.
| Таштардын кулоосу Бул белги таштардын кулоосун, жердин көчүүсүн, жол жээктериндеги уроолорду эскертет. |
| Майда таштардын чачыроосу Бул белги машинанын дөңгөлөгүнөн майда таштардын, шагылдардын ж.б ыргуусун эскертет. |
| Жол иштери Бул белги жолдо жумушчулардын иштеп жаткандыгын, атайын техниканын, аңдардын ж. б. болушун эскертет. |
| Балдар Бул белги жолдо балдардын жолдон өтүшү мүмкүн экендигин эскертет. Мындай белги эреже катары балдар мекемелеринин (бала бакча, мектептердин) жанында коюлат. |
| Тоскучу жок темир жол кесип өтүүсү Бул белгини тоскуч менен тосулбаган темир жол кесилишинде орнотушат. Эскертүү!!! Бул кесилиштен өткөндө абайлагыла, жакындап келе жаткан поезд жоктугуна көңүл бургула! |
| Тоскучу бар темир жол кесип өтүүсү Бул белгини тоскуч менен тосулган темир жол кесилишине орнотушат. |
Атайын коюлган жана маалымдоочу белгилер
Мындай белгилерди атайын режим кыймылындагы айдоочуларга киргизилетже алынып салынат, о.э. кандайдыр бир объекттер жөнүндө маалымдалат.
| Жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгү Жөө жүргүнчүлөрдүн өтүү аймагын белгилейт. Айдоочуга жөө жүрүүчү адамды өткөрүп жиберүүсүн туюнтат. |
| Жер асты менен өтүүчү өтмөк Жер астында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн болгондугун маалымдайт. |
| Автобустун жана троллейбустун токтой турган жайы Белги автобустун, троллейбустун жана маршруттук таксинин токтой турган жайын маалымдайт. |
Сервис белгилери
Сервис белгилери ылайык келген объекттердин жайгашуусун маалымдайт.
| Медициналык жардам пункту Жолдо биринчи медициналык жардам пунктунун болгондугун маалымдайт. |
| Оорукана Жолдо ооруканын болгондугун маалымдайт. |
| Телефон Жолдо телефон аппаратынын болгондугун маалымдайт. (Эскирип бараткан белги, көбүн эсе атайын жайларда гана колдонулуп баратат, мисалы: туннелдерде) |
| Ичкенге жарамдуу суу Жолдо ичүүгө жарамдуу суунун болушун маалымдайт. |
| Тамактандыруу пункту Жолдо ашкана болгондугун маалымдайт. |
| Мейманкана же жатакана Жолдо мейманкана же мотелдин болгондугун маалымдайт. |
Жол белгилери зебрасыз, таптакыр болбойт го, "зебра" бул жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн чийилген сызыктар. Ал ак түстө болот. Жол бетине чийилген мындай белгини горизонталдуу (түүрасынан чийилген) сызык дешет.
Вертикалдуу (тикесинен чийилген) сызыктар да болушат. Алар ак жана кара түстөгү сызыктардын кезектешип (көпүрөлөргө, тосмолорго, бордюрларга) чийилет. Мындай сызыктар курулуштардын алыстан көрүнүп туруусу үчүн жасалат.
Светофор
Светофор дароо эле үч түстүү болгон эмес. Светофорду кыймылды жөндөө үчүн автомобиль пайда болгонго чейин эле колдонушкан. Башында ал темир жолдо пайда болгон. Ал темир жол светофору - семафор деп аталган.
Биринчи светофор Лондондо 1868-жылдын 10-декабрында орнотулган. Ал шаардын борборунда 6 метр бийиктикте орнотулган. Светофордо кызыл жана жашыл айнектер болгон. Ал убакта сары белги болгон эмес. Полицейскийлер чыракты өзүлөрү ачып жана жаап турушкан, ал чырактар жарык кылуучу газ менен иштеген. Биринчи электр светофорлору Америкада пайда болгон. Алар дагы эки түстө: жашыл жана кызыл түстө болушкан. Сары сигналды полициянын ышкыруусу алмаштырган. Үч сигналдуу светофор дагы Америкада пайда болгон (1938). Жол белгилери светофорсуз элестетүү кыйын болсо керек, кандай дейсинер?
Светофор түстүү сигналдардын жардамы менен жол кыймылын жөнгө салат, алар төмөнкүдөй чечмеленет:
| Кызыл сигнал - кыймылга тыюу салат, кооптуулуктун түсү болгондуктан тандалып алынган. Ошондой эле күндүр-түндүр, туман жана жаанда ачык-так көрүнгөн. |
Сары сигнал - негизги түстөрдүн ортосундагы белги. Сары сигналда кыймылга тыюу салынат. |
Жашыл сигнал - кыймылга уруксат берет жана кызыл түстөн кескин айырмаланып турат. Жашыл түстү кызыл менен чаташтырууга мүмкүн эмес жана көрүнүктүү түс. |
Жөө жүргүнчүлөрдүн светофору жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүү кыймылын жөнгө салат
| Кызыл сигнал - өтүүгө тыюу салат |
Жашыл сигнал - өтүүгө уруксаат берет |
Жөнгө салгыч (регулировщик)
Жол кыймылын ала-була таяктын жардамы менен жөнгө салган (регулировщик) адамдын пайда болгондугуна 90 жыл болду. Анын орду жолдун кесилишинин так ортосу болгон. Анын сигналдары денесинин жана колунун абалы менен берилет. Сигналдар (белгилер) даана көрүнүшү үчүн ал колуна ачык түстөгү таякча кармап алат.
Жол белгилери жондундогу кыргызча макалабыз ушундай достор. Адаттагыдай кошумча шилтемелер берилмекчи.
Жолдо сак бол,
Эрежеге так бол!