СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жыл мезгилдери жаз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жыл мезгилдери жаз»

Сабактын темасы: Жыл мезгилдери.Жаз

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү (5Е модели)

Убактысы: 45 мүнөт

Сабактын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар жаз мезгилинин негизги белгилери, табияттагы өзгөрүүлөр жана жазгы майрамдар жөнүндө кеңири маалымат алышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Сүрөттөр жана видеолор менен иштөө аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, сөз байлыгы жана байкоо жүргүзүү жөндөмдөрү өнүгөт.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Табияттын сулуулугун баалай билүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана топтордо бири-бирин угуп, жардамдашууга тарбияланышат.


Көрсөтмө куралдар:

  • Интерактивдүү доска (экран), проектор.

  • Слайд презентация (быйтыкчалар, алтын эрежелер, сүрөттүү суроолор).

  • Жаз жөнүндө видео ролик.

  • Топтор үчүн ватман, маркерлер, таркатма карточкалар.

  • Шыктандыруучу баалоо карточкалары (Күн, Гүл, Байчечекей сүрөттөрү менен).


Сабактын жүрүшү (5Е модели боюнча)

1. Engage — Кызыктыруу (5 мүнөт)

  • Уюштуруу: Саламдашуу.

  • Жагымдуу маанай: Экранга ар кандай быйтыкчалар (смайликтер) чыгат. Окуучулар экрандагы быйтыкчанын эмоциясын (күлүү, таң калуу, жылмайуу) өздөрү кайталап, бири-бирине карап күлүп беришет.

  • Алтын эреже: Слайдда берилген сүрөттүү белгилерди (кулак — угуу, кол көтөрүү — сүйлөө, саат — убакыт) карап, окуучулар өздөрү класстын эрежесин айтып чыгышат.





2. Explore — Изилдөө (7 мүнөт)

  • Сүрөттүү суроолор: Экранда жаздын белгилери (кардын эриши, бүчүрдүн чыгышы, канаттуулардын келиши) жарым-жартылай жабылган сүрөттөр менен көрсөтүлөт.

  • Суроо: "Бул кайсы мезгилдин белгиси болушу мүмкүн? Эмне үчүн?"

  • Окуучулар өз ойлорун ортого салып, жаздын келишин далилдешет.

3. Explain — Түшүндүрүү (10 мүнөт)

  • Видео көрсөтүү: Жаз мезгили, жазгы жумуштар жана бак-дарактарды отургузу, агартуу тууралуу 3 мүнөттүк видео көрсөтүлөт.

  • Талкуу: Видеодон эмнени көрдүңөр? Жазда аба ырайы кандай өзгөрөт экен?

  • Мугалим окуучулардын жоопторун толуктап, жөнөкөй тилде түшүндүрөт.

4. Elaborate — Тереңдетүү (15 мүнөт)

Топторго бөлүү: Окуучулар "Сүрөтчүлөр", "Жазуучулар", "Изилдөөчүлөр" деген 3 топко бөлүнүшөт.

Топтук тапшырмалар:

  1. 1-топ ("Сүрөтчүлөр"): Жаздын көрүнүшүн ватманга тартып, аны жактап беришет.

  2. 2-топ ("Жазуучулар"): "Жаз келди" деген темага 5 сүйлөмдөн турган чакан дил баян же ыр саптарын курашат.

  3. 3-топ ("Изилдөөчүлөр"): Жаз айларындагы майрамдарды жана элдик ишенимдерди тизмектеп жазышат.



Бышыктоо үчүн лампа оюнунун суроолору берилет:

1.Бул сүрөттө кайсыл мезгил чагылдырылган?

2.Бир жылда канча мезгил бар?

3.Жаз мезгилинин айларын ата?

4.Жазда кайсыл канаттулар учуп келет?

5.Кар кетиши менен биринчи кайсыл гүл гүлдөйт

Эс алуу мүнөтү (2 мүнөт):

Оюн: "Күн, жамгыр, шамал". Мугалим "Күн!" десе — колдорун өйдө көтөрүшөт, "Жамгыр!" десе — столду манжалары менен акырын тыкылдатышат, "Шамал!" десе — колдорун эки жакка термелтишет.

  1. Evaluate — Баалоо жана Жыйынтыктоо (8 мүнөт)



  • Кайтарым байланыш: Окуучулар бүгүнкү сабактан алган таасирлерин бир сөз менен айтышат.

  • Баалоо: Ар бир топтун жана окуучунун активдүүлүгүнө жараша шыктандыруучу карточкалар берилет:

    • "Азамат!" (Күндүн сүрөтү)

    • "Үлгүлүү окуучу!" (Ачылган гүл)

    • "Жакшы аракет!" (Байчечекей)

  • Үй тапшырма: Өзүңөрдүн корооңордогу же мектептеги жазгы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүп, күндөлүккө жазып келүү.