СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жыныстык жетилүү

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Негизи эле курак жашына карат ар бир бала ар кандай мезгилде жетилет

Просмотр содержимого документа
«Жыныстык жетилүү»

Сабактын темасы:  Жыныстык жетилүү

Сабактын максаты:
1. Жыныстык тарбиянын мааниси, максаты жонундо тушунук алат.
2. Табият менен организмдин байланышын аныкташат.
3. Жашоо тиричиликке коз карашын калыптандыруу учун оболго тузот. Оз алдынча ой жугуртууго конугот.
Сабактын жабдылышы:  Плакат.

 Сабактын журушу:
I. Уюштуруу.
Окуучуларды жоктоо. Тема жана анын максаты боюнча тушунук беруу.
II. Керектуу маалыматтарды беруу.
Жыныстык тарбия — балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга жыныс маселесин туура түшүндүрүүгө багытталган медициналык жана педагогикалык чаралар системасы. Жыныстык тарбиянын милдети — жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптан өсүүсүнө, төрөткө жарамдуулукка, адамдын организми боюнча билимдүүлүккө, нике жана үй-бүлөнү чыңдоого көмөктөшүү. Жыныстык тарбияны балдар жыныстык жактан жетилгенде гана баштабастан, кээ бир маселелерин бала чактан эле баштоо зарыл. Адатта өспүрүмдөргө «керексиз нерсени» эрте айтып коёбуз деп чочулап, маалыматтар учкай айтылып, кээде кечигип да калат. Мектеп жашына чейинки балдарды денесин таза кармоого жана жүрүштуруштун эң жөнөкөй эрежелерине үйрөтүү керек. Эрогендик зооналарды (к. Жыныстык турмуш) дүүлүктүрбөө үчүн кийим ыңгайлуу, кенен болуп, мите ооруларын алдын алуу зарыл. Балдарды үйдө жана мектепте такай алына жараша иш менен алагды кылуу да зор роль ойнойт. Балдар 2—Зкө келгенде кайсы жыныска таандык экенин билип калат. Айлана-чөйрөнү тааныпбилүү менен бирге жыныс маселесине кызыгуу башталат. Ошондо ата-эне баланын суроолоруна ар нерсени ойлоп таап, жомоктонтуп же өтө майда-чүйдөсүнө чейин терип айтпай, жөнөкөй, түшүнүктүү жооп берсе болот. Мисалы, баланын «кайдан келдим же ким төрөгөн» деген сыяктуу суроолоруна эне «сен менин ичимде чоңойгонсуң, сени төрөт үйүндө төрөгөм» деп жооп берсе, балада төрөлүүнү түшүнүү менен энени сыйлоо сезими пайда болот. Кенже класстын балдарын тарбиялоодо алардын жашынын физиологиялык, психол. өзгөчөлүктөрүн эске алып, балдар менен кыздарда уялуу, токтоолук, өз ара жардамдашуу сапаттарын калыптандыруу зарыл.  Ошондуктан жогорку класстын өспүрүмдөрүн, мектепти бүткөн балдар, кыздарга Жыныстык тарбиянын гигиеналык, физиологиялык негиздерин, никенин моралдык-этикалык маселелерин, ошондой эле жыныстардын өз ара мамилесин түшүңдүрүү болуп эсептелет. Бул мезгилде кыздар бирөөгө жагуу аракетинде болсо, балдар кыздарга көз сала баштайт. Ушундай шартта режимди туура уюштуруу, бири-бирине туура мамиле жасоону тарбиялоо жаштарды жыныс маселесине кызыгуудан алагды кылат. Мында кыздар менен балдар ортосундагы достук мамилеге тыюу салып, чочулоо да, көңүл бурбай, кийлигишпей коюу да жарабайт. Ал мамилени ыйык сактап, адепсиздикке барбоого, эркек балдарды сабырдуулукка, кызды терең урматтоого, кыздарды «кыз абийирин», «кыздын ыйык атын» сактоого тарбиялоо керек.


III. Бышыктоо. Талкуулоо:
Томонку суроолорду талкуулап королу.
Кыздар менен балдар дос болууга болобу?
Кыздардын балдарга мамилеси кандай болууга тийиш?
Балдардын кыздарга мамилеси кандай болууга тийиш?
Уйдогу аялдын ролу жонундо айтып бергиле.
Уйдогу эркектин ролу жонундо айтып бергиле.

IV. Жыйынтыктоо:
  Ар бир адам оз организми жонундо мумкун болушунча кенири билимге ээ болуусу керек.  Келечек жашоонор ден соолугунарга байланыштуу. Уулбу, кызбы келечекте уй-було курат. Уй-було бекем болуусу учун бири-бирине тушунуу менен мамиле кылуу чон мааниге ээ. Ошондуктан ар бир жаш оспурум адамдык мамиле, адамгерчилик, карама-каршы жыныстагылар менен толеранттуу мамиле жасоого азыртан даядануусу зарыл.












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!