СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак 1111

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак 1111»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ

ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

17 КАБЫЛАН-КӨЛ БАЛДАР БАКЧАСЫ МЧББУМ

АЧЫК САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ















1ДЕН 9ГА ЧЕЙИНКИ САНДАР







Шамаева Гүлжамал Суранбаевна

Сабактын максаты: Балдарга Манас менен Алманбеттин достугун тереңдетип түшүндүрүү. Балдарга ырларды көркөм айтууга, сабакты театрлаштырууда ролдорду чыгармачылык менен аткарууга өнүктүрүү. Балдарды достукка, айкөлдүккө, Ата-мекенин сүйүүгө тарбиялоо жана «Манас» эпосуна болгон кызыгуусун ойготуу.

Сабактын жабдылышы: Кыргыздын улуттук кийимдери, баатырларынын кийими, жер төшөк, кылыч, таштын макети, жаныбарлардын бет кабы, бакай калпак.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу убагы:

Тарбиячы: Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү сабактын катышуучулары! Бала бакчабызга кош келипсиздер! Улуу Манас кыргыз элдин желеги, Ата Мурас акыл-ойдун тереңи. Түбөлүккө ташка-тамга баскандай, Кыргыз элдин адамзатка белеги.

Саламатсыңарбы, балдар!

Карагылачы, биздин бала-бакчага көп коноктор келишиптир. Келгиле, балдар, анда эжекелер менен учурашалы.

Балдар: Саламатсыздарбы!

Тарбиячы: Урматтуу коноктор!

Манас атам колдосун!

Бакай бабам жолдосун!

Анда эмесе даярдоо тобунун катышуусундагы сюжеттүү – ролдук ачык сабагыбызды баштайбыз.

Тарбиячы: Балдар, биз кезектеги Манас сабагыбызды улантабыз. Кана, балдар, ким айтат, Манас деген ким болгон?

Бала: Манас кыргыз элинин баатыры болгон.

Тарбиячы: Манастын атасынын аты ким?

Бала: Манастын атасынын аты Жакып.

Тарбиячы: Манастын апасынын аты ким?

Бала: Манастын апасынын аты Чыйырды.

Тарбиячы: Манас төрөлгөндө кандай болуп төрөлдү эле?

Бала: Манас төрөлгөндө чоң болуп төрөлгөн.

Тарбиячы: Балдар, силер кайсы манасчыларды билесиңер?

Бала: Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Уркаш Мамбеталиев.

Тарбиячы: Азаматсыңар балдар! Бизге бүгүн конокко жаш манасчылар келиптир, келгиле анда аларды угалы. (Балдар манастан үзүндү айтышат) Тыныгуу мөөнөтү.

Тарбиячы: Келгиле, балдар, кайрадан Манас сабагыбызды эстеп көрөлүчү, Алманбет деген ким эле?

Бала: Алманбет Манастын досу болгон.

Тарбиячы: Манас Алманбетке жолугардын алдында түш көрөт. Түшүн жорутканы элди чогултат.

Манас: Оо, кагылайын элим,

Айта турган аян бар,

Жоруй турган түшүм бар,

Түндө жатып түш көрсөм,

Аккула минип келатып,

Бир укмуш кылыч таап алдым,

Кылычты сынамакка,

Уйдай ташты чаап көрсөм,

Таш экиге бөлүндү,

Бир убакта карасам,

Кылычым жолборс болуп калыптыр.

Кырга чыксам, жолборстун айбатынан,

Жаныбарлардын бары баш ийишти, Ушул түшүмдү жоруп бергилечи.

(Манас түшүн жорутуп атканда жаныбарлар чыгышат.)

Тарбиячы: Чогулган элдин ичинен Ажыбай аксакал чыгып, Манастын түшүн мындайча жоруйт.

Ажыбай: Арыстаным сенин өзүңө,

Эми Алманбет келип кошулат.

Түшүң жакшы түш экен, Оңунан келген иш экен.

Тарбиячы: Алманбетти Манастын чоролору тосуп келишет.

Манас: Эми, баатыр, кыргыз элиңе келдиң, Жатам десең төрүм мына, Жүрөм десең элим мына.

Алманбет: Кыргыз эли жөнүндө, жери жөнүндө, баатырлары жөнүндө укканым бар.

Манас: Экөбүздүн достугубуз үчүн

Өзүмдүн Аккула атымды, Аккелте мылтыгымды белекке берем.

(Ажыбай аксакал эки тал чырпыкты Манас менен Алманбетке карматып, кылыч менен кыя кесет.)

Ажыбай: Кана, баатырлар, эми түбөлүккө дос болдуңар. Эч качан антты бузбагыла. (Манас менен Алманбет кучакташат) Манас: Түндүгүмдөн түшкөн нурум болдуң.

Алманбет: Түбөлүктүү досум болдуң.

Балдар: Ким антты бузса Төшүү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көр урсун!

(Баары Оомиийн дешет).

Жыйынтык:

Тарбиячы: Манас Алманбет менен достошкондо эмнесин бериптир?

Бала: Алманбетке атын, мылтыгын белекке берген.

Тарбиячы: Көрдүңөрбү, балдар, Манас атабыз достукка бекем адам болгон экен. Керек болсо, досуна жакшы көргөн атын, мылтыгын берүүгө даяр экен.

Балдар силер дагы Манас атабызга окшоп досуңардан эч нерсеңерди аябагыла. Балдар, дегеле достор кандай болуш керек? Досуңар үчүн эмне кыла аласыңар? (Балдар ойлорду айтышат).

Келгиле анда биз урааныбызды айтып коёлу –

Балдар: «Манасым менин мурасым, достукка үндөп турасын».

Тарбиячы: Азаматсыңар балдар, бүгүн сабакка абдан жакшы катыштыңар.

Келгиле анда эжекелер менен коштошолу.

Балдар: Саламатта болуңуздар!