СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атмосфералык басым

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Атмосфералык басым»

Тема: Атмосфералык басым.Шамал.

Сабактын максаты; Окуучулар Атмосфералык басым ,басымдын бийиктик сайын өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө түшүнүк алышат

Окуучулар атмосфералык басым,шамал,шамалдын пайда болуу себептерин түшүндүрүп берүүгө, көнүгүшөт.

Таанып билүү жөндөмдүүлүктөру,изилдөө ишмердүүлүктөрү калыптанат.

Сабактын жабдылышы: китеп,барометр-анероид,анемометр,сүрөттөр,таблица.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын жүрүшу: 1) Уюштуруу.

2) Үй тапшырма.

Географиялык диктант.

  1. Жер шарынын газ кабыгы.(Атмосфера)

  2. Атмосферанын жерге жакын бөлүгү.(Тропосфера)

  3. Сутка ичиндеги абанын жогорку жана төмөнкү температурасынын айрымасы кандай аталат? (Суткалык амплитуда)

  4. Абанын температурасы 1км бийиктикте канча градуска төмөндөйт?(-60)

  5. Абанын температурасы эмнеге көз каранды?(күн нурунун жер бетине тушкөн бурчунан)

  6. Аба жылуулукту эмнеден алат?( Жер бетинен)

  7. Абанын температурасын өлчөөчу прибор?( Термометр)

  8. Эгерде температуралардын суммасын айлардын санына бөлсөк (Абанын отрочо жылдык температурасы келип чыгат)

  9. Абанын жылышы,күн нуру,жер бетинин жылышы,логикалык цепочкасын түз( Күн нуру-жер бети жылышы-абанын жылышы)

  10. Эгерде жер бетинде температура +24 0С ,самолет бортунда -24 Сболсо,Самолет канча м бийиктикте учуп бара жатат? ( 8 км)

3) Жаңы тема.

Сабактын планы:

  1. Атмосфералык басым түшүнүгү.

  2. Атмосфералык басымды өлчөө.

  3. Басымдын бийиктик сайын өзгөрүшү.

  4. Шамал.

1) Атмосфералык басым деген эмне?

Мугалим тажрыйба жүргүзөт: Таразада көлөмдөрү бирдей болгон эки айнек колба коюлган,бирөөсүн спирт менен күйгузуп ысытуу,тең салмактуулук бузулду,ысыган колба өйдө көтөрүлөт.Эмне үчүн мындай болду? Колбада аба болгон,ысыганда аба кеңейип ,колбадан чыгып кетти,колбада аба азайды,мындан жыйынтык:Аба салмакка ээ.

Жер бетине жана андагы бардык предметтерге басым көрсөткөн абанын салмагы атмосфералык басым деп аталат. Жер бетиндеги 1см2 жерди аба 1 кг 33грамм күч менен басат.Эгер биз адамдын денесин орто эсеп менен 1,5 м2 деп эсептесек бизди аба 15 тонналык күч менен басат дегенди билдирет.Мындай абанын басымы жердеги тирүү организмдерди толук жок кылмак.Бирок,бизге мындай басым байкалбайт.Анткени,адамдын ички организминдеги басым менен атмосфералык басым барабар болот.

2) Атмосфералык басымды өлчөө.



Атмосфералык басым барометр,барограф приборлору менен өлчөнөт.

Барометрдин эки түрү бар: сымап барометри жана анероид.

Сымап барометри атмосфера басымынын өлчөөчү негизги аспап.Бул аспаптын ичинде сымап куюлган жана шкалаларга бөлүнгөн айнек түтүкчөсү орнотулган.Эгер андагы мамыча 760мм көрсөтсө нормалдуу басым деп аталат

3) Басымдын бийиктик сайын өзгөрүшү.

Жер бетинен улам бийиктиген сайын атмосфералык басым азаят.Атмосфера басымынын өзгөрүшү жер бетинин бийиктигинин өзгөрүшүнөн,абанын температурасынан көз каранды.

10м бийиктикте атмосфералык басым-1мм сымап мамычасына төмөндөйт.

100 м бийиктикте-10 мм сымап мамычасын төмөндөйт.

1000(1 км) -100мм сымап мамычасына төмөндөйт.

Жердин бардык точкаларында,анын ичинде биз жашаган калктуу пунктарда нормалдык атмосфералык басым ,жер бетинин деңиз деңгээлинен бийиктигине жараша түзүлөт.М; Калктуу пункт деңиз деңгээлинен 200м бийиктикте жатса,бул жер үчүн нормалдуу атмосфералык басым 760мм с/м -20мм= 740 мм с/м .760 мм с/м бул жер үчүн жогорку басым.

4)Шамал.

Абанын горизонталдык багыттагы кыймылы шамал деп аталат. Шамалдын пайда болушунун себеби басымдын бирдей эместиги.Аба төмөнкү басымдан жогорку басымдуу областка жылат.Басымдагы айрымачылык канчалык чоң болсо,шамал ошончолук күчтүү болот.

Тапшырма: 1) А пунктунда -753мм с/м В-755 мм с/м.

2) С пунктунда 755 мм/М Д- 756 мм с/м.

Шамалдын багытын аныктап кайсы пункта катуу шамал мүнөздүү экенин түшүндүрүп бер.



Бышыктоо: Сүйлөм толүктоо.



  1. Жер бетиндеги бардык предметтерге абанын көрсөткөн күчү_________ деп аталат.

  2. Абанын горизонталдык багыттагы кыймылы __________ деп аталат.

  3. Атмосфералык басым _______________ прибору менен аныкталат.

  4. Атмосфералык басым бийиктеген сайын________________.

  5. Басымдагы айрымачылыктан________________ пайда болот.

  6. Жылуу аба__________ муздак аба__________

  7. Атмосфералык басымды өлчөөчү бирдик__________

  8. Атмосфералык басым 100м ____________ төмөндөйт.

4)Уй тапшырма.

5) Баалоо.