Билим берүүчүлүк максаты: | Өнүктүрүүчүлүк максаты: | Тарбия берүүчүлүк максаты: |
Окуучулар кептин түрлөрү, анын ичинен баяндоонун мүнөздүү белгилери боюнча түшүнүк алышат; | Текст түзүү, көнүгүүлөр менен иштөө аркылуу сүйлөө кеби, ой жүгүртүүлөрү өнүгөт; | Текст аркылуу ын- тымактуу, эмгекчил болууга жана мада- нияттуулукка тарбия- ланышат. |
Сабактын темасы: КЕПТИН ТҮРЛӨРҮ. БАЯНДОО Сабактын максаттары:
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу ...
Кептин түрлөрү, анын ичинен баяндоонун мүнөздүү белгилери боюнча түшүнүк алса; | Текст түзүү, көнүгүүлөр менен иштөө аркылуу сүйлөө кеби жана ой жүгүртүүсү өнүксө; | Топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сый- лашса. |
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
тексттеги кептин түрлөрүн ажырата алат;
баяндоо ыкмасында текст түзө алат Кептик компетенттүүлүк:
баяндоо түрүндөгү тексттерди тандай алат;
турмушта боло турган жана болуп өткөн окуяларды, жаратылыштын кубулуштарын ирети менен баяндап бере алат.
Маданий компетенттүүлүк:
адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөй алат;
өз оюн ирети менен жыйынтыктуу баяндап бере алат. Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы. Сабактын методу: изденүүчүлүк жана интерактивдүү методдор
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, карточкалар, окуу методикалык колдонмолор, ватман, маркер, скотч ж. б
Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу. 2) Үйгө берилген тапшырманы кайталоо.
тексттин эң кичине бирдиги эмне?
тексттеги негизги ойду эмне билдирип турат?
тексттин планы эмне үчүн түзүлөт?
тексттеги негизги ой менен тема байланыштуу болобу? Эмне үчүн андай деп ойлойсуң?
Жаңы тема: Тилди турмушта колдонсок, бул кеп болот. Адамдар ме- нен сүйлөшүүдө, пикир алышууда кепти колдонобуз. Бизди бардык нер- селер кызыктырат: табигаттын көрүнүшү, жандуу жана жансыз заттар, алардын касиеттери, белгилери ж. б. Биз алардагы өзгөрүүлөрдү билгибиз келет, алар жөнүндө ой жүгүртөбүз. Мына ушунун баары айта турган ой- пикирдин мазмунун түзөт. Демек, ой-пикирдин мазмунуна карата кебибиз үчкө бөлүнөт: баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү.
Баяндоо – бул аңгеменин бир түрү. Мында кандайдыр бир окуя, же кокустук, же иштелген иштер жөнүндө кабар берилип, биринен кийин бири болгон кыймыл-аракеттер ирети менен көрсөтүлөт. Баяндоо оозеки же жазуу түрүндө берилет. Аңгеме, жомок, уламыштарда баяндоо кеңири колдонулат.
Окуучулар 3 топко бөлүнөт. Ар бир топко карточкалар таратылып, анда күз мезгилине байланыштуу түзүлүүчү тексттердин башталышы гана берилген. Анын калган бөлүктөрүн окуучулар өздөрү улантышат. Масе- лен, болжолдуу түрдө төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
топ: Күз мезгили келип, талаа жумуштары башталды. Эл түшүмүнүн берекелүү болгонуна кубанышат...
топ: Күз – күрөш, жаз – жарыш. Элдин бардыгы эмгектенүүдө.
Түшүмү берекелүү болгондор кубанып жатышат...
топ: Күз мезгили абдан кооз. Жалбырактар кызыл-тазыл түскө боёлуп, жаратылышка көрк кошуп турат. Кеч күздө канаттуулар жылуу аймактарга учуп кетишет...
Окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштөө. 29-көнүгүүнү иштөөдө окуу- чулар 3 топко бөлүнөт. Ар бир топко өзүнчө тапшырмаларды берсе болот. Текстте берилген окуяны ирети менен баяндап беришет. 1-топ: «Кызык экен, билип ал!»;
топ: «Компьютер досубузбу, же...»;
топ: «Менин Дагестаным».
Сабактын кийинки бөлүгүндө 30-көнүгүүдөгү төмөнкү тексттерди ар бир топ окуп, мазмунуна жараша текстти андан ары улантышат жана темасын аныкташат.
Биздин класс чоң жана жарык. Класста бардыгы 26 окуучу окуйт ...
Жаратылыш бизге көрк берет. Анын байлыктары – биздин мүлкүбүз ...
Биздин үй-бүлө чоң. Үйдө чоң атам, чоң энем, атам, апам жана ...
Ар бир топтон лидерлер чыгып, түзүлгөн тексттин мазмуну менен тааныштырышат. Калгандары кошумчалап, толукташат.
көнүгүүдө берилген сүрөт боюнча окуучулар өз ойлорун ырааттуу баяндап аңгеме түзүшөт.
көнүгүүдө «Атанын кеңеши» деген жомокту окуп, маанисин тал- дашат:
Сенин оюңча чын эле ар бир айылда бирден үй болуш керекпи?
Бут кийимди күндө жаңыртып турууга мүмкүнбү?
Алдыңдан эл кыя өтпөй салам айтып туруш үчүн эмнелерди жасоо керек экен?
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт.
Үй тапшырма: 33-көнүгүүдөгү берилген тема боюнча ирети менен баяндап жазуу.