Грамматика 30 суроо
1. Ал Султан жумушун бүтүргүчө Акылай менен чай ичип отурду.
Жогорудагы сүйлөмдө үтүр кайсы сөз(дөр)дөн кийин келиши керек?
А)Ал
Б)Ал, Султан, бүтүргүчө
В)бүтүргүчө
Г)Ал, бүтүргүчө
2. -Кандай жүрөсүң?
-Козулуу кой.
Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы кандай мааниде колдонулган?
А)начар
Б)жакшы
В)эптеп-септеп
Г)ойдогудай
3. Мал __ сыртында, адам __ ичинде демекчи, анын жаман-жакшы экенин ылгоо кыйын.
Жогорудагы сүйлөмдү ылайык келген сөз менен толуктагыла.
А)ниети
Б)жакшысы
В)аласы
Г)карасы
4. Бир жолу барып койсо, никеси бузулбайт.
Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай мааниде колдонулган?
А)ажырашпайт
Б)эч зыянга учурабайт
В)дили карарбайт
Г)жамандык көрбөйт
5. Асан атасына ___ окшош.
Жогорудагы сүйлөмдү кайсы сөз же сөз айкашы менен толуктасак, мааниси жагынан дал келбейт?
А)коёндой
Б)куштун тилиндей
В)оозунан түшө калгандай
Г)айрып алгыс
6. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы "жүрөгү жаман кабарды сезгендей, тынчы кетүү, санааркоо" деген маанини билдирет?
А)жүрөгү туз куйгандай ачышуу
Б)жүрөгү солк этпөө
В)жүрөгү опколжуу
Г)жүрөгү жибүү
7. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы жалпылама жактуу сүйлөмгө мисал боло алат?
А) Сен жаман бала экенсиң.
Б) Бул жылдыкта жакшы окудуң.
В) Адамды ишинен тааныйт.
Г) Бул макалада Асан кайгы тууралуу айтылган.
8. Кайсы катарда жөндөмө менен байланышпаган сөз айкашы берилген?
А) мектепке баруу
Б) үй жыйноо
В) жакшы окуу
Г) китеп алуу
9. Ат арытып алыстан келгендер төрдөн орун алышты.
Жогорудагы сүйлөмдүн ээсин тапкыла.
А)келгендер
Б)ат арытып алыстан келгендер
В) алыстан келгендер
Г) ээси көмүскөдө
10. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы атама сүйлөмгө мисал боло алат?
А) 1941-жыл.
Б) Мектепти сагынуу.
В) Шаарды көздөй.
Г) Ачуу чындык.
11. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы орфографиялык эрежеге ылайык келбейт?
А) "Кока-Кола" ишканасы
Б) "Ачыгын айтканда" телеберүүсү
В) "Шоокум" журналы
Г) "Эне даңкы" ордени
12. Кайсы катардагы кыймыл-аракетти билдирген соз кыймылдын башка бирөө үчүн иштелгенин билдирет?
А) Жанышка отун жарышып жардам берип койчу.
Б) Агайыбыз бизге энеси тууралуу көп айтып берчү.
В) Анын бул жоругу көпкө чейин улана берди.
Г) Мага Ч.Айтматовдун китебин качан бересиз?
13. Ичке үзүлүп, жоон созулган убактан аман-эсен чыгып алсак, кийинкибиз жеңил болот.
Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай маанини туюндурду?
А) кыштан
Б) жакырчылыктан
В) тамак-аш тартыш кезден
Г) күз мезгилинен
14. Кайсы катарда каршылаш тең байланыштагы сүйлөм берилген?
А)Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
Б) Дыйыкандын түбү-кенч, соодагердин түбү - борч.
В) Ошо тамы аман болсун, а көрө курмушу үйдө турганым артык.
Г) Шагылы болбой, жер болбойт; шайыры болбой, эл болбойт.
15. Кайсы катардагы жеп аталыштарынын бардыгы туура жазылган?
А) Ростов-на-дону, Ыраакы Чыгыш
Б) Ростов-На-Дону, ыраакы чыгыш
В) Ростов-На-дону, Ыраакы чыгыш
Г) Ростов-на-Дону, Ыраакы Чыгыш
16. Кайсы катарда эркин сөз айкашы берилген?
А) бычактай тийүү
Б) бычактын курчу
В)бычак сырты
Г) бычакка сап болгудай
17. Ал ушунчалык соргок: ____.
Жогорудагы сүйлөмдү толуктагыла.
А) оозунун чыгы кургабайт
Б) мурдун балта кеспейт
В) кумурсканын улутунганын билет
Г) кылдай кара санабайт
18. Кайсы катарда орфографиялык ката бар?
А) Ар нерсенин башын баштап коюп, өзү жок болуп кетти.
Б) Жөн тура бербей бир демке дебейсинби?
В) Жазгүл сага эч нерсе айткан жокпу?
Г) Эшикте сени кимдир бирөө күтүп жатат.
19. Кайсы катардагы сөздун мүчөсү жаны маанидеги сөз жасады?
А)малым
Б)малкор
В)малды
Г)малдыкы
20. Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз сүйлөм ичинде аныктоочтук милдет аткарды?
А).Балдарым, жакыныраак келгилечи.
Б). Билимдуу эч качан эч кимге көз каранды болбойт.
В). Адамга эн кыйыны - күн сайын адам болуу.
Г). Окуу отличниги болгон Асан бүгүн "2" алды.
21. Таары…ба, качы..,и ..чи,
Жогорудагы сөздөрдү ылайыктуу тыбыштар менен толуктагыла.
А)н,ч,ш
Б)н,ш,ч
В)м,ч,ш
Г)м,ш,ч
22. Төмөндөгү туруктуу сөз айкаштарынын кайсынысы башкалардан мааниси жагынан айырмаланып турат?
А)чаар ичеги
Б)буту менен басып, мурду менен тынгандар
В)түп көтөрүлө
Г)такалуудан тай калбай
23. Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин бир канча адам кошулуп, биргелешип аткарылгандыгын билдирет?
А)Жакшы окусаң, көп ийгиликтерге жетишесиң.
Б)Апендинин бул жоругуна жапа тырмак каткырышты.
В)Кычан кунандан ыргып түштү.
Г)Эртең эрте туруш керек.
24. Каныбек өтө таланттуу жигит: __
Жогорудагы сүйлөм кандай толукталышы керек?
А)бирок талантын эч кимге ачпайт
Б)мен да Каныбектей болгум келет.
В)көптөгөн сынактарга катышты.
Г)ырдайт, бийлейт, ыр жазат.
25. Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы кептин ой жүгүртүү түрүнө мүнөздүү?
А)дирелдеди, укмуштай, жымжырт.
Б)анык, демек, айтор
В)уялды, жөнөдү, негедир
Г)аруу, ошондуктан, чуркады
26. Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин капыстан болуп өткөнүнөн кабар берет?
А)Нурбек биздикине күнүгө конокко келчү.
Б)Нурбек менен Айым тоого чыгышты.
В)Нурбек Айымга болгон чындыкты айтып коюптур.
Г)Нурбек шаарга өмүрүндо эки эле жолу барган.
27. Кайсы катардагы сөз туура жазылган?
А)Улуттук илимдер академиясы
Б)улуттук илимдер академиясы
В)Улуттук Илимдер Академиясы
Г)Улуттук Илимдер академиясы
28. Төмөндө жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы байланыштыруучу милдетти аткарды?
А)Чынарбек ары таланттуу, ары акылдуу жигит экен.
Б)Балдар, ары тургула!
В)Мындан ары эч качан эч кимге ишенбейм.
Г)Ал дагы бир ары жок неме турбайбы?
29. Ата-энемдин башка кызматка которулгандыгы жана жашаган жерибиздин өзгөргөндүгүнө байланыштуу менин өздүк деломду берүүңүзду суранам.
Жогорудагы текст иш-кагаздар стилинин кайсы түрүнө мисал боло алат?
А)арыз
Б)ишеним кат
В)күбөлүк кат
Г)доо кат
30. Төмөндө берилген сүйлөмдөрдүн кайсынысы кептин мыктылыгына далил боло албайт?
А)Ага ушунчалык нервим кайнап, эмне кылышты билбей турдум.
Б)Байкуш кыз колун кесип алыптыр.
В)Азыркы заманбап ырларга такыр канааттанбайм.
Г)"К.Маликовду окуп келгиле",- деди мугалим.