СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

История Кыргызстана

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«История Кыргызстана»

СССРДИН ТАРАШЫ. ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ

1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын III съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Мамлекетти башкаруунун бул формасынын киргизилиши улут аралык мамилелердин өзгөрүшү, плюрализмдин өнүгүшү, көп партиялуулуктун киргизилиши менен шартталган.

Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин контролдогон. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген.

1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч Президенти болуп шайланган.

Союздук республикалар гана эмес аз сандуу улуттар дагы көз карандысыздыкты талап кыла баштаган. 1990-ж. 15декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз Республакасынын мамлекеттик эгемендүулугү жөнүндөгү Декларация» кабыл алган. Анда республиканын ар түрдүу улуттарынан турган граждандары Кыргыз Республикасынын элин түзөт, Республикада жашаган бардык улуттардын улуттук маданиятын, тилин, каада-салттарыи сактоого жана өнуктүрүүгө кам көрүлөт деп белгиленген. Мындан тышкары Декларацияда республикада менчик көп түрдүү болуп, алар тен укуктуулукка ээ болору жарыяланган.

Президенттик башкаруу киргизилгенден кийии, өзгөчө Кыргызстандын мамлекеттик эгемендуулүгу жөнундөгү талкуунун жүрушүндө мамлекеттик бийликтин системасын кайра түзүү, аны чыңдоо, мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги деген үч бутакка бөлүү жөнүндө көптөгөн сунуштар айтылган.

1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин III сессиясында Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө маселе каралып, ага ылайык «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнундө» мыйзам кабыл алынган. Ал боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. Бул боюнча жергиликтүү эл депутаттар Советинин манызы, мазмуну жана функциялары түп-тамырынан бери өзгөргөн.

Ушул мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи өкмөтү Министрлер кабинети түзүлгөн. 1991-ж. 22-январда Жогорку Советинин III сессиясында республиканын биринчи Премьер-Министрлигине Насирдин Исанов бекитилген.

СССР Эл депутаттарынын IV съездинин чечими боюнча жана СССР Жогорку Советинин 1991-ж. 16-январдагы токтомуна ылайык тең укуктуу эгемендүү республикалардын жаңыланган федерациясы катары СССРди сактоо маселеси жалпы элдик добушка (референдум) коюлган. Референдум

1991-ж. 17-мартта өткөрүлүп, Союзду сактоого далалат кылган күчтөр менен аны бузууга аракеттенгендердин күрөшүнүн шартында жүргүзүлгөн.

1991-ж. 21-мартта СССРдеги референдумдун жыйынтыктары боюнча СССРдин Жогорку Совети токтом кабыл алган. Анда референдумга өлкө боюнча 147 млн адам катышканы, Союзду сактоо үчүн 112 млн адам, т. а. катышкандардын 76 пайызы добуш бергендиги белгиленген.

Жалпысынан референдумдун жыйынтыгы союздук келишимдн иштеп чыгууга мүмкүндүк берген. 1991-ж. мартта келишимдин долбоору иштелип чыккан.

1991-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республика үчүн маанилүү бир катар документтерди кабыл алган. 5-февралда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында республиканын борбор шаарынын тарыхый атын калыбына келтирүү маселеси талкууланып полководец М. В. Фрунзенин атын алып жүргөн борборго кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген.

Союздук келишимдин долбоору боюнча борбордук бийлик союздук республикаларга көп ири маселелерди өз алдынча чечүү мүмкүндүгүн берген. Орус тили мамлекеттик статустан ажыратылып, улут аралык байланыштын тили болгон.

Өлкөдөгү консерваторлор союздук келишимди «Совет мамлекетин сатуу» катары баалап, өлкөнү аскердик төңкөрүш аркылуу сактап калууну чечишкен. Бул максатта алар «СССРдеги өзгөчө абал боюнча Мамлекеттик Комитет» (ГКЧП) түзүшүп, 19—21-августа «мамлекеттик төңкөрүш» жасоого аракет кылышкан. Бул окуя СССРдеги ансыз дагы араң турган мамлекеттик бийликтин баркын биротоло кетирген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясы 1991-ж. 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны» кабыл алган. Бул боюнча Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет деп салтанаттуу жарыяланган. Ошентип, дүйнөнүн картасында жаңы, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет Кыргыз Республикасы пайда болгон.

Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

Көз каранды эместиги жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасы жалпы союздук органдардын көзөмөлдөөсүнөн кутулуп, бардык бийликти өз колуна ала баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991ж. 20-октябрда Мамлекеттик Коопсуздук Комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы, декабрдын аягында ички иштер аскерлери түзүлгөн.

1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. Ушул окуядан кийии СССРдин таркоо процесси башталган. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. Бул СССР биротоло жашоосун токтотту дегенди түшүндүргөн. 25-декабрда М. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

СССРдин кулашы жана КМШнын түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Анткени союздук борбор менен союздук республикалардын ортосундагы мамилелер кийинки учурда туюкка барып такалган эле. КМШга кирген ар бир мамлекет өзүнүн территориясында жашаган бөлөк өлкөлөрдүн граждандарына (граждандык укугу жокторго да) улуттук ж. б. өзгөчөлүктөрүнө карабастан граждандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктарды, адам укугунун эл аралык нормаларына ылайык камсыз кылууга милдеттенген.

Ошентип, формалдуу түрдө федеративдүү мамлекет деп аталып, ал эми иш жүзүндө унитардык мамлекет катары жашап келген Советтик Социалисттик Республикалар Союзу жөн гана тарап кетпестен Шериктештикке жол бошоткон. Негизгиси, бул процесс чыр-чатаксыз, кан төгүүсүз, тынчтык жол менен өткөн.








/publ/taryh/3



ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ САЯСАТЫ

Кыргызстан саясий көз карандысыздыкка жеткени менен экономикалык жактан башка мамлекеттерге көз каранды бойдон калган эле. Анткени республиканын өнөр жайы Союздун эл чарбасынын бирдиктүү комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүгө адистештирилип келген. Даяр продукциялар болсо өлкөнүн башка региондорунда чыгарылып, аны реализациялоодон түшкөн кирешелер ошол жакта калып калуучу. Союздун бузулушу менен экономикалык байланыштар үзүлүп, республика финансылык жана материалдык жактан өтө кыйын абалда калган.

1991-ж. аягында өнөр жай өндүрүшүнүн жылдык орточо өсүшү кескин төмөндөгөн, курулуш менен агрардык өнөр жай комплексине жумшалган каражаттар акталбай калган. Энергетика, көмүр, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, машина куруу тармагындагы пландар ишке ашкан эмес.

1992-ж. январда Россия Федерациясы бааларды радикалдуу либералдаштырып, отун-энергетика комплексинин, металл, машина куруу тармактарынын продукцияларынын баасын эркин коё берген. Натыйжада КМШнын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда экономикалык кризис курчуган. Кыргызстанда, өндурүш 1992-ж. 27 пайызга төмөндөгөн. Экономикалык мамилелер бузулуп, эл чарбасы бүлгүнгө учураган.

Мына ушундай шартта 1992-ж. июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тогузунчу сессиясы Өкмөттүн 1992-1995-жж. эсептелген экономикалык реформаларынын Программасын талкуулап кабыл алган. Программада 1990ж. бери жүргүзүлуп келе жаткан экономикалык реформаны республиканын стратегиялык багытына ылайык өнүктүрүү каралган. Мамлекеттик программада менчиктештирүү, жер реформасы, калкты социалдык жактан коргоо, мамлекеттик инвестициялар боюнча конкреттүү милдеттер аныкталган. Негизги максат катары макроэкономикалык абалды жөнгө салуу, өндүрүштүн төмөндөшүн токтотуу, экономиканын өсө башташы үчүн шарт түзүү керек эле. Бул үчүн тармактар боюнча реформа жүргузүү, рыноктук баалардын ролун көтөрүү, монополияларды акырындык менен жоюп конкуренцияга жол ачуу, менчиктештирүү аркылуу мамлекеттин экономикалык шпкердүүлүккө кийлигишүүсүн азайтуу, товар өндүрүүчүлөрдүн ишине тике контролдук кылууну токтотуу каралган. Мындан тышкары бул программада товарлардын баасын аныктоодо мамлекеттин кийлигишүүсүн мүмкүн болушунча азайтуу белгиленген.

1993-ж. аягына чейин өнөр жайдын 40-50 пайызын, курулуштун 50, айыл чарбасынын 25—30, турак жайдын 70 пайызын жана тейлөө тармактарын 100 пайызга менчиктештирүү милдети коюлган.

Бул программа боюнча Кыргызстанда рынок мамилелери: менчиктештирүү, бааларды либералдаштыруу, экономикага мамлекеттин кийлигишүүсүн токтотуу, жеке менчик киргизүү, соода эркиндиги, экспорт жана импорт боюнча чектөөлөрдү жоюу, бирдиктүү кредит, финансы, акча жана салык саясаттарын бир мезгилде жургүзүү каралган.

Ошентип, Кыргызстан административдик-буйрукчул, пландуу экономикадан баш тартып, радикалдуу реформа аркылуу рынок мамилелерине тез өтүү жолун биротоло тандал алган. Ал үчүн биринчи кезекте коомдук менчикти мамлекеттен ажыратуу ишин тездетип, көп укладдуу, өзүн-өзү жөнгө салуучу экономиканы түзүү керек эле. Өндүрүш каражаттарынын ээси болмоюнча рынок мамилелерине өтүү мүмкүн эмес болчу.

Кыргызстанда менчиктештирүү иши 1991-ж. 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецеши кабыл алган «Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө» мыйзамдын негизинде башталган. Бул мыйзамды турмушка ашыруу үчүн республикада Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана ээлик кылууну колдоо боюнча комитет (Маммулкком) түзүлгөн.

Мыйзамга ылайык менчиктештирүү элдин, эмгек коллективдеринин даярдыктарына жараша, ошолордун кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлмөк. Тилекке каршы, менчиктештирүүнүн бул принциби адегенде практика жүзүндө, кийин мыйзам тарабынан одоно бузулган. Республикада мамлекеттик чиновниктер, ишкана, чарба жетекчилери тарабынан алар каалгандай сатыла баштаган. Өткөөл мезгилдеги баш аламандыктан пайдаланып көптөгөн көмүскө акционердик коомдор, фирмалар пайда болуп, карапайым элди ачыктан-ачык алдоого өтүшкөн. Бийлигине жана байлыгына таянган адамдардын тобу гана мамлекеттик мүлктүн орчундуу бөлүктөрүн ээлеп алууга же сатып жиберүүгө үлгүргөн. Менчиктештирүүнүн биринчи жана негизги баскычы элдин пайдасы үчүн жүргүзүлгөн эмес. Маммүлкком ишти өз денгээлинде уюштура албагандыктан республикага, элге орду толгус материалдык зыян алып келген. Граждандык укуктар кемсинтилген.

Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө жумушчу орундарын сактоо жана өндүрүштү кеңейтүү жөнүндө эч кандай кам көрүлгөн эмес. Миңдеген адамдар жумуш орундарынан ажырап көчөгө сүрүлгөн. Социалдык жактан жетишилген ийгиликтердин көбү жоюлган. Менчиктештирүү боюнча Мыйзамдын, калктын айрым социалдык катмарларга женилдиктерди берүу жөнүндөгү талабы эске алынган эмес.

Текшерүүдө менчиктештирүү Маммүлкком тарабынан мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Ар бир үчүнчү объекттин баасы атайын төмөндөтүлүп, аукционсуз эле айрым адамдарга же коммерциялык түзүлүштөргө сатылган. Анда иштеген эмгекчилердин кызыкчылыктары эске алынган эмес. Менчиктештирүунүн жүрүшүндө документтер көп оңдолгон жана жасалмаланган. Маммүлккомдун айрым жетекчилери кызмат абалдарынан одоно пайдаланышкан, паракорчулукка жол берилген. Ушундай жагдайдан улам адамдардын мамлекеттик бийликтен көнүлү сууп, дегеле бүтүндөй демократиялык реформаларга ишенбей калышкан.

Менчиктештирүүнүн биринчи этабында (1991-1993-жж.) коомдук чарбанын 32,6 пайызы менчиктештирилип, ишканалардын 17,5 пайызы акционердик коомдорго өткөн. Өнөр жайдын 39, курулуштун 67,5 пайызы, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө тармагы 98,7, соода жана коомдук тамак аш 80,7 пайызга менчиктештирилип бүткөн.

1994-ж. Кыргызстанда менчиктештирүүнүн экинчи этабы башталат. Бул мезгилде менчиктештирүү экономиканын түзүлүшүн кайра курууга, жеке менчик ээлеринин катмарын калыптандырууга, ошол аркылуу рынок мамилелеринин реалдуу негизин түзүү максатын көздөгөн. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү баш аламандык токтотулуп, бул иште айкындуулукка жол ачылган. Менчиктештирүүнүн масштабы жана темпи бир аз азайтылган. Программага ылайык мамлекеттик мүлктөр менчиктин акционердик, жеке, аралашма ж. б. түрлөрүнө айлана баштаган. Натыйжада республиканын экономикасынын 50 пайыздан ашыгын мамлекеттик эмес ишканалар түзүп калган.

1994-ж. ортосунан Кыргызстанда массалык менчиктештирүү башталат. Бул элдик менчиктештирүүнүн программасын Кыргызстандын өкмөтү, республиканын мамлекеттик мүлк фондусу АКШнын өкмөтү менен биргелешип иштеп чыккан. 1994-ж. аягына чейин эле республикада 378 ишкана мамлекеттен ажыратылып менчиктештирилген. Алардын 100 купондук аукциондордо сатылган. 40 пайызы коллективдүү, 20 пайызы жеке менчикке сатылган, 27 пайызы акциялаштырылган. Менчиктештирүү башталган 1991-ж. баштап республикадагы 10 миң мамлекеттик ишкананын теңинен көбүрөөгү менчиктештирилген. Массалык менчиктештирүү 1996-ж. чейин жүргүзүлүп, бул мезгилде көптөгөн адамдар купондук аукциондор аркылуу менчик ээлери болуп калышкан. Натыйжада мамлекеттик эмес сектор өнөр жайынын бүткүл продукциясынын 50 пайыздан ашыгын чыгарып калган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН АГРАРДЫК САЯСАТЫ

Эгемендүү Кыргызстандын жалпы жер аянты 19,6 млн га, анын ичинен айыл чарбасына жарактуу жер 10,6 млн га же 55,8 процентти түзөт. Жердин 44,2 проценти айыл чарбасына жараксыз. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин айдоосуна (огороддорду эсептегенде) 12,3 процент, дың жерлерге 0,1 процент, көп жылдык өсүмдүктөргө 0,4 процент, чөп чабындыга 1,7 процент, табигый жайытка 85,6 процент туура келет.

Кыргызстандын эл чарбасынын негизин түзгөн айыл чарбасын өнүктүрмөйүнчө эгемендүү республикабыз эч качан алдыга жылбасы белгилүү. КМШ боюнча алганда айыл-кыштак калкы орто эсеп менен 30 проценттен ашпаса, бүгүнкү күндө Кыргызстандын айыл-кыштактарында анын калкынын 60 проценттен ашыгы жашайт. Кыргызстандын келечеги айыл чарбасынын өнүгүшүнө кандай деңгээлде байланыштуу экенин ушундан эле баамдасак болот.

Мурдагы колхоз-совхоз системасы өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып бүткөндүктөн 80-жж. эле алардын көбү жанбактылык маанайда болуп калышкан. Алардын мамлекетке карызы жылдан жылга өскөн. Ошондуктан айыл чарбасын рынок экономикасына ылайыкташтыруу үчүн Кыргызстанда 1991 -ж. баштап жер жана агрардык реформасы жүргүзүлө баштаган.

Жаңы агрардык саясат боюнча колхоздорду, совхоздорду, фермердик чарбаларды, арендалык, кооперативдик чарбалардын бирдей иштешин камсыз кылуу; өткөөл мезгилде тамекиге, пахтага, этке, жүнгө, жашылча-жемишке, мамлекеттик монополияны сактоо; айылда майда бизнести, ишкердүүлүктүн бардык тармактарын ар тараптан өркүндөтүү ж. б. каралган.

Реформаны акырындык менен, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, элдин мүдөөсүн, даярдыгын эске алуу менен жүргүзүү агрардык саясаттын негизги милдети эле. Адегенде экономикалык жактан өтө начар колхоз, совхоздордун жерлерин алып мураска калтыруу укугу менен дыйкандарга берүү, дыйкан чарбаларынын кеңири тармактарын түзүү каралган.

Реформанын жүрүшүндө бир катар кемчиликтерге орун берилип, айрым чарба жетекчилери тарабынан «Жер кодекси», «Жер реформасы», «Дыйкан чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдар одоно бузулган. Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын талап-тоноого жол берилген. Натыйжада дыйкандардын кызыкчылыктары эске алынбай, укуктары четке кагылган. Айыл чарба өндүрүшү кескин түрдө төмөндөп кеткен. Республиканын калкын азык-түлүк менен камсыз кылуу начарлай баштаган.

1993-ж. аягында 172 колхоз жана совхоз таркатылып, алардын ордуна 17,5 миң дыйкан чарбалары, 197 кооперативдер, 120 майда ишканалар, 119 ассоциациялар жана 9 акционердик коомдор түзүлүп, алар айыл чарба продукциясынын 52 процентин өндүрүшкөн. Ушул жылдын июлунан баштап айыл чарба продуктыларын мамлекет рынок баасында сатып ала баштаган.

1995-ж. карата республикасындагы дыйкан (фермер) чарбаларынын саны 21,1 миңге жеткен. Булардын ичинен айрым чарбалар тез арада эле рынок мамилелерин өздөштүрүшүп, өндүрүштү жолго коюуга жетишип, пайда көрө баштаган. Тилекке каршы, жаны типке өткөн көпчүлүк чарбалар экономикалык өтө кыйын абалга дуушар болушкан. Мунун себептери өтө көп эле. Жер алган дыйкандардын көпчүлүгүнүн аны иштетүү үчүн техникасы, үрөндөрү болгон эмес. Агротехникалык эрежелер колдонулбай калган. Инфляциянын күч алышы кредит алган дыйкандарды оор абалга калтырган. Жерди теңдеп бөлгөндө ар бир үй-бүлөгө орто эсеп менен 1-3,5 га жер туура келип, бул жерлерде түзүлгөн дыйкан чарбаларынын көпчүлүгү алсыз, конкуренцияга туруксуз майда чарбалар болуп калган. Көпчүлүк дыйкандар натуралдык чарба жүргүзүшүп, өз үй-бүлөсүн эптеп бакканга жараган.

Кыргызстандын айыл чарбасынын негизин түзгөн мал чарбачылыгындагы абал да начарлап кеткен. 1992-ж. чейин республиканын айыл чарбасынын кирешесинин 35 процентин кой чарбасы берген. Бийик тоолуу райондордун кирешелеринин 95 проценти да ушул кой чарбасынан алынчу.

Реформа жылдарында республикадагы койдун башы кескин азая баштаган. 1994-ж. январда республиканын бардык чарбаларында 7,5 млн баш кой калган. Ал эми 1995-ж. январга карата алардын саны 4,5 млн башка түшкөн. Кой тирүү товарга, ал тургай товарлардын эквивалентине айланып, күндөлүк керектелүүчү товарларга алмашыла баштаган.

Реформа жүргүзүлгөн алгачкы беш жылда дыйканчылык да өтө начарлап кеткен. Дан эгиндери менен тоют өсүмдүктөрүн айдоо 21-23 процентке төмөндөгөн. 1994-ж. эгиндин дүң жыйымы 1993-ж. салыштырганда 35 процентке, дыйканчылыктын дүңжыйымы 20 процентке ылдыйлаган.

Айыл чарба өндүрүшү кредиттик-финансылык жактан колдоого ээ болмоюнча өнүгүшү мүмкүн эмес эле. Реформанын жылдарында мамлекет «Дыйкан ордо» уюму, «Дыйкан банкы» аркылуу кредиттерди бөлүштүрө баштаган. Бирок миллиондогон сомдук кредиттер ортодон уурдалып, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жетпей калган.

Жер жана агрардык реформанын жүргүзүлүшүнүн натыйжасында 1991—1998-жж. Кыргызстандагы 515 колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканалары реформаланып, алардын базасында 54,5 мин жеке чарба, 367 айыл чарба кооперативи, 318 коллективдүү дыйкан чарбалары, 47 акционердик коомдор жана 8 агрофирма түзүлгөн.

Жер жана агрардык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында республиканын агро-өнөр жай комплексинде рынок мамилелеринин калыптанышы үчүн укуктук жана экономикалык негиздер түзүлгөн:

- айыл чарбасында жеке, коллективдүү жана мамлекеттик менчикке негизделген көп укладдуу экономика түзүлгөн;

- айыл чарба продукциясын өндүрүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө монополия жоюлган;

- жеке менчиктин киргизилиши менен өндүрүштүн натыйжалуулугун көтөрүү үчүн шарт түзүлгөн;

- чарба жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын, илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин пайдаланууда, продукциялардын сапатын жакшыртууда конкуренцияга кеңири жол ачылган;

- дыйкандар менен фермерлердин продукция өндүрүүдөгү жоопкерчилиги өскөн, алардын чарбаны натыйжалуу жүргүзүүгө болгон кызыкчылыктары жогорулаган.

Жетишкендиктерге карабастан реформанын жүрүшүндө бир катар кемчиликтер кетирилип, кыйынчылыктар пайда болгон:

- айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасы кыйроого учураган. Техникалар, короо-сарайлар бүлүнүп талоонго учураган;

- өндүрүш кескин түрдө төмөндөгөн, натыйжада айыл чарбасынын кирешеси азайган;

- машиналарды, жабдууларды, үрөн, жер семирткичтерди, майлоочу жана күйүүчү майларды алуу үчүн капитал жетишсиз болгон;

- мурда пайдаланылып жүргөн көпчүлүк жерлер иштетилбей калган;

- айыл жеринде жумушсуздук жана жакырчылык күч алган;

- кол эмгек менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүү кыйынчылыкка турган.

1998- ж. баштап Кыргызстандагы жер жана агрардык реформасы дагы бир баскычка көтөрүлдү. Жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча жерге жеке менчик киргизилген. Буга байланыштуу айрым мыйзамдар кайра каралып Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндөгү кодекси», Кыргыз Республикасынын «Кооперация жөнүндөгү» жана Кыргыз Республикасынын «Дыйкан (фермер) чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдары иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1999-ж. майда кабыл алынган. Бул мыйзамдар республиканын агро-өнөр жай чөйрөсүндө топтолгон маселелерди чечүүдө, өндүрүштүк мамилелерди жөнгө салууда маанилүү укуктук негиз болуп калды.

2000-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти республиканын Жогорку Кенешине жер реформасына байланышкан мыйзамдарды өзгөртүү сунушу менен кайрылды. Жогорку Кеңештеги талкуудан кийин «Жер Кодексинен» жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мараторий жөнүндөгү статья алынып ташталды. Ал эми 2001-ж. август айында Кыргызстандын Өкмөтү айыл чарбасындагы жер участокторун сатуу, сатып алуу тартиби жөнүндө Жобону бекитти. Ошентип, республиканын айыл чарбасынын рынок мамилелерине өтүшүн тездетүү үчүн дагы бир чечкиндүү кадам жасалды.

Агрардык реформанын натыйжасында 2002-ж. жыйынтыгында айыл чарба продукцияларынын 90 проценти жеке менчик чарбаларда өндүрүлгөн.



Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор














КЫРГЫЗДЫН АЛГАЧКЫ ТАРЫХЧЫЛАРЫ ЖАНА АГАРТУУЧУЛАРЫ

Кыргызстандын Россияга каратылышынын натыйжасында мурунтан эле ал жакта жашаган мусулман, түрк элдери менен кыргыздардын байланышы күчөгөн. Өзгөчө татарлар менен башкырлар кыргыздарга боор тартып элибиздин маданиятынын өнүгүшүнө, илим изилдөө иштерине түрткү беришип, кыргыздан чыккан чыгармачыл адамдарды колдошуп, эмгектерин басмадан чыгарууга жардамдашышкан.

Алардын бири кыргыздын тунгуч жазгыч тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу эле. Кыргыздын дагы бир ири тарыхчысы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев болгон.

Б. Солтоноевдин кол жазма түрүндө сакталган «Кыргыз-казак тарыхы» («Кызыл Кыргыз тарыхы») эмгеги Кыргызстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү булак катары эсептелет. Өз заманы үчүн Б. Солтоноев өтө билимдүү адамдардан болгон. Бир катар ырларды да жазган. Орустун алдыңкы адамдары менен чыгармачыл байланышта болуп, орустун жана дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү ишмерлери жараткан тарыхый, философиялык жана этнографиялык эмгектер менен таанышкан.

Б. Солтоноев кыргыздардын тарыхын таптык көз карашта жазууга аракеттенген. Анын коомду социалдык топторго бөлүп таптар, тап күрөшү жөнүндөгү жазгандары марксизм-ленинизм жөнүидө түшүнүгү болгондугун маалымдайт.

Ал өзүнүн китебинде «Манас» эпосу жана манасчылар, орто кылымдардагы түрк-мусулман маданиятынын көрүнүктүү өкүлү Махмуд Кашгари, кыргыз элинен чыккан легендарлуу ойчулдар Толубай сынчы, Асан кайгы, ойчул акындар Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч жөнүндө маалымат берген.

Анын эмгегинде кыргыздардын байыртадан берки дүйнөгө болгон көз карашынын эволюциясын көрсөтүүгө өзүнчө орун берилип, кыргыздардын астрономиялык, математикалык, коомдук жана жаратылыш жөнүндөгү элдик билимдеринин деңгээли чагылдырылган.

Кыргызстан Россиянын курамына кирген соң кыргыздардын арасында агартуучулук кыймыл жанданган. Ошол мезгилдеги агартуучулардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Ишенаалы Арабаев болгон.

Кыргыз элин агартууда, жалпы эле маданиятын көтөрүүдө Үмөт Молдо Түгөлбай уулунун, Ыбырайым Абдырахмановдун ж. б. эмгектери зор.

Кыргызстан Россиянын курамына кирген соң билим берүү тармагында да бурулуш башталган. Кыргызстанда мектептер сан жагынан өсүп, аларда билим берүүнүн сапаты жакшыра баштаган. Кыргыздар балдарын, башка мусулман дининдеги элдер сыяктуу диний мектептерде, медреселерде окуткан. Ошону менен катар орус бийликтери 1886-ж. баштап «орус-жергиликтүү» мектептерин уюштура баштаган. Аларда диний билимден тышкары орус тили, орус адабияты жана маданияты үйрөтүлгөн. 1883-ж. Ош уездинде 41 мектеп болуп, анда 391 окуучу билим алса, 1914-ж. 229 мектеп иштеп, анда 3,2 миң окуучу (анын ичннде 33 кыз) окуган. Пишпек уездинде 1,3 миң окуучусу бар 59 мектеп, Каракол уездинде 2,3 миң окуучу окуган 128 мектеп иштеген. Мектептерде билим берүү диний сабактар менен гана чектелбестен, эсеп, география, тарых, табият таануу ж. б. сабактарды окутуу күчөгөн. XX к. башынан тартып «жаңы усул» (жадиттик) мектептери арбып, окуучуларга билим берүүдө жаны усулдук ыкмалар киргизилген.

1917-ж. чейин Кыргызстанда Европа тибинде 107 мектеп болуп, аларда 7 миң окуучу (алардын 574 кыргыздар) окуган. Бул мектептерде 216 мугалим эмгектенген. Жаны типтеги мектептер балдардын 4 процентин гана камтыган.

Ушул мезгилде мусулмандык жогорку окуу жайы медресе кескин көбөйгөн. Алсак, 1892-ж. Түштүк Кыргызстанда 7 медресе болсо, 1914-ж. Ош уездинде эле 88 медресе иштеген. Андан билим алгандар муфтий, казы, окутуучу, мектеп мугалими ж. б. кызматтарда иштешкен.

Байлардын жана манаптардын демилгеси менен Түндүк Кыргызстанда да жаңы ыкмада окуткан кыргыз медреселери ачылган. Жети-Өгүздө Кодонтайдан (1905-ж.), Кеминде Шабдандын (1909-ж.), Нарында Касымаалынын (1910-ж.), Кочкордо Канаттын (1912-ж.) медреселери ачылып, балдарга билим берген.

Атайын кесиптик билим берүүчү алгачкы окуу жайлары катары Пишпекте жана Караколдо айыл чарба мектептери ачылган. Мында окуган кыргыз жаштары чарбачылыктын жаңы түрлөрү менен бирге орус тили, эсеп, тарых, физика, ботаника, зоология ж. б. сабактардын негиздери менен таанышкан.

1870-ж. баштап келгин орустардын балдары үчүн секулярдык (граждандык) жана чиркөөлүк баштапкы окуу жайлары ачыла баштаган. 1897-ж. Бишкекте алгачкы прогимназия, 1910-ж. эркек балдар үчүн гимназия ачылган. 1911-ж. Караколдо кыздар үчүн прогимназия иштей баштаган. Бул окуу жайларында аз санда болсо да кыргыздын уул-кыздары окуп бшгам алышкан.

Колониялык мезгилде маданий-агартуу маселелери, китепканалар, гезит, китеп окуй турган жайлар уюштурулуп аларга орусча, татарча, казакча, өзбекче чыккан китептер, журналдар, гезиттер келип турган. 1911-ж. баштап таш басмадан чыккан Молдо Кылычтын, И. Арабаевдин, Осмонаалы Сыдык уулунун ж. б. эмгектери кыргыз эли тарабынан өтө кызыгуу менен жылуу кабыл алынган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор









































КЫРГЫЗДАРДЫН ЧАРБАЧЫЛЫГЫ (XVIII—XIX кк.)

Кыргыздар эзелтеден эле көчмөн мал чарбачылыгын жүргүзүп, ар дайым мал чарбачылыгына ылайык жерлерди ээлеп келген. Элибизде «Мал боор эт менен бирге» делип эсептелип, ага аяр мамиле жасоо, аздектеп багуу эрежелери укумдан-тукумга өтүп турган. Көчмөн кыргыздар жайыттарды үнөмдүү пайдаланууга, экологиялык тең салмактуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурган. Жайыттар жыл мезгилине жараша жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо, болуп бөлүнгөн.

Кыргыз эли төрт түлүк малдан жылкы багууга өзгөчө көңүл бурган. Жылкыны кыргыздар минген, жүк ташууга пайдаланган. Анын эти, сүтү азык катары, тери жана жал-куйругу чарбачылыкка (саба, жип, аркан жасоого ж.б.) өтө кеңири пайд аланыл ган.

Кыргыз жылкысы байыркы түрк-монгол породасына кирген. Анын бою жапыс болгону менен тулку боюнун узундугу, сөөктөрү, булчундары чьщ, өтө чымыр, туягы өзгөчө бекем, минип жүргөнгө өтө ынгайлуу, үстү тынч болгон. Жылкынын бул пародасы жоош болгону менен өтө акылдуу келип, аны үйрөтүү жеңил болгон.

Эзелтеден эле жылкы баккан кыргыздар ар бир жылкынын мүнөзүн жакшы билип, алардын жашын карап туруп же тишин ачып билген. Элибиз жаңы туулган жылкы баласын кулун, бир жашка чыкканда тай, эки жашында кунан, уч жашында бышты, төрт жашында бир асый, андан кийинки жылдары эки асый, уч асый д. у. с. атаган. Ургаачы жылкынын жашын байтал, чоңун бээ, эркегин айгыр, бычылганын ат деп аташкан.

Көчмөн кыргыздан чарбасында кой эн көп багылган. Алар менен бирге аз сандагы эчкилер болгон. Аларды багуу элге көп жагынан пайдалуу болгон, тез көбөйгөн, суукка чыдамдуу болгон. Жыл бою жайытта оттогон. Койдун эти, сүтү азык катары, жүнү, териси кийим, боз үйдүн жабуулары, материалдык маданияттын көптөгөн предметтерин жасоого пайдаланылган. Кыргыздар койду жана аныя продукцияларын негизинен өздөрү пайдаланышьш, ашыгын товар катары саткан. Негизинен кылчык жүндүү, куйруктуу эт багытындагы койлор тоолуу жерлерге ыңгайлуу келип, тез жетилген жана бат эттенген, кышкысын карды тээп оттогон.

Кыргыз койлору алыс аралыкка көчүүгө, шар суулардан, тоодогу ар кандай татаал жолдордон, бийяк ашуу-белдерден өтүүгө ылайыкташкан. Кыргыздар койлорду кызыр калды (тууй элеги), тубар кой (тууй турган кой), ирик (бычмал), кочкор (эркеги) деп атаган. Койлордун жашын кыргыздар алардын тишине карап билишкен. Бир жашка чейинкилерин козу, эки жашка чейинки ургаачысын токту, эркегин борук, үч жаштагы ургаачысын — эки тиштуү кой, төрт жаштагысын төрт тиштүү кой же кунан кой, беш жаштагысын дөнвн кой же соолук кой, төрт жаштагы бычмалды бир төгөрөк ирик, беш жаштагысын эки төгөрөк ирик, карыган бычмалды чарк ирик, ургаачысын карыган кой деп атаган.

Эчкилер деле кой сыяктуу багылган. Анын жүнүнөн жылуу кийимдер жасалган. Терисинен кымыз куюу, ташуу үчүн чанач жасашкан. Эчкинин сүтү, эти азык катары пайдаланылган. Эчкилердин бир жашка чейинкиси улак, эки жашка чейинки эркегин серке, ургаачысын чебич, үч жаштагысын жана андан жогоркусун эки тиштуү эркеч, төрт тиштүү эчки, соолук эчки, картаң эчки деп койгон. Эркектерин — теке деп аташкан.

Көчмөн турмушка, оор шарттарга ылайыксыз болгондуктан кыргыздар уйларды аз багышкан. Кыргыз уйларынын сүттүүлүгу төмөн болгон. Уйдун жаңы төрөлгөнү музоо, бир жаштагысы торпок, үч жаштагы ургаачысын кунаажын, эркегин — ноопаз, андан кийин — бука, үч жаштагы бычмал эркеги кунан өгүз, төрт жаштагысы бышты өгүз, беш жаштагысы — асый өгуз деп аталган.

Тянь-Шандын, Памирдин жана Алайдын бийик тоолорунда жашаган кыргыздар топоз багышкан. Топоздор эк бийик, суукта, кар кальщ жерлерде өсүп, көбөйө берген. Анын эти, сүтү азык катары, өздөрү жүк ташуучу транспорт катары пайдаланган. Топоздун бир жашка чейинки баласын кыргыздар ~ мамалак деген. Эки жаштагысы кунан мамалак, үч жаштан өткөн саан топоз инек, ал эми эркеги бука делип аталган.

Кыргыздар аз савда болсо да төөнү аздектеп баккан. Төөнү кыргыздар негизинен транспорт катары пайдаланган. Төөнүн жүнү чууда өзгөчө бааланган. Аны кыркпастан түлөгөн кезде тарап (талап) алган. Андан жеңил чепкен, төшөк, жип ж. б. жасашкан. Терисинен көөкөр, көнөчөк ж. б. үй тиричилигинин буюмдары жасалган, аттын ээрин каптаган. Кыргыздар төөнүн жаңы төрөлгөнүн бото, бир жашка чейинкисин сут тайлак, эки жаштагысын — тай тайлак, үч жаштагысын кунан тайлак, төрт жапггагысын бышты тайлак, беш жаштагысын асый тайлак, чоң төөнү инген, эркегин буура, бычымалын атан деп атаган. Кыргыздар «Төө бул көрк» деп бул жаныбарды жакшы көргөн. Кыргыздарда төө тууганда кадимкидей сүйүнчүлөө, ботонун кулагына сөйкө салуу салты болгон.

Жогоруда айтылгандардын баары кыргыз элинин мал чарбачылыгына өзгөчө мамиле кылгандыгын айгинелейт. Кыргыздардын ичинде миңдеген малдын ар бирия өңүнөн чыгарып тааныган адамдар болгон. Толубай өңдүү малды, өзгөчө жылкыны сынай билген сынчылар, саяпкерлер кыргыз элинин арасынан өтө көп чыккан.

Кыргыз эли төрт түлүк малды гана асырабастан, дыйканчылык жана аң уулоо менен да кесип кылышкан. Бирок дыйканчылык жер шартына байланыштуу ар кайсы аймактарда ар кандай деңгээлде болгон. Байыркы заманда эле дыйканчылык Фергана жана Чүй өрөөндөрүндө гүлдөп өскөн. Монгол баскынчылыгынын мезгилинен кийин дыйканчылык айрыкча Кыргызстандын түндүгүндө өтө төмөнкү денгээлге түшкөн.

Буга чейин Ысык-Көл менен Чүйдөгү дыйканчылык орустардын көчүп келүүсүнүн натыйжасында гана өнүгө баштаган дегеи ой-пикилер айтылып келген, бул туура эмес. Дыйканчылык ал мезгилден мурда эле, тактап айтканда, XVII к. ойрот феодалдарын сүрүп чыгарган мезгилде деле жакшы өнүккөнүн археологиялык эстеликтер далилдейт. ХУП-ХҮШ кк. Фергана гана эмес, Теңнр-Тоодо да дыйкандар жерди иштетүүдө сугат арыктарын пайдалана билишкендигин тарыхый булактар айгинелейт.

Андан кийинки тарыхчылардын жазьш кетишине караганда дыйканчылык Ысык-Көл, Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, ал эле эмес бийик тоолуу Ат-Башы өрөөиүнө да кенири кучак жайганын билебиз.

Кыргыз элинин дыйканчылыгынын кошуна отурукташкан өзбек, тажик, Синьцзяндагы (Кытай) уйгурлардыкы менен көп окшоштук жагы бар. Жер шартына байланыштуу Кыргызстандын түштүгүндө түндүккө караганда дыйканчылык жакшы өнүккөн. Түштүктө пахта, буудай, жүгөрү, күрүч жана жашылча-жемиштерди өстүрүшкөн. Ал эми түндүктө негизинен буудай, арпа жана сулу айдашкан. Арпа айрыкча тоолуу жерлерде көп айдалган. Кыргыздар жашылча-жемиштерге анча көңүл бөлгөн эмес.

Бийик тоолуу шарттарда да жерди сугарганга арыктарды, ал эми суу аска-таштын боору менен өтө турган болсо, ал жерге карагайдан жасалган жасалма арык ноолорду курушкан. Арыктарды казганда кетмен, чукулдук жана темир күрөктөрдү пайдаланышкан. Арык казган учурда чоң таштарга туш келишсе келтек деп аталган кабелтең таяктар менен ал таштарды оодарып салышкан. Жаны казылган арыктарга биринчи жолу суу коё берерде «жер, сууга сыйынуу» деп малдан курмандык чалышкан.

Арыкты ошол тегеректеги сакалдуу кишилердин көрсөтмесү менен жапа тырмак казышкан. Арыктын деңгээлнн көз болжол менен эле аныкташкан элдик адистер болгон. Алар кыбачы деп аталган. Карагайлардан ноолорду чабарда керки деп аталган мизи балтаныкындай, бирок кичине, сабына туурасынан келтирип сапталган темир куралды колдонушкан. Дагы бир колдонулган курал байтеше деп аталган, анын сабы узун, мизи балтаныкындай жалпак, бирок туурасынан сапталган.

Эгерде арыкка суу көп келүүчү жерлер болсо, анда эки ноону катар коюшуп, аларды түркүктөргө бекитишкен. Ноолорду бири-бирине темирден жасалган чаңгектер менен карматышкан. Айдалган жерлерин жайлоодон убак-убагы менен келип сугарып турушкан, күзүндө келгенде жыйнап алышкан. Түшүм жыйналгандан кнйнн гана тоодогу малды ылдый түшүрүшкөн. Жакадагы эгин-чөптөрдү негизинен жатакта калган жатакчылар багып өстүрүшкөн.

Негизги жер айдаган курал буурсун болгон. (Аны түштүктөгүлөр омоч деп аташкан). Анын учтуу жагына чоюн тиш кийгизишкен. Ал эми VIII к. кыргыздардын «тишти» арчадан да жасагандыгы белгилуү. Дыйканчылыктын бардык жумуштарына ылайыктаттырылган кетмен куралы азыркыга чейин кеңири колдонулуп келе жатат.

Жер айдагандан кийин үрөндү баш кийимдерине, этегине же териден жасалган торбуга (чака) салып алып кол менен себишкен. Ал эми кээ бир жерлерде ат үстүнөн да себилген. Үрөн сепкенден кийин мала же шак мала деп аталган бутактуу шыргый менен тырмашкан. Кийин, т. а. XIX к. экинчи жарымында темир соко менен темир тырмоолор пайда боло баштаган.

Түшүм жыЙноодо жалгыз курал кыргыз орок же кол орок болгон. Ал эми Борбордук Азиянын башка аймактарында маңгел деп аталган орокко окшош, бирок тиши жок курал колдонулган.

Эгинди талаадан боолап, кырманга чийнеге, жер өгүзгө салып ташып келишкен. Кырмандан эгинди төмөнкүчө бастырган. Ортого орнотулган мамыга жыгачтан (ичке талдардан) жасалган терек чамберек кийгизип, ага аттарды же өгүздөрдү катар байлагг, мамыны айланта айдап бастырышкан. Бул темин деп аталган. Бастырылган эгиндерди биринчи жолу айры менен, экннчи жолу жыгач күрөк менен желге сапырып тазалашкан. Темин бастырууда моло таштарды да пайдаланышкан. Аны ири таш кесектеринен колго чегип жасачу. Буудайдан суу тегирмендерге ун салдырышкан. Ал эми жарма, максымга талканды, бозого шакты, угутту жаргылчактарга колго тартышкан. Эгинди кырмандан толугу менен бастырып бүткөндөн кийин, майда жандыктан курыандык чалып дыйкандын колдоочусу Баба дыйканга багышташкан.

Ан уулоо чарбачылыгы кыргыздардын ата-бабасынан келе жаткан кесиби катары XX к. чейин кенири сакталган. Ан уулоодо мылтык, капкан, тузак пайдаланылган. Андан сырткары мүнүшкөрлөр: бүркүт, куш менен ан уулашып, аларга карышкыр, түлкү, коен, кекилик, чил жана башкаларды алдырышкан. Кыргыздар илгертен бери тайган агытып, мергенчилик кылган. Эл ичинен талыкпаган, көзгө атар мергендер чыккан. Аң уулоо менен кесип кылгандарды мер генчи деп аташкан. Мергенчи айылдагы эн кадырлуу адамдардан болгон. Айрым мергенчилер аң уулоо менен бир айылды баккан.

Аркар, кулжа, текелерге кээде ондон да көп киши чогуу чыгышкан. Анда жердин уусун билген мерген кийиктерди үркүтүүгө атайын кишилерди жиберген, аларды айдакчылар дешкен. Ал эми калгандары болсо, колдоруна мылтык алып ынгайлуу жерлерде жашырынып, үрккөн кайберендерди алдынан тосуп атышкан. Алар тозотогулар деп аталган.

Мергенден келе жатканда алдынан жолуккандар шыралга сурашкан. Аларга атып алышкан кайберендин этинен сөзсүз бөлүп бершпкен. Бербесе намыс, уят, кийинки ан уулоодо жолу болбой калат деп эсептелген. Кээде аткан кайберендин этин «шыралгага» таратып берип, үйүнө куру кол келген март мергенчилер да болгон.

Кыргыздар эзелтен эле кайберендин жашоо-шартын жакшы билишкен. Ошондон улам кыргыздын жыл эсебиндеги 12 айдын жетөөнүн аттары да кайберендерге байланыштуу коюлган.

Аң уулоодо пайдаланылган итти кыргыздар тайган деген. Аны күчүк кезинен сөөк, чийки эт бербей, итке талатпай, эр жүрөк кылып кастарлап багышкан. Тайгандардын кырааны жолборс, эң мыктысы кумайык деп аталган. Кыргыздарда кумайыкты көк жору тууйт, туулгаидан үч күнгө жете киши көрсө кумайык (тайган) болуп, андан өтсө жорунун балапаны болот деген ишеним болгон. Кыргыздар атты кандай таптаса, тайган менен кушту да ошондой эле аздектеп таптаган.

Аң уулоого бүркүт менен кушту да пайдаланышып, бапестеп таптап асырашкан. Куш таптап, куш салган адамдар мунүшкөрлвр деп аталган.

Кыргыздарда негизинен мал чарбасынын продукцияларын иштетүүгө байланыштуу үй кол өнврчүлүгү өнүккөн. Кой жүнүнөн кездеме токуу үчүн жип ийришкен, ал эми терисинен тон менен жылуу шым тигишчү. Жүндөн, боз үйлөрдү жаба турган кийиз жасашкан. Кийизден кийим-кече, баш кийимдерин, төшөнчүлөрдү ж. б. жасачу. Бут кийнм, кийим-кече, идиш-аяк үчүн тернден өтө жөнөкөй жол менен булгаары, ал эми жыгачтан боз үйдүн кереге-ууктарын, түндүгүн, эшигин, ээр, такта, ндиш-аяктарды жасашчу. Темирден болсо түрдүү курал жабдыктарды, эмгек куралдарын, күмүш менен алтындан турмуш -тиричиликте колдонулуучу ар түрдүү кооздук буюмдарын жасашкан.

Кыргыздардын чарбасы негизинен натуралдык мүнөздө болгону менен соода-сатык да өнүккөн. Соода көп учурда товар алмаштыруу (бартердик) мүнөзүндө болгон, т. а. малды жана мал чарба продуктулары соодагерлердин товарына алмаштырылчу. Кыргыздарга Ферганадан, Кашкардан, Кулжадан, Россиядан соодагерлер келишчү. Алар кездемелерди, чай, тамеки, күрүч, кургатылган жемиштерди алып келе турган. Россиядан нооту, чыт кездеме, булгаары темирден жана чоюндан жасалган буюмдарды алып келишчү. Кыргыздар бул товарларды малга, териге, кийизге, жүнгө, баалуу ан терилерге алмаштырып алчу.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор







КЫРГЫЗДАРДЫН ТУРАК ЖАЙЫ ЖАНА КИЙИМ КЕЧЕСИ

Кыргыздардын турак жайлары көчүрүлмө жана туруктуу болуп экиге бөлүнгөн. Көчмөнчүлүк жана жарым көчмөнчүлүк мезгилде негизги турак жай боз уй болуп, көчмөндөрдүн бүткүл турмушу ошондо өткөн. Боз үйдүн кереге-ууктары, үзүк-туурдуктары көчмөндөр тарабынан кылымдар бою улам жакшыртылып келген. Боз үй чечүүгө, чогултуп кайра таңууга, ошондой эле унаага жүктөөгө өтө жеңил, ынгайлуу, бөлүк-бөлүгү менен таңылыш, кайра тез кураштырылып тигилет. Бир конуштан экинчи конушка көчкөндө боз үйдүн жыгач-ташы, кийиздери жылкы, топоз, төөлөргө жүктөлгөн. Аны тнгүүдө, адегенде 5-6 канаттан, чоң боз үйлөрдө 8-12 каяаттан турган керегелери тегерек кылынып жазылып, бириктирилет да, бөлүкчөлөрдөн турган босогосу ашталып, ага эки жакка ачылма каалга орнотулат. Боз үйдүн орточо диаметри 5 м, бийиктиги 3-3,5 метрге жетет. Кереге орнотулгандан кийин бакандын жардамы менен түндүк көтөрүлүп, ага ууктар сайылып ууктун билеги керегенин ачаларына бекитилип байланат. Керегенин сырты чырмалган чий менен капталып, боз үйдүн бүт тулкусу ар кыл кийиздер менен (үзүк, туурдук, түндүк жана эшик жабуулар) жабылат. Кыргыз боз үйү казак жана Борбордук Азиянын башка элдеринин боз үйлөрүнө окшош келсе да, көркөмдүүлүгү, ички, тышкы жасалгалары менен айырмаланып турат. Боз үйдүн ичине жүндөн токулган таар, кийиз, шырдактар, талпак, көлдөлөң жана жер төшөктөр салынат.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн боз үйдөгү орун алышы кылымдардан бери улуулугуна, сыйлуу меймандыгына карата болот. Эшиктен кире бериш оң тарабы эпчи жак деп аталып, бул аялдарга тиешелүү, мында тамак-аш, идиш-аяк сакталат; сол тарабы эр жак деп аталып, ал эркектерге тиешелүү, кире бериштен баштап эле малчылыкка, аңчылыкка керектүү буюмдар жана ат жабдыктары илинип коюлат. Боз үйдүн төр жагына сандык, жыгач такта же кыдырата тизилген таштардын үстүнө үй-бүлөнүн бүткүл турмуш-тиричилик байлыгын түзгөн килем, жууркан-төшөк, жаздык, ар түрдүү кийиздердин түрмөгү, кийим-кече оролгон таңгак, куржун жана башкалар текчеленип жыйылчу. Ушул жыйылган жүктөрүнө жараша үй-ээсинин материалдык байлыгыяын өлчөмүн байкоого болгон. Байлардын ар кандай чондуктагы, бир нече боз үйлөрү болуп, алар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө, келүүчү меймандарга, жаңы үйлөнгөндөргө, тамак-аш бышырууга атайы арналып тигилген.

Кыргыздар XIX к. ортосуна чейин эле (өзгөчө түндүк Кыргызстанда) негизинен боз үйлөрдө жашашкан.

Кыргыздар адатта уруу-урук боюнча бир айылга биригип, биргелешип көчүшкөн. Кыштоолору анча бийик эмес өрөөндүн шамал тийбеген ыктоо кокту-колотторуна, сууга жакын жана малга оттуу жерлерде болгон. Мал киргизиле турган короо-сарай, бастырма-калканчы таш, чырпык же ылайдан курулган. Бара-бара кыштоолорго туруктуу туракжайлар жана чарбачылыкка ылайыктуу курулуштар салынып, айрым ыңгайлуу кыштоолордо кийин калк отурукташкан кыштактар пайда болгон. Кыргыздар дыйканчылыкка өткөндөн кийин да, көпчүлүк үй-бүлөлөр боз үйлөрдө жашашкан, же аны экинчи турак жай катары пайдаланышкан.

Кыргызстанда турук алган айылдардын жана турак жайлардын чон айырмачылыктары болгон. Бул болсо географиялык жана тарыхый өзгөчөлүктөр, жергиликтүу салт, ошондой эле кыргыз элинин отурукташууга өтүүсү бир убакыттын ичинде жүргүзүлбөгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Эгерде туруктуу турак жайлар түндүк жана түштүк батыш райондордо XIX к. биринчи жарымында эле пайда болсо, калган аймактарда негизинен XX к. башында курула баштаган.

Үй куруунун техникасы боюнча кыргыздар ар түрдүү ыкмаларды пайдаланышкан. Түндүк райондордо үйдү топурактан согуп жасашса, Ысык-Көлдө мындай сокмо тамдардан сырткары жыгач үйлөрдү да курушкан. Түштүк райондордо адатта үйлөрдүн дубалын ылайдан томолоктолгон (пакса) же кесек (гувалак) коюу аркылуу көтөрүп курушкан. Түштүкбатышта каркастык дубалды ылай менен бекитип жасоо кеңири тараган. Кийинчерээк бардык жерде үйлөрдү бышырылбаган, айрым учурларда бышкан кирпичтер менен курууга өтүшкөн.

Кыргыздардын байыркы салттык кнйимдери бир аз гана өзгөрүүлөрү менен отурукташууга чейин сакталып келген. Мал чарбачылыгы басымдуулук кылган жерлерде кийим-кечектин абалкы түрлөрү, адатта үйдө даярдалган материалдардан: жапайы айбандардын жана малдын кол менен иштетилген терилеринен, бышык басылган жука кийизден, койдун, төөнүн жүндөрүнөн токулган таарлардан тигилген. Ошондой эле, көчмөнчүлүктүн шартында да кыргыздар сырттан келген товарларды: орто азпялык жава кашкарлык кустардык өндүрүштүн кездемелерин, жибек, жүидөн токулган кездеме, баркыттарды алып пайдаланышкан.

XIX к. башында эркектердин эски үлгүдөгү ич кийими катары боору ачык көйнөк, дамбал жана башкалар эсептелген. Көйнөктү ак боздон же матадан кементайга окшош бычып, этегнн тизеден төмөн түшүрүп, жени колдун учун жапкандай балбырата тигишкен, алар кайырма жакалуу же жакасыз болгон.

Сырт кийимдердин бардыгы халат сыяктуу келип, жакалуу же жакасыз эле өтө кенен тигилген. Кышкы кнйимдин жакасын көрпөдөн, ац терилеринен жасашкан. Анын четтерине кара сатин, баркыт же кара көрпө бастырылып кооздолгон. Кышкы сый кийими карышкыр, сүлөөсүн, кундуз терилеринен жасалып, сырты нооту менен тышталган ичик болгон. Кышкысын териден жасалган тон кийишкен. Кыргызстандын түндүгүндө жана түндүк чыгышында ак же каралжын жүндөн жасалган кемевтайларды кийишкен. Ак кементай колунда барлардын арасында кеңири таралган. Аны кооздоп, баркыт менен кыюулап жасашкан. Колго ийрилип, жүндөн токулган таардан жени узун, жакалуу же жакасыз, узун жана кенен чепкен. тигишкен. Жылуулук мезгилдерде кийилүүчү тыгыз кездемеден тигилген орнотмо жеңдүү, чөнтөктүү, адамдын денесине ылайыкталып тигилген биринчи сырткы кийим беишант деп аталган.

Абалтан эле эркектер кийимдин сыртынан кур курчанышкан. Эң байыркы колдо жасалган курлар кийинчерээк фабрикалык, кездеме же кайыш курлар менен алмаштырылган. Колунда бар кыргыздар бетине күмүш купалар чаптырылып, булгаарыдан жасалган жазы кемерлерди курчанышкан. Курга кындуу бычак, устара, шибеге жана оттук таш байланып жүрүшкөн.

Баш кийимдердин кенири тараган түрү тебетей болгон. Анын төбө жагы төрт талаалуу тигилип, кырына түлкү же кара күрөн түстөгү козунун көрпөсүнөн кыргак капталган. Көрктүү жана баалуу баш кийимдерди суусардын, калтардын терилеринен жасашкан. Аларды бийлер, бай-манаптар гана кийишкен. XIX к. эркектердин кенири таралган баш кийими кышкысын — көрпө тебетей, жайкысын ак калпак болгон.

Кыргыздардын эзелки бут кийимдерине көк булгаарыдан жасалган өтүк, ошондой эле чылгый териден жасалып, кыдырата үстүнкү тегерек чети кайыш тасмалар менен бүгүлүп тартылып, байлануучу чарык чокойлор болгон.

Аялдардын кенири тигилген көйнөк, дамбал сыяктуу ички кийимдери болгон. Жгип келин кыздар ар түрдүү түстөгү, көбүнчө кызыл көйнөктөрдү кийишкен.

Аялдардын сырткы кийимдери бычымы боюнча эркектердикине окшош (чапан, тон) болгон.

Кыргыз аялдарынын этностук өзгөчөлүгүн күбөлөөчү илгерки кийими белдемчи болгон. Ал аялдын келбетин келишимдүү көрсөткөн. Кыргыз аялдарынын баш кийимдери көп түрдүү, жасалышы татаал жана өзгөчө болгон. Кыздардын баш кийими шуңшугуй төбөлүү тебетей эле. Кыздар үйлөнүү тоюнда күмүш, шуру, бермет, седеп жана башкалар менен кооздолгон шөкулө кийишкен. Аялдардын бардык жердегн негизги баш кийими элечек болгон. Кийинчерээк элечек жоолук менен алмаштырылып, адегенде жоолукту элечек сымал салынышкан. Аялдардын келбетине кошумча көрк кошкон, улуттук өзгөчөлүктү түзгөн жасалгалар күмүш иймек, шакек, билерик, чачпак, чач учтук кеңири колдонулган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




КЫРГЫЗДАРДЫН ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРИ

Кыргызстанда патриархалдык феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылып келиши элдин рухий турмушунда диндин маанилүү орунду ээлешине себеп болгон. Кыргыздардын официалдуу дини ислам болуп эсептелсе да, ал элдин диний түшүнүктөрүнүн толук мазмунун түзгөн эмес. Анын үстүнө мусулманчылык менен катарлаш диндин алгачкы формаларынын калдыктары да кыйла даражада сакталып келген. Азыркы Кыргызстандын аймагында исламдын таралышы IX-XII к. таандык. Кыргыздар алгачкы диний ишенимдерин XVI к. чейин гана эмес, андан кийин да узак убакыттарга чейин кармап келишкен. Осмон түрктөрүнөн чыккан Сейфи (XVI к.) кыргыздарды «мусулман да капыр да болгон эмес» деп жазган. Махмуд ибн-Вели (XVII к.) кыргыздарды капырлар деп атап «алар өлкөгө өзбектердин келиши менен мусулман болуп калышы ыктымал» деген. XVII к. ТенирТоолук кыргыздарга жунгарлардын бир катар кол салууларынын мезгилинде кыргыздардын бир бөлүгү мусулман калкы жашаган Фергана өрөөнүнө жана ага тутумдаш тоолуу райондорго оошуп отурукташуусуна байланыштуу мусулман дини кыргыздарга кеңири тарала баштаган. Жаны чөйрөдө кыргыздар жаны динди да тез кабыл ала баштайт. Бирок Жуңгар хандыгы кулагандан кийнн кыргыздардын мурдагы жашаган жерлерине кайтып келиши менен алардын мусулмандашуу процесси кайрадан солгундаган.

Кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кеңири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени, динди таратуу Кокон башкаруучуларынын саясатынын бир бөлүгү болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттин ролу чектелген абалда болду. Анткени, мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар болсо алардан оолагыраак көчүп жүрүүгө аракет кылышкан. Ошого карабастан XIX к. кыргыздар маңызын терен түшүнбөсө да, исламдын негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө баштаган.

Исламга чейинки коомдук өнүгүүнүн ар түрдүү баскычтарынан калган диний ишенимдер каада-салттарда ислам менен бир катарда, айрым учурларда ага аралашып жашап келген. Кыргыздардын көз карашында диний ишенимдердин мурдагы калдыктарынан сакталып калган эң алгачкы формаларынын арасында тотемдик (ыйык) түшүнүктөр да болгон. Ал боюнча айрым уруктардын же уруулардын келип чыгышы жагынан кээ бир айбанат, канаттуулар менен тукумдаш (бир кандаш) деген идеяга негизделип, ошолордун сөөктөрүн, канаттарын жана башка мүчөлөрүн ыйыкташтырууга алып келген. Түндүк кыргыздардын бир чоң уруусунун "бугу” деп аталышы, ага байланыштуу бир катар ишенимдердин болушу кыргыздардын бүгүнкү күндө да өздөрүнүн түпкү теги катары айрым бнр жаныбарларды урматтаганын айгинелейт.

Буга бүркүт, карышкыр, тоо текени урматтоо жөнүндөгү кеңири жайылган ишенимдерди да байланыштырууга болот.

Ошону менен катар, кыргыздар зороастризмдик мүнөздөгү ишениыдерге ылайьж кээ бир айбанаттарга да сыйынышат. Мындай урматтоолордун объектиси мифтик ак тайлак, ак илбирс, жылан, үкү, аюу ж. б. болгон. Кыргыздардын диний түшүнүгүндө маанилүү орунду табияттын көрүнүштөрүнө табынуу ээлеп, алардын эн эле байыркысы асманга-теңирге сыйынуу болгон. Кыйынчылык учурунда кыргыздар асманды карап: «Теңир колдой көр»деп тилек кылып суранышкан. Жаштарга бата бергенде же кимдир бирөөнү жакшы тилек менен алкаганда «Теңир жалгасын», ал эми кнмдир бирөөнү каргаганда «Теңир урсун» дешкен. Кыргыздар асманды кудай катары баалоо менен бирге, Айга, жылдыздарга да табынышкан. Табиятка сыйынууда тиричиликтин башаттары катары Жер менен сууга табынуу да маанилүү орунду ээлеген. Кыргыздар бүткүл жер бетин, «жер-сууну» жараткан катары көрүшкөн. «Жер-сууга» сыйынууда курмандыкка мал союу да эң байыркы ырым-жырымдардын бири болгон.

Кыргызстандын Түштүгүндө жашаган эл эн байыркы замандан эле Сулайман тоосун ыйык тутуп, ага сыйынып келген. Ислам дини чыккандан кийин бул тоо Фергана чөлкөмү үчүн экинчи Меккеге айланган. Түндүк Кыргыздардын эли Кочкор өрөөнүндөгү «Кочкор-Ата» тоосуна сыйынып, ал жер ыйык маэарга айланган. Кыргыздардын тоо, көл, булак, дарак, ашууларды ыйык тутуусу чарбачылыкка көчмөн турмушка байланыштуу келип чыккан. Табияттын көрүнүштөрүнө сыйынуунун укумдан-тукумга калып келген элементтери отко сыйынуудан

Жаратылыштын күчтөрүнө сыйынуу, мисалы: «обо» асман, көктүн, жер, таштын, бардык нерселердин «ээси» бар деп эсептөө дагы исламга чейинки диний ишенимдердин арасынан өзүнчө бир көрүнүш катары кароого болот.

Кийинчерээк, азыркы мезгилде деле, байбичелер бала-бакыраны эмдеп, жүрөгүн көтөрүп, бешикке салганда: *Менин колум эмес Умай Эненин колу», деп ырымдап айтканы кездешет.

Шаман дини жана дарылоонун ага байланышкан түшүнүктөрү, ыкмалары кыргыздардын көз карашында маанилүү орунду ээлеп, алардын турмуш-тиричилигинде бекем сактальга келген. Шаман эркектерди «бакшы», ал эми шаман аялдарды «бубү» деп аташкан. Бакшылар ак жана кара болуп, өтө кудуреттүүсү кара бакшы деп эсептелген. Бакшылардын негизги милдети ооруларды, эн башкысы жандуу (нерв) ооруларын дарылоо, «көзү ачыктык» кылуу болгон. Алар «жиндердин» жардамы менен «дарылап», «көзү ачыктык» кылышкан. Бакшылык касиет укумдан-тукумга калат ден эсептелген.

Ата-бабалардын арбагына сыйынуу кыргыздардын исламга чейинки диний көз караштарынын ичинен көрүнүктүү орунда турат. Элдик диний ишенимдерди изилдөөчү археологиялык, этнографиялык жана ошондой эле фольклордук материалдар муну тастыктай алат. Эгерде археологиялык материалдар диндин тарыхынын байыркы мезгилин изилдөөдө жардам берсе, этнографиялык, өзгөчө фольклор, анын ичинде «Манас» эпосу кыргыздардын кийннки мезгилдеги бир топ диний ишенимдери жөнүндө баалуу маалымат берет.

Өлгөн адам жөнүндө жаман пикир айтууга болгон эмес, өлүк коюлган күмбөз, мүрзөлөр «ыйык жерлер» деп эсептелген. Жан-жаныбарлардан садага чабылып, мал союлган.

Бизге белгилүү болгондой ата-бабалардын арбактарына сыйынуунун негизин «ата-бабалардын жаны реалдуу жашайт», деген анимистикалык көз караш түзөт. Ал боюнча ата-бабалардын арбактары өздөрү өлсө дагы, тирүүлөрдүн турмушун байкап, өзүнүн укум-тукумун колдоп турат. Бул сыйынуу коомдук өнүгүүнүн патриархалдык-уруулук коомуна тиешелүү. Себеби бул мезгилде уруунун аксакалдары жогорку сый-урматта болуп, алар өлгөндөн кийин дагы өздөрүнүн уруусундагы адамдардын турмуш-тиричилигинин баарын көрүп, аларды колдоп турат дешкен.

Эпикалык чыгармаларда дагы «арбакка арнап соёлу», «ата-баба арбагы бизди колдой кер», — деген саптар көп кездешет. Кыргыздарда ата-бабанын арбагына сыйынуу өзгөчө орунда тураарын биринчилерден болуп Ч. Балнханов айтып кеткен. Кыргыздар адам өлгөн менен анын жаны түбөлүк жашайт деген бекем ишеничте болгон.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор





КЫРГЫЗДАРДЫН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Оозеки чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо биринчи кезекте эле «Манас» эпосу эске түшөөрү шексиз. Чындыгында эле «Манас» кыргыз эпосунун байыркы үлгүсү катары кыргыз элинин азаттык, көз карандысыздык үчүн күрөшүн, анын адилет, жыргал турмушу туурасындагы ой-тилегин көркөы чагылдырган чыгарма. Жазылып калган тарыхы жок, өзү жөнүндө жазуу даректери анча көп болбогон көчмөн эл үчүн «Манас» эпосу оозеки поэзиянын башка жанрларындай эле жазуу адабиятынын да, сүрөт өнөрүнүн да, театрдын да милдетин аткарган.

«Манас» эпосунда баатыр Манастын образынын айланасында үчилтиктин окуялары өнүгүп, негизги идеяга — кыргыздын бытыраган урууларын бириктирүү идеясына баш ийдирилет. «Манас* үчилтигннин 1-бөлүгү Манас баатырдын Бээжинде жеңилиши, эр жүрөк баатырлары Алмамбет, Чубак, Сыргак, Эр Көкчөнүн өлүшү. Манастын өзү да катуу жарадар болуп дүйнөдөн кайтышы менен аяктагандыктан, эпопеянын андан ары уланышына шарт түзүлөт.

Үчилтиктин 1-бөлүмүнүн кайгылуу аякталышы реалдуу чындык деңгээлинде көтөрүлгөн. Манастын керезинде уруулар арасында чыр-чатактар, Манас баш коштурган кыргыз элинин күч-кубатынын начарлаганы жөнүндө айтылат. Манастын уулу Семетейдин төрөлүшү келечекте атасы үчүн өч алууну алдын ала шарттайт. Ошентип, биринчи бөлүк менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан экинчи бөлүк пайда болуп, анда өз аталарынын эрдиктерин кайталап, чет жердик баскынчыларды талкалап чыккан Семетейдин жана анын шериктеринин турмуш жолу менен эрдиктери баяндалат.

«Семетей» баатырдык поэмасы үчилтиктин бир кыйла көп айтылуучу бөлүгү. Поэманын эр жүрөк каармандары баштагыдай эле адилетсиздиктин курмандыгы болушат. Бирок, буга чет жердик баскынчылар эмес, элди бузган уруу башчылары же хандар, т. а. ички душмандар себепкер болушкан.

Ички душмандарга каршы күрөшүүнү эпикалык баяндоого « Сейтек» бөлүмү арналат. Анда акыры адилеттик жеңип чыгат. Семетей менен Сейтектин образдарында элдин Манас жөнүндөгү легенданы укум-тукумдарына сактап калууга умтулуусу көрүнөт. Эпосто кыргыз элинин тагдырына байланыштуу өтө урунттуу тарыхый окуялар ар кыл даражада чагылдырылган. Сюжеттин курулушуна Түрк кагандыгынын тарыхына байланышкан орто кылымдын алгачкы мезгили, ошондой эле Борбордук Орто Азиянын аймагындагы элдердин, уруулардын жер которуштуруусуна, ассимиляцияланышына алып келген монголдордун басып кирүү доору, Жуңгар хандыгынын түзүлүш мезгили да из калтырган.

«Манас» элдик адабияттын эк ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, анын диалекттеринин жакындашында, грамматикалык нормаларынын такшалышында, сөздүк курамынын байышында баа жеткис роль ойногон. «Манастын» идеясынын кылымдар бою кыргыз элинин этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип келгендигинен да көрүнөт. Эпос адамдардын бири-бирине болгон өз ара мамилелериндеги этикалык иормаларды даназалайт, ушундан улам ал биздин күндөрдө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлөрүнүн арасында татыктуу орунда турат.

Кенже эпостор да баатырдык менен каармандыкты даназалоого арналгая. Буларда коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат. Кылымдар бою айтылып келген эпостордун жаралуу мезгилин аныктоо мүмкүн эмес. Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, көп алектен өтүп, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган.

Кенже формадагы эпикалык чыгармалардын арасында баатырдык жана социалдык-турмуштук дастандар бар. «Эр Төштүк», «Кожожаш» өндүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат. «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөйдө» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган.

Лирикалык ырлар да кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кенирн роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык бийик деңгээлде кенири чагылдырылган.

Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген элибиз фольклорго өтө бай. Эмгек процессин камтыган эмгек ырлары салт-кааданы чагылдырган салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык секетбай, күйгөндөр, мелдеш айтыштар да түгөнбөс казына. Көлөмдүүсүбү же чаканыбы, ар бир чыгарма алгач ирет жеке адамдар тарабынан чыгарылат. Ошол көркөм материал мазмуну жана формасы жактан башкалардын да купулуна толсо үйрөнүү, эсте сактап калуу жолу менен ооздон-оозго өтүп, көпчүлүккө тарап элдик мүнөзгө өткөн. Кийин бирөөдөн экинчиге өтүп, оозеки айтылганда алар алымча-кошумчаларга учурап, өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген. Натыйжада алгач чыгарган адамдын аты унутулуп, андай чыгарма көп адамдардын элегинен өтүп, толукталып, жалпы элдин энчисине айланган.

Адамдын ички сезимин, ой толгоолорун көбүнчө ыр түрүндө баяндаган көлөмү чакан ырларды лирикалык ырлар дейбиз. Лирика деген түшүнүктүи түпкү теги гректердин «лира» аттуу музыкалык аспабынын атынан келип чыккан. Байыркы гректерде ошол лира аспабынын коштоосу менен аткарган чыгармалар лирикалык ырлар деп аталган.

Лирикалык ырлар тематикалык мүнөзүнө жараша эмгек ырлары, турмуш ырлары болуп бөлүнөт. Турмушта лирикалык ырлардын тарбиялык мааниси зор.

Кыргыздыи эн байыркы доордо жаралып биздин күндөргө чейин жашап келген эмгек ырларына »0п майда», «Бекбекей», «Шырылдан » кирет.

Кыргыздар коомдук түзүлүштүн баскычтарына, күндөлүк тиричиликтин түрлөрүнө ылайык узак жылдар сакталып, элге сиңген үрп-адаттарга, каада салттарга бай. Кыргыздын фольклордук чыгармаларынын ичинен үрп-адатка байланыштуу чыгармалар көп. Ошондуктан аларды үрп-адат ырлары дейбиз. Үрп-адат ырларына кошоктор, (киши өлгөндө, кыз узатканда айтылган), керез ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары, жарамазан, мактоо ырлары, бешик ырлары, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырлары эл арасында кеңири таралган.

Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өтчү эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада оозеки элдик чыгармачылыктын төкмөчүлук өнөру күчтүү өнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган. Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктору менен катар акындарды айтыштыруу да кеңири жайылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дареметин салыштырып, бирин-бири женүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлар делип айтылган. Айтыш ырлары акындардын чеберчилигин айгинелеп, бул жанрдын өсүшүнө түрткү берген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор















ЖАКЫНКЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ КЫРГЫЗДАР

Кыргыздар Фергана өрөөнүндө байыртадан эле байырлап андагы көп улуттун өкүлдөрү, өзгөчө өзбектер, кыпчактар, тажиктер менен бирге жашап келгени белгилүү. Фергана чөлкөмү XVIII к. баштап өз алдынчалыкка ээ болуп, андагы бийлик 1709-ж. Шахрух бийдин колуна өтүп, ал Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат. Ушундан тартып Россия басып алганга чейин бул чөлкөмдөгү бийликти Кокон хандыгы жүргүзгөнүн билебиз. Адегенде Фергананын түздүгүндө, кийин тоолорунда жашаган кыргыздар Кокон хандыгынын туруктуу калкына айланган жана бул хандыктын коомдук-саясий турмушуна таасирдүү катышкан.

Ферганалык кыргыздар XIX к. баштап Кокон хандыгынын жогорку хандык бийлигин да өз колунда кармап турууга аракеттенишип, ал максатын жүзөгө ашырышкан. Буга кыргыздардын тарбиясы менен Таласта эр жетип, Нүзүп баш болгон кыргыздар менен кыпчактардын колдоосу менен Шералынын хан көтөрүлүшү күбө.

1897-ж. статистикалык маалымат боюнча Фергана чөлкөмүндө 424 миңдей кыргыздар жашап, андагы калктын 30 процентин түзгөн. Алардын көпчүлүгү өздөрүн Ферганада байыртадан эле жашаган туруктуу калк катары эсептешкен. Айрымдары болсо Чыгыш Түркстандан, Теңир-Тоодон, Таластан ж. б. жерлерден көчүп келип жашап калышкан. Ферганадагы кыргыздардын жакада жашагандары дыйканчылык, ал эми тоолуу өрөөндөрдө жашагандары мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан.

Совет бийлигинин улут саясатынын натыйжасында 1924-ж. Орто Азия чөлкөмү улуттук мамлекеттүүлүктөргө бөлүнөт. Бул маанилүү иште бул чөлкөмдө жашаган этностордун кызыкчылыктары толук эске алынбай, субъективдүүлүккө, баш аламандыкка жол берилет. Натыйжада байыртадан эле кыргыздар мекендеп келген Самарканд, Анжиян, Наманган, Фергана өрөөнүнүн көггчүлүк бөлүгү Өзбекстандын чегине кирип калган. Кыргызстандын элинин чек араларды тактоо, кыргыздар мекендеп келген жерлерди Кыргызстанга кошуу жөнүндөгү талаптарына Совет бийлиги көңүл бурган эмес. Ошентип, кыргыздар жерлери менен коңшулаш Өзбекстандын калкына айланган. Учурда кыргыздар Өзбекстандын дээрлик бардык областтарында жашашат. Алардын басымдуу көпчүлүгү Анжиян, Наманган, Фергана, Жызак, Кокон, Ташкент, Самарканд, Сыр-Дарыя областтарында турушат. Кыргыз айылдарынын көпчүлүгү тоолуу райондордо жайгашып, кыргыз тилинде аталат.

Соңку маалыматтар боюнча Өзбекстанда 175 миңдей кыргыз бар. Анда жашаган кыргыз балдары үчүн 40тан ашуун кыргыз тилиндеги мектептер иштейт. Алар үчүн окуу китептери, окуу куралдары Кыргызстанда даярдалат.

Дүйнөдөгү эң бийик Памир тоолорунун, асман тиреген чокуларынын арасын, өзөндөрүн, кокту-колотторун кыргыздар байыртадан эле мекендеп келишкен. Анткени Памир тоолору Кыргызстандын азыркы чек арасы менен эле туташ жатат.

Тарыхый булактарда 1635—1636-жж. Кара-Корум менен Керөлөңдү мекендеп жүргөн он эки мин түтүн кыргыз КараТегин аркылуу Гиссарга келгендиги эскерилет. Мындан кийинки кыргыздардын Памирге көчүп келиши ойроттордун чабуулу менен байланыштуу. Ойроттордун чабуулунан улам Кара-Тегинге көчүп барган 100 миң түтүндөй кыргыздар Бухара хандыгына караштуу Гиссар, Куляб, Памир, Түндүк Индия жана Кашкарга чейин барган. Калмактар кыйрагандан кийин качкан кыргыздардын негизги бөлүгү Теңир-Тоого кайтышып, бир аз тобу ошол тарапта калып калышса керек.

XIX к. Памирди Кокон хандыгы, Кашкар эмири жана Афганстандагы Вахап акими бөлүп алышкан. Анда жашаган кыргыздар да формалдуу түрдө үчкө бөлүнүп калган. Бирок кыргыздар үч ээликтин бирине да баш ийбестен, өздөрүн Памирдин мыйзамдуу кожоюндары катары сезишкен.

Памирлик кыргыздардын эркиндик үчүн күрөшүн көп жылдар бою Сахип Назар жетектеген. Кокон хандыгы аны өзүнө тартуу максатында ага датка мансабын ыйгарган. Афган эмири болсо кээде Сахип Назарга жардам сурап кайрылып турган. Жайкысын ал асман тиреген тоолордогу жайлоолорго көчүп, кышкысын адамдар жете алгыс Кузары дарыясынын куймасындагы кыштоосунда жашаган. Кайсы бир жылдары Алай жайлоолоруна жайлаган. Ал өзүнүн колу менен афган эмиринин аскерлерине, орус баскынчыларына бир нече жолу сокку урган. Андан афган эмири да, орустар да чочулап турган. Памир аймагын 1890-жж. Россия басып алган соң Сахип Назар колго түшүрүлүп, «каракчы» катар атылган. Чындыгында, ал өз элинин эриндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн кыргыздын өз мезгилиндеги чыгаан уулдарынын бири болгон.

Совет бийлигинин жылдарында Тажикстанга карап калган кыргыздар ал республиканын төрт (Жерге-Тал, Мургаб, Шаартуз, Яал) районуна бөлүнгөн. Тажикстандык кыргыздар Кыргызстандын Лейлек, Чон-Алай, Кадамжай, Баткен райондорунун эли менен уруулаш эл. Акыркы маалыматтарга караганда Тажикстанда 106 миңден апгуун кыргыздар жашашат. Алар жашаган жерлерде кыргыз мектептери бар.

Окуу китептерин Кыргызстандан алышат. Тажикстандык кыргыз орто мектептерин бүткөн жаштардын айрымдары Кыргызстандын жогорку жана атайын орто окуу жайларынан бнлим алышат. Совет доорунда ал жакка кыргыз мугалимдер көп жиберилип турган.

1990- ж. Тажикстанда башталган граждандык согуш кыргыздарга да көп кыйынчылыктарды алып келди. Согуштан азап чегишкен айрым адамдар Кыргызстанга көчүп келип туруп калышты. Согуш басылган соң алардын айрымдары кайра кайтууда.

Азыркы Россия Федерациясында жашаган кыргыздардын бир тобунун тамыры тереңге орто кылымдардагы Енисей кыргыздарына барып такалат. XVIII к. башында Енисей дарыясынын жогорку агымдарында орустар басып алган кыргыздар орто кылымдардагы Енисей кыргыздарынын урпактары болгон. Бул жерде жашаган кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар орустардын 1567-1583-жж. жазылган тарыхый документтеринде кездешет. Аларда Енисей дарыясы кыргыз жеринин так ортосунан агып өтөрү, аларды княздар башкарары, аларга жакын жерлерде калмактар жашары жазылган. Тарыхый маалыматтар боюнча XVII к. Енисейде болжол менен 7 миңдей түтүн кыргыздар жашаган. Алар негизинен көчмөн мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан.

XVII к. аягында орустар Сибирди басып алуу саясатын күчөтүп, азыркы Томск жана Красноярск шаарларынын ордуна чеп курушкан. Ал жерде жашаган кыргыздарды орустар түштүктү карай сүрүп салган. Сүрүлгөнүнө карабастан кыргыздар түндүктөгү жерлерин Кыргыз жери деп аташып, орустарга такаЙ доомат коюп, аларга кол салып, орус дыйкандарын талап-тоноп, эгиндерин, үй-жайын өрттөп кетип турушкан.

Енисейлик кыргыздардын орус баскынчыларына каршы күрөшүн кайраттуу жана акылдуу князь Эренек жетектеп, орустарга каршы бир нече жолу кыйраткыч сокку урат. 1678-ж. Эренек Красноярскиге кол салат. Орустардын 20дан ашуун кыштактарын өрттөп, орус аскерлеринин бир тобун туткундап алат.

Эренек акыркы жолу касташып жүргөн монголдор менен 1687-ж. салгылашып курман'боЛот. Эренектин көз карандысыздык үчүн күрөшүн анын уулу Корчун уланткан.

1701-ж. орус аскерлери, казак-орус отряддары менен бекемделип, кыргыздар менен Красноярскиге жакын жерден беттешет. Айыгышкан салгылашта кыргыздар чоң жеңилүүгө дуушар болуп, талкаланат.

Енисейлик кыргыздардын орус баскынчыларына каршы күрөшү бир кылымга созулуп, бул жоокер элдин кайраттуулугу орус падышачылыгын бир топ сестенткен. Енисейдеги кыргыз жерлери Россияга 1708-1720-жж. аралыгында биротоло кошулган. Кыргыздарды жеңген сон, алардын жаңы жогорулашынан чочулаган падыша өкмөтү Енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн Алтайга көчүрүп жиберген.

Падыша өкмөтү Енисейлик кыргыздарды багынтып алган соң аларга каршы колониялык катаал саясат жүргүзгөн. Аларды зордук жолу менен христиан динин кабыл алууга, адам аттарын орусча когоуга мажбурлаган. Мунун натыйжасында кылымдар бою өздөрүнүн «кыргыз» деген атын, өзгөчөлүгүн сактап келген эл акырындык менен башка элдер менен ассимиляцияга кирген.

Совет бийлигинин соңку жылдарындагы эсеп боюнча Россия Федерациясынын аймагында 40 миндей кыргыз жашаган. Азыркы учурда Россиянын көпчүлүк шаарларынын базарларында соода кылган кыргыздар бар. Алардын айрымдары ал жакта туруктуу жашашат. Так эмес маалыматтар боюнча азыркы учурда Россияда убактылуу жашаган кыргыздар 500 миңден ашат.

2002- жылдын 28-30-августунда Чолпон-Ата шаарында кыргыздардын дүйнөлүк II курултайы өткөрүлүп, ага 22 мамлекетте жашаган кыргыздардан 200 жакын делегаттар катышты. Бул курултай 1992-ж. августа Бишкекте өткөн кыргыздардын дүйнөлүк I курултайы сыяктуу эле дүйнөнүн ар-кайсы мамлекеттеринде жашап жаткан кыргыздардын байланышын чыңдап, рухун көтөрүп ынтымагын бекемдеди.

Эгемендүү Кыргыз Республикасы өзүнүн атуулдарынын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө барып билим алуусуна, эмгектенишине, башка өлкөнүн граждандык статусун алуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кыргыз Республикасы төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган кыргыздардын тиреги жана үмүтү. Кыргыз Республикасы өзүнүн граждандарынын кызыкчылыктарын дүйнөнүн кайсы жеринде болсо дагы коргой тургандыгын өзүнүн Конституциясында бекемдеген.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




КЫРГЫЗДАРДЫН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Оозеки чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо биринчи кезекте эле «Манас» эпосу эске түшөөрү шексиз. Чындыгында эле «Манас» кыргыз эпосунун байыркы үлгүсү катары кыргыз элинин азаттык, көз карандысыздык үчүн күрөшүн, анын адилет, жыргал турмушу туурасындагы ой-тилегин көркөы чагылдырган чыгарма. Жазылып калган тарыхы жок, өзү жөнүндө жазуу даректери анча көп болбогон көчмөн эл үчүн «Манас» эпосу оозеки поэзиянын башка жанрларындай эле жазуу адабиятынын да, сүрөт өнөрүнүн да, театрдын да милдетин аткарган.

«Манас» эпосунда баатыр Манастын образынын айланасында үчилтиктин окуялары өнүгүп, негизги идеяга — кыргыздын бытыраган урууларын бириктирүү идеясына баш ийдирилет. «Манас* үчилтигннин 1-бөлүгү Манас баатырдын Бээжинде жеңилиши, эр жүрөк баатырлары Алмамбет, Чубак, Сыргак, Эр Көкчөнүн өлүшү. Манастын өзү да катуу жарадар болуп дүйнөдөн кайтышы менен аяктагандыктан, эпопеянын андан ары уланышына шарт түзүлөт.

Үчилтиктин 1-бөлүмүнүн кайгылуу аякталышы реалдуу чындык деңгээлинде көтөрүлгөн. Манастын керезинде уруулар арасында чыр-чатактар, Манас баш коштурган кыргыз элинин күч-кубатынын начарлаганы жөнүндө айтылат. Манастын уулу Семетейдин төрөлүшү келечекте атасы үчүн өч алууну алдын ала шарттайт. Ошентип, биринчи бөлүк менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан экинчи бөлүк пайда болуп, анда өз аталарынын эрдиктерин кайталап, чет жердик баскынчыларды талкалап чыккан Семетейдин жана анын шериктеринин турмуш жолу менен эрдиктери баяндалат.

«Семетей» баатырдык поэмасы үчилтиктин бир кыйла көп айтылуучу бөлүгү. Поэманын эр жүрөк каармандары баштагыдай эле адилетсиздиктин курмандыгы болушат. Бирок, буга чет жердик баскынчылар эмес, элди бузган уруу башчылары же хандар, т. а. ички душмандар себепкер болушкан.

Ички душмандарга каршы күрөшүүнү эпикалык баяндоого « Сейтек» бөлүмү арналат. Анда акыры адилеттик жеңип чыгат. Семетей менен Сейтектин образдарында элдин Манас жөнүндөгү легенданы укум-тукумдарына сактап калууга умтулуусу көрүнөт. Эпосто кыргыз элинин тагдырына байланыштуу өтө урунттуу тарыхый окуялар ар кыл даражада чагылдырылган. Сюжеттин курулушуна Түрк кагандыгынын тарыхына байланышкан орто кылымдын алгачкы мезгили, ошондой эле Борбордук Орто Азиянын аймагындагы элдердин, уруулардын жер которуштуруусуна, ассимиляцияланышына алып келген монголдордун басып кирүү доору, Жуңгар хандыгынын түзүлүш мезгили да из калтырган.

«Манас» элдик адабияттын эк ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, анын диалекттеринин жакындашында, грамматикалык нормаларынын такшалышында, сөздүк курамынын байышында баа жеткис роль ойногон. «Манастын» идеясынын кылымдар бою кыргыз элинин этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип келгендигинен да көрүнөт. Эпос адамдардын бири-бирине болгон өз ара мамилелериндеги этикалык иормаларды даназалайт, ушундан улам ал биздин күндөрдө да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлөрүнүн арасында татыктуу орунда турат.

Кенже эпостор да баатырдык менен каармандыкты даназалоого арналгая. Буларда коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат. Кылымдар бою айтылып келген эпостордун жаралуу мезгилин аныктоо мүмкүн эмес. Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, көп алектен өтүп, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган.

Кенже формадагы эпикалык чыгармалардын арасында баатырдык жана социалдык-турмуштук дастандар бар. «Эр Төштүк», «Кожожаш» өндүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат. «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөйдө» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган.

Лирикалык ырлар да кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кенирн роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык бийик деңгээлде кенири чагылдырылган.

Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген элибиз фольклорго өтө бай. Эмгек процессин камтыган эмгек ырлары салт-кааданы чагылдырган салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык секетбай, күйгөндөр, мелдеш айтыштар да түгөнбөс казына. Көлөмдүүсүбү же чаканыбы, ар бир чыгарма алгач ирет жеке адамдар тарабынан чыгарылат. Ошол көркөм материал мазмуну жана формасы жактан башкалардын да купулуна толсо үйрөнүү, эсте сактап калуу жолу менен ооздон-оозго өтүп, көпчүлүккө тарап элдик мүнөзгө өткөн. Кийин бирөөдөн экинчиге өтүп, оозеки айтылганда алар алымча-кошумчаларга учурап, өзгөртүүлөр, тактоолор киргизилген. Натыйжада алгач чыгарган адамдын аты унутулуп, андай чыгарма көп адамдардын элегинен өтүп, толукталып, жалпы элдин энчисине айланган.

Адамдын ички сезимин, ой толгоолорун көбүнчө ыр түрүндө баяндаган көлөмү чакан ырларды лирикалык ырлар дейбиз. Лирика деген түшүнүктүи түпкү теги гректердин «лира» аттуу музыкалык аспабынын атынан келип чыккан. Байыркы гректерде ошол лира аспабынын коштоосу менен аткарган чыгармалар лирикалык ырлар деп аталган.

Лирикалык ырлар тематикалык мүнөзүнө жараша эмгек ырлары, турмуш ырлары болуп бөлүнөт. Турмушта лирикалык ырлардын тарбиялык мааниси зор.

Кыргыздыи эн байыркы доордо жаралып биздин күндөргө чейин жашап келген эмгек ырларына »0п майда», «Бекбекей», «Шырылдан » кирет.

Кыргыздар коомдук түзүлүштүн баскычтарына, күндөлүк тиричиликтин түрлөрүнө ылайык узак жылдар сакталып, элге сиңген үрп-адаттарга, каада салттарга бай. Кыргыздын фольклордук чыгармаларынын ичинен үрп-адатка байланыштуу чыгармалар көп. Ошондуктан аларды үрп-адат ырлары дейбиз. Үрп-адат ырларына кошоктор, (киши өлгөндө, кыз узатканда айтылган), керез ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары, жарамазан, мактоо ырлары, бешик ырлары, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырлары эл арасында кеңири таралган.

Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өтчү эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада оозеки элдик чыгармачылыктын төкмөчүлук өнөру күчтүү өнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган. Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктору менен катар акындарды айтыштыруу да кеңири жайылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дареметин салыштырып, бирин-бири женүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлар делип айтылган. Айтыш ырлары акындардын чеберчилигин айгинелеп, бул жанрдын өсүшүнө түрткү берген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМДИН ТААСИРИ. МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫ ЧЫҢДОО

XX к. аягы — XIX к. башында дүйнөлүк алкакта эл аралык терроризм күч алды. Аны менен тыгыз байланышкан экстремисттик борборлор, Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды, ислам дининин таасири күчтүү чөлкөмдөрүн экспансиялап алуу аракетин жасашууда. Диний экстремисттердин тобу эл эң ыйык тутуп аздектеген динге жамынышып, колдоруна курал алышып 1999-ж. август айынын башында Эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүнүн максатына жетүү үчүн алар Кыргызстандык милициянын, райондук администрациянын кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Динге жамынган террористтердин бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эгемендүү мамлекетибиздин территориялык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык

Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүштү. Кыргызстандын 55 офицерлери менен жоокерлери бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү. Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын бардык эли көтөрүлүп, колунан келген жардамдарын көрсөтүштү.

Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя эгемендүү республикабызды коргоо жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болду. Мында республиканын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техникалардын, курал-жарактын жетишсиздиги ж. б. айкын көрүндү.

Жеткиликтүү кам көрбөгөндүктүн натыйжасында Кыргызстандын чек аралары талапка ылайык кайтарылбай калгандыгы ачыкка чыкты. Мунун натыйжасында республикабыз ар кандай бандиттик топтор, баңги заттарын алып өтүүчү ыңгайлуу өлкөгө айланып баратканы ачык байкалды.

Кыргызстандын Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык маанисин эске алынып 1999-ж. 13-октябрда Баткен областы түзүлдү. Бул областка Ош областынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилип, жаңы областтын борбору Баткен айылы болуп белгиленди. Мындан тышкары республиканын түштүгүндөгү мамлекеттик чек араны коргоо үчүн аскердик заставалар негизделип, аларга чек арачы аскерлер коюлду. Натыйжада 2000-ж. күзүндө Кыргызстандын чектерине кайрадан кирип келишкен бандиттик топтор кыргыз жоокерлери тарабынан сокку жеп, чегинүүгө аргасыз болушту. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын коргоо ишин жакшыртуу бүгүнкү күндө өтө маанилүү иштерден болуп калды. 2001-ж. 13-14-декабрда Бишкекте эл аралык терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча эл аралык конференция болуп өтүп, анда Бишкек Декларациясы кабыл алынган. Буга 60 өлкөдөн 280 делегат катышкан.

2002- ж. башында Кыргызстан Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн АКШ, Россия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттер менен катар Эл аралык антитеррордук каолицияга кирип, анын куралдуу күчтөрү Кыргызстанга убактылуу жайгаштырды.

Эгемендүү Кыргыз Республикасы өзүнүн мамлекеттик чек араларын тактоо боюнча да бир катар иштерди жүргүздү. Натыйжада XIX к. ортосунан бери Кытай менен болгон чек арада талаш болуп келген жерлердин маселеси чечилди. Эгерде тарыхка кайрылсак XIX к. ортосунда Кытай жана Россия империялары өздөрүнүн баскынчы саясаттарынын натыйжасында Орто Азия элдеринин жерлерин өз ара бөлүштүрүп алышкан. Эки империянын чек араларын тактоо иши 1860-ж. түзүлгөн Пекин келишими жана 1864-ж. түзүлгөн Чугучак токтому менен аныкталган.

Кытай менен Россиянын Кыргызстандын аймагындагы чек арасын аныктоо Петербург(1881-ж.), Кашгар (1882-ж.) жана Жаны Маргалан (1884-ж.) токтомдорунда каралган. Көңүл бура турган нерсе бул сүйлөшүүлөрдүн бирине да кыргыз элинин өкүлдөрү катышкан эмес. Эки империя чек араларын тактоо ишинде кыргыз элинин кызыкчылыгын эске албастан өздөрүнүн гана империялык кызыкчылыктарын көздөшкөн. Натыйжада Кыргызстандын жери жана эли эки державага бөлүнүп, бир бөлүгү Россияга, экинчиси Кытайга караштуу болуп калган. Совет бийлигинин доорунда, өзгөчө 1960-жж. Кытай Эл Республикасы СССРге чек ара маселелери боюнча бир катар дооматтарды коюп келген. Бирок Кытай менен СССРдин ортосунда чек ара маселелери өзгөрүүсүз калган эле.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин гана бул маселени чечүү үчүн жаны мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бул маселе боюнча 1990-жж. ортосунан баштап бир катар иштер, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Орус-Кытай мамилелеринин Кыргызстан чек арасына тиешелүү документтери өтө кылдаттык менен изилденди. 1996-ж. 4-июнда Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын делегациялары чек ара маселесин адилет, натыйжалуу чечүү жөнүндө документке кол коюшуп, чек араны тактоо боюнча иш баштады. Кылдаттык менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында талаш болуп келген жалпы аянты 4 мин чарчы километр жердин 70 проценти Кыргызстандын, ал эми 30 проценти

Кытай Эл Республикасынын жери деп чечилип, эки мамлекеттин ортосунда жаны чек ара сызыгы түзүлдү. Чек ара боюнча бул келишим эки өлкөнүн закон чыгаруучу органдары тарабынан ратификацияланды. Кыргызстандын Кытай Эл Республикасы менен чек арасын тактап алышынын тарыхый мааниси чоң. Бул иште эки мамлекеттин тең кызыкчылыктары эске алынды. Кыргыз-Кытай чек арасында тынчтык жана бейпилчилик үчүн шарт түзүлдү.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор












АЛЫСКЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН КЫРГЫЗДАР

Чыгыш Түркстанды кыргыздар байыркы заманда эле мекендегенин билебиз. Бул чөлкөм кыргыздардын алгачкы Ата Журту болгондугун бир катар изилдөөлөр да далилдөөдө. Бул жактагы Манас шаары, Манас көлү өңдүү кыргызча аталган жер-суу аттары байыркы кезден калган эстеликтер.

Жазуу булактарында XVII к. биринчи жарымында кыргыздар Чыгыш Түркстандын жана Фергананын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп турганы айтылат.

1871-ж. Россия Чыгыш Түркстандагы бийлигин кеңейтип Кулжа, Баяндай, Хоргос Күчө, Суйдук, Телги сыяктуу жерлерди басып алган.

Кытай менен Россиянын ортосундагы чек араны тактоо үчүн 1880-жж. бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 1882-ж. түзүлгөн «Иле келишиминин» негизинде 1884-ж. бул эки мамлекеттин ортосундагы чек ара такталып, натыйжада кыргыздардын негизги бөлүгү Россияга, бир тобу Кытайга карап калган. Ушул мезгилден тартып Кытай букаралыгына өткөн кыргыздар кытайлык кыргыздар делип аталып келүүдө.

Кытайдагы кыргыздар Кашкардан тартып чыгышты карай Какшаал, Ак-Суу, Кулжа, Үрүмчүгө чейинки аймакта Ак-Чий, Улуу-Чат, Ак-Тоо, Артыш, Текес, Лоп, Иртышка чейин чачырап орношкон. Кытайлык кыргыздар негизинен кыргыздын он, солго кирген урууларынан турат. Ичкилик урууларынан нойгуттар жана кыпчактар бар. Какшаалды жердеген нойгут уруусу жана анын чыгаан кызы Жаңыл Мырза тууралуу тарыхый уламыш азыр да айтылып келет.

1916-ж. улуттук-боштондук күрөштө жеңилген кыргыздар, кыргындан кутулуш үчүн Кытайга качууга аргасыз болгон. Кемин, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын бир бөлүгү, Ысык-Көлдөгү, Борбордук Теңир-Тоодогу кыргыздар ак кар, көк муз каптаган бийик ашууларды ашып, Чыгыш Түркстандын Үч-Турпан жана Ак-Суу райондоруна барып жайгашышкан. Ат-Башылык кыргыздар өздөрүнө чектеш жайгашкан Какшаалга көчкөн. Ысык-Көлдүн башындагы кыргыздар Каркыра аркылуу Кулжага качып барышкан. Текес тарапка 500 түтүндөй кыргыз үрккөн.

Кытайлык маалыматтар боюнча 1916-ж. Жети-Суу областынан Кытайга 332 миңден ашуун кыргыздар менен казактар качып барган. Алардын көбү кыргыздар болгон. Совет бийлиги орногондон кийин качкындардын 300 миндейи өз мекенине кайтып келишкен.

Кытайлык кыргыздар Чыгыш Түркстан элдеринин эркиндик үчүн күрөштөрүнө дайыма катышып келген. Кыргыздан чыккан Ысакбек Монуев Чыгыш Түркстандагы түрк элдеринин эркиндиги үчүн күрөшкө жетекчилик кылып, 1935-ж. 2,5 миң кыргыз жигиттеринен турган кыргыз атчандар полкун түзгөн.

1944-ж. 12-ноябрда көз карандысыз Чыгыш Түркстан Республикасы (ЧТР) жарыяланып, анын өкмөтү түзүлгөн. 1945-ж. 8-апрелде Кулжа шаарында Чыгыш Түркстан Республикасынын улуттук армиясы түзүлүп, анын башына генерал-майор Ысакбек Монуев дайындалган.

1946-ж. Чыгыш Түркстан Республикасынын өкмөтү менен Гоминдан өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүлөт. 1949-ж. августта Чыгыш Түркстан Республикасынын өкмөтүнүн башчылары (анын ичинде генерал-лейтенант чинине ээ болгон Ысакбек болгон) Москвадан Пекинге учуп бара жатып авиакатастрофадан каза табышкан. Авиакатастрофанын сыры табышмак бойдон калган. Ушул жылы төрт гана жыл жашаган ЧТР жоюлган.

1949-ж. октябрда Кытай Эл Республикасы негизделет. Жаңы бийликтин чечими менен 1954-ж. 14-июлда кытайлык кыргыздар жашаган Синцзяндын түндүк батышында Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу району түзүлөт. 1955-ж. февралда ага областтын статусу берилген. Ага Акчий, Ак-Тоо, Улуу-Чат райондору карайт. Артыш шаары кытайлык кыргыздардын административдик жана маданий турмушунун борборуна айланган.

Көрүнүктүү манасчы Жусуп Мамай кытайлык кыргыздардан чыккан. Ал «Манас» эпосун кагазга түшүрүп жети томдук китеп кылып чыгарды. Белгилүү тарыхчы Анвар Байтур Кытайдагы кыргыздардын тарыхын изилдеп, бир катар китептерди жарыялаган. Анын «Кыргыз тарыхынын лекциялары» деген эки китептен турган эмгеги Бишкектен да 1992-ж. жарык көрдү.

Кытайдагы кыргыздар жөнүндө сөз болгондо Маньчжуриянын Фу-йү уездинде жашаган кыргыздарды унутпашыбыз керек.

Жыйынтыктап айтканда, акыркы эсеп боюнча Кытайда 170 миңдей кыргыздар жашайт. Алардын 120 миңдейи Кызыл-Суу Кыргыз Автоном областында, калгандары Чыгыш Түркстандын башка аймактарында жашашат. Ал эми Фуйүдөгү кыргыздардын саны 1 минден ашты.

XX к. биринчи жарымында чек аранын жабылышы менен Памирдин Афганистанга караштуу жерлеринде жашаган кыргыздардын кыргыз элинин негизги бөлүгү менен болгон байланышы үзүлгөн. Алар Афганистандын Памирде жашаган калкына айланып, чарбачылык жүргүзүп келишкен. Афгандык кыргыздарды 1978-ж. апрелиндеги төңкөрүшкө чейин Кабулга баш ийген Рахманкул хан башкарган. Рахманкул хан жетектеген мезгилде Памир кыргыздарынын аброю көтөрүлгөн. Афганистандын ханы Мухаммад Закир Шахтын убагында Рахманкул хан зор ишенимге ээ болуп, 1964-ж. баштап Лоя Жиргага (Улуу чогулуш) дайыма катышып келген жана ага кариядар (аймактын башкаруучусу) деген титул берилген.

Рахманкул хандын ишмердигинин натыйжасында афгандык кыргыздар кенен автономиялык укукка ээ болуп, бир топ жеңилдиктерге жетишкен, салык төлөшкөн эмес, аскер кызматынан бошотулган. Бирок аларга Советтик жана Кытай чек арасын кайтаруу милдети жүктөлгөн. Рахманкул хан электр энергиясын, темир жолду Памирге жеткирүү үчүн көп аракеттерди жасаган. Бул боюнча башталган иштер Афганстандагы төңкөрүштөн кийин токтоп калган.

1978-ж. апрелдеги төңкөрүш, Афганистандын Демократиялык республика аталышы, узакка созулган граждандык согуш ал жактагы кыргыздардын тынчын алып жашоосун кескин кыйындаткан. Натыйжада 1300 кыргыз (280 үй-бүлө) Памирден Пакистанга качууга аргасыз болушкан. Жолдо качкын кыргыздар үй эмеректеринен, малынын көбүнөн айрылган. Пакистандын кароосуз калган айылдарынын бирине отурукташып, калган-каткан малын сатып жан сакташкан.Пакистанда төрт жылча туруп калган кыргыздарды оору баскан, өлүм көбөйгөн. Жаңы жерге көнө албаган жүздөй үй-бүлө Памирге кайтууга аргасыз болушкан.

Афгандык кыргыз качкындарынын негизги тобу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссариатына кайрылып, 1982-ж. Түркияга көчүп барууга уруксат алышкан. Ошентип, 1982-ж. августта 3 самолет менен 1138 кыргыз Түркияга келишип, Ван шаарынан 35 чакырым аралыкта, мурдатан эле кыргыздар жашаган Кара-Кундуз деген жерге жайгашышкан. Афгандык кыргыздардын келиши менен Кара кундуз кыштагынын социалдык абалы оңоло баштаган. Буга Рахманкул хан чоң эмгек сиңирген. Айылга суу түтүктөрү, электр кубаты, телефон байланышы жеткирилип, жол катнашы жакшырган. Мечит курулган. Ошентип, Памирде көчмөн турмушта жашаган афгандык кыргыздар Түркияга келип отурукташкан турмушка өтүшкөн. Мунун натыйжасында кыргыздардын коомдук турмушу, маданияты, уруулук байланыштары, үрп-адаттары ж. б. кескин өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Азыркы мезгилде Түркияда 4 миңге жакын кыргыздар жашайт. Мындан тышкары Түркияга билим алуу максаты менен барган студенттер, аспиранттар жана кызматкерлер да бар. Алар «Булак» аттуу чакан гезит чыгарышат. Ал Түркиядагы кыргыздардын турмушунун ар кыл жактарын чагылдырууга арналган. Памирлик кыргыздардын татаал тагдыры, тарыхы француз этнографы Реми Дордун «Ооган Памириндеги кыргыздар» деген эмгегинде чагылдырылган. Бул китеп 1993-ж. Бишкектен кыргыз тилинде чыккан.

Мындан тышкары аз сандагы кыргыз үй-бүлөлөрү Европа өлкөлөрүндө, Америкада, Пакистанда, Австралияда, Иорданияда жашашат. Эгемендүүлүктүн мезгилинде чет өлкөлөргө барып жашоо жана иштөө үчүн кыргыздарга кеңири жол ачылды. Алыскы чет өлкөдө жашаган кыргыздар менен байланыштар жолго коюлду.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор






КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК САЯСИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ӨСҮШҮ

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин эл аралык мамилелерге өз алдынча катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргыз Республикасы тышкы саясатында биринчи кезекте өзүнүн элинин кызыкчылыгын коргоо, жаңы демократиялык, укук туткан мамлекетти куруу үчүн тышкы ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Кыргызстан тышкы саясаты: тынчтыкты, Кыргыз Республикасынын чек араларынын туруктуулугун сактоо; КМШнын жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштарды чындоо; КМШдагы улут аралык кагылышууларды токтотуу, алардын Кыргызстанда болушуна жол бербөө; чет элдик инвестицияларды республиканын эл чарбасына көбүрөөк тартуу; эл аралык соодага улуттук өндүрүштүн продукцияларын алып чыгуу; Бириккен Улуттар Уюмунун ж.б. эл аралык уюмдардын иштерине активдүү катышуу; согуштук блокторго жана союздарга катышпоо; нейтралдуу абалды сактоо ж.б. принциптерге таянат.

Тышкы саясатынын максатына жана принциптерине ылайык Кыргыз Республикасы тез арада эле эл аралык аренада колдоого ээ болуп, кеңири таанылды. Бишкекте 1992-ж. февралда АКШнын, көп узабай эле Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Германиянын ж. б. мамлекеттердин элчиликтери ачылган. 1992-ж. 2-мартта Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон. 1991-1993жж. эле Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин дүйнөнүн 128 мамлекети таанып, 80ден ашык мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. 1998-ж. Кыргызстандын көз карандысыздыгын 135 мамлекет тааныган. Дүйнөнүн 91 мамлекети менен дипломатиялык мамилелер тузүлгөн. Бишкекте 11 элчилик жана өкүлчүлүк ачылган. Чет өлкөлөрдө республиканын кызыкчылыгын 17 дипломатиялык мекемелер коргойт. Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет катары кадыр-барктуу бир катар эл аралык уюмдардын (БУУ, ОБСБ, МВФ, ЮНЕСКО ж. б.) мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1991- ж. августта Кыргызстандын көп кылымдык тарыхында биринчи болуп Бишкек шаарында Кыргыздардын Бүткүл Дүйнөлүк Биринчи Курултайы болуп өткөн. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү келип катышышкан. Азыркы кезде дүйнөдө 3 млн ашык кыргыздар бар, алардын жарым миллиондон ашыгы башка өлкөлөрдө жашашат. Ар түрдүү себептерге байланыштуу чет мамлекеттерде жашап калган боордоштордун катышуусу менен өткөн бул Курултай кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин өнүгүшүндөгү орчундуу окуялардан болгон.

1990-ж. биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги милдеттери такталып, өз алдынча саясат жүргүзүүдөгү приоритеттүү багыттары аныкталган. Республика тышкы саясатында КМШнын, өзгөчө Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен байланышты күчөтүүгө маани берген. Анткени буларда коомдук турмуштун бардык жактары кылымдар бою байланышта өнүгүп келген. Борбордук Азиянын жана Казакстандын мамлекет башчылары СССР кулаган учурдан тартып эле өз ара байланыштарды, жардамдашууну биринчи планга коюшкан. Бул багыттагы келишимдерге Кыргызстан Казакстан менен 1991-ж. 18 февралда, Өзбекстан менен 14-мартта, Түркмөнстан менен 16-июлда кол коюшкан.

Бул жолугушууда жыйынтыктоочу документ кабыл алынган. Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын республикалар аралык консультативдик Советин түзүү макулдашылган. Натыйжада Борбордук Азияда интеграция процессине кеңири жол ачылган. 1994-ж. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосунда Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Борбордук Азияда бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы 1994-ж. үч республиканын президенттеринин Алматыдагы жолугушуусунан кийин ишке ашырыла баштаган.

Кыргызстандын тышкы саясатында Россия Федерациясы менен мамиле өзгөчө орунда турат. Бул тарыхый, экономикалык, социалдык жана этностук факторлор менен байланыштуу. СССР тараган алгачкы мезгилден тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда достук маанайдагы мамилелер калыптана баштаган. Эки өлкөнүн ортосунда достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу, мамлекет аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Экономикалык кызматташтык, соода-экономикалык байланыш ж.б. боюнча өкмөт аралык келишимдер иштей баштаган.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле республиканын согуштук-стратегиялык абалын, чек араларын сактоо үчүн да керек эле. Бул багыттагы маселелерди жөнгө салыш үчүн эки өлкөнүн ортосунда бир катар келишимдер түзүлгөн.

Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу тууралуу келишимдерди Кыргыз Республикасы Украина, Белоруссия ж.б. өлкөлөр менен да түзгөн. Натыйжада бул республикалар менен совет мамлекетинин доорунда түзүлгөн мамилелердин айрымдары калыбына келтирилип, рынок мамилелеринин шартына ылайык өнүгө баштаган.



Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор


ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

Билим берүүнүн мурунку системасы өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп, рынок мамилелеринин шартында экономикасынын, техникасынын, маданиятынын талабына туура келбей калган. Кыргызстандын көз каранды эместиги жарыялангандан кийин билим берүү тармагын реформалоо иши жүргүзүлө баштаган. 1992-ж. декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Анда азыркы кезде билим берүүнүн борборунда адам, анын билим алууга болгон умтулуусуна жардам берүү тураары аныкталган. 1996-ж. «Билим жылы» делип жарыяланып, 19-мартта Президенттин указы менен «Билим» улуттук программасы бекитилген. Анда билим берүүнү демократиялаштырууга, гумандаштырууга, дифференциялаштырууга, мектептердин базасын чындоого өзгөчө көңүл бурулган.

Реформанын жүрүшүндө КМШнын башка республикаларынын көбүнөн айырмаланып, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жана студенттердин саны кыскарган эмес. Эгерде 1992ж. республиканын мектептеринде 955 миң окуучу окуса, 1996ж. алардын саны 987 мин болгон. Бул мезгилде республиканын жогорку окуу жайларында студенттердин саны 53,6 миңден 56,3 миңге көбөйгөн. Демек, республикадагы социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан реформа жылдарында окуучулар менен студенттердин саны өскөн.

Билим берүү тармагындагы реформанын натыйжасында 1993-ж. баштап жаны типтеги гимназия, лицей, мектеп комплекстери пайда болгон. 1995-ж. Кыргызстанда 70 лицей жана гимназия, сабактарды тереңдетип үйрөтүүчү 302 мектеп, 20дан ашуун жеке жана жеке мамлекеттик лицейлер, мектептер иштеген. Мектептерде окутуунун жаны ыкмалары: стандарттуу эмес сабактар, окуучулардын билимин рейтинг системасы аркылуу текшерүү, тестирлөө, атайын сабактарды киргизүү, компьютерлештирүү ж. б. кеңири киргизиле баштаган.

Акча каражаттарынын жетишпегендигине карабастан билим берүүгө мамлекеттик бюджеттен акча бөлүүнүн өлчөмү бир аз болсо дагы жогорулоодо. 90-жж. орто эсеп менен республикалык бюджеттин 4-6 проценти билим берүүгө жумшалган.

Кийинки жылдары билим берүүгө эл аралык уюмдардын грант жана кредит формасында жардам берүүсү күчөгөн. Бул багытта «Тасис» (КМШ өлкөлөрүнө Европалык техникалык жардам), «Темпус» (жогорку билимди Европалык колдоо программасы) программаларынын жардамы чоң болууда. Бул программаларга ылайык мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоого өзгөчө көнүл бурулууда. Азия өнүгүү банкы республика үчүн атайын «Билим жана окутуу боюнча генералдык план» иштеп чыгып аны ишке ашыра баштады. Ал үчүн бул банк Кыргызстанга 40 жылдык мөөнөткө 37,7 млн доллар кредит бөлгөн. Бул боюнча мектептерди, коллеждерди жана жогорку окуу жайларын окуу китептери жана куралдары менен камсыз кылууга, окуу лабораторияларын курууга, башкаруунун информациялык системасын түзүүгө, мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын көтөрүү үчүн алыс аралыктан туруп окутууга көңүл бурулган. 90-жж. башында Кыргызстан «Интернет» тармагына кирген. Азыр анын кызматынан 10 университет жана 50 мектеп пайдаланат. Келечекте республиканын 200 мектеби эл аралык «Интернет» компьютердик тармагына кошулмакчы.

Экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу мугалимдерди материалдык жактан колдоо иши талапка жооп бербей келүүдө. 1996-ж. эле мугалимдерге айлык акы төлөө боюнча карыздар 86,395 миң сомду түзгөн. Бул карыздардын 50 проценти Ош жана Жалал-Абад областтарына туура келген.

Эгемендүү Кыргызстанда билим берүү тармагы азыркы кезде социалдык чөйрөнүн эн эле массалык тармагы болуп калды. Бул тармакта 1 млн 200 мин киши алек болууда. Булардын 1 млн 100 мини мектептерден жогорку окуу жайларына чейин билим алуучулар, ал эми 77,5 миңи окутуучулар. Тактап айтканда, Кыргызстандын ар бир төртүнчү адамы окуучу жана окутуучу. Бирок экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу билим берүүнүн сапаттык деңгээли начарлоодо.

2000-ж. 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Мыйзамда мугалимдерди моралдык жана материалдык жактан колдоо каралган. Бул жаштарга билим берүү ишин жакшыртууга өбөлгө болмокчу.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыккан «XXI кылымдын кадрлары» (1995-ж.) аттуу улуттук программага ылайык республикада атайын орто, жана жогорку билим берүү өнүгүүдө. Республикада жогорку оруу жайларынын саны 40тан, атайын окуу жайларынын саны 50дөн ашкан.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы боюнча жогорку окуу жайларынын укуктары бир кыйла кеңейген. Бул окуу жайларында адистер алардын жөндөмдүүлүгүнө жараша көп баскыч менен даярдала баштаган. Жогорку окуу жайлары акча каражаттарын пайдаланууда өз алдынчалыкка ээ болгон. Мамлекеттик эмес окуу жайлар ачыла баштаган. 1993-ж. Кыргыз Мамлекеттик университетине «улуттук» университет деген статус берилген. Университетте жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында 2000-ж. бул окуу жайында 15 факультет, 7 борбор, 5 институт жана 72 кафедра иштеген. Университетте 2 миңден ашуун окутуучулар эмгектенишкен. Мында рынок экономикасынын шартына ылайык жаны ондогон адистиктер ачылган. 1994-ж. бул университетте 19,4 миң студент билим алса, 2000-ж. мында 22 миңден ашуун студент окуган.

1995- ж. 1-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз айыл чарба институтунун базасында Кыргыз агрардык академиясы уюштурулган. Бул академия 2001-ж. К. И. Скрябин атындагы агрардык университети болуп кайра уюшулуп, ага республиканын эл чарбасынын негизин түзгөн айыл чарбасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, окумуштууларды даярдоо, агрардык илимди өркүндөтүү милдеттери жүктөлгөн.

Эгемендүүлүктүн мезгилинде Кыргызстанда эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргыз-Россия (славян) университети, Кыргыз-Америка университети, Кыргыз-Кувейт университети, Ош шаарында Кыргыз-Өзбек университети өңдүү жаңы жогорку окуу жайлары ачылып, Кыргызстандын дүйнөлүк билим берүү системасын өздөштүрүүсүнө көрүнүктүү салым кошууда.

1992-ж. Кыргызстанда 13, 1993-ж. 18, 1994-ж. 29, 1997-ж.37, 2000-ж. 44, 2005-ж. —51 жогорку окуу жайы иштеген. Ушул жылы республикадагы жогорку окуу жайларда 130 миңден ашуун студенттер 230 адистиктер боюнча окушкан. Жогорку окуу жайларынын 20сы Бишкекте жайгашкан. Бирок жогорку окуу жайларынын санынын тез өсүшү аларда даярдалган кадрлардын сапатына тескери таасирин тийгизүүдө. Окуу жайларынын көптүгүнө байланыштуу аларга мектептен алган билими начар, окууга жөндөмсүз абиту-риенттер көбүрөөк кирүүдө. Бул жогорку окуу жайларында мыкты адистердин даярдалышына тоскоолдук кылууда. Жогорку жана атайын орто окуу жайларын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу маселеси чечилбеген бойдон калууда.

Республиканын 100дөн ашуун кесиптик-техникалык окуу жайларында да 30 миңден ашуун окуучу окушат (2002-ж.). Аларды бүткөн жумушчу адистерин ал чарбасына пайдалануу маселеси да чечилбей келүүдө.


Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




ЖАҢЫ ДООРДОГУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ (1964—1990-жж.)

Калктын билим деңгээлин көтөрүүдө жалпы билим берүүчү мектептердин ролун жакшы түшүнгөн партиялык-мамлекеттик жетекчилик сегизинчи беш жылдыкта (1966-1970-жж.) жалпыга милдеттүү орто билимге өтүүнү, ал эми тогузунчу беш жылдыкта (1971-1975-жж.) бул ишти толук аяктоо милдетин койгон. Кыргызстанда бул милдетти аткаруу үчүн биринчи кезекте жалпы билим берүүчү мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоого көңүл бурулган. 1966-1985-жж. республикада 756 миң орундуу 859 мектеп курулган.

1985-1986-окуу жылында Кыргызстандагы 1654 жалпы билим берүүчү мектептердин 1375, же 83 пайызы айыл-кыштактарда жайгашкан.

1966-1967-жж. республиканын мектептери жаңы окуу пландарына жана программаларына өткөрүлгөн. 1984-ж. СССРде толук эмес орто билим берүү системасы сегизинчи класстан тогузунчу класска көтөрүлгөн. 1980-ж. окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу иши толук аяктаган.

Республикада 1965-1985-жж. жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билимге өтүүнү аяктоо ишинде бир топ ийгиликтер болгон.

1966-ж. майда Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Башкы башкармасы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин мамлекеттик Комитетине айланган. Бул комитеттин аракетинин натыйжасында республикада жаштарга кесиптик-техникалык билим берүү иши бир кыйла жакшырган. Республиканын экономикасынын негизин түзгөн айыл чарбасы үчүн адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулган. 1965-ж. республикада 17 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайлары болуп, аларда 5,2 миң окуучу билим алган. 1990-ж. мындай окуу жайлардын саны 118ге жетип, аларда 56 адистик боюнча 57 миң окуучу окуган.

Бул жылдары жогорку жана атайын билим берүү иши да өркүндөтүлгөн. 1965-1968-жж. Фрунзедеги политехникалык, медициналык, айыл чарба, дене тарбия, Пржевальскидеги педагогикалык институттардын жаңы окуу имараттары курулган. 1967-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылып, республикада музыкалык билим берүүчү борборго айланган. Фрунзеде музыкалык-педагогикалык, Пржевальск, Ош, Нарын педагогикалык окуу жайлары, курулуш, соода, автожол техникумдары адистерди даярдап чыгара баштаган.

Жогорку квалификациядагы адистерди даярдоодогу салымы үчүн Кыргыз Мамлекеттик университети 1973-ж. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Буга чейин университет 40 миң адис даярдаган. 1990-ж. анын 13 факультетинде 13 миң студент 23 адистик боюнча билим алган. Университеттин 76 кафедрасында 950 окутуучу эмгектенген. Алардын ичинде илимдин 39 докторлору, профессорлор, илимдин 320 кандидаттары, доценттер болгон.

Айыл чарбасы үчүн адистерди даярдоодо Кыргыз айыл чарба институту чоң салым кошкон. Бул институт 1983-ж. «Ардак Белгиси» орденине татыктуу болгон. Жарым кылымда институт 15,3 миң адис даярдаган. Институтта 350 окутуучу, анын ичинен илимдин 10 докторлору, профессорлор, илимдин 137 кандидаттары эмгектенген.

Фрунзе политехникалык инстнтуту инженердик кадрларды даярдоонун ири борборуна айланган. Анда эмгектенген 962 окутуучу, 11,2 миң студенттерди 12 адисттик боюнча даярдашкан. Республика үчүн педагогикалык адистерди даярдоодо Кыргыз кыз-келиндер, Ош мамлекеттик педагогикалык, Пржевальск педагогикалык, Фрунзедеги орус тил жана адабият институттары бараандуу салым кошушкан.

1985-ж. республикада 10 жогорку окуу жайы жана 45 атайын окуу жайлары иштеген. Аларда 109,1 миң студент билим алган. Жогорку окуу жайларын орто эсеп менен жылына 9,5 миң, атайын орто окуу жайларын 13,6 миң адистер бүтүрүп турган.

1989-1990-окуу жылында Кыргызстанда 9 жогорку жана 48 атайын орто окуу жайлары иштеп, аларда 205 миң студент билим алган, булардын 94,6 миңи жогорку окуу жайларынын студенттери болушкан. 80-жж. республиканын жогорку окуу жайлары орто эсеп менен жылына 10 миңден, ал эми атайын орто окуу жайлары 14 миңден адистерди чыгарып турган. 1989-ж. Кыргызстандын эл чарбасында 180 миң жогорку жана атайын орто билимдүү адистер эмгектенген, бул 1960-ж. салыштырганда 5,4 эсеге көптүк кылган.

1990-жж. илимдин ролу жана мааниси көтөрүлгөн. Илнмдин техникалык, физика-математикалык, тоо-кен, химия, биология, коом таануу тармактары өнүккөн. Окумуштуулардын изилдөөлөрү республиканын жаратылыш жана коомдук ресурстарын эл чарбасына көбүрөөк тартууга, алардын натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган. 1975-ж. илим изилдөөдөгү жана илим кадрларын даярдоодо жетишкендиктери үчүн Кыргыз ССР Илимдер Академиясы Эл достугу ордени менен сыйланган. 1979-ж. 20-декабрда академиянын 25 жылдыгы белгиленген. Бул мезгилде илимдер академиясында 17 илимий мекемелерди бириктирген үч бөлүм иштеген. Аларда 1,2 миң окумуштуу эмгектенген. Алардын 26 академик, 32 корреспондент мүчө, 75 илимдин докторлору жана 512 илимдин кандидаттары болгон.

Академия СССРдин, Кыргыз ССРинин чарбасынын жетишкендиктеринии көргөзмөсүнүн 52 медалын, 180 дипломдорун алган. Окумуштуулар эки жолу СССРдин мамлекеттик, 40 окумуштуу Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болушкан.

Бир кезде союздук масштабда илимий ачылыштары менен даңазаланып турган Кыргызстандын илими 80-жж. аягында кризиске учураган. Көп эмгек менен даярдалган илимий адистер башка республикаларга же коммерциялык багытка өтүп кетүүгө мажбур болушкан.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор






1917—1940-жж. ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ

Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-ж. апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл агартуу комиссариаты түзүлүп, жер-жерлерде элге билим берүү бөлүмдөрү иштей баштаган. Кыргызстанда коомчулуктун өкүлдөрүнөн элге билим берүү Советтери түзүлүп, мектептерде билим берүү иштери колго алынган.

1918-ж. Бишкек уездинде 8 миң окуучу окуган 69 мектеп, Пржевальск уездинде 56 мектеп болгон. Бул мектептердин теңине жакыны жаңы ачылган. Ош уездиндеги 13 мектепте 36 мугалим эмгектенген.

Жаңы экономикалык саясаттын жылдарында Түркстан АССРиндеги бардык мектептер жергиликтүү бюджетке өткөрүлгөн. Бирок алар мектептердин жөнөкөй муктаждыктарын да канааттандыра алган эмес. Мугалимдер эмгек акысын натуралай алышкан.

1925-окуу жылында Кыргызстанда биринчи баскычтагы 465 мектеп, бир нече экинчи баскычтагы мектептер жана интернаттар иштеген. Окуунун бардык түрлөрү боюнча 32 миңден ашуун бала билим алган. Бирок алардын арасында кыздар өтө эле аз санда болгон. Эне тилиндеги жазуунун жоктугуна байланыштуу кыргыз балдары казак, татар, өзбек тилдеринде окуган. Кыргыз тилинде окуу китептерин жазып чыгарууда И. Арабаев, К. Тыныстанов өзгөчө эмгек сиңиришкен. 1924-ж. И. Арабаевдин «Кыргыз алиппеси» деген эмгеги Ташкенттен чыккан. Бул кыргыз тилиндеги биринчи окуу китеби эле. Ошол эле жылы дагы 12 китеп, 28 миң нускада чыгарылган. Алардын ичинде К. Тыныстановдун кыргыз тилине арналган окуу китептери бар эле.

Улуттук мугалимдердин пионерлери, өз заманынын берилген агартуучулары И. Арабаев, М. Байгазаков, Ш. Сатылганов, А. Исаева, Э. Сүтичеров, 3. Кыдырбаев, А. Койгелдиев, О. Жумалиев ж. б. болгон. Кыргыз улуттук мектептерин уюштурууда жана алардын иштерин жакшыртууга орус педагогдору Н. Ивановский, А. Лобанов, И. Локтионов, А. Сапожников ж. б. чоң салым кошушкан. Кыргызстандагы алгачкы мугалимдердин баатырдык эмгектери Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» аттуу повестинде реалдуу чагылдырылган.

1927-1928-окуу жылында 548 мектепте 42,5 миң окуучу окуган. Алардын 5044 биринчи баскычтагы, 26сы жогорку баскычтагы мектептер, 13 балдар үйү болгон. 1925-ж. Оштогу алты айлык курстардын негизинде бир жылдык педагогикалык техникум уюшулган. Ушул эле жылы Бишкек менен Караколдогу тогуз жылдык мектептер айыл чарба техникумдарына айланган. 1925-ж. болсо Бишкекте агартуу институту ачылган. 1925-1926-окуу жылында Бишкекте, Караколдо, Жалал-Абадда аялдардын кесиптик-техникалык мектептери ачылат. Мындан тышкары советтик-партиялык мектептер ачылып, анда келечектеги жетекчи адистер даярдала баштаган.

1929-ж. Кыргызстандын атайын орто окуу жайларын жүздөн ашуун адистер бүтүрүп чыккан. Ушул жылы Кыргыз педагогикалык техникумун 21, кийинки жылы 47 адис бүтүргөн. Алардын арасында кийин элге белгилүү болгон А. Малдыбаев, Г. Айтиев, К. Жантөшев, М. Элебаев, У. Абдукаимов, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов, М. Алыбаев ж. б. болгон.

Кийинки жылдары Кыргызстандын кесиптик окуу жайлары өнүгүү жолуна түшүшүп, анда миңдеген адистер даярдала баштаган. Мугалимдердин жана адистердин көбөйүшү калктын сабатсыздыгын жоюу ишин жакшырткан. Сабатсыздыкты жоюу иши 1920-жж. эле башталган. Ушул максатта Кыргызстанда сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын комиссия жана «Сабатсыздык жоюлсун» аттуу ыктыярдуу коом түзүлгөн.

1926-ж. СССРдин калкынын сабаттуулугу 51,1 пайызга жеткен. Ал эми бул көрсөткүч Кыргызстанда 15,1 процентти түзгөн.

1928-1929-окуу жылында ликбездерде (сабатсыздыкты жоюучу мектептер) окуу латын алфавитинде жүргүзүлгөн. Бул алфавитте сабатсыздыкты жоюуга арналган X. Карасаевдин, А. Шабдановдун жана С. Нааматовдун китептери чыккан. Кыргызстанда сабатсыздыкты жоюу үчүн чыныгы күрөш башталып, ал: «Сабаттуу сабатсызды окут!» деген ураан менен жүргөн. Малчылардын, аялдардын сабатсыздыгын жоюуга айрыкча көнүл бурулган.

Сабатсыздыкты жоюуда 1930-ж. башында Кыргызстанда жүргүзүлгөн маданий журуш чоң роль ойногон. Бул ишке атайын уюштурулган комиссия жетекчилик кылган.

Аракеттердин натыйжасында 1929-1930-окуу жылында ликбездерде 100 миң адам окуп, алардын 73 миңи окуганды жана жазганды үйрөнгөн. Ушундан кийин сабатсыздыкты жоюу ишинде бурулуш башталган. 1930-ж. чала сабаттууларга жардам катары «Сабаттуу бол!» деген газета чыга баштаган. Республикада сабатсыздыкты жоюш үчүн Кыргыз АССРинин ЭКСинин төрагасы жетектеген штаб түзүлгөн. Эгер буга чейин сабатсыздыкты жоюуга негизинен коомчулуктун каражаттары жумшалса 1934-1935-окуу жылынан тартып, бул иш мамлекеттин колуна өткөн. Ушул эле жылы республикада 181,5 миң адам сабатсыздыгын жойгон. 1936-ж. Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында сабатсыздыкты жоюу боюнча башкармалык уюшулган.

Бул иштин жүрүшүндө алфавиттин эки жолу которулушу сабатсыздыкты жоюуда, жалпы эле эл агартуу ишинде тоскоолдук кылган. Бирок кыйынчылыктарга карабастан 1939-ж. эл каттоо боюнча республиканын 9дан 49 жашка чейинки адамдарынын сабаттуулугу 78,3, шаар калкыныкы 85 пайызга жеткен. Ал эми 50дөн өткөн адамдардын көбү сабатсыз бойдон калган. Ошентип, 1940-ж. чейин республикада сабаттуулук үчүн күрөш чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок сабатсыздык биротоло жоюлган эмес.

Согушка чейин элге билим берүү сан жагынан гана өспөстөн сапаты да жакшырган. Алсак, 1937-1938-окуу жылында республикада 1358 башталгыч, 327 жети жылдык жана 62 орто мектептер болгон. Мугалимдер эки эсеге көбөйгөн.

Ошентип, 20-30-жж. Кыргызстанда элге билим берүүнүн социалисттик системасы калыптанган. 1930-1931-окуу жылында республикада жалпыга милдеттүү башталгыч биллм берүү киргизшгген.

Совет бийлигинин калктын, өзгөчө жаш муундардын билим деңгээлин көтөрүүгө кылган аракеттеринин натыйжасында 30-жж. аягында республикада жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү иши ийгиликтүү аяктаган. Ушул ийгиликтин негизинде 1935-ж. шаарларда, ал эми 1937-ж. айыл-кыштактарда жалпыга милдеттүү жети жылдык, шаарларда он жылдык билим берүү иши башталган.

1930-жж. Кыргызстанда атайын орто жана жогорку окуу жайлары да өнүгө баштаган. 1937-ж. республикада 12 техникум жана 5 орто медициналык окуу жайлары иштеп, аларда 3 миң окуучу окуган. Бул 1932-1933-окуу жылына салыштырмалуу эки эсеге көп болгон. Экинчи беш жылдыкта атайын орто окуу жайлары 1,4 миң адистерди даярдаган.

1933-окуу жылында кыргыз элинин тарыхындагы биринчи жогорку окуу жайы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институту ачылган. Бул окуу жайынын калыптанып, өнүгүшүнө Москва, Ленинград ж. б. шаарларынан келген окумуштуу-педагогдору чоң жардам беришкен. 1936-ж. институтту 46 адис бүтүргөн, алардын 13 кыргыздар болгон. 1933-ж. Бишкек айыл чарба техникумунун базасында Кыргыз зооветеринардык институту ачылган. Ал эми 1938-1939 окуу жылында Кыргыз Мамлекеттик медициналык институту ишке киришкен. Ошеитип, 1940-1941-окуу жылында Кыргыздардын улан-кыздары 6 жогорку, 34 атайын орто окуу жайларында билим ала баштаган. Жогорку окуу жайларында республика үчүн илимпоздор даярдала баштайт. 1937-ж. Кыргыз өкмөтүнүн алдында илим боюнча комитет түзүлүп, республикадагы илимдин борборуна айланган. Согуштун алдында республикада 13 илим-изилдөө мекемеси болуп, анда 323 илимий кызматкерлер иштеген, алардын арасында илимдин 13 доктору жана 45 кандидаттары эмгектенген.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор


ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ

Бул багытта Кыргызстан эл чарбасынын бардык тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө аракеттенүүдө.

Кыргыз Республикасы экономикалык жана социалдык байланыштарды түзүүдө да биринчи кезекте КМШга кирген мамлекеттер, өзгөчө Орто Азия жана Казакстан менен байланышты өнүктүрүүгө көңүл бурулган. 90-жж. биринчи жарымында Кыргызстандын экспорттук-импорттук байланышында Россия биринчи, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан, Тажикстан, Белоруссия андан кийинки орундарды ээлеп келген.

Кыргызстан аларга тери буюмдарды, жүндөн, пахтадан, жибектен токулган кездемелерди, килем, пахта буласын, сейрек кездешүүчү кендерди, гранит, мрамор жана керамика плиталарын ж. б. экспорттойт. Ал жактан Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды, таш көмүр, автомашиналарды айыл чарба техникаларын, кара металл, газ ж. б. алып турат.

Азыркы мезгилде Кыргызстан 40тан ашуун алыскы, 11 жакынкы чет мамлекеттер менен экономикалык, экспорттук-импорттук байланыштарды жүргүзөт. 1995-ж. кийин Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык байланыштарында өзгөрүүлөр болгон. Эгерде мурун Россия Кыргызстандын эн чоң өнөктөшү болуп келсе, азыр биринчи орунду Кытай Эл Республикасынын соодасы ээлей баштаган. Бирок Кытайдан негизинен сапаты начар товарлар көп келүүдө. Экономикалык карым-катнаштардын көлөмү боюнча Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн деңгээли бирдей болуп калды.

90-жж. экономикалык байланышта Кыргызстандын экспортуна караганда импорту басымдуулук кылган. Ушуга байланыштуу республикага импорттолгон товарларды Кыргызстандын өзүнөн чыгаруу, экспортту кеңейтүү экономикалык реформанын негизги максаты болууда.

Экономикалык реформанын жүрүшүндө импорттун ордун толтуруучу чарба тармактарын өнүктүрүү, экспортко дүйнөлүк рынокто атаандашкыдай сапаттуу товарларды өндүрүүчү базалык ишканаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул максатты жүзөгө ашырыш үчүн чет өлкөлүк инвестициялар көбүрөөк тартылууда. Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы сыяктуу ал аралык финансы уюмдары республиканын экономикасын реабилитациялоо, жергиликтүү чийки заттардан экспортко ылайыктуу товар өндүрүүгө жөндөмдүү ишканаларды куруу багытында чоң көмөк көрсөтүшүүдө. Бул багытта кийинки учурда Азия өнүгүү банкы, Эл аралык финансы корпорациясы жана Ислам өнүгүү банкы да активдүү жардам берүүдө.

Учурда Кыргызстандын чет мамлекеттер менен биргелешип курган ишканалары, компаниялары жылдан жылга көбөйүл, иштеп жатат. Алсак, Кыргызстан менен Канадалык «Камеко» корпорациясы Ысык-Көл областындагы «Кумтөр», Талас районундагы «Жер Үй» алтын кендерин иштетип атат.

Жер жана агрардык реформаны ишке ашырууда, айыл чарбасын натыйжалуу тармакка айландырууда да экономикалык байланыштар маанилүү роль ойноодо. Азыркы мезгилде Кыргызстан азык-түлүк продукциялары менен өзүн-өзү толук камсыз кыла албай жатат. Мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланган учурда республика айыл чарба продукцияларын экспорттоого толук жөндөмдүү экендиги илимий жактан далилденген. Ошондуктан Дүйнөлүк банк Кыргызстанда дан өндүрүү үчүн 60 млн доллар бөлгөн.

Кыргызстандын айыл чарбасынын негизин түзүп келген кой чарбасын реабилитациялоодо да эл аралык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулууда. Дүйнөлүк банк менен бирдикте республикада меринос кой чарбасын өнүктүрүү колго алынууда. Бирок кой чарбасын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 16 млн америкалык доллардын биринчи этапка берилген бөлүгү максатсыз, чаржайыт жумшалып кеткен. Ушуга байланыштуу кыргызстандыктар чет өлкөдөн алынган акчалар карызга берилип жаткандыгын, убагы келгенде аны проценти менен кайтарып берүү керектигин түшүнүшү керек. Эгерде 1995-ж. республиканын сырткы карызы 600 млн америкалык долларды түзсө, 2000-ж. 2 млрд доллардан ашып кетти. Адегенде берилген карыздарды төлөөнүн мөөнөтү биринин артынан бири бүтүп жатат. Ошондуктан берилген жардамды өндүрүшкө максаттуу түрдө кайтарым болгудай деңгээлде жумшоону эстен чыгарбашыбыз абзел. Кыргызстан келечекте эл аралык рынокко жүндү, ферментацияланган тамекинин жалбырагын, пахтаны, көп жылдык чөптүн, кант кызылчасынын, гибриддик жүгөрүнүн, жашылча-бакча өсүмдүктөрүнүн уруктарын көбүрөөк экспорттоого мүмкүнчүлүктөрү бар.

Өткөөл мезгилде импорттук товарлардын санын азайтууда эркин экономикалык зоналарды уюштуруунун мааниси зор. Ушуга байланыштуу республикада Нарын, Каракол, Бишкек, Маймак эркин экономикалык зоналары түзүлгөн. Аларга чет өлкөлүк инвестицияларды кеңири пайдаланып, энергия, тамак-аш, дары-дармек, жеңил жана оор өнөр жайынын продукцияларын чыгаруу үчүн жаратылыш ресурстары менен минералдык чийки заттарды пайдалануучу технологияны кеңири киргизүүгө болот.

Эгемендүү Кыргызстандын социалдык чөйрөсү да эл аралык байланыштарды кеңейтүүдө. Бул биринчи кезекте билим берүү системасында көрүнүүдө. Азыркы кезде чет өлкөлөрдө 3 миңден ашуун Кыргызстандыктар билим алууда. 1 миңден ашуун чет элдик студенттер биздин республикада окушат.

АКШнын колдоосу менен Кыргыз-Америка университети, Россиянын түздөн-түз колдоосу менен Бишкекте Кыргыз-Россия (Славян) университети, Түркиянын колдоосу менен жаңы типтеги «Кыргыз-Түрк Манас» университети ачылган. Кыргызстанда жаңы адистерди даярдоодо, өзгөчө айыл-кыштак жерлеринде билим берүү иштерин жакшыртууда Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасы (БУУӨП) тарабынан омоктуу жардам көрсөтүлүүдө. Бул программанын негизинде Кыргызстандын эл аралык университети жана Эл аралык бизнес менеджмент мектеби уюштурулган, элет жеринде бир катар мектептер курулган.

Эл аралык «Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандын жогорку окуу жайларын, өзгөчө жалпы билим берүүчү мектептерди, лицейлерди, гимназияларды окуу китептери, көрсөтмө куралдары, техникалык каражаттар менен жабдууда, окутуунун деңгээлин көтөрүүдө, педагогдордун адистиктерин жогорулатууда үзүрлүү салым кошууда. 1993-ж. түзүлгөн «Сорос-Кыргызстан» фондусунун борбору азыркы кезде 45 программа боюнча иштейт. Алар негизинен басма иштерине, студенттерге, аспиранттарга стипендия төлөөдө, окуу жайларын реформалоого багытталган. Бул фонд 1994-1998-жж. эле республиканын маданиятын көтөрүүгө 16 млн америкалык долларды жумшаган.

Соңку жылдарда эле Түштүк Кореянын, Япониянын, АКШнын, Түркиянын фирмаларынын жардамы менен республиканын телефон байланышы түп-тамырынан бери жаңыланууда. Бишкекте Кытай Эл Республикасынын жардамы менен «Достук», Түркия менен биргелешип «Ак-Кеме Пинара» мейманканалары курулуп, иштеп жатат.

Эл аралык байланыштардын өнүгүшүндө Кыргыз Улуттук китепканасы да көп эмгектерди аткарууда. Азыркы күндө анда дүйнө элдеринин 70ке жакын тилдеринде чыккан 6 млрд ашуун түрдүү басылмалар сакталат. Китепкананын фондусун толуктоодо эл аралык китеп алмашуу жолго коюлган.

Кыргызстандын демилгеси менен 2002-ж. Эл аралык тоолор жылы белгиленип, ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Глобалдык тоо саммити өткөрүлдү. Анда тоолуу мамлекеттердин жана региондордун өсүп-өнүгушүнө арналган атайын чон программа иштелип чыкты. Бул форумдун биздин республикада өтүшү, ага 50дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышышы, өлкөбүздүн кадыр-баркын бир кыйла көтөрдү.

Кыргызстандын чет мамлекеттер менен саясий, экономикалык жана социалдык байланыштары мындан ары да өркүндөп өсө бермекчи. Байыртадан эле Улуу Жибек жолунда турган Кыргызстандын эл аралык байланыштарда ээлеген ордунун келечеги кең.




Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор







ЭГЕМЕНДҮҮ КЬГРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН УЛУТТУК ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА УЛУТ САЯСАТЫ

Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Кыргыздар калктын 65 процентин түзөт. Мында жашаган өзбектер менен казактар да Кыргызстандын жерин байыртадан мекендеген жергиликтүү калк катары эсептелет. Калган улуттардын негизин Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин ал жактан көчүп келген орустар менен украиндер, кытайлык бийликтен жапа чегип, куугунтукталып келген дунгандар менен уйгурлар түзөт. Булардан тышкары Украинадан куугунтукталган немецтер келишип, Чүйгө жана Таласка жайгашышкан. 20-30-жж. Түндүк Кавказдан көчүрүлгөн даргин ж. б. улуттардын өкүлдөрү келишкен. Дүйнөлүк экинчи согуштун жүрүшүндө чечен, ингуш, карачай, балкар, крым татарлары зордук менен көчүрүлүп келинген. Булар менен катар фашисттик оккупацияда калган СССРдин европалык бөлүгүнөн орустар, өзгөчө ленинграддыктар, украиндер, белорустар, согуштун майъштары, аялдар, кары-картандар келип жайгашышкан. Кыргызстанга көчүрүлүп келинген З0дан ашык ири өнөр жай ишканалары менен кошо түрдүү улуттагы жогорку квалификациялуу адистер да үй-бүлөлөрү менен көчүп келишкен. Булардын көбү Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин өз мекендерине кайтышкан, ал эми айрымдары келген бойдон Кыргызстанга калып жашап калышкан. Совет бийлигинин соңку отуз жылында Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнө байланыштуу улуттук жумушчу адистерин көбүрөөк даярдоонун ордуна аларды Россиядан чакыруу, үй-жай менен камсыз кылуу күчөгөн. Булардан тышкары Сибирден, Ыраакы Чыгыштан, Россиянын түндүгүнөн өз ыктыяры менен жашоого ыңгайлуу жер издеп келгендердин саны арбын болгон. 80жж. тыштан көчүп келүүлөрдүн саны кыскара баштаган. 1991ж. баштап, тескерисинче Кыргызстандан көчүп кетүүлөрдүн саны көбөйгөн. Кыргызстанда орустардын саны 1990-ж. 918 миңге жеткен, т. а. калктын 21,2 процентин түзгөн. Бул республикадагы орустардын эң көбөйгөн учуру болгон. 1991-1994 жж. Кыргызстандан 170 миң орус көчүп кеткен. Элдердин көчүп кетүүсү өзгөчө 1993-ж. өтө жогору болгон. Бул жылы Кыргызстанга 23 миңдей киши көчүп келсе, 143,6 киши көчүп кеткен. Алардын 80,8 миңин орустар, 10,5 миңин немецтер, 10,6 миңин украиндер, 6 миңин өзбектер, 8,7 миңин татарлар ж. б. түзгөн. Көчүп кетүүнүн натыйжасында саны боюнча кыргыздардан кийинки орунда турган орустар 1990—1994-жж. эле 17 процентке, т. а. 918 миңден 750 миңге азайган. Көчүп кетүү боюнча экинчи орунда немецтер турган.

1989- ж. алардын саны республикада 102 миңге жеткен. Алардын үчтөн бири т. а. 30 миңи 1991-1992-жж. Германияга көчүп кетишкен.

Көчүп кетүүнүн натыйжасында Кыргызстандын калкынын улуттук составы өзгөргөн. 1993-ж. эл каттоонун маалыматы боюнча кыргыздар калктын 56,5, орустар 18,8, өзбектер

- 13,5, украиндер менен немецтер 1,5 процентин түзгөн. Он миңдеген калкы бар татарлар (1,6 процент), казактар, дуңгандар жана уйгурлар (0,9 процент), тажиктер (0,8), түрктөр (0,5), азербайжандар, кореялыктар (0,4 процент) жана бир нече миң кишиден турган белорустар, еврейлер, калмактар, армяндар, грузиндер, молдавандар, поляктар, цыгандар ж. б. жашайт.

Кыргыз Республикасындагы улут аралык саясат «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» деген девиз менен жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда улут аралык мамилелерди стабилдештирүүдө 1994-ж. 21-январда өткөн Кыргызстан элдеринин Биринчи Курултайы маанилүү роль ойногон. Буга республикадагы бардык улуттардын, элдердин, социалдык катмарлардын өкүлдөрү катышкан. Курултайда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы түзүлүп, анын Уставы кабыл алынган, жетекчи органы Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Совети шайланган. «Кыргызстан Элдеринин Биринчи Курултайынын Кайрылуусу», «Биримдиктин, тынчтыктын жана ынтымактын Декларациясы» кабыл алынган. Азыркы мезгилде З0га жакын улуттук-маданий борборлорду баш коштурган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы улуттар аралык ынтымакташтыктын негизи катары таасирдүү форумга айланды.

Кыргызстанда эл аралык ынтымакташтыкты сактап, аны өркүндөтүүдө улуттук-маданий борборлору өзгөчө маанилүү роль ойноодо. Алардын иш аракеттери мамлекет тарабынан ар тараптан колдоого алынган. Алардын өз ара биргелешип иштеши үчүн 1994-ж. 26-сентябрда Бишкекте Достук үйү ачылган.

Азыркы мезгилде Кыргызстандын көп улуттуу элинин негизги максаты экономиканы чындоого, рынок мамилелерин толук өздөштүрүүгө, эл арасындагы достукту, эгемендүү, көз каранды эмес, демократиялуу, тең укуктуу мамлекетти түзүүгө жана чыңдоого багытталган.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор







АДАБИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО (1964-1990-жж.)

Республиканын адабият жана искусство тармагында эмгектенген интеллигенциясы Кыргызстандын руханий денгээлин көтөрүү багытында эмгектенген. 60-жж. ортосунда Кыргызстан Жазуучуларынын союзуна З0дан ашык көркөм сөз чеберлери мүчө болушкан. Алардын ичинен акындар Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, Ө. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин ж. б. эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган.

1965-ж. Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. Бул сыйлык алгачкы жолу «Таң алдында» романы үчүн А. Токомбаевге жана «Абийир кечирбейт», «Сүйүү жана үмүт» деген пъесалары үчүн Т. Абдумомуновго ыйгарылган.

1968-ж. Кыргыз ССРинин «Эл жазуучусу», «Эл акыны» деген наамдар белгиленген. Бул наамдарга биринчи болуп Ч. Айтматов, К. Баялинов, К. Жантөшев, Т. Сыдыкбеков, Т. Үмөталиев татыктуу болушкан. 1971-1975-жж. А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун, Т. Сыдыкбековдун, Т. Үмөталиевдин, К. Маликовдун, Э. Ибраевдин чыгармаларынын жыйнактары жарыкка чыгарылган. Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири А. Токомбаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилген. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» аттуу тарыхый романы окурмандардын купулуна толгон.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы өзүнүн апогейине ушул мезгилде көтөрүлгөн. Анын китептери 8 млн нуска менен дүйнө элдеринин 50дөн ашык тилдерине которулган. Ал эки жолу: 1968-ж. «Жаныбарым Гүлсары», 1983-ж. «Кылым карыткан бир күн» аттуу чыгармалары үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1978-ж. ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.

1987-ж. Кыргызстандын жазуучуларынын ичинде Социалисттик Эмгектин 2 Баатыры, Лениндик сыйлыктын 1 лауреаты, 4 СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээлери, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын 10 лауреаты, 10 Кыргыз Эл жазуучулары жана акындары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын 6 анык жана корреспондент мүчөсү, СССР Жазуучулар союзунун 21 мүчөсү болгон. Бул кыргыз адабияты үчүн чоң жетишкендик эле.

60-80-жж. искусство жанрында эмгектенген кызматкерлер да активдүүлүктү көрсөтүшкөн. 1966-ж. Кыргыз драматургдарынын пьесалары СССРдин 50дөн ашык театрларында коюлган.

50-жж. ортосунда эле өзүнүн чыгармачыл жолун баштаган кыргыз кино искусствосу 60-80-жж. дүйнө элдерине таанымал «Эрте жаздагы турналар», «Аптап», «Караш ашуусунда атылган ок», «Мен Тянь-Шань», «Биздин балалыктынасманы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көк-Серек», «Кызыл алма», «Ак кеме», «Улан», «Карышкыр үнкүрү» ж. б. көркөм тасмаларды жараткан. Аталган фильмдердин көпчүлүгү СССРде жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн абройлуу кинофестивалдарда жогору бааланган.

Кыргыз кино искусствосун өнүктүрүүдө таланттуу режнссерлор Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров, Д. Садырбаев, атактуу артисттер С. Чокморов, М. Рыскулов, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, Т. Турсунбаева, Б. Бейшеналиев, С. Күмүшалиева ж. б. өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан.

80-жж. Кыргызстанда 8 адистештирилген театр, анын ичинен бир опера жана балет театры, 6 драмалык жана музыкалык театрлар, республикалык куурчак театры иштеген.

70-80-жж. эле Кыргыз драматургиясынын пьесалары СССРдин 100гө жакын театрларынын сахналарында коюлган. 1960-ж. негизделген Кыргызстан театр ишмерлеринин коомунун 1983-ж. 600дөн ашык мүчөсү болгон. Профессионалдык театрлардан тышкары республикада 21 элдик театр, 5 миңден ашуун өздук көркөм чыгармачылыктын жамааттары калктын руханий таланттарын канаттандырууда чоң эмгек жасашкан.

70-80-жж. Кыргызстандын композиторлору ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратышкан. К. Молдобасанов, Н. Давлесов, М. Абдраев, А. Жаныбеков, К. Артыков, А. Аманбаев, А. Тулеев, Т. Эрматов, Ж.Каниметов тарабынан операларга, балеттерге, театрларда коюлган спектаклдерге, кннофильмдерге музыкаларды жазышкан.

Таланттуу артистер Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, X. Мухтаров, Т. Сейталиев, М. Темирбеков, Э. Касымов, А. Токомбаева, Р. Чокоева, У. Сарбагышев, Ч. Базарбаев, Э. Мойдунов, А. Исраилов, А. Баетова, Б. Арунов ж. б. кыргыз театрынын ашарын ачышкан. Булардын ичинен кыргыздын атактуу ырчысы Болот Миңжылкыев Ташкен консерваториясын бүтүргөн, кийин Италиянын Милан театры Ла Скалада үч жыл стажировкадан өткөн. Ал дүйнөнүн опера жылдыздарынын денгээлине чейин көтөрүлүп, көптөгөн мамлекеттердин театрларында эң мыкты бас ырчы катары кеңири таанылган. Кыргызстандын музыкасынын өнүгүшүнө оркестрдин атактуу дирижерлору, А. Жумакматовдун, Н. Давлесовдун, К. Молдобасановдун, Э. Жумабаевдин, С. Жумалиевдин ж. б. эмгектери баа жеткис.

Элдик музыкабыздагы төкмөчүлүк өнөрдү өрчүдө СССРдин эл артисти Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Турдалиев баштаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери А. Айталиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. өзгөчө эмгек сиңиришти.

Бул мезгилде кыргыз совет ырларынын өнүгүшүнө обончулар Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, М. Рыскулбеков, А. Атабаев, Ү. Сыдыков, Ж. Кайыпов, Т. Казаков, С. Жумалиев, А. Керимбаев, К. Эралиева белгилүү салым кошушкан. Булардын мекен, эмгек, махабат, тынчтык жөнүндөгү ырлары аткаруучулардын репертуарларын байытып, угуучуларды кубанткан.

80-жж. Кыргызстандын кино искусствосу өзүнүн мурдагы жылдарда жетишкен ийгиликтерин бекемдөөгө аракеттенген. 1986-ж. Т. Океевдин «Ак илбирстин тукуму», А. Сүйүндүковдун «Жолдор кесилишкенде», 1987-ж. Г. Базаровдун «Бойго жеткендер үчүн баш пааналама» аттуу фильмдери көрүүчүлөргө тартууланган. Кинематографисттер союзунун катары 1990-ж. 100 адамга жеткен.

60—80-жж. республикада көркөм-сүрөт өнөрү өскөн. 1966-ж. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу уюшулуп, ага 51 сүрөтчү мүчө болгон. 1981-ж. алардын саны 100гө жеткен. Алардын башында турган атактуу сүрөтчүлөр С. Чуйковдун «Түбөлүктүүлүккө жанашуу», Г. Айтиевдин «Талаадагы тандыр», «Эски кыштак», «Кызыл булуттар» аттуу чыгармалары кыргыз искусствосунун классикасы болуп калган. Республикада сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө бул мезгилде А. Игнатьева, Л. Ильина, А. Асранкулов, А. Бейшенова, К. Артыкбаев, С. Чокморов ж. б. салым кошушкан.

Кыргызстанда скульптура өнөрүнүн өнүгүшүнө Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. Садыков көрүнүктүү салым кошкон. 1978-ж. анын «Революциянын каармандарына» аттуу монументи ачылган. Бул эмгеги үчүн ага 1980-ж. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

1985-ж. Фрунзеде скульптура боюнча Эл аралык симпозиум өткөрүлгөн. Бул иштер республикада искусствонун бул түрүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата «Жеңиштин эстелиги» скульптуралык-архитектуралык комплекси ачылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор








УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАН КИЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ МАДАНИЯТ (1946-1964-жж.)

Согуштан кийинки мезгилде маданияттын өнүгүшүндө сталиндик административдик-буйрукчул система идеологиялык көзөмөлдөөнү күчөткөн. Ал үчүн калктын бир бөлүгүндө капиталисттик, феодалдык-уруучулук көз караш сакталган, интеллигенциянын катмарларында буржуазиялык маданиятка жүгүнүү, коммунисттик саясатты түшүнбөстүк маанай күчөп кеткен деген шылтоо ойлонулуп табылган. Партиялык жетекчи төбөлдөр өздөрүнүн бул пикирин ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндө, «Чоңтурмуш» кино тасмасы жөнүндө» деген токтомдорунда негиздешкен. Бул токтомдор чыгармачыл интеллигенциянын кеңири чөйрөсүндө талкууланып, идеологиялык ишти күчөтүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлө баштаган. Натыйжада интеллигенциянын айрым өкүлдөрү кайрадан куугунтуктала баштаган.

XIX к. экинчи жарымы XX к. башындагы белгилүү акын Молдо Кылычтын эмгектери «буржуазиялык улутчул» делип аныкталып, аны изилдеген Т. Саманчин, Т. Байжиев, З.Бектенов репрессияга кабылган. Окумуштуулар Ж. Шүкүров, К. Сооронбаев, X. Карасаев кызматтарынан бошотулган. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы, К. Маликовдун «Балбай» деген поэмасы катуу сынга алынып, аларды окууга тыюу салынган.

1951-ж. партия менен Совет өкмөтүнүн башкы жетекчилигинин көрсөтмөсү менен элдердин улуттук эпостору сынга алына баштаган. Кыргыз элинин руханий турмушунун туу чокусу болгон «Манас» эпосуна да «элге каршы багытталган, динчил, эзүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн, согушту жактаган» чыгарма катары тыюу салынат. Бирок Кыргыз интеллигенциясы өздөрүнүн эпосу жөнүндөгү бул чечимге макул болгон эмес. Басма сөз бетиндеги көп айларга созулган талаш-тартыштардан кийин 1952-ж. июнь айында Фрунзе шаарында «Манас» эпосунун элдүүлүгү» деген темада илимий конференция өткөрүлүп, «Манас» эпосу репрессиядан куткарылган. Эпосту коргоодо М. Ауэзов, А. Токомбаев, К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, А. Бериштам, Б. Юнусалиев, Б. Керимжанова ж. б. чоң эмгек сиңиришкен.

Согуштан кийинки жылдарда элге билим берүү ишинде алгылыктуу бир катар иштер жасалган. 1947-ж. баштап жети жылдык билим берүү жалпыга милдеттүү болуп калган. Согуш мезгилинде чыкпай калган окуу китептери кайрадан чыга баштаган. Кыргыз тилинде окуу китептерин чыгаруу колго алынган. 1950-ж. мектеп окуучулары үчүн 89 аталыштагы окуу китеби чыгарылган. Бул мезгилде атайын орто жана жогорку билим берүү жакшырган. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы ачылып, аны 1948-ж. 5 адис бүтүрүп чыккан. Пржевальск, Ош, Жалал-Абад эки жылдык мугалимдер институттары, индустриялык, зооветеринардык тамак-аш техникумдары, көркөм сүрөт окуу жайы, республикалык маданий-агартуу, жана музыкалык-хореографиялык окуу жайлары да алгачкы адистерин чыгара башташат.

СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалында 500 илимдин кызматкерлери, анын ичинен 13 илимдин докторлору, жана 83 илимдин кандидаттары үзүрлүү эмгектенишкен.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жана илим-изилдөө институттарында 46 профессор, илимдин докторлору, 350 доценттер, илимдин кандидаттары эмгектенген. Алардын 60 кыргыздар болгон. 1950-ж. республикада медициналык, айыл чарба, 4 педагогикалык институттары, 29 атайын орто окуу жайы иштеп, аларда 19,2 миң студент билим алган.

Совет бийлиги орногондон баштап эле өлкөдө башталгыч жана толук эмес орто билим берүү акысыз жүргүзүлгөн. 1956-ж. баштап мектептин жогорку класстарында, атайын орто билим берүү системасында жана жогорку окуу жайларында окугандыгы үчүн акы төлөө жоюлган. 1958-ж. толук эмес орто билим берүү баскычы жетинчи класстан сегизинчи класска көтөрүлгөн. Бул совет бийлигинин билим берүү тармагындагы чоң жетишкендиги катары бааланган.

Басма сөз иши жолго коюлуп, Кыргызстанда 5 республикалык, 10 областтык, 70 райондук жана шаардык газеталар 160 миң нуска менен чыгарылган. Булардан тышкары «Коммунист», «Агитатордун жана пропагандисттин блокноту» журналдары кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган.

Кыргыз адабияты өнүгүп, Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. К. Баялиновдук, К. Жантөшевдин, Т. Үмөталиевдин, А. Осмоновдун чыгармачылыктары жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Согуштан кийинки мезгилде кыргыз музыкасы, драмасы, көркөм сүрөт искусствосу да жаңы бийиктиктерге көтөрүлгөн.

50-жж. жана 60-жж. башында республиканын маданияты жаңы баскычка өскөн. Бул жылдары Кыргызстандын көркөм адабияты Ч. Айтматов, Т, Үмөталиев, У. Абдукаимов, С. Эралиев, К. Каимов, А. Токтомушев сыяктуу таланттуу акын, жазуучулардын жаңы чыгармалары менен толукталган. 1963-ж. Ч. Айтматов «Тоолор жана талаалар» аттуу повесттер жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.

Кыргызстандын көркөм өнөрүнүн ишмерлери өздөрүнүн жетишкендиктерин 1958-ж. Москва шаарында өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи он күндүгундө ийгиликтүү даңазалашкан. Республиканын алты артисти С. Кийизбаева, Б. Бейшеналиева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, А. Мырзабаев, Д. Күйүкова СССРдин эл артисттери болушкан. Искусствонун 300 өкүлү орден, медалдар менен сыйланышкан. Алардын 9 Ленин орденин алышкан.

Ушул мезгилде билим берүү тармагында да кыйла жетишкендиктер камсыз болгон. 1953-1954-окуу жылынан баштап республиканын шаарларында милдеттүү орто билим берүү киргизиле баштаган. Бирок 1955-ж. республикада 20 миңден ашуун бала мектептеги окууга тартылбай калган. 1958-ж. баштап жети жылдык билим берүүнүн ордуна милдеттүү сегиз жылдык билим берүү киргизилген. Орто мектептерде окутуу мөөнөтү 11 жылга созулган.

1960—1961-окуу жылында республикада 1763 күндүзгү жалпы билим берүүчү мектептер иштеп, аларда 397,5 миң окуучу билим алган. Бирок, мектептерде иштеген 22 миң мугалимдин 33,1 пайызы гана жогорку билимдүү болушкан. Калган мугалимдерди атайын орто билимдүүлөр же жөн гана мектепти бүтүргөндөр түзгөн. Бул мектептерде өтүлгөн сабактардын сапатына тескери таасир тийгизген.

50-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Кесипчилик-техникалык билим берүүнүн Башкы башкармасы тарабынан активдүү иштер жүргүзүлгөн. 60-жж. баштап сегиз жылдык билимдин негизинде шаардык жана айылдык кесиптик-техникалык окуу жайлары түзүлүп, аларда 8,7 миң адис даярдала баштаган.

50-жж. чейин республика үчүн жогорку билимдүү адистер негизинен өлкөнүн борбордук шаарларынан даярдалып келген. Эми жогорку квалификациядагы адистер көп тармактар боюнча республиканын өзүндө даярдала баштайт. 1951ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин ачылышы тоолуу крайыбыздагы мааиилүү окуя болгон. 1954-ж. анын геологиялык жана техникалык факультеттеринин базасында Фрунзе политехникалык институту ачылган.

1951-ж. Ош, 1952-ж. Кыргыз кыз-келиндер институту, 1953-ж. Пржевальск педагогикалык институту ачылып республикада педагогикалык кадрларды төрт жылдык мөөнөт менен даярдоо иши жолго коюлган. 1955-ж. Кыргыз денетарбия институту ачылган. Жогорку окуу жайлары менен катар эле атайын орто окуу жайларынын тармактары кенейген. 1954-ж. Фрунзеде жеңил өнөр жай, советтик соода, 1956-ж. Нарында айыл чарба, 1957-ж. автожол техникумдары ачылган. 1960-1961-окуу жылында Кыргызстандын 8 жогорку жана 27 атайын орто окуу жайларында 22,2 миң студент окуган, алардын 10,8 миңи жогорку окуу жайларынын студенттери болгон.

1954-ж. СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы ачылган. Анын биринчи Президенти болуп Иса Ахунбаев шайланган. Академиянын биринчи курамына окумуштуулар Б. Жамгырчинов, И. Ахунбаев, И. Батманов, К. Юдахин, Б. Юнусалиев, жазуучулардан А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков ж. б. 27 адам кирген. Академияга 203 илимий кызматкер иштеген 10 илимий мекеме караган. Анда илимдин 12 докторлору жана 83 кандидаттары эмгектенишкен. Республиканын өз алдынча Илимдер академиясынын ачылышы республикада илим-изилдөө ишинин өнүгүшүн тездеткен.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ УЧУРУНДАГЫ МАДАНИЯТ

Кыргызстандан интеллигенттеринин ичинен 15736 адам согушка жөнөтүлүп, ар кайсы фронттордо душман менен салгылашышкан.

Тылдагы окумуштуулар мекенди коргоого зарыл согуштук-экономикалык милдеттерди чечүүнүн үстүндө эмгектенишкен. Согуш башталганда республикада 13 илим-изилдөө мекемелери иштеген. Аларда 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13 илимдин докторлору 45 илимдин кандидаттары болгон. Кыска мөөнөттүн ичинде эле алар өздөрүнүн иштерин фронттун керектөөлөрү үчүн жумшай башташкан. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен республиканын илимий кадрлары чындалган. Академиктер А. Бах, А. Борисяк, техника илимдеринин докторлору М. Келдыш, тарых илимдеринин доктору А. Бериштам, филология илимдеринин доктору К. Юдахин ж. б. келиши менен республиканын окумуштууларынын сапаты жогорулаган.

Кыргызстандын геологдору согуштук маанидеги кен байлыктарды изилдеп табууда көп иштерди аткарышкан. Алар 1941-1944-жж. 321 экспедиция уюштурушуп 110 түстүү металлдын, 71 көмүр, нефть, 8 металл кендерин аныкташкан. Натыйжада республикада 20 пайдалуу кендер ачылган. Кыргызстанда табылган сымап, сурьма, фольфрам ж. б. сейрек кездешүүчү кендер стратегиялык чоң мааниге ээ болгон.

Фрунзеге эвакуацияланган СССР Илимдер академиясынын биология бөлүмү, Кыргызстандын илим-изилдөө мекемелери менен бирдикте согуштук жана экономикалык маанидеги маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. СССР ЭКСтин 1943-ж. 5-январдагы чечими боюнча СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын ачылышы республикада илим-изилдөө иштеринин өнүгушүнө чоң өбөлгө болгон. Филиал 1943-ж. 13-августа ачылып, анын председателдигине академик К. И. Скрябин, орун басарлыгына Ж. Шүкүров менен В. Масенко, окумуштуу катчылыгына П. Власенко шайланган. Филиалда 158 окумуштуу, анын ичинде СССР Илимдер академиясынын бир академиги, бир корреспондент мүчөсү, 12 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаттары эмгектене баштаган.

Филиал өзүнүн бардык иштерин Кыргызстандын ресурстарын өлкөнү коргоо муктаждыктарына жумшоо багытында жүргүзгөн. Н. Сытый жетектеген химия институту жардыруу иштеринин жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Коомдук илимдердин өкүлдөрү аскердик-патриоттуулук, Ата Мекенди коргоо, пролетардык интернационализм, согуштун маңызы, мааниси боюнча изилдөөлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 1944-ж. К. Юдахиндин редакциясы менен 40 миң сөздөн турган биринчи «Орусча-кыргызча сөздүк» басылып чыккан. «Манас» эпосун чогултуу жана изилдөө боюнча иштер улантылган.

Фашисттик баскынчыларга каршы согушта адабият менен искусство маанилүү идеялык курал болгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Т.Үмөталиев, М. Элебаев, Ж. Ашубаев, Н. Чекменов, Я. Шиваза, Ж. Турусбеков, У. Абдукаимов ж. б. көптөгөн мүчөлөрү фронтко аттанышкан. Алардын айрымдары аскердик бөлүктөрдө саясий жетекчи, басма сөздүн адабий кызматкерлери болуп иштешкен. Советтик патриотизм, Ата Мекенди коргоо, жоокерлердин эрдиктери, тылдагы эмгекчилердин каарман эмгеги Кыргыз жазуучуларынын ошол учурдагы негизги темалары болуп калган. А. Токомбаевдин «Ашырбай», Т. Үмөталиевдин фронтто жүрүп жазган «Үч баатыр жөнүндө ыр», «Кубат», К. Жантөшевдин «Чолпонбай», А. Осмоновдун «Ант», К. Маликовдун «Менин Кавказым» поэмалары Т.Сыдыкбековдун «Артиллеристтер» ж. б. чыгармалары элди туруктуулукка, жаңы эрдиктерге чакырып, жеңиштин камсыз болоруна ишендирген.

Кыргызстандын артисттери согуштун алгачкы айларынан эле өздөрүнүн эмгектери менен жеңишке салым кошууга аракеттенишкен. Кыргызстандык артисттердин бригадалары 1941-ж. июлунан 1942-ж. 1-апрелине чейин фронттогу жоокерлерге, аскерге жөнөтүүчү пункуттарда, госпиталдарда 763 концерт коюшкан. 1941-ж. ноябрда Улуу Ата Мекендик согушка арналган «Патриоттор» аттуу кыргыз операсынын биринчи премьерасы болгон. Музыкалык театрдын артисттеринин жетишкендиктери эске алынып, 1942-ж. 17-августта бул театр Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайрадан түзүлгөн. Театрда 1942-ж. ноябрда «Көкүл», бир жылдан кийин декабрда «Ким кантти?» опералары, 1944-ж. «Чолпон» балети коюлган. Согуш аяктаганга чейин бул театрдын артисттери жоокерлердин, тылдагы эмгекчилердин алдында 750 концерт беришкен.

Фронт менен тылдын байланышын чыңдоодо Кыргыз искусствосунун өнөрпоздорунун фронтторго уюштурган гастролдору маанилүү роль ойногон. 1942-ж. 7 концерттик-театралдык бригада уюштурулуп, 1944-ж. чейин алар фронггогу жоокерлердин алдында 2500 концерт беришкен.

1941-ж. июлда Кыргыз драма театры уюштурулуп, согуш жылдарында өнүккөн. 1942-ж. октябрда анда А. Токомбаевдин Ата Мекендик согушка арналган «Ант» деген пьесасы коюлган. 1943-ж. опера жана балет театрынын драмалык бөлүмү Кыргыз Мамлекеттик драма театры болуп бөлүнүп чыккан. 1944-ж. январда анда «Курманбек» пьесасы коюлган. Кийинки жылдары бул театрда «Орус адамдары», «Фронт», «Полководец Суворов», «Текшерүүчү», «Король Лир» пьесалары коюлган.

Согуш жылдары Кыргызстандын көркөм сүрөт өнөрү да өскөн. С. Чуйковдун «Ата Мекен үчүн», «Чолнонбайдын портрети», А. Игнатовдун «Фронтко узатуу», «Эне менен жолугушуу», «Фронттон келген конок», Г. Айтиевдин «Фронттон кат», И. Гальченконун «БЧК курулушунда», «Жайлоодо», Л. Ильинанын «Кызылча отоо», С. Акылбековдун «Колхоз кароолчусу» ж. б. чыгармалары согуш мезгилиндеги элдин турмушун чагылдырган. Ошентип, республиканын адабияты менен искусствосу элдик жецишке өздөрүнүн салымдарын кошуу менен чыгармачылыктын жаңы баскычтарына көтөрүлгөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор




















































КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУНУН ӨНҮГҮШҮ

Улуттук жазуунун жана басма сөздүн негизделиши элдин маданиятын көтөрүүдө өзгөчө окуя болгон. 1924-ж. араб алфавитияин негизинде кыргыз жазуусу иштелип чыгып, 7 ноябрда кыргыз тилинде «Эркин Тоо» гезити басылып чыккан. 1925-ж. 12-мартта орус тилинде «Батрацкая правда» гезити чыккан. 1926-ж. ноябрында жаштардын «Ленинчил жаш» гезити негизделет. «Коммунист» журналы да ушул жылы чыга баштайт. 1928-ж. «Жаңы маданият жолунда», «Дыйкан» аттуу журналдар чыгарылган.

Акырындык менен кыргыз профессионалдык адабияты да өнүгө баштайт. Анын башатында К. Тыныстанов, Т.Үмөталиев, Ж.Бөкөнбаев, К. Маликов, А.Токомбаев, М.Элебаев, Ж.Турусбеков жана Я. Шиваза 1934-ж. СССР Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, билеттерин М.Горькийдин колунан алышкан.

Согушка чейин кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгы жаңы бийиктерге көтөрүлгөн. 1934-ж. апрелде өткөн Кыргызстан жазуучуларынын биринчи сьезди кыргыз адабиятынын буга чейин өнүгүшүн жыйынтыктап жаңы милдеттерди белгилеген. Оьездде Кыргызстан жазуучуларынын союзу уюштурулуп, анын төрагалыгына А. Токомбаев шайланган. 1937-1941 -жылдары бул союзду Т.Үмөталиев жетектеп, ал «Манас» эпосун, жана «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш-Байыш», «Ак-Саткын», «Эр Табылды» өндүү ондогон кенже эпосторду чогулттуруп, китеп кылып элге жеткирүүдө өзгөчө зор эмгек сиңирген.

Кыргыз адабияты менен катар эле улуттук профессионалдык искусствонун театр, музыка, көркөм сүрөт ж. б. тармактары өскөн 1926-ж. профессионалдык артисттерди даярдоо үчүн музыкалык-драмалык студия ачылган. Аны алгач бүтүргөндөрдөн А. Куттубаев, А. Боталиев, К. Эшимбеков өндүү мыкты артисттер чыккан. Театралдык коллективге кыргыз элинин эл чыгармачылыгынын өкүлдөрү музыканттар М. Күрөңкеев жана К. Орозов, акындар К. Акиев, Ж. Аликеев, О. Бөлөбалаев, манасчы М. Мусулманкулов, куудул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байбатыров ж. б. чакырылып, алар профессионалдык маданияттын калыптанып өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошушкан. 1930-ж. республикалык музыкалык-драмалык студия театрга айланган. Театрдын алдында эл аспаптар оркестри уюшулган. 1936-ж. Фрунзеде орус драма театры ачылган. 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик театры, Кыргыз музыкалык-драма театры болуп кайра түзүлгөн. Ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1937-ж. майда Кыргыз мамлекеттик драма театрында Ж. Бекөнбаевдин «Алтын кыз», 1938-ж. «Ажал ордуна» драмасы коюлган. 1939-ж. апрелде көрүүчүлөргө Кыргыз музыкалык-драма театры «Айчүрөк» операсын тартуулаган.

1920-1930-жж. кыргыздын улуттук музыкасы да өнүккөн. Кыргыз мамлекеттик филармониясы ири музыкалык борборго айланат. Анда улуттук хор, кыргыз бий ансамбли, мамлекеттик үйлөмө аспаптар ансамбли ж. б. уюштурулган. 1939-ж. А. Малдыбаевдин жетекчилиги астында Кыргызстандын композиторлорунун союзунун уюштурулушу республикада музыка искусствосунун өнүгушүнө өбөлгө болгон.

Бул жылдары кыргыздын улуттук музыкасын жазып алуу, аларды изилдөө иши да колго алына баштайт. Бул багытта А. В. Затаевич чоң эмгек жасаган.

Согуштун алдында Кыртызстанда көркөм сүрөт өнөрү да жаңы баскычка көтөрүлгөн. 1934-ж. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзу уюштурулуп, аны С. Чуйков жетектеген. 1935-ж. Кыргыз мамлекеттик сүрөт галереясы уюштурулган. Анда таланттуу сүрөтчүлөр С. Чуйковдун, Г. Айтиевдин, С. Акылбековдун ж. б. сүрөттөрү коюлган. 1939-ж. Көркөм сүрөт окуу жайы ачылган. Республикага скульптор О. Мануйлова ж. б. графиктер келишкен. Сүрөт искусствосунун жаңы тармактары калыптана баштаган.

1939-ж. 26-майдан 30-июнга чейин Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун Декадасы Кыргызстандьга маданий турмушундагы өзгөчө чоң окуя болгон. Ага улуттук искусствонун 550 чеберлери катышкан. Алар койгон 14 спектаклди жана концерттерди 30 миңден ашуун көрүүчүлөр баалашкан. Кыргыз мамлекеттик музыка театры Ленин ордени, Кыргыз мамлекеттик филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кыргыз искусствосунун 71 ишмери СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Ошентип, 20-30-жж. Кыргызстандын советтик маданияты жаңыдан калыптана баштагандыгына карабастан бир катар ийгиликтерге жетишкен.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор








КЫРГЫЗ ЭЛИНДЕ КОЛДОНМО ИСКУССТВОНУН ӨНҮГҮШҮ

Кыргыз элинин жасалга-колдонмо искусствосу байыркы доордо эле калыптанып өнүгүп келген. Анын материалдык негизин мал чарбачылыгынын продуктулары, жыгачты, металлды ж. б. иштетүүгө байланышкан үй өндурүшу түзгөн. Бул өндүрүшкө эмгекке жарактуу ар бир үй-бүлө мүчөсү катышкан. Үйдөгү өндүрүш жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү жалаң эле үй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон.

Эстетикалык керектөөнү канааттандырууга, тнричиликти көркөмдөөгө болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтулуу көркөм кол өнөрүнүн ар тармагын өнүктүргөн. Ал өзүнүн көп түрдүүлүгү, оймо-чиймесинин (орнаменттик) тактыгы, өзгөчөлүгү түстөрдүн жана тондордун айырмалуулугу, бай, ажайып фантазиясы менен белгнленген. Көчмөн турмуш көркөм искусствонун өнүгүш мүмкүнчүлүгүн чектегенине карабастан, узакка пайдаланууга ылайыкташылган турмущ-тиричилик буюмдары (турак жайынын ички, тышкы жасалгасы, аялдардын кооздук, асем буюмдары, ат жабдыктары) гана эмес, күнүмдүк кийим-кече, үй тиричилигинде дайыма урунула турган буюмдары дагы көркөм чыгармачылыктын деңгээлин көрсөтө алган.

Үй шартындагы өндүрүштө жана кол өнөрүнөн жасалган ар кандай көркөмдөлгөн буюмдар турмуш-тиричиликте пайдаланылган. Элдин аң-сезиминде кол өнөрү турмуш-тиричиликтен ажырагыс болуп эсептелген. Кыргыз көркөм өнөрүнүн кайталангыс шедеврлери сыймыктанууга татыктуу болсо дагы, ал көркөм чеберчиликтин уникалдуу үлгүсү катары бааланбастан, турак жайдын же интерьердин бир бөлүгү, кийим-кече, же ат жабдыгынын ажырагыс элементи катары кабыл алынган да анын көркөмдүүлүгүнө караганда, пайдаланууга ыңгайлуулугу жогору бааланган. Кыргыз элинин жогорку денгээлдеги чеберчиликке жөндөмдүүлүгү, дилгирдиги өзгөчө көркөм өиөр искусстосунан ачык көрүнгөн.

Өнөрчүлүктү биздин элдин маданиятынын, искусствосунун рухий турмушунун башка тармактарынан бөлүп кароого болбойт. Кол өнөрчүлүктүн чыгармалары, оюу-чийүү орнаменти, элдик поэтикалык оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен органикалык байланыштары өнүгүп, бири-бирине таасирин тийгизгендиги алардын ортосундагы жалны белгилерден байкалат. Бул жалпылык элдик нукура терен реалисттик стнли, айкын көркөыдүк, өтө бай образдуулугу, чеберчилиги менен айкалышкан.

Көркөм чыгармачылык укумдан-тукумга өтүү менен өнүгүп олтурган. Чеберчилик менен салт улам кийинки муунга мурасталып, элдин тарыхы менен кошо өнүккөн. Кыргыздардын колдонмо өнөрүнө өзүнө таандык өзгөчөлүк, таланттуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздүү. Буюмдун практикалык функциясы ыенен көркөы жасалганын айкалышы жана жалпы элдик мүнөздө болушу анын эн баалуу сапаты болгон. Кыргыз эли көчмөн турмушка тыгыз байланышкан боз үйдүн, ат жабдыгынын кайталангыс өзгөчө жасалгасын жараткан. XIX к. кыргыз жасалга-колдонмо өнөрү жогорку деңгээлге жеткен. Түс (өң) менен оймо-чийме жасалгалоонун негизги каражаты болуп кала берген. Анда элдин рухий дүйнөсү жана таланты чагылдырылган. Эл түс маданиятынын эстетикалык нормаларын иштеп чыгьш, анын оймо-чийме менен айкалыш эрежелерин калыптандырган. Өзүнүн жөнөкөйлүүлүгү жана таасирдүүлүгү боюнча эн сонун шайкештик пайда болгон.

Кыргыз элинин кездемелеринин, түктүү килемдеринин, саймаларынын, чырмалган чийлеринин жана шырдактарынын колорити шаңдуу ыргакты түзүп, өтө мыкты ачык түстөрдөн түзүлүп, кызыл түс басымдуулук кылган. Аларга өсүмдүктөрдөн жасалган боёктор колдонулган. Оймо-чийыелер элдин демилгеси менен фантазиясын көрсөткөн эн сонун көркөм мурас, жасалганын өзгөчө тармагы. Алар өтө көп түрдүү, колдонмо өнөрүнүн ар бир түрүнүн өзүнчө кооздугу бар. Кыргызстандын оймо-чиймелеринин жаралуусу ар кайсы мезгилдерге таандык. Аларда Орто Азня жана Казакстан, Волга бою, Кавказ ж. б. элдердин оймо-чийыелерине окшош жалпылыктар кездешет. Бул кыргыз элинин башка региондогу элдер менен этностук жана маданий байланышта болгондугун айгинелейт.

Элднк оймо-чиймелердин аттары жана мотивдери да ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү байыркы оймо-чиймелерден туруп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн тнрнчиликтн чагылдырат. Бир кыйла туруктуу оймо-чиймелер колдонмо өнөрүнүн азыркы түрлөрүндө да кездешет. Алардын негизгилери ар түрдүү варианттарда түшүндүрүлүүчү кочкор мүйүз, кочкорок, сыңар мүйүз, кайкалак, көз жоосун алган кыял оюсу, үч бурчтук, кара тырмак, иг куйрук, тогуз дөбө жана башка оймо-чиймелер кенири тараган. Оймо-чиймелердин кээ бир эскилери жоюлуп, азыркы мезгилди чагылдырган жаны түрлөрү да пайда болууда.

Кыргыздардын чыгармачылыгыыда жүндөн жасалган көркөм буюмдар да негизги орунду ээлеген. Кийнз көчмөн адамдын тиричилнгинде эзелтен эле анын, турак-жайы менен төшөнчү-орунун, кийим-кечеси менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс бөлүгү болуп келген. Шырдак менен ала кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили. Алар да кыргыздардын жасалга-колдонмо өнөрүнүн негизин түзөт десек болот. Элдик чеберлер байыртадан келе жаткан көркөмдүк нринциптерди өнүктүрүү менен катар өздөрүнүн жеке чыгармачылыгы аркылуу жанылыктарды да киргизип, оймо-чиймелердин мазмундарын байытып, кеңейткен. Кыргыздын кайталангыс оймо-чиймелер менен кооздолуп, чырмалган чийлерн да көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Саймачылык өнөрүнүн техникалык ыкмалары жана оймо-чийме мотивдери өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Эл чыгармачылыгынын бул түрүнүн эволюциясын матага, булгаарыга, кийизге, жүн жип менен сайылган байыркы саймаларды кийиичерээк тукабага жана ноотуга түшүрүлгөн саймаларга салыштыруу менен байкоого болот. Сайма өнөрүнүн улуттук сыймыгы туш кийиз болуп калды.

Кымыз куюучу көөкөрлөр, чыны каптар жана башка буюмдар өздөрүнүн кайталангыстыгы менен айырмаланат. Наар түшүрүлгөн ат жабдыктары да өтө зор көркөм баалуулукка ээ. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы XX к. чейнн сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу түшүрүп, калыпка металл куюп, наар түшүрүп, асыл таштарды бүртүктөсө, экинчнлери алтынкүмүш зымдарын кооздоп ийүү чеберчилигин өздөштүргөн. Дагы бирөөлөрү ат жабдыктарды, кемер-курларды, булгаарыны, жыгач буюмдарын боз үйдүн жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтүү зергерлердин күмүш билерик, шакек, сөйкө, чачпак жана башка жасалгалары аялдардын кийимдерине көрк берип турган. Кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калган элдик өнөр элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн, этностук байланыштарын чагылдырган тарыхый дарек катары абдан баалуу.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор





АДАБИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО (1964-1990-жж.)

Республиканын адабият жана искусство тармагында эмгектенген интеллигенциясы Кыргызстандын руханий денгээлин көтөрүү багытында эмгектенген. 60-жж. ортосунда Кыргызстан Жазуучуларынын союзуна З0дан ашык көркөм сөз чеберлери мүчө болушкан. Алардын ичинен акындар Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, Ө. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин ж. б. эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган.

1965-ж. Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. Бул сыйлык алгачкы жолу «Таң алдында» романы үчүн А. Токомбаевге жана «Абийир кечирбейт», «Сүйүү жана үмүт» деген пъесалары үчүн Т. Абдумомуновго ыйгарылган.

1968-ж. Кыргыз ССРинин «Эл жазуучусу», «Эл акыны» деген наамдар белгиленген. Бул наамдарга биринчи болуп Ч. Айтматов, К. Баялинов, К. Жантөшев, Т. Сыдыкбеков, Т. Үмөталиев татыктуу болушкан. 1971-1975-жж. А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун, Т. Сыдыкбековдун, Т. Үмөталиевдин, К. Маликовдун, Э. Ибраевдин чыгармаларынын жыйнактары жарыкка чыгарылган. Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири А. Токомбаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилген. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» аттуу тарыхый романы окурмандардын купулуна толгон.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы өзүнүн апогейине ушул мезгилде көтөрүлгөн. Анын китептери 8 млн нуска менен дүйнө элдеринин 50дөн ашык тилдерине которулган. Ал эки жолу: 1968-ж. «Жаныбарым Гүлсары», 1983-ж. «Кылым карыткан бир күн» аттуу чыгармалары үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1978-ж. ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.

1987-ж. Кыргызстандын жазуучуларынын ичинде Социалисттик Эмгектин 2 Баатыры, Лениндик сыйлыктын 1 лауреаты, 4 СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээлери, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын 10 лауреаты, 10 Кыргыз Эл жазуучулары жана акындары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын 6 анык жана корреспондент мүчөсү, СССР Жазуучулар союзунун 21 мүчөсү болгон. Бул кыргыз адабияты үчүн чоң жетишкендик эле.

60-80-жж. искусство жанрында эмгектенген кызматкерлер да активдүүлүктү көрсөтүшкөн. 1966-ж. Кыргыз драматургдарынын пьесалары СССРдин 50дөн ашык театрларында коюлган.

50-жж. ортосунда эле өзүнүн чыгармачыл жолун баштаган кыргыз кино искусствосу 60-80-жж. дүйнө элдерине таанымал «Эрте жаздагы турналар», «Аптап», «Караш ашуусунда атылган ок», «Мен Тянь-Шань», «Биздин балалыктынасманы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көк-Серек», «Кызыл алма», «Ак кеме», «Улан», «Карышкыр үнкүрү» ж. б. көркөм тасмаларды жараткан. Аталган фильмдердин көпчүлүгү СССРде жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн абройлуу кинофестивалдарда жогору бааланган.

Кыргыз кино искусствосун өнүктүрүүдө таланттуу режнссерлор Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров, Д. Садырбаев, атактуу артисттер С. Чокморов, М. Рыскулов, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, Т. Турсунбаева, Б. Бейшеналиев, С. Күмүшалиева ж. б. өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан.

80-жж. Кыргызстанда 8 адистештирилген театр, анын ичинен бир опера жана балет театры, 6 драмалык жана музыкалык театрлар, республикалык куурчак театры иштеген.

70-80-жж. эле Кыргыз драматургиясынын пьесалары СССРдин 100гө жакын театрларынын сахналарында коюлган. 1960-ж. негизделген Кыргызстан театр ишмерлеринин коомунун 1983-ж. 600дөн ашык мүчөсү болгон. Профессионалдык театрлардан тышкары республикада 21 элдик театр, 5 миңден ашуун өздук көркөм чыгармачылыктын жамааттары калктын руханий таланттарын канаттандырууда чоң эмгек жасашкан.

70-80-жж. Кыргызстандын композиторлору ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратышкан. К. Молдобасанов, Н. Давлесов, М. Абдраев, А. Жаныбеков, К. Артыков, А. Аманбаев, А. Тулеев, Т. Эрматов, Ж.Каниметов тарабынан операларга, балеттерге, театрларда коюлган спектаклдерге, кннофильмдерге музыкаларды жазышкан.

Таланттуу артистер Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, X. Мухтаров, Т. Сейталиев, М. Темирбеков, Э. Касымов, А. Токомбаева, Р. Чокоева, У. Сарбагышев, Ч. Базарбаев, Э. Мойдунов, А. Исраилов, А. Баетова, Б. Арунов ж. б. кыргыз театрынын ашарын ачышкан. Булардын ичинен кыргыздын атактуу ырчысы Болот Миңжылкыев Ташкен консерваториясын бүтүргөн, кийин Италиянын Милан театры Ла Скалада үч жыл стажировкадан өткөн. Ал дүйнөнүн опера жылдыздарынын денгээлине чейин көтөрүлүп, көптөгөн мамлекеттердин театрларында эң мыкты бас ырчы катары кеңири таанылган. Кыргызстандын музыкасынын өнүгүшүнө оркестрдин атактуу дирижерлору, А. Жумакматовдун, Н. Давлесовдун, К. Молдобасановдун, Э. Жумабаевдин, С. Жумалиевдин ж. б. эмгектери баа жеткис.

Элдик музыкабыздагы төкмөчүлүк өнөрдү өрчүдө СССРдин эл артисти Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Турдалиев баштаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери А. Айталиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. өзгөчө эмгек сиңиришти.

Бул мезгилде кыргыз совет ырларынын өнүгүшүнө обончулар Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, М. Рыскулбеков, А. Атабаев, Ү. Сыдыков, Ж. Кайыпов, Т. Казаков, С. Жумалиев, А. Керимбаев, К. Эралиева белгилүү салым кошушкан. Булардын мекен, эмгек, махабат, тынчтык жөнүндөгү ырлары аткаруучулардын репертуарларын байытып, угуучуларды кубанткан.

80-жж. Кыргызстандын кино искусствосу өзүнүн мурдагы жылдарда жетишкен ийгиликтерин бекемдөөгө аракеттенген. 1986-ж. Т. Океевдин «Ак илбирстин тукуму», А. Сүйүндүковдун «Жолдор кесилишкенде», 1987-ж. Г. Базаровдун «Бойго жеткендер үчүн баш пааналама» аттуу фильмдери көрүүчүлөргө тартууланган. Кинематографисттер союзунун катары 1990-ж. 100 адамга жеткен.

60—80-жж. республикада көркөм-сүрөт өнөрү өскөн. 1966-ж. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу уюшулуп, ага 51 сүрөтчү мүчө болгон. 1981-ж. алардын саны 100гө жеткен. Алардын башында турган атактуу сүрөтчүлөр С. Чуйковдун «Түбөлүктүүлүккө жанашуу», Г. Айтиевдин «Талаадагы тандыр», «Эски кыштак», «Кызыл булуттар» аттуу чыгармалары кыргыз искусствосунун классикасы болуп калган. Республикада сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө бул мезгилде А. Игнатьева, Л. Ильина, А. Асранкулов, А. Бейшенова, К. Артыкбаев, С. Чокморов ж. б. салым кошушкан.

Кыргызстанда скульптура өнөрүнүн өнүгүшүнө Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. Садыков көрүнүктүү салым кошкон. 1978-ж. анын «Революциянын каармандарына» аттуу монументи ачылган. Бул эмгеги үчүн ага 1980-ж. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

1985-ж. Фрунзеде скульптура боюнча Эл аралык симпозиум өткөрүлгөн. Бул иштер республикада искусствонун бул түрүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата «Жеңиштин эстелиги» скульптуралык-архитектуралык комплекси ачылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор






СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИН КУРЧУШУ. ОШ КООГАЛАҢЫ

Социалдык саясат боюнча дүйнөгө үлгү болуп жатабыз деген курулай шаңдануубуз айкындуулук доорунда төгүнгө чыгып, социалдык маселелерди чечүүдө көп мамлекеттерден артта калганыбыз көрүндү.

Жалпы эле совет элине, анын ичинде Кыргызстандын журтчулугуна, коомдогу жат көрүнүштөрдүн тийгизген залалы боюнча аныктасак, «өнүккөн социализм», «кайракуруу» мезгилинде өзгөчө күч алган аракечтик менен масчылык биринчи орунга чыккан.

«Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей, масчылык менен алкоголизм өлкөнүн турмушунда тамырын кенен жайып, адамдардын жашоосунда коркунучтуу илдетке айланган. Акыры, КПСС Борбордук Комитетинин жана СССР Министрлер Советиннн 1985-ж. 17-майында жарыяланган токтомунда, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указында жалпы элдик жек көрүндү илдет болгон аракечтик жана масчылык маселеси кийинки жылдарда өлкөдө өтө курчуп кеткендигин, өлкөнүн жетекчилиги моюнга алууга аргасыз болгон.

Аракечтик менен масчылык СССРде, анын ичинде Кыргызстанда өзгөчө «өнүккөн социализм» доорунда күч алып, калк арасында кеңири тамыр жайган. Мисалы, 1983-ж. ар бир совет адамына бешиктеги баладан чал-кемпирлерге чейин эсептегенде, 60 бөтөлкөдөн арак чыгарылып, баары ичилип кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 1980-ж. СССРде 40 млн алкоголик болгон. Тактап айтканда, бул СССРдин ар бир жетинчи адамы алкоголик дегендикке жаткан.

1985-ж. Кыргызстанда жалаң гана саламаттык сактоо мекемелеринде катталгандарды эсептегенде 100 миң адамга 838 алкоголизм оорусу менен ооругандар туура келген. Бул көрсөткүч Орто Азиянын бөлөк республикаларына салыштырганда Кыргызстанда эки эсеге жакын көптүк кылган.

Алкоголдук ичимдиктердин кенири тарашынын натыйжасында Кыргызстандын калкы үй-бүлөлүк үлпөттөрдү, тойлорду, ал тургай сөөк коюу өңдүү каада-салттарын спирттик ичимдиктер менен өткөрүүнү адатка айланткан. Ар түрдүү шылтоолор менен ондогон өспүрүмдөрдүн обу жок сайрандоосу, чогуу мас болушу республикада кеңири жайылып кеткен.

Айкындуулук доорунда аракечтикке жана алкоголизмге каршы жогортодон жүргүзүлгөн күрөш, Кыргызстандын айрым областтарынын, райондорунун «сергектик зонасы» деп жарыяланышы эл ичинде наркомания менен токсикоманиянын жайылышына түрткү болгон. Жөнү жок тыюу салуулардын натыйжасында наркоманияга каршы түшүндүрүү, санитардык-агартуу, үгүт-насыят иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул өндүү саясаттагы кемчиликтерден улам бул илдет Кыргызстанда да күч алган. 100 миң адамга эсептегенде наркоман же токсикоман оорусу менен катталгандардын саны боюнча республикабыз СССРде экинчн орунда турган.

Наркомандыктын тез таралышы, бир жагынан, саясаттагы, агартуу-тарбия иштериндеги кемчиликтерге байланыштуу болсо, экинчиден, республиканын айыл жерлеринде жапайы кара куурайдын өзгөчө көп өскөндүгү менен шартталган.

1980-ж. Кыргызстандын 4 миң гектардан ашуун жеринде наркотик же нашаа алына турган кара куурай өсөрү аныкталган.

Наркоманиянын тарашына каршы күрөштүн кеч башталышы, тажрыйбанын аздыгы, саламаттык сактоо мекемелеринде наркоман оорусунун башталышы, аныктай турган экспресс-диагностиканын, бул багытта адистердин жоктугу да себеп болгон.

Социалисттик коомдук мамилелердин жетишсиз деңгээлде өнүккөнүнөн улам өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда Совет бийлигинин жылдарында кылмыштуулук жана мыйзам бузуучулук өнүгүп келген.

1980-жж. кылмыштуулуктун жылдык өсүшү боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турган төрт республиканын (Молдавия, Литва, Өзбекстан) катарына кирген. 1980-ж. Кыргызстанда 11,7 миңдей, 1985-ж. 14,4 миң кылмыш иши катталса, 1989-ж. ал 25,5 миңден ашкан. Кыргызстандагы 100 миң адамга эсептегенде 1980-ж. 323, 1985-ж. 353, 1989-ж. — 920 кылмыш иши туура келген. Кылмышкерлердин өз убагында кармалбай, жазаланбай калышы бул көрүнүштүн күчөшүнө түрткү болгон. Алсак, 80-жж. ортосунда жасалган кылмыштардын 40 пайызы ачылбаган бойдон кала берген.

Республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келиши коомдук турмуштун башка тармактарына да залалын тийгизген. Кылмыштуулуктун өсүшү аны ооздуктоочу партиялык-мамлекеттик органдардын алсыздыгы акыры массалык кагылышууларга, кан төгүүгө да алып келген.

1990-ж. жайында Ош шаарынын айланасында өз алдынча жер участкаларын алып үй салуу аракеттеринин жүрүшүндө кыргыз жана өзбек улутундагы элдердин, өзгөчө жаштардын ортосунда тирешүү пайда болот. Бул маселеге өз убагында баа берип, чечип коюунун ордуна партиялык-мамлекеттик жетекчилик кайдыгерликти, чечкинсиздикти көргөзгөн.

Эки улуттун жаштарынын кагылышына негизинен кыргыз улутундагы жаштарды бириктирген «Ош аймагы» жана өзбек улутундагылар кирген «Адолат» коомдук уюмдарынын тажрыйбасыздыгы, саясий көз караштарынын тайкылыгы да себеп болгон. Кызуу кандуу жаштарды тыйып коюунун ордуна Ошто жашаган, көптү көрүп билген, Ата Мекендик согуштун, эмгектин айрым ардагерлеринин эки улуттун жаштарын кандуу кагылышка түртүшү өтө кечиримсиз иш болгон. Буга 1990-ж. 2-мартында Ош областынын Жалал-Абад шаарында жашаган аксакал ардагерлеринин 23 кишиден турган тобунун Союздук жана республикалык бийлик органдарына жөнөткөн каты күбө.

Бул катта республиканын Ош областында жашаган өзбектер областтын калкынын жарымын түзөрү, алар кысымга алынып жаткандыгы жалган фактылар менен көрсөтүлүп, бул аймакта улуттук тең укуктуулукту коргош үчүн Кыргыз ССРинин курамындагы Ош автономиялуу областын түзүү сунуш кылынган. Бул каттын тексттери көбөйтүлүп атайын кишилер аркылуу калк арасына таратылган. Ардагерлердин тобунун бул иши өзбек жаштарынын сепараттык аң-сезиминин, эки улуттун карама-каршылыгынын күчөшүнө түрткү болгон.

Жер участкалары үчүн чыр-чатак күчөгөн мезгилде өзбек үйлөрүндө батирде жашаган 700дөй кыргыз үй-бүлөлөрүн көчөгө куун ташташы абалды ого бетер татаалдаштырган. Каршылашкан эки топ 4-июнда бөлүштүрүү үчүн талашка түшкөн талаага чогулушат. Буга чейинки окуялардан улам чегине жеткен тирешүү кандуу жаңжалга айланат. Ал жердеги бийлик органдарынын кыжырданган жаштарды токтотууга күчтөрү жетпей калат. Өзбек улутундагылар шаардын бир жагынан, кыргыздар экинчи жагынан кандуу жүрүш башташат. Шаар ичиндеги кагылышууларда 155 адам жырткычтык менен өлтүрүлүп, 845 адам жарадар болгон, 262 үйлөр, 24 дүкөн жана башка имараттар, 67 автомашина өрттөлгөн. 5-июнь күнү Ош шаары толук жабылып, шаарга аскер бөлүктөрү киргизилген. 6-июнда шаардагы абал көзөмөлгө алынган.

5-июнда Өзгөн шаарындагы эл көп топтолгон жерлерде да улут аралык жаңжал чыгып, ал массалык мүнөзгө айланган. Ал жакта да кан төгүлүп, турак-жайлар өрттөлгөн. 6 июнда аскерлердин кириши менен кагылышуулар басандаган. 7-июнда курч кырдаал Ош областынын бардык аймактарында жана Фрунзе шаарында да түзүлгөн. Натыйжада 7 июнда Фрунзеде да өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ош коогалаңы республикалык партиялык-мамлекеттик жетекчилик тарабынан терең талданган эмес. Бул элдин бийликтегилерге болгон нааразылыгын туудурган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор









«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭКОНОМИКА (1985—1990-жж.)

Өлкөнүн экономикасын кайра куруу башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүү менен башталган. Мунун натыйжасында ишканалардын, айыл чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1986-ж. чарба жүргүзүүнүн бул ыкмасына республикада өнөр жайдын продукциясынын 70 пайызын өндүргөн 125 ишканасы жана бирикмелери өтүшкөн. Аларда Кыргызстандын өнөр жайында эмгектенген жумушчулардын теңинен көбү иштешкен. 1987-ж. баштап кайра куруу республиканын калган ишканаларын, курулушту, транспортту, байланышты, сооданы т. а. эл чарбасынын бардык тармактарын өз кучагына алган.

Кайра куруунун жылдарында өлкөнүн экономикасын радикалдуу түрдө реформалоо жөнүндөгү чечим КПСС БКнын июль (1987-ж.) Пленумунда биринчи жолу кабыл алынган. Бул реформанын максаты адиминистративдик-буйрукчул башкаруудан элдин кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык ыкма менен башкарууга биротоло өтүү экендиги жарыяланган. Бирок өлкөнүн өндүрүш каражаттарына карата менчиктин көп түрдүүлүгүнө жол берилген эмес.

Өлкөдө экономиканын төмөндөшүн токтотуп, аны стабилдештирүү үчүн 1987-ж. СССР Жогорку Советинин сессиясында рынок экономикасына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

КПССтин XXVIII съезди жана КПСС БКнын октябрь (1990-ж) Пленуму экономикалык реформаны жүргүзүү, рынок экономикасына өтүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечим Кыргызстандын бийлик органдарында да талкууланган. Бирок Кыргызстандын жетекчилери мамлекеттик менчикти жоюп, көп укладдуу экономиканы түзүү маселесине өтүү маселесине өтө этияттык менен мамиле кылууну чечишкен.

Кыргызстанда рынок экономикасына өтүү боюнча Мыйзам 1991-ж. 7-августта кабыл алынып, ал «Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештируүнун жана ишкердиктин жалпы башталыштары жөнүндө» деп аталган. Мында ишкердикти күчөтүү максатында мамлекеттик жана коммуналдык ишканаларды арендалык, мамлекеттик акционердик жана коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган.

Башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүүнүн натыйжасында жергиликтүү партиялык органдар эл чарбасын башкаруудан четтетиле баштаган. Жетекчилердин эмгек коллективдери тарабынан альтернативдик негизде шайлана башташы менен жергиликтүү партиялык уюмдар экономикалык турмушка кийлигише албай, жөн гана байкоочуларга айланган.

1990-жж. Таш-Көмүр ГЭСи курулуп бүткөн, Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтери тездик менен курула, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөрдү жасоочу завод толук кубаттуулук менен иштей баштаган. «Макмал» алтын комбинаты продукция чыгарууга өтүп, Сары-Жаз менен Таласта алтын кендерин казып алуу тездеген.

Экономикалык реформанын жүрүшүндө республикадагы өнөр жай ишканаларынын дээрлик бардыгы өзүн өзү башкарууга жана каржылоого өткөрүлгөн. Башкарууда айкындуулук күчөп, жооптуу жетекчилердин чогулуштары, кеңешмелери кыскарган. Натыйжада эмгектин өндүрүмдүүлүгү жогорулап, 1986-1990-жж. республикада өнөр жай продукцияларын өндүрүү 17,5 пайызга жогорулаган.

1990-жж. Республиканын экономикасынын маанилүү тармагы болгон айыл чарбасын реформалоо үчүн жер, аренда, жерге карата менчик жана жерди пайдалануу жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган.

Мурдагы колхоз, совхоздор менен катар эле чарба жүргүзүүнүн түрдүү формаларына, ыкмаларына жол берилген. Дыйкан чарбалары, арендалоо, кооперативдер, бригадалык подряддар мыйзамдаштырылган. Бул чарбалардын бардыгы өздөрүнүн ишмердигин чыныгы чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун тартибинде жүргүзгөн. Продукция өндүрүүдө жана сатууда булардын ортосунда конкуренцияга жол ачылган.

Республиканын айыл чарбасын башкарууну жакшыртуу үчүн мурдагы айыл чарба, жашылча-жемиш, эт жана сүт, тамак-аш, айыл курулуш өңдүү жети министрликтин ордуна Кыргыз ССРинин Мамлекеттик агро-өнөр жай комитети түзүлгөн. 1987-ж. бул комитетте 178 колхоз, 291 совхоз, 43 чарба аралык жана башка айыл чарба ишканалары болгон. Мындан тышкары 6 айыл чарба продуктуларын иштетүүчү ишкана, 104 тамак-аш өнөр жайынын ишканалары, 142 айылдык курулуш уюмдары кирген. Натыйжада айыл чарбасын пландоо, каржылоо жана жетектөө бир колго топтолгон. Мурдагы башкаруу аппаратынын жарымы кыскарган.

Айыл чарбасындагы реформанын натыйжасында колхоздор менен совхоздордун экономикалык абалы бир аз жакшырган. 1986-1989-жж. алардын кирешелери 47 пайызга өскөн, эмгектин рентабелдүүлүгү жогорулаган. Эн башкысы республиканын эли азык-түлүк менен жетиштүү өлчөмдө камсыз болуп турган.

1990-ж. карата айыл чарбасына жумшалган капиталдык салымдар 1008 млн сомду түзгөн. Натыйжада айыл чарбасынын материалдык базасы жакшырган. Сугат иштери кеңейтилген. 1990-ж. айыл чарбасынын бардык түрүндө 1205,2 миң баш ири мүйүздүү мал, 9972,5 миң кой жана эчки, 393,4 миң чочко, 312,6 миң баш жылкы, 13914,5 миң тоок болгон. Бирок малдын башынын көбөйүшү менен жайыттардын түшүмдүүлүгү 1,5-2 эсеге төмөндөп кеткен. Айрым жайыттар жараксыз болуп калган. Малдын продуктуулугу төмөндөгөн.

Дыйканчылык да зкстенсивдүү мүнөздө өнүгүп, көңүл өндүрүлгөн товардын сапатына эмес, анын дүң жыйымына бурулуп калган. Натыйжада өндүрүлгөн продукциянын өзүнө турган наркы жогорулай берген.

1988-ж. Кооперация жөнүндө закон кабыл алынат. Бул боюнча өзүнчө чарба күтүүнү каалагандарга мүмкүнчүлүк ачылат. Дыйкан жана фермер чарбалар түрүндө эксперименттик кооперативдер түзүлө баштаган.

1990-1991-жж. айрым гана демилгелүү адамдар түшүмдүү жерлерди, техникаларды, жеңилдетилген кредиттерди узак мөөнөткө алышып өз алдынча дыйкан, фермер чарбаларын түзүшкөн. 1991-ж. 1-январга карата республикада 4567 дыйкан, фермер чарбалары уюштурулган. Орто эсеп менен ар бир чарбага 4 ири мүйүздүү мал, анын ичинен 2 уй, 143 кой жана эчки, 3 жылкы туура келген. Бирок социалисттик чарба жүргүзүүнүн шартында кооперативдик кыймыл да, дыйкан жана фермер чарбалары да өнүгө алган эмес.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

































«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1985—1990-жж.)

80-жж. ортосунда Советтер Союзу экономикалык, социалдык жана саясий кризиске белчесинен батканы, административдик-буйрукчул бийлик жаңы доорго ылайык келбей калгандыгы айкын көрүнгөн. Өлкөнүн ичиндеги кризис тышкы саясаттагы кризис менен коштолгон. Дүйнөлүк саясатта, социалисттик системада СССРдин кадыр-баркы төмөндөп кеткен.

1982-ж. ноябрда Л. И. Брежнев өлгөндөн кийин бийликке келген Ю. В. Андропов коррупцияга биротоло баткан партиялык-мамлекеттик аппаратты ондоого, өлкөдөгү абалды жакшыртууга аракет кылган. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн токтотуу үчүн эмгек тартибин чыңдоого көңүл бурулган. Бул аракет бир аз гана натыйжа берген. Бирок Ю. Андропов өлгөндөн кийин (1984-ж. февралы) К. Черненконун бийликке келиши менен мурдагы «брежневдик абал» кайрадан калыбына келген. Ал башкарган бир жылда ички жана тышкы саясатта маанилүү бир дагы маселе чечилген эмес. Партиялык-мамлекеттик жогорку жетекчиликтин бир бөлүгү өлкөдөгү орногон система өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук бойдон пайдаланып бүткөндүгүн, аны оңдоого болбой калгандыгын түшүнгөн.

Ушундай кырдаалда 1985-ж. 11-мартта КПСС БКнын генералдык секретарлыгына М. С. Горбачев шайланган. Мурдагыдай жашоого жана башкарууга болбой калганын толук түшүнгөн М. С. Горбачев КПСС БКнын апрель (1985-ж.) Пленумунда өлкөнүн коомдук-экономикалык турмушунун көпчүлүк маселелерин жаңыча чечүунү сунуш кылган. Пленумда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн багыты жарыяланган.

Партиялык-мамлекеттик жетекчиликтеги коррупцияны жоюш үчүн адегенде брежневдик саясатка өтө берилген бир катар ишмерлер бийликтен четтетилип, алардын ордун жаңы көз караштагы адамдар ээлеген. Партиялык жетекчиликти жаңылоо бүтүндөй өлкө боюнча жүргөн. 1985-ж. чейрек кылымга жакын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетин жетектеген Турдакун Усубалиев кызматынан бошотулуп ордуна Абсамат Масалиев шайланган.

КПССтин XXVII съездинде «СССРдин 1986-1990-жж. жана 2000 ж. чейинки мезгилдеги экономикалык жана социалдык өнугүшүнун негизги багыттары» кабыл алынган. Съезддин документтери М. Горбачев баштаган тездетүү багытынын негизги милдеттерин бекиткен. Ошого карабастан партконференцияда шайлоо системасын реформалоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул демократиялык принциптерди ишке ашыруудагы чечүүчү кадам болгон. Натыйжада коомдук уюмдар альтернативдик шайлоого катышууга мүмкүндүк алышкан.

1988-1989-жж. СССРде, анын ичинде Кыргызстанда жаңы кырдаал түзүлгөн. Эгерде буга чейин кайра куруу жогортодон, бийлик тарабынан жүргүзүлүп келсе, эми ал төмөн жакка түшүп, ага эл массасы, коомдук уюмдар активдүү катыша баштаган. Коомдук турмуштун саясатташы тездик менен жүргөн. Кыргызстанда жаштардын алгачкы дискуссиялык, саясий клубдары пайда болуп, алар коомдук турмуштун актуалдуу маселелерин кызуу талкуулашып, өздөрүнүн пикирлерин эркин билдире башташкан. Кыргызстанда алгачкылардан болуп «Комсомолец Киргизии» газетасынын алдында «Демос» клубу, Электрондук эсептөөчү машиналар заводунда «Замандаш» саясий клубу түзүлгөн. Бирок булар бийликке карата оппозицияга өтө алышкан эмес.

1988-ж. жаштардын дискуссиялык кыймылдары активдүү чыга баштаган. Кыргыз Мамлекеттик университетинде «Замандаш», Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика институтунда «Көз караш», Нарын областынын Миң-Куш кыштагындагы «Оргтехника» заводунда «Демилгелүү жаштардын биримдиги», Москва шаарында кыргыз жаштарынын «Акыйкат» дискуссиялык клубдары иштеген.

1989-ж. шайлоо компаниясынын башталышы менен бул уюмдар саясий теориялык дискуссиядан практикалык иштерге, шайлоого активдүү катышууга өтүшкөн. Кыргызстанда өз алдынча ассоциациялар, союздар, республикалык бирикмелер пайда боло баштаган.

1989-ж. жазында Кыргызстанда улуттук кыймыл күч алган. Июнда кыргыз жаштары борбор шаардын түштүк чыгышында массалык түрдө жер участокторун өз бетинче ээлеп ала баштаган. Бул республиканын жетекчилиги үчүн күтүлбөгөн окуя эле. Өз алдынча үй кургандар өздөрүнүн маселелерин чечүү үчүн «Ашар» коомуна биригишкен. Ош шаарындагы кыргыз жаштары «Ош аймагы», өзбек жаштары «Адолат» коомдоруна биригишип, өз алдынча жер алып, үй куруучулардын кызыкчылыктары үчүн күрөшө башташкан.

Кыргызстанда көп партиялуулуктун түзүлүшүнө «Ашар» коомдук уюму чоң ролъ ойногон. Бул коом кыска мөөнөттүн ичинде өз бетинче үй куруучулардын экономикалык кызыкчылыктарын коргогон уюмдан саясий уюмга өсүп чыккан.

1989-ж. март-апрель айларында «Асаба» жана «Атуулдук демилге» аттуу улуттук демократиялык бирикмелер түзүлгөн. Бул уюмдар «Ашардын» саясатташкан бөлүгү менен 1990-ж. майда түзүлгөн жалпы республикалык «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» (КДК) ядросун түзгөн. Бул Кыргызстандын калкынын ичиндеги эң белгилүү көп улуттуу саясий кыймылга айланган. Кийинчерээк республикада пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү ушул КДКнын ичинен калыптанышып, бөлүнүп чыккан. КДКдан биринчи болуп 1991-ж. февралда «Эркин Кыргызстан», 1991-ж. ноябрда «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиялары бөлүнүп чыккан.

КПСС жашап турган мезгилде бул партияларга жана саясий уюмдарга карата мамиле начар болгон. Алар «бейформал» уюмдар делип аталып, жетекчилери массалык маалымдоо каражаттары тарбынан «эл бузарлар» катары күнөөлөнүп, куугунтукка алынган. Бул абал КПСС таркатылып, СССР кулаганга чейин созулган.

Кыргызстандын калкынын саясий активдүүлүгүнүн өсүшү, улуттук аң-сезимдин көтөрүлүшүнүн шартында Кыргызстан Компартиясынын толук көзөмөлүндө турган Кыргыз ССР Жогорку Совети 1989-ж. 23-сентябрда Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыялаган. Орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таанылып, республикада жашаган бардык улуттардын тилдеринин тең укуктуулугу жана эркин өнүгүшү камсыз кылынат деп белгиленген.

1990-ж. февралда Кыргыз ССРинин Жогорку жана жергиликтүү советтерине шайлоолор болуп өткөн. Бул Кыргыз ССРинин тарыхындагы биринчи өткөн альтернативдик шайлоо эле. Көпчүлүк шайлоо округдарында депутаттыкка экиден ашык талапкерлер катталып, аларда шайлоолор эки тур менен өткөрүлгөн.

1990-ж. апрелдеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи сессиясында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Абсамат Масалиев Кыргыз ССР Жогору Советинин төрагасы болуп шайланып, мамлекет башчысынын укугун алган. Сессиянын жүрүшүндө мамлекетик бийликтин бутактарынын укуктарын тактоо, президенттик бийликти киргизүү жөнүндө сунуштар айтылган.

1990-ж. февралда өткөн КПСС БКнын Пленуму СССРдин Конституциясындагы, партиянын коомдогу жетекчилик ордун бекемдеген 6-статьяны алып таштоо жөнүндө макулдугун берген. Март айында өткөн СССР Эл депутаттарынын III съезди бул жобону алып салган. Өлкөнүн жогору жагындагы чечимдерге ылайык Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясы да Кыргызстандын Негизги мыйзамынан 6-статьяны алып салуу жөнүндө чечимди кабыл алган. Ошентип өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда КПССтин жеке бийлиги жоюлуп, демократиялык коомдун негизги белгиси болгон саясий плюрализм жана көп партиялуулук үчүн кеңири жол ачылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор