СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

История Кыргызстана

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«История Кыргызстана»

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» ДООРУНДАГЫ АЙЫЛ-КЫШТАКТАРДЫН СОЦИАЛДЫК ТУРМУШУ

Айыл-кыштак калкынын реалдуу кирешелерин көтөрүү үчүн бул жылдарда, кыйла прогрессивдүү аракеттер жасалган. Мисалы, сегизинчи беш жылдыкта колхозчулардын эмгегине ай сайын гарантияланган акы төлөө киргизилген. Колхозчулардын өндүрүшкө кызыгуусун жогорулатуу үчүн мамлекетке сатылуучу айыл чарба продуктуларынын баасы бир нече ирет жогорулатылган. Мунун натыйжасында Кыргызстанда 1965-1985-жж. колхозчулардын айлык акысы 69 сомдон 160 сомго көтөрүлгөн. Бул көрсөткүч совхоздордо 66 сомдон 140 сомго өскөн. Айыл-кыштак элинин жалпы кирешелеринин түзүлүшүндө эмгекке алынган акынын үлүшү жогору болгон. Алсак, 1985-ж. Кыргызстандын колхозчуларынын үй-бүлөсүнүн кирешелеринин 52,4 пайызын, ал эми совхоздун жумушчуларынын үй-бүлөсүнүн кирешелеринин 56,5 пайызын коомдук чарба төлөгөн эмгек акы түзгөн.

1985-жж. коомдо социалдык камсыздандырууну жакшыртууга кылган аракеттердин натыйжасында, айыл-кыштактын эли коомдук керектөө фондуларынын эсебинен да олуттуу кирешелерди алышкан. Алсак, сегизинчи беш жылдыкта колхозчуларга пенсия жана пособие төлөө башталып, кийинки жылдары кыйла өркүндөтүлгөн. Айыл-кыштак эли жалпы кирешелеринин үчтөн бирине жакынын, ыксыз чектөөлөргө карабастан, өздөрүнүн көмөкчү чарбаларынан алып турган.

Айыл-кыштак элинин керектүү товарларга болгон талаптарын канааттандыруу, аларды соода, турмуш-тиричилик, коомдук тамак-аш, транспорт жана байланыш тармактары аркылуу төлөө иштери да кыйла оңолгон. Бирок бул багыттардагы чечилбеген маселелер да арбын болгон. 1985-ж. Кыргызстандын 269 айыл-кыштактарынын 269унда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк, 424дө өнөр жай товарларын сатуучу дүкөндөр болгон эмес.

Айыл-кыштак калкын турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишин жакшыртуу боюнча аракеттердин натыйжасында 1985-ж. Республиканын айыл-кыштактарындагы элди турмуш-тиричилик жактан тейлөө үчүн 2508 ишкана иштеген. Бирок, ушул жылы Кыргызстандын 1241 айыл-кыштактарында элди турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар, ал тургай заказдарды кабыл алуучу жайлар да болгон эмес.

1985-ж. Кыргызстан айыл-кыштак калкына кызмат көрсөтүү деңгээли боюнча 15 союздук республиканын ичинен он үчүнчү орунда калган.

Социалдык турмуштун эң негизги маселелеринин бири эчактан эле турак жай экендиги талашсыз. 1964-1985-жж. республиканын айыл-кыштактарында бул багытта салыштырмалуу көрүнүктүү ийгиликтер болгон. Республиканын жогорку бийлик органдары айыл-кыштак элин турак-жай менен камсыз кылуу, айыл-кыштактардын инфраструктурасын жакшыртуу аларды көрктөндүрүү боюнча, аракет жасаган. Республикадагы айыл-кыштактарда турак-жай курулушу өскөн. Айыл-кыштактардын көбү көрктөндүрүлгөн.

Административдик-буйрукчул башкаруунун саясаты боюнча бул мезгилде Кыргызстанда айыл-кыштактарды ирилештирүү иши күч алган. Бул багыттагы иш-аракеттердин натыйжасында, 1965-1985-жж. аралыгында республикада айыл-кыштактардын саны 3524төн 1762ге чейин кыскарган. Өзгөчө аракеттердин натыйжасында айыл-кыштактарды ирилештирүү боюнча Кыргызстан СССР боюнча Молдавия менен Армениядан кийинки үчүнчү орунга чыккан.

Совет бийлигинин жылдарында, анын ичинен «өнүккөн социализм» мезгилинде, айыл калкынын саламаттыгын сактоо ишинде салыштырмалуу чоң жетишкендиктер камсыз болгон. Бул багыттагы жетишкендиктер менен катар бул тармакта көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калган. 1985-ж. карата эле республиканын 539 айыл-кыштагынын эли медициналык жардам үчүн 10 км ге чейин, ал эми 105 айыл-кыштактын эли андан дагы узак жол жүрүүгө аргасыз болушкан.

Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде төрөлгөн 1 миң баланын 6-9 гана бир жашка жетпей өлүп калаары аныкталган. Ал эми СССР боюнча бул көрсөткүч орто эсеп менен 25 баланы түзгөн. Кыргыгстанда 1980-ж. 1 миң баланын 48,4, 1985ж. 47,2 бир жашка жетпей өлүп калган. Ал эми республикадагы айрым айылдык советтер боюнча алганда төрөлгөн 1 миң балаиын 150 чейинкиси бирге чыкпай чарчап калаары аныкталган.

Буйрукчул экономикада социалдык чөйрөгө экинчи планда көңүл буруунун чоң залакасы айыл-кыштактарда маданий мекемелерге өзгөчө катуу тийген. Социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражаттар өзгөчө өлкөдөгү 70-жж. экономикалык кризистерден кийин дагы кыскарган. Каражаттардын жетишсиздигинен элдин маданий деңгээлин көтөрүүгө багытталган мыкты чечимдер, чакырыктар республикадагы экономикасы жакшы өнуккөн айрым чарбалар тарабынан гана жарым жартылай аткарылып, көпчүлүк айыл-кыштактарда көңүл бурулбаган бойдон калган. 80-жж. ортосунда республиканын 800 айыл-кыштактарында клуб мекемелери, 511инде китепканалар, 874үндө кино көрсөтүүчү аппараттар болгон эмес.

Республиканын айыл-кыштактардагы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кандай көнүл бурулса, аларды адистер менен камсыз кылуу ишине болгон камкордуктар деле андан ашып түшпөгөн. Каражаттардын өтө аздыгына байланыштуу айылдык маданият чөйрөсүндө эмгектенгендерге материалдык жана моралдык шарттар түзүлгөн эмес.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор


















1964-1985-жж. КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Кыргызстандагы 60-жж. экинчи, 80-жж. биринчи жарымындагы айыл чарбасы жөнүндөгү сөздү КПСС БКнын март (1965-ж.) Пленумунан баштаганыбыз туура. Анткени бул пленумда «СССРдин. айыл чарбасын андан ары өнүктурүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө» токтом кабыл алынган.

Айыл чарбасын көтөрүүнүн комплекстүү программасын турмушка ашыруу үчүн бул жылдары айыл чарба өндүрүшүнө улуттук кирешеден акча каражаттар көбүрөөк бөлүнгөн. Бүтүндөй өлкө сыяктуу эле, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүн каржылоого да көп көңүл бурулган. Алсак, 1966-1975-жж. республиканын айыл чарбасы үчүн мамлекеттик жана колхоздук каражаттардан 2 млрд 586 млн сом, ал эми, кийинки он жылда (1976-1985-жж.) 4 млрд 33 млн сом суммасындагы капиталдык салым жумшалган.

1985-ж. Кыргызстанда бир чарбага орто эсеп менен 72 трактор, 36 жүк ташуучу автомобиль, 20 комбайн туура келип, айыл чарбасынын энергия кубаттуулугу 1965-ж. салыштырганда 5 эсеге өскөн. Айыл чарбасы өзгөчө техника менен мурдагы мезгилде мынчалык денгээлде жабдылган эмес эле.

Өндүрүштү механизациялаштыруу менен катар, айыл чарбасында электр кубатын көбүрөөк пайдаланууга мүмкүнчүлүк болгон. Анткени ушул жылдары кубаттуу ГЭСтердин курулуп, ишке киргизилишинин натыйжасында Кыргызстанда электр кубатын иштеп чыгуу бир кыйла көбөйгөн. 1965— 1985-жж. республикада ГЭСтердин кубаттуулугу 249,3 миң кВт сааттан, 2416 миң кВт саатка, т. а. 9 эсеге жакын, ал эми электр кубатын өндүрүү 999,3 млн кВт сааттан 6063,5 млн кВт саатка же 6 эседен көбүрөөк өскөн. Мунун натыйжасында бардык райондор, колхоздор менен совхоздор, айыл-кыштактар борбордоштурулган мамлекеттик энергия системасына туташтырылган.

Кыргызстандын шартында жерди мелиорациялоо маанилүү экендиги эске алынып, 20 жылда республикада жерди мелиорациялоо ишине 1,3 млрд сом мамлекеттин, 130 млн сом колхоздордун эсебинен бөлүнгөн. Бул каражат ушул максатка буга чейинки кырк жылда бөлүнгөн каражаттан 5 эсеге көп эле. Натыйжада жаңы сугат системалары, сууну сактоого, үнөмдүү пайдаланууга ылайыкташтырылган ири курулуштар ишке киргизилген. 224 миң га айдоо жерге, 1789 миң га жайыттарга суу чыгарылган. Сугат жерлеринин аянты 1 млн гектардан ашкан. Өлкөдө биринчи болуп Кыргызстанда сугат ишинде сууну бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган система иштей баштаган.

60-жж. ортосунда өлкөдө калыптанган субъективдүү, баш аламан, зордук менен башкаруудан баш тартууга, өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүүгө бир катар аракеттер болгон. Бул үчүн айыл чарбасына акчалай каржылоо, өндүрүштүк пландоо, баа саясатын жакшыртуу багытында көп аракеттер жасалган. Колхоздор менен совхоздор, чарба аралык ишканалар менен мекемелер, атайын аныкталган пландар боюнча мамлекетке продуктуларды сатууга милдеттендирилген. Дыйканчылык жана мал чарба продуктуларынын баалары бир нече жолу жогорулатылган.

Айыл чарбасында өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүүдө сегизинчи беш жылдыкта колхозчуларга гарантияланган эмгек акы төлөө тартиби, тогузунчу беш жылдыкта республиканын айыл чарбасында чарба жүргүзүүнүн жаңы формасы катарында чарбалык эсептин киргизилиши да маанилүү роль ойногон.

Айыл чарба өндүрүшүнө жумшалган капиталдык салымдар, өндүрүш мамилелерин өркүндөтүүгө кылган аракеттердин натыйжасында республиканын айыл чарбасында продуктулардын дүң жыйымы беш жылдыктан беш жылдыкка карай өскөн. Пландуу экономиканын шартында айыл чарбасынын экстенсивдүү мүнөздө болушу, өндүрүштү уюштурууда жаңы экономикалык ыкмалардын административдик-буйрукчул бийлик тарабынан чектелиши, негизгиси материалдык өндүрүштүн өнүгүшүнө эмгекчилердин кызыгууларынын жетишсиздиги айыл чарба өндүрүшүн өзгөчө соңку он жылдыкта солгундаткан. Натыйжада айыл чарба продуктуларынын өзүнө турган наркы анын бардык негизги түрлөрү боюнча жогорулоонун гана үстүндө болгон.

1985-жж. аралыгында республиканын чарбаларында бир центнер буудайдын, пахтанын, картөшкөнүн, тамекинин өзүнө турган наркы эки эсеге, жашылча-жемиштердики болсо беш эсеге жогорулаган. Бул сыяктуу көрүнүш мал чарба продуктуларына да мүнөздүү болгон. Буйрукчул экономиканын шартында, өзгөчө он биринчи беш жылдыктын жылдарында айыл чарба өндүрүшүндөгү кризис өзгөчө тереңдеген. 1985-ж. Кыргызстандагы колхоздор менен совхоздордун 60,6 пайызы зыян тартып иштеп калган. Чарбалардын мамлекетке карызы жылдан жылга көбөйгөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор











«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕ ӨНӨР ЖАЙДЫН ӨНҮГҮШҮ (1964-1985-жж.)

1965-ж. өлкөдө эл чарбасын реформалоо башталган. Бул реформа анын активдүү демилгечиси СССР Миңистрлер Советинин төрагасы А. Н. Косыгиндин атынан косыгиндик реформа делип аталып калган, Реформа боюнча Н. С. Хрущев тарабынан уюштурулган Эл чарба Советтери жоюлуп, тармактык миңистрликтер калыбына келтирилген. Реформага ылайык ишканалардын иштерине айрыкча кийлигишүү токтогон. Ишканаларга жогору жактан берилүүчү көрсөтмөлөр, план ташпырмалар азайган. Продукция өндүрүүдө ишканалардын материалдык кызыкчылыктарын көтөрүүгө аракеттер жасалган. Ал үчүн өнөр жай ишканаларын дотациялабастан, кредит берүү аркылуу финансылоо тартиби киргизилген.

Реформа алгачкы жылдары жакшы натыйжаларды берген. Өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын, өнөр жайы тез темп менен өнүгө баштаган. Сегизинчи беш жылдыкта (19661970-жж.) өлкөнүн экономикасы болуп көрбөгөндөй темп менен көтөрүлгөн. Реформаны андан ары тереңдетүү үчүн өндүрүштүк мамилелерди дагы өзгөртүү керек эле. Реформа экономикалык чөйрөдө ийгиликтүү жүргөнү менен саясий чөйрөдө, идеологияда кардиналдуу өзгөрүүлөр болгон эмес. Адмиңистративдик-буйрукчул системанын шартында жүргүзүлгөн реформа акырындык менен начарлай баштаган, анын баалуулугу төмөндөгөн.

Өнүккөн социализмдин шарттарында Кыргызстандын өнөр жайы өлкөнүн бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык бөлүгү катары өнүккөн. 1965-1985-жж. Кыргызстандын улуттук кирешеси 2,7 эсе, өнөр жай продукциясы 4,4 эсеге өскөн. Мунун ичинен машина куруу жана металл иштетүү 8 эсеге, ал эми электр энергиясын өндүрүү 5 эсеге жогорулаган. Бул мезгилде республиканын коомдук дүң продукциянын 60 пайызы, улуттук кирешелеринин жарымынан көбү өнөр жайга туура келген. Кыргызстанда 150 жаңы өнөр жай ишканалары курулган.

Бул жылдары адмиңистративдик-буйрукчул бийлик экономиканы интенсивдүү жол менен өстүрүүгө анча көңүл бурган эмес. Экономика мурдагыдай эле экстенсивдүү мүнөздө өнүккөн. Натыйжада өндүрүштүн өсүшү жаңы объектилерди ишке киргизүүнүн натыйжасында көбүрөөк камсыз болгон.

Токмокто жүндү алгач иштетүүчү жана ийрүүчү фабрикасы, Кыргыз камволдук нооту комбинаты, Фрунзедеги трикотаж бирикмеси, килем комбинаты курулган. Мунун натыйжасында республикада жүндөн даяр продукция чыгаруу иши жолго коюлган.

Ушул мезгилде өнөр жай ишканалары, өзгөчө айыл чарба продукцияларын иштетүүчү ишканалар кичине жана орто шаарларда курула бштаган. Натыйжада жергиликтүү продукцияларды, эмгек ресурстарын пайдаланууга жакшы шарттар түзүлгөн.

80-жж. башында Орто Азияда казылып алынган көмүрдүн 40 пайызы Кыргызстандын үлүшүнө туура келген. Бирок бул жетишкендик да өндүрүштүн экстенсивдүү өнүгүшү аркылуу камсыз болгон. Кыргызстандын электр энергиясы Нарын дарыясында курулган Үч-Коргон, Токтогул ГЭСтеринин эсебинен көтөрүлгөн. 80-жж. ортосунда Кыргызстандын ГЭСтеринде жылыпа 11 млрд кВт саат эпектр энергиясы иштелип чыгып турган.

Ошентип, Кыргызстанда индустриянын перспективалуу тармагы азыркы гидроэнергетика ушул жылдары калыптанган.

Жалпы союздук эмгекти бөлүштүрүүдө Кыргызстан сурьма, сымап, сейрек кездешүүчү түстүү металлдарды өндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кадамжай сурьма комбинатында өндүрүлгөн сурьма эл аралык рынокто сапаттын эталону болуп таанылган. Хайдаркан сымап комбинатынын продукциясы да дүйнөлүк рынокто жогору бааланган. 70—80-жж. түстүү металлургия республиканын өнөр жайында алдынкы орунга чыккан. 1970-1985-жж. түстүү металл 2 эседен көбүрөөк өндүрүлүп, анын продукциялары 40 мамлекетке экспорттолгон. Мындан тышкары алтындын, жездин, олово ж. б. кендери ачылып, аларда жаңы ишканалар курулган.

Машина куруу тармагы күчтүү темп менен өнүгүп, республиканын индустриясынын жүзүн көргөзгөн. Бул тармакта айыл чарба машиналары, автосамосвалдар, металл кесүүчү станоктор, ири электр машиналары жана электр кыймылдаткычтары, физикалык жана контролдук-ченөөчү приборлор, электр насостору, кир жуугуч машиналар, электр лампалары ж. б. жасалган. Тилекке каршы бул тармак да экстенсивдүү мүнөздө өнүккөн.

Бул мезгилде айыл чарба машиналарын чыгаруучу Фрунзе атындагы заводдо жана «Тяжэлектромаш» заводунда техникалык реконструкциялоо иштери толук жүргүзүлгөн. Натыйжада бул заводдордун өндурүштүк кубаттуулуктары бир кыйла жогорулаган. Алсак, айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдо 1985-ж. 32 миң чөп таңгактоочу машина чыгарылган. Бул продукцияны дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекеттери сатып алып турган.

Майлы-Сайдагы электр лампалар заводу СССРдеги эн ири ишканалардын бири болуп калган. Мындан тышкары «Кыргыз кабель», «Кыргызэлектродвигатель», электрондук эсептөөчү машиналар заводу ж. б. ишканалары иштей баштаган. Машина куруу өнөр жайы боюнча Кыргызстан Орто Азия республикаларынын ичинен алдынкы орунда турган. Он биринчи беш жылдыкта (1981-1985-жж.) республиканын дүң продукциясынын 50 пайыздан ашыгын машина куруу жана металл иштетүү тармактары өндүргөн.

Республикада курулуш материалдарынын индустриясы да өнүккөн. Канттагы цемент-шифер комбинаты, 3 үй куруучу комбинаттары, айнек заводу, темир-бетон заводу, гранит, мрамор ж. б. таштарды иштетүүчү заводдор иштеп, продукцияларды арбын чыгара баштаган.

Өнөр жайдын экстенсивдүү мүнөздө өнүгүшү 80-жж. башында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып бүткөн. Мындан ары өнүгүү үчүн мезгил өндүрүштүк мамилелерди түп тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылган.

Өнөр жайдын өнүгүшү менен республиканын жумушчу табынын катары өскөн. Кыргызстандын эл чарбасынын бардык тармактарында иштеген жумушчулар 1960-ж. 310 миң адамды түзсө, 1985-ж. алар 866 миң адамга же болбосо 6,3 эсеге көбөйгөн.

1985-ж. республикада 360 миң жумушчу кыргыздар болуп, алар республикадагы жумушчулардын 40 пайызын гана түзгөн. Булардын көбү айыл чарбасында, транспортто же курулушта ж.б. иштешкен. Өнөр жайдын индустриялуу тармактарында болсо негизинен СССРдин борбордук региондорунан келген жумушчулар эмгектенген. Жергиликтүү элдерден жумушчу адистерди даярдоонун ордуна бул мезгилде сырттан адистерди чакыруу аларга жашоо жана иштөө үчүн шарттарды түзүү тенденциясы күч алган. Бул жергиликтүү калктын жумушчу табынын өсүшүнө тоскоолдук кылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор









«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1964—1985-жж.)

50-жж. Н. С. Хрущев баштаган реформалар 60-жж. башында өзүнүн күчүн жоготуп солгундай баштаган. Өлкөнүн экономикасы төмөндөгөн. Советтик, партиялык төбөлдөрдүн СССРде «коммунизмди кеңири куруу» жөнүндөгү урааны негизсиз экендиги айкын болгон. Н. С. Хрущев 1964-ж. КПСС БКнын биринчи секретарлыгынан жана СССР Министрлер Советинин председателдигинен бошотулган. КПСС БКнын биринчи секретарлыгына Л. И. Брежнев шайланып, СССР Министрлер Советинин председателдигине А. Н. Косыгин дайындалган. Ошентип, өлкөдөгү административдик-буйрукчул системага жаңы жетекчилик келген.

Бул мезгилде жалпы өлкөдө партиянын үстөмдүгү чыңдалып, ал коомдук турмуштун бардык жактарына тикеден-тике кийлигише баштаган. Партиялык жетекчилер өздөрү башкарган аймактардын бирден-бир кожоюндарына айланышкан. Кыргыз ССРинде партиялык-мамлекеттик жетекчилик 1961ж. тартып эле Турдакун Усубалиевге өткөн.

Өнүккөн социализм мезгилинде КПССтин бюрократтык аппараты чындалып, өлкөдөгү бардык бийлик партиянын жогорку органдарына топтолгон. Республикалардын партиялык жана Советтик жетекчилери гана эмес, обкомдун биринчи катчылары, ири ишканалардын жетекчилери да Москва аркылуу дайындалып калган.

Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин, обкомдордун, ал тургай алыскы элеттик райкомдордун экинчи секретарлары, айрым учурларда биринчи секретарлары орус улутундагылар болуп калган.

Административдик-буйрукчул системанын шартында партиялык-мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтер өлкөдөгү коомдук уюмдарга да тараган. Партиянын күжүрмөн резерви аталган комсомолдун турмушунда да формалдуулук, шашылыш чечим кабыл алуу, курулаЙ шаңдануу, кичине иш үчүн тоодой рапорт берүү күч алган. Бул жылдары комсомолдук органдардын демилгелери өчүп, толук бойдон партиянын жетегинде калган.

Ушундай эле абал профсоюздарга да тиешелүү болгон. Профсоюздардын ролун жогорулатуу үчүн аракеттер, албетте, болгон. Алар эл чарбасынын бардык тармактарында иштеген. 60-жж. ортосунда бүтүндөй өлкө сыяктуу эле Кыргызстандын колхоздорунда да профсоюздар түзүлө баштаган.

60-жж. СССРде, анын ичинде Кыргызстанда, мамлекеттик бийликтин органы катары Советтердин ролун көтөрүү аракети башталган. Кыргыз ССР Жогорку Совети республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Советтердин ролун көтөрүү, жергиликтүү Советтердин ишин жакшыртуу үчүн бир катар аракеттерди жасаган. Бул иште ошол мезгилде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеген Т. Кулатов көп эмгек сиңирген.

Партиялык бюрократиянын күч алган мезгилинде Советтер мамлекеттик бийликтин жогорку оргаиы катары мурдагыдай формалдуу гана эсептелип, өз ишмердигинде союздун, республикалык мыйзамдардын аткарылышы жөнүндөгү министрликтердин, ведомстволордуи, эл депутаттар советтеринин отчетторун угуу, эмгекчилердин арыз, даттанууларын кароо менен гана чектелген.

КПССтин коомдун саясий системасындагы ээлеген ордун бекемдөө, өнүккөн социализмдин маани-маңызын ачык көрсөтүү үчүн 1977-ж. 7-октябрда СССРдин, ал эми 1978-ж. 20-апрелде Кыргыз ССРинин жаңы Конституциялары кабыл алынган. Буларда «Компартия совет коомунун жетекчи жана багыттоочу күчу, анын саясий системасынын, мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын ядросу» деген атайын статья бекитилген. Муну менен КПССтин жеке бийлиги мыйзамдаштырылган. Бирок социалисттик коомдун негизин түзгөн Советтердин абалы, ээлеген орду толук көрсөтүлгөн эмес.

1979-ж. июнда жергиликтүү Советтерге шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал негизинен мурдатан эле келе жаткан шайлоо тартибин бекиткен. Депутаттыкка кандидаттар жогортодон бирден гана көрсөтүлгөн. Эл аларды формалдуу түрдө эле шайлап коюшкан. Жергиликтүү маселелер аткаруу комитеттери тарабынан чечилип, эл өкүлдөрү Советтердин сессияларында мурдатан даярдалган чечимдерге добуш берүү менен чектелген. Натыйжада эл бийлигинин принциптери бузулган, жаңы демилгелерди эски традициялуу башкаруу ыкмалары басып салган. Маселелерди чыгармачылык шык менен талкуулоого, кабыл алынган чечимдерди мезгил-мезгили менен текшерүүгө бөгөт коюлган.

1960-жж. баштап Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин аткаруучу жана тескөөчү жогорку органы болгон Кыргыз ССР Министрлер Совети республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө көп көнүл бура баштаган. Республиканын эл чарба планын, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерди ишке ашырууда, ресиубликанын таламдарын жактоодо активдүү аракеттерди жасаган. Бул органдын ишин жакшыртууда А. Сүйөркулов, Б. Мамбетов, А. Сүйүмбаев жана С. Ибраимов, А. Дүйшөев көрүнүктүү эмгек сиңиришкен.

80-жж. башынан баштап аткаруучу бийликтин башында турган Кыргыз ССРинин Министрлер Советинде да иш солгундаган.

Анда каралган иштердин үчтөн экисин күнүмдүк маселелер түзүп калган. Министрлер Совети өзүнүн жергиликтүү органдарына жылына 4 миңден ашуун токтомдорду, буйруктарды жөнөтүп турган. Алардын көбү контролдун жоктугунан аткарылган эмес.

Социалисттик демократиянын принциптерине ылайык республикада көптөгөн коомдук массалык уюмдар түзүлгөн. Бирок алардын мүчөлөрү формалдуу түрдө гана мамлекетти башкаруу иштерине катышып жатышат делип эсептелген. Ошондой болсо дагы 80-жж. ортосунан кийин коомдук уюмдардын ролун көтөрүү учүн эл массасы активдүү кирише баштаган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор























МАДАНИЙ ТУРМУШТАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР ЖАЗУУ МАДАНИЯТЫНЫН ӨНҮГҮШҮ (XIX к. экинчи жарымы — XX к. башы).

XVIII к. кыргыздарда өтө сейрек болсо да жазуу колдонула баштагандыгын уруу башчылары Атаке бийдин, Боромбай баатырдын Россия төбөлдөрүнө жазган каттарынан билебиз. Ал кезде кыргыздар араб арибиндеги чагатай жазуусун найдаланган.

Нукура кыргыз тилинде алгачкы жолу ыр жазган акындардын көрүнүктүүсү Молдо Нияз (1823-1896-жж.) болгон. Ал Оштун азыркы Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Жергиликтүү жана Кашкар шаарындагы медреселерден билим алган. Түндүк кыргыздар да анын чыгармаларын өз оозунан угуп, жогору баалаган. Молдо Нияз өмүр, өлүм, аалам, жакшылык, жамандык темаларын философиялык сопучул (суфизм) мазмундагы ырларында чагылдырган. Анын чыгармаларынын ушул мазмунда болушу чыгыш поэзиясын жакшы өздөштүргөндүгү менен түшүндүрүлөт. Молдо Нияздын поэзиясында этикалык нормалардын, моралдын, элдеги ар кандай социалдык катмарлардын дүйнөгө болгон көз караштары чагылдырылган. Анын «Санат ырларынынъ жети китепчеден турган кол жазмаларынын төртөө белгисиз калса да калган үчөө кыргыздын алгачкы жазуу мурасы катары баалуу.

Жазгыч акын Молдо Нияздын салтын Кыргызстан Россияга каратылгаидан кийинки мезгилде бир катар чыгармачыл адамдар улантышкан. Алардын бири Байымбет Абдыракманов (Тоголок Молдо 1860-1942-жж.) Нарындагы Куртка деген жерде туулган. Аталаш чоң абасы Музооке ырчыдан тарбия алган. Молдодон кат тааныган. Анын чыгармачылыгы элдик оозеки чыгармачылыктын өркүндөп өсүп, гүлдөп турган дооруна туура келген. Залкар манасчы Тыныбекти ээрчип жүрүп андан «Манас» эпосун үйрөнөт. Ага «Тоголок Молдо» деген лакап атты да Тыныбек коюп, анын чыгармачылыгын жактырып, өсүшүнө шык берген. Ал ар түрдуу жанрдагы ырларды жаратып, элдик арман, кошок, болумуштарды иштеп чыгууга, санжыра жазууга көп чыгармачыл дараметин жумшаган. Тоголок Молдо «Манастын» бир катар эпизоддорун өз колу менен жазып калтырган.

Кыргыз элинин белгилүү жазгыч акындарынын бири Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1868-1917-жж.) болгон.

Адегенде ыолдолордон билим алып, кийин өз алдыича билямин өркүндөткөн. Чыгыштын поэзиясын, чыгармачылыгын, философиясын вздөштүрүүгө аракет жасаган. 1911-ж. Казанда «Зилзала» («Жер Титирөө») аттуу казалдар жыйнагы жарыяланган. Вул кыргыздын басмадан чыккан эн алгачкы поэтикалык чыгармасы болгон. Молдо Кылыч ошо кездеги элибиздин башка ойчулдары сыяктуу эле кыргыздардын коомдук турмушун чагылдырган. Феодалдык-патриархалдык турмуш, социалдык теңсиздик, коомдогу үстөмдүк кылган идеология, анын философиялык көз карашын аныктаган. Кыргызстан Кокон хандыгына киргенден кийин кыргыздардын ислам динине кнриши күчөгөн. Ушуга байланыштуу Молдо Кылычтын чыгармачылыгында диндин таасири күчтүүрөөк болгон. Албетте, бул үчүн анын чыгармачылыгын реакциячыл деп кароого эч негиз жок.

Анткени диний идеология үстөмдүк кылган доордо руханий маданияттын бардык тармактары днндин чегинде өнүгүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан Молдо Кылыч элди исламдын эрежелерин толук сактоого чакырган. «Жакшылык» «жамандык» деген философиялык түшүнүктөрдү да Молдо Кылыч ислам дини аркылуу чечмелөөгө аракеттенген. Ал адамдын бактысы материалдык байлыкта эмес, чыныгы бакыт адамдын руханий дүйнөсүнө, пейилине жараша болот, зыкым, жалкоо, пейили тар, бирөөгө жамандык жазаган адам эч убакта бактылуу боло албайт деп баса белгилеген. Молдо Кылыч адамдарды жакшылыкка, напсини чектөөгө, жөнөкөйлүккө, акыл менен аракет жасоого чакырып, мансапка, байлыкка чиренүүдөн, бузукулуктан алыс болууга чакырган. Жакшылык жана бакьгт жөнүндө айтып келип анын негизин үй-бүлөлүк турмуш түзөрүн өзгөчө белгилеген. Ал: «Жакшы аял бакыт, турмуштагы чоң жөлвк. жаман аял сени ар дайым коштогон жамандык, ал абийириңди төгөт», ~ деген.

Ошентип, Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын негизин адамдын, коомго болгон көз карашын кеңейтүү, адамдарды биринчи кезекте руханий, моралдык жактан тарбиялоо түзгөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор





XIX к. ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX к. БАШЫНДА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ӨНҮГҮШҮ

Орус окумуштуусу В. В. Радловдун пикири боюнча XIX к. кыргыз эли чыныгы эпикалык доорун башынан кыйгас өткөрүп турган. Натыйжада «Манас» айтуу өркүндөп, апогейине жеткен. Бул өнөрдүн эң көрүнүктүү өкүлдөрү Балык, Келдибек, Назар, Чокбаш, Телтай, Калмырза, Суранчы, Чоодан, Жандаке ж.б. чон манасчы аталышып, эл ичинде абдан зор кадыр-баркка ээ болушкан. Булар өздөрүнө чейпнки жашап өткөн чыгаан манасчылардын көөнөрбөс мурасын өркүндөтүшкөн. Ошону менен бирге алардын ар бири өз учурунун улуу манасчылары катары көптөгөн таланттарга таасирлерин тийгизген. Мисалы, Жапый уулу Тыныбек (18461902-жж.) манасчыдан Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Доңузбай ж. б. улуу-кичүү манасчылар таалим алышкан. Бир жолу кыргыздыя Шабдан, Байтик, Сооронбай, Өзбек өңдүү атактуу манаптары Токмоктун жанындагы Сооронбайдын багы деген жерге чогулуп Тыныбекти 30 күнү катары менен «Манас» айттырышкан экен.

Чоң манасчылар «Манасты» айткан учурда, өздөрүн эпикалык каармандардын арасында жүргөндөй, түрдүү окуяларды элестетерин айтышкан. Бул алардын чыгармачылык шыктанышынын күчүн, поэтикалык дүйнөлөрүнүн кенирилигинен кабар берген. Ушундай манасчылардын бири Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930-жж.) болгон. Ал Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кабырга айылында туулган. Өз заманындагы манасчылардан таалим алган. Анын айтуусунда жазылып алынган «Манас» эпосунун варианты мазмуну, идеясы, көркөмдүгү жагынан жогорку денгээлде иштелген, композициясы боюнча толук бүткөн монументтүү элдик көркөм чыгарманын бийик үлгүсү катары кыргыздын руханий дөөлөтүнө кирген. Сагымбайдын айуусундагы эпостогу окуялар толук жана жогорку көркөмдүктө баяндалат. Бул Сагымбайдын өзүнөн мурунку чон манасчылардын айткандарын угуп, алардын бай тажрыйбаларын чыгармачылык менен үйрөнгөнүн айгинелейт.

XVIII—XIX кк. кенже эпостор да толукталып, көркөмдүк бийик денгээлге жеткен. Кайберен менен күч сынашкан көзгө атаар мерген жөнүндөгү «Кожожаш» дастаны кыргыздардын экологиялык тең салмактуулукту сактоо, табигатка аяр мамиле жасоо идеяларын чагылдырган.

Кыргыздардын эн байыркы доордогу дүйнөнүн, жердин түзүлүшү жөнүндөгү түшүнүгүн көрсөткөн «Эр Төштүк» дастаны да элдин байланыш, жол катнаш, жакшылык менен жамандык жөнүндөгү ой-тилектерин айгинелеп, коомдук ансезимдин өнүгүшүнө кызмат өтөгөн.

ХVII-ХVIII кк. Борбордук Азиядагы саясий кырдаалды, кыргыз элинин ойрот баскынчылыгына каршы күрөшүн чагылдырган «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды» сыяктуу баатырдык кенже эпостор пайда болуп, калк арасында кеңири тараган. «Жаңыл Мырза» дастаны жоокерчилик замандагы баатыр аялдардын эркиндик, теңчилик үчүн күрөшүн даңазалаган.

Кыргыз элинин улуу талантын айгинелеген акындык өнөр да өнүккөн. Кыргыздын төкмө акындары айтыш өнөрү аркылуу өз чеберчиликтерин көрсөтүшкөн. Булардын ичинен Жеңиясок (Өтө Көкө уулу 1860-1918-жж.) философиясы терең мазмундуу чыгармалары менен калктын кадырлоосуна ээ болгон.

Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылганов (18641933-жж.) өз доорунун социалдык, таптык мамилелерин чебер талдоого алыд, эркиндик, теңчилик идеясын жогору койгон ырлары менен элдин калын катмарына белгилүү болгон.

Чүйдүн Онбир-Жылга айылынан чыккан, ырды жамгырдай төккөн, уккулуктуу бийик арген үндүү Калмырза Сарпек уулун (1866-1910-жж.) казактын улуу акыны Жамбыл жогору баалаган. Калмырза жөнүндө белгилүү Барпы акын мындай деген:

«Кара жаак акын Калмырза,

Тилинде калы бар мырза.

Какшап ырдап отурса,

Кадыр түнгө дал мырза».

Төкмө акын Барпы Алыкулов (1884-1949-жж.) азыркы Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Анын санатнасыят ырлары дидактикалык философиялык терен ойлорго байдыгы менен өзгөчөлөнгөн.

Төкмө акын Эшмамбет Байсеит уулу (1867-1926-жж.) Токтогулдан таалим алган. Анын ырлары да философиялык ой толгоолору менен айырмаланьга турган. Ал Женижок, Жаңыбай, Куран, Найманбай, Барпы, Калык ж. б. белгилүү акындар менен айтышта өзүн бул өнөрдүн чон устаты катары көргөзгөн.

Акындык менен кошо кыргыздын музыкалык өнөрү жанаша өскөн. Элдик музыканттар комузда, кыякта, темир комузда, чоордо, керней-сурнайда, сыбызгыда ж. б. аспаптарда ойношуп, терен мазмундагы музыкаларды жаратышкан. Аларга Күрөңкөй Белек уулу (1826-1960-жж.), Ныязаалы Борош уулу (1860-1949-жж.), Карамолдо Ороз уулу (1863-1960-жж.), Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1935-жж.), Ыбрай Туман уулу (1885-1967-жж.) ж. б. кирет. Алар ар түрдүү жанрдагы, шаңдуу, кайгылуу, адамдын сезимдерине терең таасир берген, философиясы бай чыгармаларды жаратуу менен элибиздин руханий маданиятына көөнөргүс салым кошушкан. Булардын айрым чыгармалары кийинчерээк нотага түшүрүлүп, элибиздин алтын казынасына түбөлүккө киргизилген.

Элибиздия оозеки чыгармачылыгы совет доорунда ирети менен чогултулуп кагаз бетине түшүрүлсө да, мурастарыбыз элге жеткирүүдө бир топ кысымга алынып, көпчүлүгү пантюркистик, понисламисттик жана диндик көз карашка сугарылган деген шылтоо менен элге жетпей келди. Азыркы мезгилде элибиздин бай казынасын «Эл адабияты» деген серияда 40 том кылып чыгаруу иши колго алынды. Бүгүнкү күндө алардын ичинен «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Жоодарбешим» өндүү кенже эпостор жана Кошоктор, Табышмактар, Балдар фольклору ж. б. чыгармалардын 21 тому жарыкка чыгып, окурмандардын колуна тийди. Бул иш улантылууда.

Кыргыздардын философиялык ой толгоолору жеке гана эпостордо макал-лакаптарда, дастандарда, төкмө акындардын ырларында гана камтылбастан чечендик өнөрдө, алдын көрө билген акылман олуялардын сөздөрүндө да чагылдырылган.

XIX к. кыргыз философиясына, чечендик өнөрүнө терен из калтырган Калыгул Бай уулу (1785-1855-жж.) болгон. Сөздөрүнүн өтө олуттуулугу, курчтугу, турмуштуулугу, келечекти таамай чагылдырылгандыгы үчүн эл аны Калыгул олуя деп катуу кадырлаган. Көркөм сөз искусствосунда Калыгулга чейин Асан кайгыыын, Санчы сынчынын, Толубай сынчынын, Жээренче чечендин ж. б. аттары аталганы менен алардын чыгармалары бири-бирине оошуп, реалдуулуктан көрө легендага жакыныраак болуп калган. Атактуу манасчы Сагымбай Калыгул жөнүндө: «Калыгул акын кыргыз акындарынын атасы эсептелет. Андан мурда эл-журтка маалым ырлары сакталган биринчи кыргыз акынын уга албадык» деген. Анын «Калыгулдун сөзү», «Акыр заман», «Терме, санат ырлары», «Ысык-Көл жөнүндө айткандары» ж. б. чыгармалары бүткүл чыгыш поэзиясында байыртадан эле орун алып келген дидактикалык мүнөздө болуп, акылдуу ойлорго, насыятка жык толгон.

Чыгыш поэзиясынын бул түрүн өркүндөткөн кыргыз ойчул-дарынын дагы бири Арстанбек Буйлаш (Бойлош) уулу (1824-1878-жж.) болгон. Ал 500 чамалуу комуздагы күүлөрү, обондуу ырлары менен да эл ичинде атагы чыккан. Анын «Тар заман» аттуу негизги чыгармасында коомдук, саясий, турмуш-тиричилик, кыскасы адам менен коом жөнүндөгү тарыхый конкреттүү шарттарга байланыштуу ар түрдүү мазмундагы поэтикалык жыйынтыктар берилген. Өзү жашаган кыргыз коомундагы саясиЙ турмушка кайрылып Арстанбек Кыргызстандын Россия букаралыгына өтүшүн анчейин жактырган эмес. Андан көрө Чыгыш Түркстанда түзүлгөн Жакып бектин Жети-Шаар мамлекетине кошулсак деген пикирде болгон. Акындын бул ою ошол кездеги кыргыз коомчулугундагы коомдук пикирлердин көп түрдүүлүгүн айгинелейт.

Калыгул менен Арстанбектин поэзияларында заттардын мазмуну так жана таамай айтылып, өтө кыска элестүү образ менен берилген. Алардын ырларынын ар бир сабы дээрлик өзүнчө ой толгоонун жемиши катары залкар ойлорду камтып көркөм сөз менен айтылган. Ошондуктан бул ойчулдардын айткандары эл ичинде макал-лакап катары жашап калган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор












































ЭЛДИК МУЗЫКАНЫН ӨНҮГҮШҮ

Кыргыз эл музыкасы элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш-тиричилигин, тарыхын, этностук жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандардан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазуу маалыматтары бир катар адабияттарда кездешет. Кытайдын белгилүү дин кызматкери жана саясатчысы Сюан-Цзан 630-ж. азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: «Мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдүү эргиткен лирикалык күү менен башталды», деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз музыка өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек. Кыргыз элинин музыкалык фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилдерге бөлүү өтө кыйын.

Кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык-поэтикалык өнөр жөнүндө илим, тажик элдериникиндей музыкант-окумуштуулар болгои эмес. Негизинен чыгарма жекече аткарылып, көп үн менен ырдоо жана күүнү ансамбль менен аткаруу салтка айланбаган. Кыргыздарда айтышуу ыкмасындагы аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы менен эки-үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фольклор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири-биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалык чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес, ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да болуп калган. Ыр-күүлөрдүн мындайча таралышы элдян музыкалык ан-сезиминин өзгөчө бир түрдө калыптанышын жана өнүгүшүн шарттаган.

Кыргыздын музыкалык өнөрүн комузда, кыякта (кыл кыяк), темир (жана жыгач) комузда, чоордо, сыбызгыда ж. б. аспаптарда ойноп, күү чыгарган өнөрпоздор байытышкан.

Салттык кыргыз күүлөрүнүн ичинен «Камбаркан», «Кет Бука», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» сыяктуу кылым карыткан күүлөрү бүгүнкү күнгө чейин жеткен.

Кыргыз күүлөрүндө элдин турмушундагы орчундуу окуялар, жашоо-турмушту, дүйнөгө болгон көз карашты чагылдырган философиялык ой толгоолор камтылган. Кыргыздар байыртадан эле күү угуп, өксүгөн көңүлдүн бөксөсүн толтурушкан, чаялыккан жаиына кубат алышкан. Жан кейкгенде, арман жүрөктү эзгенде күүгө кулак төшөп көкүрөгүн тазартышкан, рух оорусун күү менен дарылап келишкен.

Кыргыз элинин музыкалык аспаптарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген негизги өзгөчөлүгүнүн бири бул алардын бир эле мезгилде күнүмдүк турмушта, ырым-жырым, үрп-адаттарында ж. б. кеңнри колдонулуп келгендигинде,

Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгнзбей койгон эмес.

Комуз кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. Турк элдеринде тартма, кылдуу жана какма аспаптарынын кобус (хобус) комыс, кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптары бар. Бул комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт. Комуз өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал, өңдүү экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз: баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт.

Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалган. Муздак сууга салынгая ичегинп сыдыргы менен тазалаган соң, ийик менен оңго ийрип, анан аябай кере тарттырып кургатышкан. Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен таядашкаи. Кээде бир койдун ичегисияен бир кыл гана жасалган.

Кыл кыяк улуттук кылдуу, жаалуу музыкалык аспап. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк жана башка бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн, сом жыгачтан чабылат. Узундугу — 65-70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн териси менен капталат. Алдына туурасыная кнчинекей ичке жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. Кыл кыяктын аягы санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып ичке келет, башында карама-каршы эки кулагы бар. Ал ыргай, чычырканак, табылгыдан жасалат. Кыл кыяктыя тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилтшп жасальга ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа менен жаньш ойнойт. Кыл кыякка добушу бийик, мукам, уккулуктуу болуш учүн эки асый жылкынын куйрук кылы (60-70 талдан апшаган) тагылат. Адатта кылды аспалка тагаарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын чайырын (дабыркайын) кайнатып сүйкөйт. Ойноор алдында да кылга чайыр сүйкөлөт. Кыл кыяктын түрлөрү дүйнөгө, айрыкча түрк элдеринде кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын кыл кыягы тембри, добушу, күүлөнүшү, жалпы формасы, чабылышы, тартылышы жагынан казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын иглесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын иклемине окшош.

Кыл кыяктын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адамдардын ар кандай турмушун, согуштук жүрүшүн баяндаган күүлөр тартылат. Адамдардын күлгөнү, ыйлаганы, кошкону, баланын, келиндин, кемпирдин, чалдын үндөрү, жан-жаныбарлардын аракети, табигый көрүнүштөрү так тууралып баяндалат.

Кыл кыяк көбүнчө кенже эпосторду айтуучулардын, жомокчулардын жана элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары пайдаланылган. Кыл кыякта өзүнө мүнөздүү обон, күүлөр менен бирге комуз, темир комуз күүлөрү да тартылат.

Булардан тышкары кыргыздардын чоор, ооз комуз, жылаажын, сыбызгы, добулбас, керней, сурнай өңдүү толуп жаткан музыкалык аспаптары болгон. Алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор