Кыргыз тили
Тема: Сүйлөмдүн айтылыш максатына
карай бөлүнүшү
Кептик тема: “Бакыт” деген эмне?
ТИББ-16 тайпасы
Ага октуучу: Жусуева С.К.
Кыргыз тили
улантуучу деңгээл
Алтын эрежелер
- Кунт коюп угуу
- Кол кътър\п с\йлъъ
- Бири-биринин оюн урматтоо
- Биръън\н съз\н бълбъъ
- Сын пикирди туура кабыл алуу
Жагымдуу сөздөр менен учурашабыз
- Салам, сенин ар дайым чач жасалгаң мага жагат; Кандай, сен дайыма шайыр жүрөсүң Саламатсыңбы, бүгүн да күндөгүдөй татынакайсың ж.б.
- Салам, сенин ар дайым чач жасалгаң мага жагат;
- Кандай, сен дайыма шайыр жүрөсүң
- Саламатсыңбы, бүгүн да күндөгүдөй татынакайсың ж.б.
Кептик тема: “Бакыт” деген эмне? Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” драмасынан үзүндү
Грамматикалык тема: Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү
САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ
- Сүйлөмдүн айтылыш максаттарына карата бөлүнүш түрлөрүн кепте туура колдоно билүүгө;
- Башкаларга туура кеңеш айта билүүгө;
- Жакшы-жаманды жана жакпайт маанилерин анализдеп, ааларды турумушта ажырата билүүгө үйрөнүү;
- Куттуктоо жаза билүүгө, ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүү;
- Куттуктоо жаза билүүгө, ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүү;
- ӨЗ мүмкүнүнчүлүктөрүн пайдалана билүүгө көнүктүрүү
Баалоо
«3»
«4»
- Сүйлөмдүн айтылыш максаттарына карата бөлүнүш түрлөрүн кепте туура колдоно билүүгө;
- Башкаларга туура кеңеш айта билүүгө;
- Жакшы-жаманды жана жакпайт маанилерин анализдеп, ааларды турумушта ажырата билүүгө үйрөнүү;
- Куттуктоо жаза билүүгө, ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүү;
«5»
- Сүйлөмдүн айтылыш максаттарына карата бөлүнүш түрлөрүн кепте туура колдоно билүүгө;
- Башкаларга туура кеңеш айта билүүгө;
- Жакшы-жаманды жана жакпайт маанилерин анализдеп, ааларды турумушта ажырата билүүгө үйрөнүү;
- Куттуктоо жаза билүүгө, ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүү;
- Сүйлөмдүн айтылыш максаттарына карата бөлүнүш түрлөрүн кепте туура колдоно билүүгө;
- Башкаларга туура кеңеш айта билүүгө;
- Жакшы-жаманды жана жакпайт маанилерин анализдеп, ааларды турумушта ажырата билүүгө үйрөнүү;
- Куттуктоо жаза билүүгө, ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүү;
- ӨЗ мүмкүнүнчүлүктөрүн пайдалана билүүгө көнүктүрүү
Интерактивдүү оюн: Алфавиттик диалог
А
З
Б
Е
Л
В
П
Г
Ё
М
И
Р
Ф
Н
Д
Ы
С
Ж
Х
Й
Ң
Э
К
Т
Ц
О
Ч
У
Ө
Ю
Ү
Я
Ш
Щ
Үй тапшырмасы: Сөз айкаштары жөнүндө түшүнүк
Төмөнкү тартипте сөз айкаштарын түзгүлө.
Сын атооч + зат атооч =
Зат атооч + сын атооч =
Сан атооч + этиш =
Ат атооч + зат атооч =
Тактооч + этиш =
Зат атооч + этиш =
Сын атооч + сын атооч =
Зат атооч + ат атооч =
Сөз айкаштары кандай сөз түркүмдөрүнөн түзүлгөндүгүн түшүндүргүлө
Кызык окуялуу, табигый көрүнүш, окуучулардын мелдеши, аттуудан алтоо, шашпай сүйлөө, кечикпей келүү, сыйлыкка татыктуу, атасынын өзү, атка мингизүү, күлдүрө айтуу, улуу композитор, көрктүү окуу, кеч күздө, кайталангыс инсан, өмүрү өрнөк, быйыл жетиде, курбуңдун сыры, эгин айдоо, буудай сапыруу
Көп чекиттин ордуна мааниси жагынан
ылайык келүүчү сөздү таап, сөз айкашын түзгүлө
______нан, кабыргасы ____, ___ жара,
___басуу, ___өмүр, жакшылыкты___, түнөп___, ____дүйнө, капас торго___, жебе____, кайгы_____, _____үмүт,
_____ жарыш, даап ____, ийинден ___,
_____таң, мээрим_____, салам_____, карегине ________
арпа нан, кабыргасы кайрылуу, жүрөктөгү жара, жаза басуу, жаш өмүр, жакшылыкты бөлүү, түнөп калуу, баёо дүйнө, капас торго кармоо, жебе октоо, кайгы жутуу, таттуу үмүт, өмүр жарыш, даап айтуу, ийинден учуу, ак таң, мээрим төгүү, салам берүү, карегине жашынуу
Суроолорго жооп бергиле:
- Сөз айкашы деп эмнени айтабыз?
- Сөз айкашынын түрлөрү?
- Туруктуу жана эркин сөз айкаштарынын айырмачылыгы?
- Сүйлөм менен сөз айкашынын айырмачылыгы?
- Сөз айкашынын байланышуу жолдору?
Сүрөткө көңүл бургула
- Сүрөттөн эмнени көрүп жатасыңар? Алардын маанайы кандай? Силер кандай ойлойсуңар алар бактылуубу?
- Эгин талаасы, нандын сүрөтү
БАКЫТ сөзүнө акылдуу ойлорду топтойбуз
БАКЫТ
-
ден соолук, ата-эне, кесип!
Эң бактылуу учуруңду эстеп, беш-алты сүйлөмдөн турган текст түз
Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” аттуу драмасынан үзүндү
Биринчи элес (Бакыт ак шөкүлө, ак көйнөк кийген кыз элесинде)
Жигит: (сагыныч менен)
– О, Бакыт!
Бир адамга өтүмдүүсүң, не десем,
Туруксуз да сыяктуусуң, кээде сен!
Көрүш үчүн жашыл өңүң арчадай,
Издеп келем, издеп келем чарчабай.
Издеп келем, азыр дагы жолдомун,
Жок дегенде мейманым да болбодуң,
Кубанычым, кайгым дагы бир өзүң,
Айтчы мага, кайсыл жерде жүрөсүң?
Бакыт:
- Эсиңдеби, карап тургам аркадан,
Энең сага нан бышырган арпадан.
Жер ширинин уулум татсын дегени,
Бирок сенин нанды жегиң келбеди.
Кур дегенде ооз тийбедиң сындырып,
Кабак бүркөп койдуң четке жылдырып.
Мээрим төгүп, кабыргам бир айрылган,
Ошондо мен энең болуп кайрылгам.
Нан бергеним, чакырганым, ак таңым,
Тээ аңызда сени күтүп жаткамын.
Жигит:
- Ал күнү эмес, наркы күнү баргамын,
Анда неге мени күтүп албадың?
Бакыт:
- Сенден башта келип калган бирөөнүн,
Арабасына түшүп кетип калгамын.
Жигит:
- О, Бакытым, жылдыз окшоп санаган,
Кантип айтам, сагынчымды самаган?
Бир күн үйдө отургамын зеригип,
Сени мага көчөдө жүр деди журт.
Канча жылдар издеп келген элем деп,
Атып чыктым, карай бердим элеңдеп.
Таба албадым, карадым ой, бар кырын,
Сен ошондо каерде элең, жаркыным?
Бакыт: (күлөт)
- ха ха, ха
Байкабайсың, шамал кайда урганын,
Сага жолдо салам берген бир кыздын
Карегине жашырынып тургамын.
Балалыкта адатыңды кайталай,
Башыңды ийкеп,
өтө бердиң байкабай.
Ха-ха-ха, ха-ха-ха...
Экинчи элес
Тоо. Гүл кармаган жаш жигитке
Кайгы кез келет.
Кайгы:
- Али алыстай элексиңби гүлдөрдөн? (Мыскыл менен)
Тааныдыңбы сен мени?
Жигит:
- Башта көргөн сыяктуумун бир жерден.
Кайгы:
- Башта көргөм дейсиңби?
Айта турган сөздөрүм бар, сага арнаар,
Билем сенин жүрөгүңдө жараң бар.
Мени далай көрсөң дагы унуттуң,
Түк унутчаак келесиңер, адамдар.
Менин даңкым көп тараган кең жерде,
Изим жатат ой-кырларда, белдерде.
Мен-Кайгымын!
Жаза бассаң капыстан,
Чакырттырбай жетип келем алыстан.
Жаш өмүрүң аткан кезде болуп таң,
Эсиңдеби, сага далай жолуккам.
Жаралганмын жакшылыкты бөлгөнгө,
Андан кийин бир күн атаң өткөндө,
Атаң айткан акыркы сөз, сүйлөмдө,
Түнөп калгам сенин баёо дүйнөңдө.
Андан кийин, улам-улам бир күндөн,
Эшигиңди тез-тез кагып турдум мен.
Тез-тез кактым, келбеди эч тосулгум,
Кээ күндөрү бирге жүргөн досуңдун,
Саткандыгын сезгениңде жолуктум,
Жалгыз калган кездериңде жолуктум...
Жигит:
- А бүгүнчү, бүгүн неге келдиң сен?
Тоодо бекер, жүргөн жоксуң мен билсем.
Кайгы:
- Көрдүм сени бир кыз менен сырдашып,
Турганыңды, кеткениңди кырды ашып.
Айта койчу, дагы канча термексиң,
Сен бул гүлдү кимге алпарып бермексиң?
Жигит:
- Качанга чейин капас тордо кармаймын,
Мен бул гүлдү ашыгыма арнаймын.
Ал кыз мендик, эстейм басып, күлүшүн,
Жаны да асем жаралгандай гүл үчүн.
Кайгы:
- Ал кызга ашык бир эле сен эмессиң,
Канча жигит кайгы жутмак бул үчүн.
Кайгырышат, таттуу үмүтүн жоктошот,
Анан мага жебелерин октошот.
Оюңдан кайт, акыл айтса челбегин!
Сага ошону эскерткени келгемин.
Жигит:
- Билем, билем, өжөрлөнүп карышам,
Эгер өмүр жарыш болсо, жарышам!
Кантип оңой бере коём башкага,
Ал кызды мен бакытым деп таанысам.
Мени аяба, кереги жок, аёонун,
Жүрөктөргө салдың канча аёо-муң.
Кайгым менин, келем десең сен мага,
Эң кооптуу,
Эң бир катаал чакта да
Күлүп туруп тосум алам эрлерче,
Сезимимди кордой көрбө, тек гана!
Кайгы: (башын жерге салып)
-Акылдуу айттың, даап айттың,
Кантсе да сен таап айттың, жигитим.
Күн кечирдим, көңүл чөгүп тунжурап,
Ийинимден учту канча замандар,
Кетээр элем жер бетинен тим ыраак,
Бирок мени жиберишпейт адамдар!
Дүйнөлүк классикалык жазуучу Чынгыз Айтматов
Айкөлдүгү бабам Манас өңдөнөт...
Туурасын “ооба”, катасын “жок” деген жооптор менен белгилегиле
СУРООЛОР
ООБА
Жигит Бакытын тапты
ЖОК
Бакыт бардык адамдарга кездешет
Жигит акылдуу, намыстуу
Бакыт жигиттин үйүнө мейманга келди
Кайгынын изи бардык жерде бар
Кайгыны кубаласаң к етет
Бакыт, Кайгы символикалуу образдар
“ Сократты эскерүү түнү” повесть
Жаза бассаң кайгы курчайт
Арпадан нан жасалат
Жигиттин арзышканы бар
Драмада Сократтын образын Жигит жаратат
Туурасын “ооба”, катасын “жок” деген жооптор менен белгилегиле
СУРООЛОР
ООБА
Жигит Бакытын тапты
ЖОК
Бакыт бардык адамдарга кездешет
√
√
Жигит акылдуу, намыстуу
√
Бакыт жигиттин үйүнө мейманга келди
Кайгынын изи бардык жерде бар
Кайгыны кубаласаң кетет
√
√
Бакыт, Кайгы символикалуу образдар
√
√
“ Сократты эскерүү түнү” повесть
Жаза бассаң кайгы курчайт
√
Арпадан нан жасалат
√
Жигиттин арзышканы бар
√
Драмада Сократтын образын Жигит жаратат
Тилдик каражаттар
жер ширини
жашыл өңү
Семантизация
арпа нан
турмуштан адашуу, каталык кетирүү
орноп калуу, жадында калуу
кабыргасы кайрылуу
жашоо бул жалаң күрөштөн турат
жүрөктөгү жара
жаза басуу
таза жан дүйнө, кайгырууну, куулук-шумдукту билбегендик
түнөп калуу
жашоону улантуучу үмт
баёо дүйнө
арпадан жасалган нан
тайманбай айтуу, өтүмдүүлүк
кайгы жутуу
арман, сары санаа, дарт
таттуу үмүт
өмүр жарыш
көп мезгилдин, узак мезгилдин өткөндүгү
даап айтуу
картайбас, миң жылдык, соолбос
ийинден учуу
жерден бардык жан-жаныбар азыктанат, жерден өндүрүлгөн азык
боор толгоо, жаны ачуу
оор, аткарылбаган иштин азабын тартуу
Тилдик каражаттар
Жер ширини
Семантизация
жашыл өңү
жерден бардык жан-жаныбар азыктанат, жерден өндүрүлгөн азык
арпа нан
Картайбас, соолбос, миң жылдык
кабыргасы кайрылуу
арпадан жасалган нан
жүрөктөгү жара
боор толгоо, жаны ачуу
жаза басуу
түнөп калуу
арман, сары санаа, көкүрөк дарты
баёо дүйнө
турмуштан адашуу, каталык кетирүү
кайгы жутуу
орноп калуу, жадында калуу
таттуу үмүт
таза жан дүйнө, кайгырууну, куулук-шумдукту билбегендик
өмүр жарыш
оор, аткарылбаган иштин азабын тартуу
даап айтуу
жашоону улантуучу үмт
жашоо бул жалаң күрөштөн турат
ийинден учуу
тайманбай айтуу, өтүмдүүлүк
көп мезгилдин, узак мезгилдин өткөндүгү
Тилдик каражаттар
Жер ширини
Каамандар боюнча топто
жашыл өңү
Бакыт
арпа нан
Жигит
кабыргасы кайрылуу
Бакыт
жүрөктөгү жара
жаза басуу
Бакыт
түнөп калуу
Кайгы
Кайгы
Карегине жашырынуу
Кайгы
капас-тордо кармоо
Бакыт
таттуу үмүт
Жигит
өмүр жарыш
Кайгы
Жылдызга окшотуп саноо
Жигит
ийинден учуу
Жигит
Кайгы
зат атооч ___________ сын атооч _________ __________ этиш ________ ___________ _______ ___________________________________ этиш _________ _________ _________ сын атооч _________ _________ зат атооч ___________
Сүйлөм.
Тилдин ички мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашышып, бүткөн бир ойду билдирген кеп бирдиги сүйлөм деп аталат.
Сүйлөм грамматикалык жактан уюшулган кептин бир бүтүн бирдиги жана адамдын оюн уюштуруучу , ал жөнүндө башкаларга кабар берүүчү негизги каражат болуп эсептелет.
Сүйлөм айтылыш максатына жана түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай бир нече топко бөлүнөт:
1. Сүйлөмдөр айтылыш максатына карай жай, суроолуу, буйрук жана ар түрдүү ички сезимди билдиришине (эмоционалдык маанисине) карай илептүү сүйлөм болуп бөлүнөт.
2. Сүйлөмдүн бир же бир нече жөнөкөй сүйлөмдөн уюшулгандыгына карай жөнөкөй сүйлөм жана татаал сүйлөм болуп эки топко бөлүнөт.
3. Жөнөкөй сүйлөмдөр сүйлөмдү уюштуруучу борбор болуп эсептелген баш мүчөлөрдүн бирөөнүн, же экөөнүн тең бар экендигине карай эки тутумдуу жана бир тутумдуу сүйлөмдөргө бөлүнөт.
4. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү менен байланышкан айкындооч мүчөлөрүнүн бар же жок экендигине негизделип, жалаң жана жайылма сүйлөмгө ажыратылат.
5. Сүйлөм үчүн зарыл керектүү болгон мүчөлөрүнүн толук катышышы, же контекстке, ар түрдүү жагдайга карай айрым сөздөрдүн (сүйлөм мүчөсүнүн) айтылбай, кемип берилишине карай толук сүйлөм жана кемтик сүйлөм деп бөлүнөт.
Тилдик пикир алышуу процессинде сүйлөөчү өз алдына ар түрдүү максатты коюшу мүмкүн: же ал турмушта болгон кандайдыр бир окуя жөнүндө жайынча баяндайт, же угуучуга тиешелүү суроо берип, өзү билбеген, ачык эмес маселелер боюнча жооп алгысы келет, же болбосо, өзүнүн буйрук - өтүнүчүн, ар түрдүү эмоциялуу ички сезимин баяндайт. Ушундан улам бардык сүйлөмдөр айтылуу максатына карай жай сүйлөм, суроолуу сүйлөм, буйрук сүйлөм жана илептүү сүйлөм болуп төрт топко бөлүнөт.
Жай сүйлөм
Турмушта болгон ар түрдүү иштер, көрүнүштөр, окуялар, кубулуштар ж.б. жөнүндө кабарлоо иретинде айтылган сүйлөмдөр жай сүйлөм деп аталат.
Жай сүйлөмдөр үчүн өзгөчө баяндоо мүнөздүү. Жай сүйлөмдүн аягына дайыма чекит коюлат.
Жай с ү йл ө мд ө р ө з ү н ү н маанилик ө зг ө ч ө л ү кт ө р ү н ө ылайык тилибизде ө т ө ке ң ири колдонулат. Айтылуучу ойдун мазмунуна карай жай с ү йл ө мд ү н структуралык т ү з ү л ү ш ү да ар түрд үү болот. Ал тилибизде эки тутумдуу жана бир тутумдуу, жала ң жана жайылма, ж ө н ө к ө й жана татаал с ү йл ө м т ү р ү нд ө кенири кездешет.
Мисалы: Ал Жамиланын келишимдүү келбетинен көзүн албады (Ч.А.). Тамак желди, дасторкон жыйналды, колдор жуулду (К.Б.). Уулумдун акыры бир күнү көп катары аскерге кетерин билип эле жүргөм, ошентсе да бул кабарды укканда муундарым бошой түштү (Ч.А.).
Суроолуу сүйлөм
Сүйлөөчүнү кызыктырган ар түрдүү нерселер жөнүндө угуучунун ой-пикирин билүү максатында айтылган суроо маанисиндеги сүйлөм суроолуу сүйлөм деп аталат.
Суроолуу с ү йл ө мд ө р ө зг ө ч ө интонацияга ээ. Адатта с ү йл ө м тутумундагы башка с ө зд ө рг ө караганда суроо маанисиндеги с ө з к ө т ө р үң к ү ү н (тон) менен айтылат. М.: Каапыры ң дын минтерин ким билиптир? («Ала-Тоо»). Бектурган турмушта барбы, бар болсо ал кайда олтурат? (А.Т.). Кубанычым, кайгым дагы бир өзүң,
Айтчы мага, кайсыл жерде жүрөсүң? (Ч.А.)
Суроолуу сүйлөмдөрдү уюштуруучу негизги лексика-грамматикалык каражаттарга төмөнкүлөр кирет:
1) Суроолуу с ү йл ө мд ө р к ө б ү нч ө сурама ат атоочтордун жардамы менен уюшулат. Ким, эмне деген сурама ат атоочтор аркылуу уюшулган суроолуу с ү йл ө мд ө р кандайдыр бир заттын, ар т ү рд үү абалдын аталышын тактоо максатында айтылат. Мисалы: - А жогорку командирди ким шайлайт? (Ч.А.). - Анатайдын эмнеси кем экен? (Ч.А.). Айтуучу үчүн белгисиз болгон ар түрдүү кырдаал (мезгил, орун, максат, себеп, сыпат) тууралуу сурап билүүчү сүйлөмдөр качан, кайда, кайдан, кантип, эмнеге, эмне үчүн, кандай деген сурама ат атоочтордун жардамы менен түзүлөт: Анын атасы кайда иштейт? (Ч.А.).
2) Суроолуу сүйлөмдөрдү уюштурууда суроо уландысы –бы активдүү катышат: Пристанга жөнөп жатасыңарбы? (К.Б.). Силер балдарды окутууга каршысыңарбы? (Ч.А.).
3) Айрым учурда суроолуу сүйлөмдөн кийин сурама - ыя бөлүкчөсү келип, анын суроолуу маанисин дагы да тактап, күчөтүп көрсөтөт. Бул бөлүкчө кээде сүйлөмдүн башында келип, анын ички маанисине карай кекээрлеп - суроо маанисин берет: - Ар бириңе үч жуптан даярдап берсем жетпейби, ыя? (Ч.А.). - Бу эмне деген кеп, ыя? (Т.С).
Буйрук сүйлөм
Сүйлөмдүн бул түрү угуучуга кандайдыр бир ишти аткарууну буйруйт, өтүнөт. Буйрук сүйлөм айтуучунун ар түрдүү ички эркин (буйруу, талап кылуу, өтүнүү, чакырык ж.б.) билдирет. Сүйлөмдө көбүнчө ээ катышпайт, көпчүлүк учурда каратма сөз кошулуп айтылып, аракет, буйрук кимге багышталгандыгын көрсөтүп турат. Буйрук сүйлөмдөр түзүлүшү жагынан кыска келип, ойду так, жыйынтыктуу, көркөм туюндурат. Буйрук сүйлөмдөр өзгөчө буйруу интонациясы менен айтылат. М.: Жогол, түбөлүккө карааның өчсүн! Жогол! (Ч.А.).
Эгерде ө т ү н үү , ке ң еш бер үү маанисинде колдонулса, с ү йл ө м пасыраак ү н (тон) менен айтылат: - Андан к ө р ө саман апкелип, от жакчы (Ч.А.). Силер саат экиге келгиле. Силер эми өз сапарыңарды билгиле. Найза сунуп жоо качырышты билгиле (Т.С.).
Илептүү сүйлөм
Илептүү сүйлөм деп жашоо-тиричиликте болуп жаткан, же болуп өткөн жана ошондой эле боло турган иштер менен окуялар, кубулуштар менен көрүнүштөр жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн жана ички эрк-сезиминен, ички эмоциясынан чыккан кабарды билдирүү максатындагы сүйлөмдөрдү айтабыз. Мисалы: Эрдик өлбөйт! Эрдик качан да болсо бааланат! (Т.С.). Пай-пай! Шаар эмес бекен! (К.Б.).
Илептү сүйлөмдөрдүн туюндурган мааниси өтө эле бай: алар айтуучунун ар кандай ички сезимин, айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн ар түрдүү эмоционалдык катышын билдирет (таң калуу, коркуу, ачуулануу, каардануу, боору оору, эркелетүү, сыймыктануу, жактыруу, мактоо, жек көрүү, кыжырлануу, өкүнүү, кайгыруу, кубануу, кейүү, ызалануу, суктануу, ирээнжүү ж.б.). Мисалы: Жарайсың, Алыбек! Азаматсың, досум! (Ч.А.) - Бали, азаматтар, бали! - дейт Дмитрий (Т.С.). - Оозуңа май, атаке! (Т.С.).
Сүрөттөргө карап сүйлөм түз
- Кулагы уккан укмуштарга биресе ишенсе, биресе ишене албай Султанмурат отуру (Ч.А.).
Зоболоң көтөрүлсүн! Жолуң узарсын! Бак- таалайың ачылсын зор мекеним!
-Ошону айтканча сабагыңды жаттасаңчы (Ч.А.).
- Бу эмне деген кеп, ыя? (Т.С).
ар бир топко тапшырма
1-топ: “Бактылуу студент” интервьюсун уюштургула
2-топ: “Бактылуу эне” передача көрсөтүп бергиле
3-топ: “Эки дүйнө бактылуулук” деген темада диалог түзгүлө
4-топ: ыраазычылык билдирет, келген конокторго каалоо-тилек жазгыла
Үй тапшырма
- 1. Грамматикалык теманы окуп, чыгармалардан мисал жазып келүү
- 2. Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” драмасынын толук мазмунун окугула
КӨҢҮЛ
БУРГАНЫҢЫЗДАР
ҮЧҮН ЧОҢ
РАХМАТ!