Мамлекет жана
билим берүү системасы.
2021-ж. 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы» (11.04.2021- ж.)
III ГЛАВА. КООМДУН РУХАНИЙ-МАДАНИЙ НЕГИЗДЕРИ
22-берене
2. Мамлекет менчиктин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүү нүн бардык түрлөрүн жана формаларын колдойт.
Мамлекет ар бир окуучуга, окутуунун сапатына жана педагогикалык кызматкерлердин статусун жогорулатууга камкордук көрөт.
Мамлекет мамлекеттик билим берүү уюмдарынын ишин каржылайт жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылат.
46-берене
1. Ар бир адам билим алууга укуктуу.
2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.
3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.
4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап орто жалпы билим берүү уюмдарына чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окуп-үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзөт.
47-берене
2. Мамлекет жаштардын билим алуусу жана жумуш менен камсыз болуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, жаштардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана ишмердиктин башка чөйрөлөрүнө эркин катышуусуна багытталган жаштар саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат .
48-берене
1. Ар бир адамга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, инсандыгын өнүктүрүү максатында илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрүнүн, окутуучулуктун жана окуунун эркиндиги кепилденет. Ар бир адам өз кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2022-жылдын 28-ноябрындагы
№ 113, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179
"Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү, максаттары жана милдеттери
2. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.
4-берене.
Билим алуу укугу
1. Кыргыз Республикасында ар бир адам жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.
6-берене.
Билим берүү системасы
Кыргыз Республикасынын билим берүүсү билим алууга конституциялык укукту ишке ашырууга жана сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган уюмдардын, мамлекеттин саясатынын жана чараларынын өз ара аракеттенүүсүнө кепилдик берүүчү бүтүн, комплекстүү интеграцияланган система болуп саналат.
Билим берүү системасына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде билим берүүнү уюштуруу, башкаруу жана каржылоо маселелериндеги мамлекеттик саясат, мамлекеттик билим берүү стандарттары;
2) билим берүү уюмдары;
3) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
4) билим берүү процессинин катышуучулары.
3-глава. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
9-берене.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары
1. Кыргыз Республикасында билим берүү деңгээлдерине төмөнкүдөй мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет: мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү.
7-глава. Мектепке чейинки билим берүү
26-берене.
Мектепке чейинки билим берүү
1. Мектепке чейинки билим берүү мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы маданиятын калыптандырууга, дене бойлук, интеллектуалдык, адеп-ахлактык, эстетикалык жана инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө, дүйнө жөнүндөгү илимий негизделген түшүнүгүн калыптандырууга, ден соолугун сактоого жана чыңдоого, тарбия берүүгө, кам көрүүгө жана аларды мектепке даярдоого багытталган .
8-глава. Жалпы билим берүү
27-берене.
Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү
5. Башталгыч жалпы билим берүү баланын өздүгүн, функционалдык сабаттуулугун, мамлекеттик жана расмий тилдерде баарлашуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
6. Негизги жалпы билим берүү билим алуучунун функционалдык сабаттуулугун, окуу-таанып-билүү ишинде заманбап компетенцияларын, маданий-нарктык багыттарын жана өз алдынча билим алууга умтулуусун калыптандырууга багытталган.
Негизги жалпы билим берүүнүн билим берүү программасы боюнча окууга башталгыч жалпы билим берүүнүн билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар кабыл алынат.
7. Орто жалпы билим берүү жалпы билим берүүнүн жыйынтыктоочу баскычы болуп саналат жана алган көндүмдөрүн күнүмдүк турмушта пайдаланууга, адистештирилген жөндөмдөрүн, билим алуучунун кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө, профилдик билим берүүгө, андан ары кесиптик өсүүсүн жана карьера тандоосун калыптандырууга багытталган.
Көңүл бурганыңыздарга
рахмат