СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас таануу боюнча

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас таануу боюнча»

Манас бөлүмү

  1. Манас эмнеден башталат?

  2. Манас менен анын бабаларынын кандай окшоштугу бар?

  3. Алооке, Молто эмне үчүн Каракан тирүү кезинде кол салган жок?

  4. Каракан каза тапкан соң эмне үчүн ордуна бирөө кан шайланган жок?

  5. Боортокто деген сөздүн маанисин чечмелеп бериңиздер?

  6. Каракандын сегиз уулунун ичинен эрени ким деп айтылат?

  7. Алооке, Молто кыргызга кол салганда аскеринин кубаттуу экенин өзгөчө кандай мисалынан билсек болот?

  8. Алоокенин Молто кандан айырмачылыгы?

  9. Кытай 90 жолу чапса да кыргыздын кырылбагандыгынын сыры эмнеде?

  10. Алоокенин аскеринде жүргөн Дөңгө менен Жолойдун кандай окшоштугу бар?

  11. Алооке, Молто кыргызды чапканда Текечи, Шыгай кантип айдоого кеткен жок?

  12. Манас менен Алоокенин бир окшоштугу?

  13. 95 төөдөгү алтынды Жакып кандайча байкап калат?

  14. 95 төөдөгү алтынды Жакып, Акбалта алганын Алооке кайдан билет?

  15. Алтынды алдың деген Алооке эмне себептен Акбалта баштаган кыргызды кырып жиберген жок? 1

  16. Алооке менен Молто кандын кимисинин даражасы чоң болгон?

  17. Молто кандын мыйзамдуу өлкөнү курганын кантип биле алабыз?

  18. Нескара менен Молто кандын кандай жакындыгы бар?

  19. Шибенин Дөңгө балбаны Алооке кыргызды чапканында кайсы кызматты аркалаган?

  20. Алты-Шаарлыктар Алоокеге айына канча салык төлөгөн?

  21. Кыргыздар Алтайга кайсы мезгилде айдалган?

  22. Жакып, Акбалта Ак-Талаага кайсы учурда жеткен?

  23. 40 үйлүү кыргыз Алтайга барганча ага чейин кыргыздар барды беле?

  24. Ак-Талаа менен Алтай бир жерби?

  25. Ак-Талаага барган кыргыздар кандай жумуш орундарында иштеген?

  26. Алтайга барган кыргыздын бат буттан турушунун сыры эмнеде?

  27. 40 үйлүү кыргыздын башкы девизи кандай болгон?

  28. Дүйнөсү жок 40 үйлүү кыргыз кайсы акчасына аштык алып айдады?

  29. Алтайга барган Жакыптын алгач байыганында алтыны канча там болгон?

  30. Жакып эмне үчүн Бичикке эмес даңзага жазылат?

  31. Жакып эмне үчүн жаш кезинде балага зарлаган эмес?

  32. Жакып балалуу болуу үчүн эмнеге дагы көп аял алган жок?

  33. Жакыптын кайнатасы ким болгон?

  34. Чыйырды улуубу же Бакдөөлөтпү?

  35. Жакып алгач кайсы аялын алган?

  36. Эсенкан эмнеден улам төрө элек баладан кооптонот?

  37. Чылаба кандын шаарын кийин ким борбор кылган?

  38. Салаалык эли жөнүндө эмне билесиз?

  39. Кытайдын сынчылары Манастын кайсы белгисин карап издейт?

  40. Эсенкан Манас менен ымалага келип жашаса болбойт беле?

  41. Манасты издөө үчүн чыккан сынчылар кайсы курактагы балдарды текшерүүгө алат?

  42. Жүзгө чыккан адам төрөлө элек баладан корккон окуя?

  43. Манасты издеген кытай тыңчылары эмне үчүн 12 күн той кылышат?

  44. Кытай тыңчылары эмне үчүн Манасты экинчи ирет издеген жок?

  45. Жарманас эмне себептен кытай зынданында 12 жыл гана жатат?

  46. Дүнүйөсү ашып-ташкан Жакып эмне себептен улам кайгырат?

  47. Жакып ишкерлигин кайсы багытта жүргүзгөн?

  48. Жакып түш көрбөсө уулду болот беле?

  49. Жакыптын кылычы тоону бузган учур?

  50. Жакыптын түшүн Акбалта кантип жоруйт?

  51. Жакып эмне себептен мал соелу деген Чыйырдынын сунушуна макул болбой коет?

  52. Манас кайсы мезгилде төрөлгөн?

  53. Чыйырды эмне себептен шердин этине талгак болот?

  54. 40 үйлүү кыргыз кандай убадага шерттешет?

  55. Чыйырды көз жарганда Жакып эмне себептен жылкыга кетип калат?

  56. Жакып кандай шартта элди сүйүнчүгө барбагыла дейт?

  57. Манастын тулпары Торучаар тууралуу Жакыпка алгач ким айтат?

  58. “Тайгылбаган бийиктен, такыр жери кем эмес, ташта өскөн кийиктен” – сөз эмне жөнүндө болуп жатат?

  59. Манас төрөлгөндө эмне себептен колуна кан, алтын кармай түшкөн?

  60. Билерик канча бир тууган?

  61. Жакып өмүрүндө канча ирет рекорд коюп элди таң калтырат?

  62. Серкесин сетер көтөрүү деген эмне?

  63. Өлгөндүн малын тең бөлгөн журт?

  64. Манас канча жашында басат?

  65. Манастын лидерлик сапаты канча жашында чыга баштаган?

  66. Манастын калкка камкор экенин бала курагындагы кайсы окуядан айтып бересиңер?

  67. Манасты Ошпурга канча жылга багып бер деп берет?

  68. Манас ордону алгач канча жашында ойногон?

  69. Өзү бала болсо да башка балдардын укугун коргоп аларга жардам берген баатыр?

  70. Жылкычы башы Канжаркол эмне себептен 40 балага катылат?

  71. Кочку эмне себептен Манасты кармап кетмекчи болот?

  72. Эсенкан эмне себептен 10 миң колду Алтайга жиберет?

  73. Чыныгы Манас бар экенин уккан Эсенкан эмне себептен Жар Манасты ордон чыгарган эмес?

  74. Манаста канча Керке бар?

  75. Жолой, Дөңгө Алтай тоосунда эмне себептен 3 ай тыным алууга камынат?

  76. Жоо бөрүсү Жолой эмне себептен Манасты түз кирип кармап кеткен жок?

  77. Кытайдын 200 тыңчысы эмне себептен амал колдонот?

  78. Өзү катылган 200 балбанды тындым кылган Манаска Жакып эмне себептен доомат коет?

  79. Жердин бетин майыштырган балбандардын Манаска алы келбегенинин сыры эмнеде?

  80. Акбалта Ала-Тоого көчүү үчүн кандай камылга көрдү эле?

  81. Алтайдагы кыргыз эмне себептен Ала-Тоого көчмөк болушат?

  82. Алтайда турганда улам-улам кол салган кытайга каршы Манас эмне себептен чабуул жасап кол салбайт?

  83. Манасты кармап кетүү үчүн Эсенкан эмне себептен өзү келбейт?

  84. Жолойдун балбандыгынан башка кандай өнөрү болгон?

  85. Шибээ эли жашаган жердин өзгөчөлүгү?

  86. Манас эмне себептен Кошойго барууну чечет?

  87. Кырк чилтен эмне себептен Кызыр жана Шай ата менен биргеликте Манаска чогуу жолугат?

  88. Ошпур калмак болсо да эмне себептен Жакыпка адал кызмат кылат?

  89. Алтайда көр оокаттын азабын тартып жүргөн учурда Акбалта башка баатырлардын кандай турмуш өткөрүп жатканын кайдан билген?

  90. Кыргызда эмне үчүн түш жоруткан?

  91. Кошойдун эң жакын жолдоштору ким болгон?

  92. Жолой баштаган кытайдан мыктылары Кошойду жеңе албаганынын сыры эмнеде?

  93. Кутунай Манасты алгач көргөндө эмне себептен тааныган эмес?

  94. 40 чоро Манаска эмне үчүн ат үстүнөн салам берген эмес?

  95. Манаска кимдер ат үстүнөн салам бере алган?

  96. Кошой Каракан каза тапканда тажиясына катышты беле?

  97. Кошойдун туулган жери?

  98. Алптын уулу Жүгөрү эмне себептен улам каза табат?

  99. Манастын төрөлөрүн Кошой билгенби?

  100. Кошой жаш курагында канча күн тынбай уруша алчу эле?

  101. Кошой куш салганбы?

  102. Кызылбаш журту бир мезгилде эмне себептен башчылары жок калган?

  103. Жанаалы, Карач эмне себептен Кошойго каршы кол салат?

  104. Нескара эмне себептен Билерикти туткундап алат?

  105. Билериктин тулпары?

  106. Азизкандын шаары?

  107. Билерик колго түшкөн жер?

  108. Шибээнин Калдай каны эмне себептен каза табат?

  109. Нескара өмүрүндө андай эрди көргөн эмесмин деп таң калган каарман?

  110. Чоң аяр Эсенканга кандай сунуш айтат?

  111. Эсенкан эмне себептен Жарманас менен Билерикти бир жерге камайт?

  112. Манас эмне себептен карындашын Жарманаска берет?

  113. Кошой Жарманас менен Билерикти кайсы мезгилде бошотуп алат?

  114. Кайыпчал эмне себептен Улакканды аман алып калат?

  115. Сыргак менен Сайкалдын кандай жакындыгы бар?

  116. Ат-Башыдан аттанган Манас Алтайга бара жатканда өргүү алган жер?

  117. Дөөдүр эмне себептен Бээжинге ыйлап барат

  118. Луйпу, Шуйпу булар кимдер?

  119. Эсенкан эмне себептен Чоң Аярдын айтканы чын экен деп таң калат?

  120. 80 күндөп жаан жаайбы?

  121. Кытайдын бичиги кайда сакталган?

  122. Бичик эмне себептен 60 барактан турат?

  123. Душманы куда болуп калган учур?

  124. Жолой кайсы жерде төрөлгөн?

  125. Ачбуудандын бир айыбы же артыкчылыгы?

  126. Жолой эмне себептен Жолой атка конгон?

  127. Кутубийдин тулпары?

  128. Каражой эмне себептен казыналык мерген болгон?

  129. Кутубий Телкызылга кайсы жерден ээ болот?

  130. Акбалтанын тулпары?

  131. Жакып эмне себептен Кутубийге жардам бербей коет?

  132. Дидар сөзүн чечмелеп берсеңиздер?

  133. Манастын тушунда Бороончу болгонбу?

  134. Нескара эмне себептен Манастан 3 күн тыным сурайт?

  135. Кошой Жарманас менен Билерикти кантип оңой эле куткарып кетет?

  136. Жарманасты бошотууда Кошой кимдер менен барат?

  137. Кошой эмне себептен кымбат тулпарларды элге берип коет?

  138. Каражойдун тулпары?

  139. Манас менен Орго качан беттешет?

  140. Каражой эмне себептен казаттын башында эле Торучаарды аткан жок?

  141. Каражой эмне себептен Манасты атып салган эмес?

  142. Каражой эмне себептен өзү билип Торучаарды аткан эмес?

  143. Жолой эмне себептен Манаска миң төөдө чайын алдырган?

  144. Айкожо эмне себептен Айбанбозду Манаска берет?

  145. Айкожо Айбанбозду кайсы жерден алдырган?

  146. Кудайназар, Кутунай эмне себептен Кошой менен Алтайдан кайра Ат-Башыга келбейт?

  147. Жоорукер минген Жортуулчу эмне себептен Манас менен бирге Ала-Тоого келбейт?

  148. Манас кайсы айда жарык дүйнөгө келген?

  149. Эсенкан эмне себептен жаныбардан кароол койдурат?

  150. Коңурбайдын атын ким койгон?

  151. Каёбоз эмне себептен кичи мекенинде кызмат кылбайт?

  152. Маамытбек кайсы жерде төрөлгөн?

  153. Жаш кезинде эле Эсенкандан даражалуу болгон ким?

  154. Олжого келген атты өз аты кылып каттоо үчүн кандай ыкманы колдонгон?

  155. Алтайдан Сары-Өзөнгө келген Манас канча күн тыным алат?

  156. Кырк үйлүү кыргыз Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө кайсы жерлерди басып өткөн?

  157. Манас эмне себептен Таласты ордо күтүп калган?

  158. Манас эмне себептен ээн жаткан Сары-Өзөндү жердеп калган эмес?

  159. Акбалта эмне себептен Сары-Колго кетмек болот?

  160. Акбалта эмне себептен Кутубийди ала кетет?

  161. Мажилис деген сөздү чечмелеп берсеңиздер?

  162. Жакып эмне себептен уулу Манаска каршы чыгат?

  163. Манас эмне себептен Жакыпка таарынып кетет?

  164. Атасына таарынган Манас эмне себептен Анжыян тарапка барат?

  165. Манас Анжыянда аштыктын кандай түрүн айдаган?

  166. Баабедин жердин атыбы же эрдин атыбы?

  167. Бабадыйкан эмне себептен аштыктын жарымын алган эмес?

  168. Карачанын эркек уулу болгонбу?

  169. Карача эмне себептен Кула тайды сатып жиберген эмес?

  170. Карача Кула тайды өзүнө арнап минип алса эмне болмок?

  171. Сүт кымыран деген сөздү чечмелеп берсеңиздер?

  172. Айкырынан жамынуу дегенди түшүндүрүп берсеңиздер?

  173. Карачанын эли аштык таппай каатчылыкка батканда кыргыздар эмнеге каатчылыкка туш келген эмес?

  174. Карача Кула тайга кайсы жерден ээ болгон?

  175. Карача эмне себептен Аккуланы өзгөчө багат?

  176. Аккула канча жашка толгондо Манас ээ болот?

  177. Манас эмне үчүн атасынын туугандарын издейт?

  178. Манастын кылычы эмне себептен асмандан түшкөн?

  179. Манас асмандан түшкөн алты курчтун ичинен өзүнүн кылычын кантип тааныган?

  180. Алты курчту санап берсеңер?

  181. Асмандан түшкөн кылыч кандай адамга карата берилет?

  182. Олуя-Ата эмне себептен мындай аталып калган?

  183. Бакай Манасты канча жыл издейт?

  184. Бакай эмне себептен Желпиниште төрөлгөн?

  185. Бакай 17 жашка чыкканча эмне себептен Манасты издеген эмес?

  186. Капырдын колунда каза тапса аты калаага коюлган каарман?

  187. Бакай бала курагында жетим өскөндүктөн кандай шартта баш калкалаган?

  188. Бакай эмне себептен Манасты Бээжинге издеп жети жолу барган?

  189. Бакай Манасты Мысыр менен Багдатткан канча жыл издейт?

  190. Капилеттин сөз тапкан, караңгыдан көз тапкан каарман?

  191. Аккелтени эмне үчүн жандуу мылтык деп коет?

  192. Бакай эмне себептен Аккелтени уурдатып жиберет?

  193. Аккелтенин Аккелтелигин аныктаган эмне белгиси бар?

  194. Бакай катып кеткен Аккелтени 60 жер ченчи кайдан билген?

  195. Алтымыш орус жер ченчи Аккелтени уурдап кеткенин Бакай кантип билген?

  196. Керке кан эмне себептен Аккелтени берген жок?

  197. Ажыбай Карткүрөңгө кантип ээ болгон?

  198. Ажыбай атасы менен эмне себептен таарынышып кеткен?

  199. Ажыбай эмне себептен Манаска келип кошулат?

  200. Жоого кирсе бүлдүргүч, өрүүдө жатса күлдүргүч каарман?

  201. Манас, Бакай, Ажыбай эмне үчүн антташат?

  202. Ажыбай эмне себептен оозу түктүү элге элчиликке барат

  203. Керке кан Аккелтенин ордуна башка мылтык берип алдап койсо эмне болмок?

  204. Керке Аккелтени эмне себептен 6 айдан кийин анан берели дейт?

  205. Керке эмне себептен Аккелтени казынага катып койбой жер ченчиге берип качырат?

  206. Шууту эмне себептен Манаска чоро болуп калат?

  207. Эмне үчүн Шууту кийген калпак үзүктөй калпак деп сыпатталат?

  208. Ырчыуул кайсы элден болгон?

  209. Шууту кайсы элден болгон?

  210. Акжайнак кимдин уулу?

  211. Манастын Алоокеге казат ачышынын себеби эмнеде?

  212. Алоокенин кан ордосу жайгашкан жер?

  213. Бир тайбаста канча жолборс күчү бар?

  214. Манастын Алоокеге казат ачышына ким себепкер болгон?

  215. Манастын келээрин Алооке кайдан билет?

  216. Маргалаңда бир мезгилде эмне себептен кедейдин бардыгы байып кеткен?

  217. Алооке Каканга качканда кайсы ашуу менен ашып кеткен?

  218. Алоокенин Бээжинге чейин кире качпай өргүү алганына эмне себеп болду?

  219. Алоокенин качканын Чалыбай кимден угат?

  220. Акчык тоосу тууралуу эмне айта аласыздар?

  221. Алооке Маргалаң, Анжыянда канча жыл бийлик курган?

  222. Алооке Манастан качпай кечирим сурап жашаса болот беле?

  223. Алоокенин көп балалуу болгонунун сыры эмнеде?

  224. Манастын тушунда кандай тамактын түрлөрүн жасаган?

  225. Уйкуда жаткан Алоокеге кабарчысы кайсы жерден Манасты көргөнүн айтып кабар берет?

  226. Кутка кан деген ким болгон?

  227. 90 алп менен 80 алп эмне себептен Чоюн алпты жеңе алган эмес?

  228. Бакай эмне себептен 90 алпка жардам берет?

  229. Кум-Арыктан качкан Алоокенин жолун тозгон чоролор?

  230. Көзү тирүүсүндө жер-сууга аты калган чоролор?

  231. Алоокенин чай алуучу жери?

  232. Ажыдаардын окуусу кайсы жерде жайгашкан?

  233. Туугандашалы деген Алоокенин сунушуна Манас эмне себептен көнгөн жок?

  234. Тазбайматтын атасы?

  235. Манас кимди пир тутчу эле?

  236. Алоокени жеңген соң Манас эмне себептен бүткүл кандарды чогултат?

  237. 12 кан мусулман эмне себептен Манасты кан шайлайт?

  238. Килемдин өзгөчө түрүн билесизби?

  239. Шоорук кайсы жерди байырлаган?

  240. Катыны адам, эркеги ит бул кайсы эл?

  241. Шоорукка бара жаткан Манас кайсы жерге өргүү алат?

  242. Кайып-Булак тууралуу эмнелерди билесиз?

  243. Кырк чоронун бири Төлөктүн негизги кызматы?

  244. Бакайдын айтуусу боюнча: “Жорго качыр, кызыл кын, узун чокой, жаргак шым бели бош журт”, - бул кайсы эл?

  245. Ажыбайдын элчи катары дипломатиялык сапары кайсы элге болгон?

  246. Кыргызга кыргын кылган Шоорукка Манас эмне үчүн элчи салып кенендик кылат?

  247. Шоорук эмне себептен Манаска урушпай эле багынып берет?

  248. Урааны жоомарт тукуму болгон эл?

  249. Түркмөн элинин ичиндеги негизги чоң уруусу?

  250. Карач эмне себептен кызын Бакайга берген жок

  251. Түркмөн эли ичинен канча уруудан турат?

  252. Карач эмне себептен жуучу түшүп келген кандарга кызын берген эмес?

  253. Жанаалы, Карачтын салбуурундаган жери?

  254. Карач эмне себептен кызын Бакай барса бербей Манас барса берип коет?

  255. Бакай эмне себептен Наркызылды алууга ашыгат?

  256. Карыкан эмне себептен Коңурбайды Манаска каршы жибербей коет?

  257. “Тил уккан киши кан болоор, тил укпаган мал болоор” – деген сөздү Карыкан кимге карата жана эмне себептен айтат?

  258. Акбалта эмне себептен 60 аял алса да уулду боло алган жок?

  259. Акбалта кайсы мезгилде кайыптан уул таап алат?

  260. Акбалта таап алган баласын эмне үчүн эч адамга билгизбей өзүнүн уулу кылат?

  261. Чубактын апасы?

  262. Акбалта эмне себептен көп аял алган?

  263. Чубактын таятасы?

  264. Акбалта Маркатайды алганына канча жыл болгон соң гана уулду болот?

  265. Акбалта менен Кыяздын жашоосундагы бир окшоштук?

  266. Акбалта Чубакка билим берүүдө кандай аракеттерди көргөн?

  267. Акбалта эмне үчүн уулу Чубак сан дүйнөсүн сапырып, малын чачса да урушкан жок?

  268. Чубак эмне себептен атасына таарынып кетип калат?

  269. Олуят чал эмне себептен Чубакка ат тартуулайт?

  270. Чубак минген Көгала кайсы тулпардан тараган?

  271. Көгала тулпардын Чубактыкы экенин кантип далилдейсиңер?

  272. Сарыбай эмне себептен Көгаланы алууга ашыгат?

  273. Чубакты эзели көрбөгөн Сарыбай эмне себептен душман көргөн?

  274. Белестен чыккан 5 киши эмне себептен Чубакка ок өтпөс тон берет?

  275. Чубак эмне себептен Букарды камайт?

  276. Темиркан Букарды камаган Чубакка каршы эмне себептен кызы Каныкейди жиберет?

  277. Кара сурдун сулуусу, мусулмандын нурдуусу, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын паашасы атыккан аял?

  278. Каныкей Букардагы өз сарайында канча тулпарды таптап жүргөн?

  279. Каныкейдин Букардагы кезинде минген тулпары?

  280. Каныкей эмне себептен согуш сырларын үйрөнүүгө киришкен?

  281. Букарды камаган Чубак эмне себептен аягына чыгып калаага ээлик кылбайт?

  282. Чубак чоро болоордо Манас кандай түш көрөт?

  283. Чубак эмне себептен Каныкей менен беттешкенде качып кетет?

  284. Бакай Каныкей тууралуу кимден уккан?

  285. Отко салса күл болбос, жоого түшсө күң болбос каарман?

  286. Манас эмне себептен Каныкейди алууга аргасыз болот?

  287. Манас Каныкейди албаса эмне болмок?

  288. Чубак эмне себептен Кашкарга 9 сапар кол салат?

  289. Манас Желмаянга качан ээ болот?

  290. Желмаян канча асыйында Манаска келет?

  291. Желмаяндын башка төөлөрдөн өзгөчөлөнгөн бир белгиси?

  292. Манаска Желмаянды ким тартуулайт?

  293. Шай атанын тулпары?

  294. Манас Кумайыкка кантип ээ болот?

  295. Кумайыкка Кумайык экен деп ким ат койгон?

  296. Кумайык кандай шартта кайып болуп кетмек?

  297. Акаяр эмне себептен Манаска чоро болуп калат?

  298. Жакып эмне себептен Темирканга куда түшүп барууга каршы болуп коет?

  299. Манас Каныкейди алаарда Жакып канча уулду болуп калган?

  300. Жуучу түшкөн Бакайга Темиркан кандай жооп берет?

  301. Манас Каныкейге күйөөлөп барып эмне үчүн дароо алып кеткен жок?

  302. Каныкей эмне себептен Кумайыкты багып берүүгө макул болот?

  303. Жети кандын чатагы эмне себептен чыгат?

  304. Жети кандын чатагы кайсы жерде ачыкка чыгат?

  305. Кытай, калмак Көкөтөйдүн ашында эмне себептен чуу чыгарат?

  306. Жети кан Манастын алдына барганда кандай деп амал табат?

  307. Төштүк эмне себептен тоюна Манасты чакырган жок?

  308. Манастын ашы эмне себептен Көкөтөйдүн ашындай болгон жок?

  309. Кара үңкүрдү үй эткен, кара токой мал эткен каарман?

  310. Белине токоч байлаган, оозун ачып асманга, керели-кечке кайлаган эл?

  311. Тогуз уулдун кенжеси, кудайдын сүйгөн пендеси болгон каарман?

  312. Таарусун таштай актаган, катынын кыздай мактаган эл?

  313. Букарай Шарып ары дагы, Бузулган Чамбыл бери жагы Орто-Чаткал жердеген баатыр?

  314. Эмне себептен Алманбетти жол башына шайлаган?

  315. Кол башына дайындалган Бакай эмне себептен кандыкты берип коет?

  316. Каканга барууга кайгырып жаткан калың кол эмне себептен кайра барууга камданышат?

  317. Алманбет чалгынга эмне үчүн Карткүрөңдү алат?

  318. Алманбет эмне себептен чалгынга Сыргакты жолдоштукка алат?

  319. Алманбет эмне себептен Чубакты чалгынга жолдоштукка албайт?

  320. Алманбет Канышайдын ордосун кантип сыр билгизбей кирип барат?

  321. Алманбет менен Чубактын чатагы эмнеден улам келип чыгат?

  322. Алманбет эмне себептен Тал-Чокуга чейин кытайдын жайын толук айткан эмес?

  323. Тал-Чокудан Таласты караган Манас кандай абалда калат?

  324. Азизкан менен Акбалтанын кандай окшоштугу бар?

  325. Азизкан эмне себептен Коңурбайдан жерин кайра алган эмес?

  326. Алтынай канча жашында Алманбетти төрөгөн?

  327. Алманбеттин таятасы?

  328. Соорондүк менен Темиркандын окшоштугу?

  329. Коңурбайдын Азизканга тийгизген жакшылыгы?

  330. Азизкан эмне себептен уулуна өзү ат койгон эмес?

  331. Азизкан кандай максатта Алманбетти окууга жиберет?

  332. Алманбет канча жашында окууга кирет?

  333. Кожожаш канча жыл кесик оору менен ооруган?

  334. Алманбет менен Кожожаштын билиминде эмне айырма бар?

  335. Алманбет Эсенканга эмне себептен кандык сурап барган?

  336. Алманбет эмне себептен Коңурбайды алты жолу көмө коет?

  337. Жалгыз көз элинин каны?

  338. Калдайдын каны?

  339. Бурулча Алманбет нурдун уулу экенин кайдан билген?

  340. Алманбет Түп Бээжинге барган соң канча күндөн кийин энесинин катын алат?

  341. Алтынай эмне себептен Алманбетке каз жазат?

  342. Алманбет 40 күнчүлүк жолдогу шаарына түш оогондо чыгып кечке маал кантип жеткен?

  343. Алманбет эмне себептен Мажикти тындым кылмак болгон?

  344. Алманбет 40 чоросуна аргымакты кайдан алып келип мингизет?

  345. Алманбет тору бээни кайсы жерден кармап келет?

  346. Азизкан эмне себептен Алманбеттин сунушуна көнгөн жок?

  347. Алтынай эмне себептен Алгараны көмө сайган жок?

  348. Алтынайды ким атып өлтүрөт?

  349. Алманбет 40 чоросунан кантип айрылган?

  350. Алманбет энеси менен чоролорун кайсы көмгөн?

  351. Улуу Кытай дубалы тууралуу Манаста кандай айтылат?

  352. Алманбет казакты тапканча алгач кайсы элге кезиккен?

  353. Алманбет Көкчөдө канча жыл турган?

  354. Алманбеттин Манаска келишине Каныкей кандай салым кошкон?

  355. Алманбет жай ташка качан ээ болгон?

  356. Алманбет Бээжинден эмне себептен кеткен?

  357. Алманбет эмне себептен Көкчөгө келип конуп калат?

  358. Алманбеттин Көкчөдөн кетүүсүнө эмне себеп болгон?

  359. Алманбет эмне себептен убаданы бузган Көкчөнүн катыгын берген жок?

  360. Алманбет Көкчөдөн чыккан соң кайда барат?

  361. Салдын(кеме) ээси шайык эмне себептен Алманбет алтын берсе да Сараланы кемеге салган жок?

  362. Алманбет Мекеге барган соң кайра эмне себеп менен артка кайтат?

  363. Мажик кимге үйлөнгөн?

  364. Алманбеттин Манаска келээрин эн алгач ким билген?

  365. Эсенкан эмне себептен Манаска Бээжиндин кандыгын берип коет?

  366. Манас Бээжинди алган соң эмне себептен Ала-Тоого кетпей калып калат?

  367. Алманбет тыргоотко барганда шек билдирбеш үчүн кандай амал колдонот?

  368. Алманбет Коңурбайдын кароолго кийген тонун кайсы жерден табат?

  369. Коңурбай Бээжинге кеткенине канча күн болгон сон Алманбет Сыргак менен чалгын чалат?

  370. Эшек кулак балбан Канышайга канча суу ташып турган?

  371. Канышайга суу ташыган балбаны сууну канча убакта алып келип турган?

  372. Музкиндик, Бозкертик эмне себептен Алманбетке алдырып коет?

  373. Алманбет эмне себептен Канышайдын ордосуна бүткүл кандары майрамдаган маалында барып калды?

  374. Алманбеттин чынары бүчүр байлаганы эмнени билдирет?

  375. Бурулча түшүн эмне себептен сыбызгы менен айткан?

  376. Алманбет Бурулчаны эмне себептен чалгын чалганда дароо ала кеткен эмес?

  377. Алманбет, Сыргак эмне себептен Кыр-Кайыңдан жылкы тиет?

  378. Кыр-Кайыңдагы 40 жылкычынын башчысы ким болгон?

  379. Сыргактан жара жеген Карагул кайсы жерден качып кутулат?

  380. Сыргак эмне себептен ооруктагы аскерге Бээжинди алдык деп айтып барат?

  381. Тал-Чокуда куугунга каршы кол баштаган Манас эмне себептен Карткүрөңдү минген жок?

  382. Ит-Өлбөстүн Кызыл-Кум канча күндүк чөл болгон?

  383. Коңурбай Айбанбозду көрүп кандай сын берет?

  384. Жараланган Сыргакты Бакай кайсы жерден көрөт?

  385. Музбурчак менен Көрөгөч кандай амал колдонот?

  386. Кыпчак Шыгайдын тулпары?

  387. Кичи Казат менен Чоң Казаттын айырмасы эмнеде?

  388. Чоң Аярдын Алманбетти жеңе албаганынын бир сыры?

  389. Ыламаны жайлаган Алманбет кандай амал колдонот?

  390. Ажгу менен Жажожо булар кимдер?

  391. Байчоронун тулпары?

  392. Тикен алп менен Агаяр Алманбетке эмне себептен алдырып коет?

  393. Жамгырчы эмне себептен жемеге калат?

  394. Эсенкан баштаган кытайдын мыктылары эмне себептен Бээжинди Манаска берүүгө аргасыз болот?

  395. Бийөнгө деген эмне?

  396. Музбурчак, Көкчө кайсы жерде каза тапкан?

  397. Сыргактын сөөгү коюлган жер?

  398. Манасты таң калтырган бала?

  399. Манас каза тапкан жер?

  400. Сайкалдын кайсы жерге коюлган?

  401. Көкбөрү түркмөн элин канча сапар чаап алган?

  402. Коёнаалынын каза табышына эмне себеп болгон?

  403. Манастын Коёнаалыга берген белеги?

  404. Коёнаалы кимдин колунан каза табат?

  405. Карачанын үйүндө бир учурда эки жоготуу болгон учур?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!