Тема: Математика боюнча окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин текшерүүнүн, баалоонун формалары жана методдору
План:
Текшерүү жана анын жыйынтыгы
Текшерүүнүн түрлөрү, формалары жана ыкмалары
Окуучулардын билимин баалоо. Баа жана белгилөө
Баалоонун ыкмалары
Текшерүү иштерди, өз алдынча иштерди жана оозеки жоопторду баалоонун чен-өлчөмдөрү
1. Текшерүү жана анын жыйынтыгы
Окутуу процессинин жыйынтыгынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, кабыл алынган билимдин, билгичтиктин жана көндүмдөрдүн окутуунун максатын канааттандырышы жана бекемдиги дидактикалык процесстин негизги закон ченемдүүлүгү болот. Окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн аныктоо жана алардын деңгээлин баалоо текшерүү деп аталат.
Текшерүүнүн негизги дидактикалык максаты окутуучу менен окуучунун ортосундагы тескери байланышты түзүү, окуучулардын билиминдеги жетишкен жана жетишпеген жактарын аныктоо аркылуу аларды окутуу процессин башкаруу (билим берүү, өнүктүрүү жана тарбиялоо). Окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерүү окуу процессинин эң негизги курамдык бөлүгү болуп саналат.
Текшерүүнүн маңызы - тапшырмалардын берилген талабына ылайык окуу иштеринин аткарылышын аныктап, салыштырып жыйынтыгын чыгаруу. Окуучунун алган билим, билгичтиктери, алардын аткарган иштери жана өз алдынча иши менен бааланат. Окуучунун иш аракети төмөндөгүдөй үч түрдүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен чыгарылат:
1. Тышкы (окуучулардын иш аракети мугалим тарабынан текшерилет);
2. Өз ара (окуучунун иш аракети башка окуучу аркылуу текшерилет);
3. Өзүн текшерүү (окуучулар өзүн-өзү текшерүү менен өзүн иштөөгө түрткү берет).
2. Текшерүүнүн түрлөрү, формалары жана ыкмалары
Текшерүүнүн максаттарына карата текшерүү ар кандай түрлөргө жана формаларга бөлүнөт.
Мисалы: 1. Эгерде текшерүү процессинде өзгөчө көңүлдү текшерилүүчү субьектке бурсак анда жыйынтыктын аягына чейин кадамдап көзөмөлдөө жүргүзүлөт. Кадамдуу көзөмөлдөөдө ар бир окуучуга берилген иштерин аткаруусунун ар бир кадамына көз салуу. Кадамдуу көзөмөлдөөдө окуучу өз ишин так туура аткарат.
2. Билим, билгичтиктерин текшерүүнүн окутуу процессиндеги ордуна карата: учурдагы ( окуу процессинде иш жүзүнө ашырылат) жана тематикалык (кандайдыр бир теманы окуучулардын өздөштүрүүсүн жыйынтыктоочу текшерүү) болуп бөлүнөт.
Текшерүүнүн мазмуну, милдети, берилүү көлөмү жана максаты, анын кайсыл убакта жүргүзүлгөндүгүнө карата болот. Текшерүүнүн төмөндөгүдөй түрлөрү орун алат: алдын-ала текшерүү, күнүмдүк текшерүү, чейректик текшерүү, жылдык текшерүү жана жыйынтыктоочу текшерүү.
Окуучулардын билим, билгичтиктерин текшерүүдө ага туура келүүчү жалпы жана жекече формаларын бөлүп көрсөтсө болот. Текшерүүнүн жалпы формаларына жалпы суроолор, зачет, текшерүү иштери, сочинение, диктанттар, экзамен кирет. Ал эми жекече текшерүүнүн формасында, жекече суроо менен жыйынтыктар чыгарылат.
Негизинен көнүгүүлөрдү аткаруунун деңгээли боюнча да жыйынтык чыгарууга болот .
Окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерүүнүн оозеки, жазуу жүзүндөгү, тест, компьютердик, практикалык жана өзүн-өзү текшерүү ыкмалары бар.
Оозеки текшерүү окуучуларга суроолорду берүү ага жооп алуу. Ал жеке, фронталдык жана аралаш формасында жүргүзүлөт. Ар бир окуучунун билимин аныктоо үчүн жекече оозеки сурооолор берилип, аларга жооп алынат. Окуучулардын оозеки көнүгүүлөргө жооп берген жообун текшерүүдө окуучунун окууга болгон кызыгуусу билинет. Суроолордун берилиш мазмуну төмөндөгүдөй түргө бөлүнөт: суроолор жана көнүгүүлөр. Фронталдык оозеки текшерүүдө өтүлгөн материалды кыска убакытта текшерүү үчүн класстагы окуучулардын бардыгына алдын-ала даярдалган оозеки суроолор бир убакытта берилип, жооптордон кийин жыйынтыкталып турат. Бул жалпы класстын ишмердүүлүгүн жогорулатат. Бирок бул учурда даярдыгы жакшы окуучулар гана жооп берип, ойлоосу жай же начар окуган окуучулар жоопторду угуу менен чектелишет. Ошондуктан оозеки текшерилүүчү суроолорду таблицалар, кодоскоптор же компьютердин жардамы аркылуу көрсөтүп берүүнү караса болот. Мында окуучулар оюн топтоп айтууга мүмкүнчүлүк алышат.
Жазуу-графикалык текшерүү. Бул текшерүүдө окуу материалдарынын айрым бөлүктөрү боюнча окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрү текшерилет. Ошондой эле окуу материалын системага салуу жана кайталоо максаттары каралат. Мында мугалим аз эле убакыттын ичинде класстагы бардык окуучуларды текшерип чыга алат. Жазуу жүзүндө текшерүү класстан же үйдөн иштелиши мүмкүн. Класста өткөрүлгөн текшерүү иштер сабактын айрым бөлүгүндө же атайын сабакта белгиленген убакытта өткөрүлөт. Текшерүү иштери жалпы окуучулар үчүн варианттар менен бирдей типтеги же ар бир окуучуга деңгээлдеп жекече көнүгүүлөр карточкалар аркылуу берилет. Жазуу жүзүндөгү текшерүүнү жүргүзүү төмөндөгү этаптардан турат: текшерүү ишине даярдоо, аны өткөрүү, текшерүү, баалоо жана анализдөө. Анализдөөдө ар окуучунун кетирген каталары анализденип катанын үстүнөн иштөө жүргүзүлөт. Жазуу - графикалык текшерүүнү жүргүзүүдө мугалимдер үчүн окуу- методикалык колдонмолор, дидактикалык материалдар, текшерүү иштердин үлгүлөрү берилген журналдар чоң жардам берет. Окуучулардын жазуу иштеринин аткарылышын текшерүүдө анын тууралыгына, негизделишине, тактыгына, толуктугуна, чийме, графиктеринин туура чийилишине, жооптордун текшерилишине, берилген шарттардын аткарылышына, сүйлөмдөрдүн математика тилинде туура жазылышына жана талапка жооп берилгендей толтурулушуна, тазалыгына көңүл буруу керек.
V класстан баштап ар бир окуу жылында бир класста 12 ден 24 кө чейин жазуу-графикалык текшерүү иштери жүргүзүлөт. Текшерүү иштердин жыйынтыктары мектепте окуу жылынын аягына чейин сакталат. Текшерүү иштердин жыйынтыктары боюнча жасалган анализдер окуучулардын билим, билгичтиктерин жана көндүмдөрүнүн деңгээлдерин аныктоо жана жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Ошондой эле мектептеги окутууну жакшыртуу үчүн педагогикалык керектүү маалымат болуп саналат.
Тест аркылуу текшерүү. Тест эки түргө бөлүнөт. Тесттин биринчи түрү керектүү материалды эске түшүрүп аны толуктоого берилет. Экинчи түрү жоопторду тандоого карата берилет. Тесттин биринчи түрүндө берилген сүйлөмдөрдөгү же мисал жана маселелердеги калтырылган жерлерин толуктоо. Бул жумушчу дептерлерди түзүүдө пайдаланылат. Альтернативдик тест - бул берилген тапшырмалардагы эки жооптун бирөөнү тандоо. Мисалы: Төрт бурчтуктун диагоналдары бири-бирине перпендикуляр – демек, бул ромб боло алабы? Жооп: ооба, жок.
Компьютер аркылуу текшерүү. Окуу процессинин жыйынтыгын объективдүү жана тез аныктоо максатында компьютер аркылуу текшерүү жүргүзүлөт. Компьютер аркылуу текшерүүдө окутуучулук, текшерүүчүлүк жана өнүктүрүүчүлүк функцияларын карасак болот. Компьютер аркылуу текшерүүдө тесттерди пайдаланса ыңгайлуу болот.
Практикалык текшерүү. Мында окуучулардын практика- лык иштерди жүргүзүүдө ар кандай таблицаларды, формулаларды, эсептөө каражаттарын, ченөө куралдарын ж.б. колдоно билүү боюнча билим жана билгичтиктери текшерилет. Мында жалаң эле куралдар менен пайдалануу билгичтиктери тешерилбестен, практикалык аткарылган жумуштардын жыйынтыгы, аткарылуу тартиби текшерилет. Ошондуктан, окуучуларга практикалык жумуштарды аткаруунун алгоритми, схемасы алдын-ала берилет. V класстан баштап ар бир окуу жылында бир класста 10 дон практикалык текшерүү иштери жүргүзүлөт.
Окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн текшерүүнүн ар кандай методдору мугалим тарабынан сабактын максаттарына жана милдеттерине жараша айкалыштырып пайдаланууга тийиш.Текшерүүнүн каражаттары болуп, окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн түзүлгөн суроолор, маселелер, тапшырмалар жана тесттер болуп саналат. Текшерүүдө ар кандай техникалык каражаттар, компьютерлер пайдаланылат жана текшерүүнүн бардык функциялары аткарылат.
1. Окуучулардын билимин баалоо. Баа жана белгилөө
Баалоо окутууда окуучулардын окуу тапшырмаларын кабыл алуусу, билимдерди топтоосу, билгендерин кайра түшүндүрүп айта алуусу жана практикада колдонуу процесси. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоону төмөнкү максаттарда жүргүзөбүз:
окуучунун билим, билгичтиктеринин деңгээлин жана сапатын аныктоо;
окуучулардын окуу программасын кандай өздөштүргөнүн билүү;
окуучуларга кайтарым байланыш түзүүгө шарт түзүү;
мугалимдин математика боюнча окутуу ыкмаларынын баалоо;
чейректик, жылдык жыйынтыктарды чыгаруу;
окуучуларды окууга кызыктыруу;
окуучуга өз ийгилиги жөнүндө маалымат берип туруу.
Математиканы окутууда окуучулардын тиешелүү окуу материалын өздөштүрүүсү жана төмөнкүлөр бааланат:
сабакка тиешелүү терминдерди жана белгилерди туура колдонуу;
чиймелерди, графиктерди туура сызуу;
теорияны практикалык тапшырмаларды аткарууда пайдалана алуу;
математикалык сүйлөмдөрдү так айтуу;
далилдөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
математикалык маселени чыгаруунун кадамдарын негиздөө жана логикалык талкуу жүргүзүү;
математикалык түшүнүктөрдүн айырмачылыктарын жана окшош жактарын табуу;
математикалык маселелерди чыгаруунун ыңгайлуу жолун тандоо.
Азыркы мезгилдеги сабактын талабына ылайык ар бир мугалим баалоо ишмердүүлүгүндө баалоонун төмөнкүдөй үч түрүн колдоно билүүсү керек: диагноздоочу, калыптандыруучу (формативдик) жана жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо.
Диагноздоочу баалоо – бул окуучунун билимдеринин, бил- гичтиктеринин, көндүмдөрүнүн жана билимдерин колдонуусунун калыптануу деңгээлин аныктоо. Диагноздоочу баалоону окуу жылынын башында же теманы алгач үйрөтүүдө, бөлүмдүн башындагы биринчи сабакта жүргүзүлөт. Диагноздоочу баалоонун максаты – окула турган теманын же бөлүмдүн башталышында окуучулардын окуп-үйрөнүү максатына канчалык жакын же алыс экендигин аныктап, тактап алуу.
Калыптандыруучу (формативдик) баалоо – бул окуучулардын билимдеринин деңгээлин, өнүгүүсүн өлчөө максатында колдонулат, б.а. окуп-үйрөнүү процессинде же окуунун алгачкы мезгилинде өзгөртүү/толуктоо киргизүү үчүн окуучунун өсүшүн баалоо. Калыптандыруучу баалоо окуучулардын жекече жетишкендиктери башка окуучулардын жетишкендиктерине салыштырбастан окуучунун ишмердүүлүгү бааланат. Окуучулардын текшерүү иштерин текшерүүдө калыптандыруучу баалоонун принциптерин колдонуп, баа койбостон окуучулар менен кайтарым байланыш түзүп, аткарган тапшырмалары боюнча аргументтүү талдоо жүргүзүү керек. Баалоону инсанга багытталган окутуу усулдары менен айкалыштыруу, окуучулардын таанып-билүү ишмер дүүлүгүнө жана мугалимдердин ишмердүүлүктөрүнө да оң таасирин тийгизет.
Калыптандыруучу (формативдик) баалоо, билим берүүнү жакшыртууну төрт негизги компонентинен көз каранды: 1) окуучу менен эффективдүү кайтарым байланышты түзө алуу; 2) таанып- билүү процессине окуучулардын өз алдынча активдүү катышуусу;
3) окутуунун методдорунун жана каражаттарынын пландуу колдонулушу; 4) баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен окутуунун технологиясын жакшыртуу.
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо – белгилүү убакыт аралыгында окутуунун ар бир баскычы үчүн белгиленген жыйынтыктарга окуучулардын билимдерди өздөштүрүү деңгээлин, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилөө, алынган натыйжалардын стандарттык талаптарга шайкештигин аныктоо. Ал утурумдук, ортосунда жана жыйынтык баалоодон түзүлөт.
Жыйынтыктоочу баалоодо оозеки сурамжылоонун көлөмү азайып, ал эми жазуу иштеринин көлөмү көбөйөт. Баалоонун бул түрү ар түрдүү текшерүү иштеринин (тест, текшерүү иши, лабораториялык, изилдөө иши, долбоор ж.б.) жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Текшерүү иштерине коюлуп жүргөн баалар жыйынтыктоочу бааны аныктоо үчүн негиз болуп саналат. Мугалим окуучулардын компетенттүүлүгүнө баа берүүдө айрыкча практикалык иштерди, портфолиону колдонот. Жыйынтыктоочу (чейректик, жылдык) жалпы экзамендик иштерди жүргүзүү үчүн атайын түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштаган суроолор пайдаланылат. Ошондой эле мугалимдер өздөрүнүн жеке тажрыйбасына таянып, кошумча булактардан пайдалануу менен өз алдынча тапшырмаларды жана суроолорду даярдай алат. Жыйынтык баалоо учурдагы нормага жана баалоонун критерийлерине ылайык, план боюнча жүргүзүлөт (чейрек, жарым жылдык, жылдык).
Окуучунун окуу жетишкендиктерин баалоонун критерий- леринин негизи болуп окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын жыйынтыктарынын максаты эсептелинет. Мындай баалоонун критерийлерин колдонуу бардык окуу процессинин катышуучуларына баалоону ачык жана түшүнүктүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул критерийлер объективдүү баалоону камсыздайт. Критерийлер боюнча баалоодо мугалим окуучуларга алдын ала баалоонун критерийлерин тааныштырып коюусу керек. Мында окуучулар ар бир ишке түшүнүү менен мамиле кылып, алардын жетишкендиктерге ээ болууларына мүмкүндүк түзүлөт.
Математика боюнча баалоонун критерийлерине мисалдар:
амалдардын тартиби боюнча аткарылышы;
амалдардын туура жана таза аткарылышы;
амалдарды аткаруунун рационалдуу жолун тандап алуу;
математикалык терминдерди, символдорду, формулаларды туура колдонуусу;
геометриялык түзүүлөрдү аткарууда тиешелүү ченөөлөрдү жүргүзүү, чиймелерди так чийүү;
тапшырманын жообуна түшүндүрмө тексттин дал келиши ж.б.
Окуучулардын билимдерин, билгичтиктеринин деңгээлин текшерүү процесси баа жана белгилөө менен байланыштуу.
Баа - бул адамдын (окуучунун) иш-аракетинин, чыгармачылыгын баалоо процесси. Белгилөө ушул процесстин жыйынтыгы башкача айтканда анын формалдуу берилиши.
Мугалим окуучунун күндөлүк окуу иштерин жогорудагы ыкмалар менен баалайт. Ал эми нормативдик баалоо кандайдыр бир теманы жыйынтыктоодо жана чейректердин жыйынтыгында колдонулат. Жыйынтыктоочу текшерүүдө салыштырмалуу баалоо колдонулбайт.
Мугалим окуучулардын иштөөсүн стимулдаштыруу үчүн ар окуучунун сабакка катышуусунун активдүүлүгүнө карата күнүнө баалоо же белгилөөлөрдү жүргүзсө болот. Ал үчүн сабакка тиешелүү таблицаны даярдап алуу максатка ылайык.
Мисалы:
| № | Окуучунун аты, жөнү | Үй тап. | Суроолорго жооп бер. | Өз алдын. иши | Оозеки көнүгүүлөр | Жыйынтык баасы |
| 1 | Асанов Бектур | 5 | 4; 5; 4; 5 | 5 | 5 | 5 |
| 2 | Атазов Тимур | 4 | 4; 3; 5 | 4 | 5 | 4 |
| ... | ......................... | ... | ... | ... | ... | ... |
Сабакты жыйынтыктоодо ар бир окуучунун сабаккка болгон активдүүлүгүнө жана иш-аракеттеринин жыйынтыктарына токтолуп айтып кетүү. Начар баалар негизинен айтылбай алардын кетирген каталарына карата өз алдынча тапшырмалар берилет.
Мугалим белгилөөдө жана баалоодо окуучунун "билбей кетирген" катасын, "байкабай кетирген" катачылыгын жана кемчиликтерин бөлүп карайт.
Ката - бул окуучунун программа боюнча талап кылынган билим жана билгичтиктерди өздөштүрбөгөндөгү кетирген катачылык.
Байкабай кетирген катачылыктары бул окуучунун программа боюнча талап кылынган билим жана билгичтиктерди жетишерлик өздөштүрбөгөндүктөн айрым негизги эмес кетирген катачылыктары жана жазуу, чийүү, сүйлөө учурунда кээ бир символдорду байкабай калтырып кетүүсү ж.б.у.с..
Кемчилик иреттүү, таза эмес жазылышы, графиктердин талапка ылайык чийилбеши, маселелерди чыгарылышынын толук жазылбашы ж.б.у.с.
Катачылыктар менен кемчиликтер билимин баалоодо каралат. Кээ бир учурда ката менен кемчилик бир эле учурда кетип калышы мүмкүн. Окуучунун кетирген жанылыштыгы катабы же кемчиликби аны мугалим аныктай билүүсү керек.
4. Баалоонун ыкмалары.
4.1. Байкоо, маектешүү аркылуу баалоо жана кайтарым байланыш.
Байкоо жүргүзүүдө мугалим окуу процессинде мектепте жана мектептен тышкаркы мезгилде окуучуларга байкоо жүргүзүү менен көптөгөн маалыматтарды топтой алат. Байкоо жүргүзүү менен окуучулардын көндүмдөрүнө баа берүүгө жана көндүмдөргө тиешелүү болгон иштерин баалоого мүмкүндүк берет.
Окуу процессинде байкоо жүргүзүү баалоонун усулу катары баа коюу менен төмөнкү учурда колдонулушу мүмкүн:
• оозеки жооп берүүдө, оозеки презентацияда;
• ролдук оюндарда;
• жуп менен жана топто иштөөдө;
• практикалык, лабораториялык иштерди аткарууда ж.б. Мектепте жана мектептен тышкаркы учурларда байкоо жүргүзүү мугалим өз байкоолорун журналга түшүргөнү максатка ылайык. Ал үчүн бир нече окуучунун сабак учурундагы оң (позитивдүү) жана терс (негативдүү) көрсөткүчтөрүн белгилеп туруу керек. Муну менен окуучунун өсүшүн көрүүгө болот. Окуучунун жетишкендиктерин/жетишпегендиктерин эсепке алуунун көптөгөн ыкмалары бар:
• комментарийлердин тизмеги;
• окуу процессиндеги кызыктуу окуяларды жазуу;
• эссе.
Маектешүү жүргүзүүнүн максаты окуучулардын билимдери жана түшүнүктөрү боюнча маалымат чогултуу болуп саналат. Мугалим окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүндө алардын түшүнүүсү боюнча маалымат чогулта алат. Окуучулардын ар бир жубу же тобу менен маектешүү аркылуу алардын окуу материалын өздөштүрүүдөгү кемчиликтерин жана ийгиликтерин байкай алат.
Кайтарым байланыш – бул максатка жетүүгө алып бара турган конкреттүү иш-аракеттер, кырдаалдар, маселелер жөнүндө билдирүү жана комментарий алуу процесси. Ал мугалимге окуучулардын жетишкендиктери жана кыйынчылыктары жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Демек окуу процесси кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө билдирет. Кайтарым байланыш толеранттулукка негизделип, жагымдуу маанайда жүрүүгө тийиш. Окуучулардын туура жооп берүүсү, өзүнүн каталарын оңдоосу үчүн убакыт берилиши керек. Мугалим окуучу эмнени айрыкча жакшы аткаргандыгын баса көрсөтүүсү максатка ылайык.
Окуучулардын кайтарым байланыш берүүсүнүн мисалдары катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:
- оозеки жооптор;
- математикалык диктант;
- практикалык иш;
- текшерүү иш;
- үй тапшырманы аткаруу;
- өз алдынча иштөө;
- портфолио;
- долбоор;
- маалыматтар менен иштөө;
- класстык журнал;
- мугалимдин комментарий журналы.
4.2. Өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо. Баалоо ишмердүүлүгүнүн негизги талаптарынын бири болуп окуучулардын өзүлөрүнүн окуудагы жетишкендиктерин баалай билүүсүн калыптандыруу. Мындай максатка жетиш үчүн окуучулардын өзүн-өзү баалоо жана бири-бирин баалоо ыкмасы колдонулат. Мында, окуучулар өзүнүн ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө жана баалоого, өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо ыкмасында баалоонун критерийлерине таянат (окуучулар бири- биринин иштерин баалоонун критерийлери белгиленгенден кийин гана баалай алышат). Сабактын материалын түшүнгөн/түшүнбөгөнүн аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн окуучулардын өзүн-өзү баалоо көндүмдөрү болушу керек. Төмөнкүдөй суроолорду чечүү максатталат:
1) иш учурундагы эң жакшы учурлар;
2) иш учурундагы эң жаман учурлар;
3) сабак учурунда эмнелерди үйрөндүм?
4) эмнелер жакты?
5) эмнелер жаккан жок?
6) тиешелүү түшүнүктү толук өздөштүрүүгө эмне жетишсиз болуп калды?
Жаңы теманы түшүндүрүүдөн кийин окуучулардын билимдерин калыптандырууда өз алдынча иштерин жүргүзүүдө жаңы теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн билишет.
Өз алдынча текшерүүчү ишти жүргүзүү үчүн 9-10 мүнөттү алат. Өз алдынча иштин тапшырмалары жаңы өтүлгөн теманын күтүлүүчү натыйжаларын текшерүүгө багытталат. Өз алдынча ишти жүргүзүүнүн тартибин мугалим окуучуларга айтат.
1) тапшырманы аткарууга бөлүнгөн убакыт;
2) баалоонун критерийлери;
3) кошумча материалдарды, окуу китебин колдонууга уруксат;
4) өз алдынча иш өз ара талкууланат жана презентацияланат;
5) жыйынтыктар чыгарылат.
5. 5.1. Текшерүү иштерди жана өз алдынча иштерди баалоонун чен-өлчөмдөрү
«5» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• тапшырманы толугу менен аткарса;
• логикалык ой жүгүртүүдө жана чечимди негиздөөдө каталар жана
жетишпестиктер жок болсо;
• чыгарылышта математикалык каталар жок (бир ката бар болушу мүмкүн, ал окуу материалын билбегенден же түшүнбөгөндөн эмес).
«4» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• тапшырманы толугу менен аткарса, бирок маселенин чыгарылышында
негиздөөлөр жетиштүү эмес;
• маселелердин чыгарылышында бир ката жана сүрөттөрдө, чиймелерде эки же үч жетишсиздик бар болсо.
«3» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• маселелердин чыгарылышында бирден көп ката кетирсе;
• чиймелерден, сүрөттөрдөн үч же төрт жетишсиздиктер бар болсо, бирок
текшерилип жаткан тема боюнча милдеттүү билгичтиктерге ээ болсо.
«2» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• берилген тема боюнча милдеттүү билгичтиктерге ээ болбогонун көрсөткѳн
жеткиликтүү каталарды кетирсе.
5.2. Оозеки жоопторду баалоонун чен-өлчөмдөрү
«5» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• китепте жана программада каралган көлөмдө материалдын мазмунун толугу менен ачса;
• белгилүү логикалык ырааттуулукта математикалык терминология жана
символиканы так пайдалануу менен сабаттуу тилде берсе;
• жоопторго жардам берүүчү сүрөттөрдү, чиймелерди, графиктерди туура
аткарса;
• жалпылоо жана тыянак чыгаруу белгилүү фактыларга таянса, окуу
китебиндеги мисалдар менен гана тастыкталбастан кошумча адабияттан,
айлана-чөйрөдөгү жекече байкоо жүргүзүүнүн негизинде дагы тастыктаса;
• негизгисин башкасынан бөлүп караса;
• өзүнчө фактыларды жалпылоолордон айырмалай билүүнү көрсөтсө;
• кошумча суроолорго жооп берүүдө 1-2 так эместикти кетирсе;
• мугалимдин эскертүүсүнөн кийин каталарды жеңил оңдосо.
«4» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• негизги материалды, ошондой эле орчундуу майда-бараттарды билүүдө «5» деген баа алгандай өздөштүрсѳ, бирок материалды түшүндүрүп берүү
ыкмаларында жана мазмунунда кээ бир кемчиликтерди кетирсе.
«3» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• мектеп программасынын чегинде негизги материалга тиешелүү жеткиликтүү тереӊ билимдери бар болсо;
• материалдын мазмунун терең чече албаса;
• программанын башка суроолору боюнча каталарды кетирсе;
• өзү кошумча суроолорго жооп берүү менен оңдой алса.
«2» деген баа коюлат, эгерде окуучу:
• берген жообу, кетирген каталары жогоруда коюлган талаптарды
канааттандырбаса;
• жыйынтыгында одоно каталар фактылык материал жөнүндө начар билими
тууралуу күбөлөндүрсө;
• кошумча суроолорго дагы жооп бере албаса.