Ленин районуна караштуу
№43МЧББУ
Сабатка үйрөтүү сабагынын конспекти
Тема: “Аяз Атага барганда”
3– сабак ( декабрь айы)
Жогорку топ(5-6 жаш)
Түзгөн:
Сыйдалиева Б.Т.
Бишкек 2020 -ж
Сабактын темасы: “Аяз Атага барганда”
Программалык мазмуну:
Үндүү тыбыштарды кайталоо, алган билимдерин бекемдөө. Тыбыштарды тамга менен белгилөө.
Тапшырмаларды аткарууда логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүү.
Усулдук ыкмалар:
Уюштуруу учуру, аңгемелешүү, табышмак айту, тыныгуу көнүгүүсү.
Колдонулуучу каражаттар:сюжеттүү сүрөттөр, тамгалар.
Сабактын жүрүшү:
Саламатсыңарбы балдар!
Азыр жылдын кайсы мезгили? Кыш мезгили.
Азыр кайсы ай? Декабрь айы.
Бардык чоңдор жана балдар декабрь айында кайсы майрамды чыдамсыздык менен күтүшөт? Жаңы жылды күтүшөт. Бүгүн бизде сонун шаңдуу майрам, ортодо кооз балаты бар. Ал кандай? Жашыл, кооз, барпайган, көрктүү.
1-слайд
Балдар карагылачы балатынын астында кат бар экен. Муну бизге Аяз Ата таштап кетиптир. Келгиле катты ачып, окуйлу. 2-слайд
"Саламатсыңарбы балдар!!! Мен силерге барайын деп жолго чыкканы жаткам, бирок бороон болуп, жолдордун бардыгын кар басып калгандыктан бара албай калдым. Мага жардам берип, жолду кардан тазалап, тапшырмаларымды аткарганга аракет кылгыла. Талаадан адашып кетпеш үчүн мен силерге багыт берүүчү карта калтырам. Көрүшкөнчө. Силердин Аяз Атаңар. " 3-слайд
Балдар, эсиңердеби, Аяз Ата бизге жолду тазалоону өтүнгөн болчу. Жолго калың кар жаап, жол көрүнбөй калыптыр. Биз бул жерден окшош кар бүртүкчөлөрүн тапсак жол ачылат. 4-слайд
(Балдар кар бүртүктөрүн жупташат).
Мына балдар жолду да тазалап алдык. Аиий бул жерде карышкыр жүрөт.
5-слайд
К: Ии балдар, кайда шашып жөнөдүңөр?
Аяз Атага барчу жолду таппай адашып кетебизби деп коркуп жатабыз.
К: Мен барчу жолду билем, силер менин табышмактарымды тапсаңар, анда мен силерге жардам берем.
Биз макулбуз, табышмактарыңды тапканга аракет кылабыз.
Өзү тегерек
жарыгы эң керек. (Ай) 6-слайд
Адам кирсе ачылат
Кайра чыкса жабылат (эшик) 7-слайд
Жалт-жулт этет
Жалмап жутат. (от) 8-слайд
Чаң жугузбай барктайбыз
Бассак ансыз баспайбыз.
Жат –жатууга келгенде
Жандан оолак таштайбыз (өтүк) 9-слайд
Жүнү жумшак үлпүлдөк,
Күндүз уктайт сүлкүлдөп.
Кечинде көзү көргөн.
Жемин издеп жөнөгөн. (үкү) 10-слайд
Куш десең куш эмес
Бут десең бут эмес.
Куштай учат
Буттуудай жүгүрөт
Муну ким билет? (учак) 11-слайд
[а],[э],[о],[ө],[ү],[у] –булар кандай тыбыштар?
Туура, булар үндүүлөр, анын ичинен созулма үндүүлөр
Аа, оо, ээ, өө, үү, уу
Мына балдар карышкыр да бизге жолду көрсөтүп берди. Эми сапарыбызды андан ары улайлы. Үшүп калбас үчүн кыймылдуу көнүгүү жасайлы. 12-слайд
Үшүп калдык бир азга
Жылыналы бир мүнөт.
Бурулгун да ийилгин.
Эми болсо секиргин.
Жылмайгын досум, жылмайгын.
Аркаңды түптүз кармагын.
Балдар бир аз да болсо жылынып алдык. Мына балдар биз Аяз Атаныкына да келип калдык.
А: Балдар, силерге чоң рахмат, билем жолдо ар кандай тоскоолдуктардан өтүп, тапшырмаларды аткардыңар, бирок алардын бардыгынан ийгиликтүү өттүңөр. Мен силерге абдан ыраазымын жана силерге белектеримди бергим келип турат.