Просмотр содержимого документа
«Сабатка үйрөтүү»
Ленин районуна караштуу
№43МЧББУ
Сабатка үйрөтүү сабагынын конспекти
Тема: “Жаңы жылдык балаты”
4– сабак ( декабрь айы)
Жогорку топ(5-6 жаш)
Түзгөн:
Сыйдалиева Б.Т.
Бишкек 2020 -ж
Программалык мазмуну:
Үндүү, үнсүз тыбыштарды кайталоо, алган билимдерин бышыктоо. Тыбыштарды тамга менен белгилөө.Тапшырмаларды аткарууда ой жүгүртүүнү өөрчүтүү , эске тутууну калыптандыруу, берилген тыбышты тамга менен белгилеп, анын сөздөгү ордун аныктай билүү.
Усулдук ыкмалар:
Уюштуруу учуру, аңгемелешүү, тыныгуу көнүгүүсү, дидактикалык оюндар.
Колдонулуучу каражаттар:сюжеттүү сүрөттөр, тамгалар
Сабактын жүрүшү:
Саламатсыңарбы балдар!
Бөлмөдө татына,
Жапжашыл балаты.
Ар түркүн оюнчук,
Жымыңдайт карачы. 1-слайд
Балдар, жакында Жаңы жылдык балатыны майрамдайбыз. Азыр биздин балатыбыз майрамга даяр эмес. Андыктан аны оюнчуктар менен кооздошубуз керек. Силер мага жардамга келесиңерби? Мен силерге тамгаларды берем. Силер ал тамгаларды сөздөрдөн тапсаңар балатыга илесиңер.
Т – тобурчак, түлкү
М – мамалак, муз
Б –балык, бака
Ч – чана, Чебурашка
Р – кар, ракета
Алтын шам жанды тигинде
Акак түс бутак биринде
Жылдыздар бизге көрк берип
Жымыңдайт аяз түнүндө
Азаматсыңар балдар, эми бул желекчелердеги балаты, жылдызча деген сөздөргө сүйлөм түзөлү.
Балатыны кооздодук.
\___________ ____________.
Балатыга жылдызча тактык.
\_________ ___________ __________.
Туура биринчи сүйлөмдө эки сөз бар. Экинчи сүйлөмдө үч сөз бар.
Эми балдар бул учакта катылган тамгаларды табабыз.
Канча үндүү жана үнсүз тыбыштар бар экен?
Азаматсыңар , бул жерде үч үндүү, төрт үнсүз тыбыштар бар. Балдар силерге бүгүнкү сабак жактыбы? Эмнеси менен жакты?
Силер үйдөн балаты жөнүндө ырлардан жаттагыла. Сак-саламатта болгула балдар!