Сүт эмүүчүлөр классы.
Сүт эмүүчүлөргө жалпы мүнөздөмө
Сүт эмүүчүлөр классы (Mammalia)
Жер жүзүндө - 4000 ден ашуун түрлөрү бар
Кыргызстанда - 83 кө жакын түрү кездешет
Кызыл китепке - 26 түрү киргизилген.
Сүт эмүүчүлөрдү изилдөөчү илим - маммалогия
Сүт эмүүчүлөрдүн келип чыгышы
Сүт эмүүчүлөрдүн негизги өзгөчөлүктөрү:
- Дене температурасы туруктуу жылуу кандуу хордалуу жаныбарлар;
- Териси жүн же түк менен капталган;
- Тер, сүт жана май бездери өрчүгөн;
- Ортоңку кулагында үч уктургуч сөөк: балкача, дөшүчө жана үзөңгүчө жайгашкан;
- Тиштери формасы жана аткарган кызматтары боюнча ар түрдүү: сүт тиш, кашка тиш, кылкыйма тиш, чоң жана кичине азуу болуп бөлүнөт;
- Сүт эмүүчүлөр тирүү туушуп, баласын сүт менен багышат;
- Нерв системасы жана сезүү органдары жакшы өрчүгөн.
Скелетиндеги көп өзгөрүүлөр:
Баш кутучасындагы жалпак кемиктүү сөөктөрү бири-бири менен кыймылсыз тигиш менен ашталган. Баш сөөгү биринчи ооз омуртка – атлант менен эки томук аркылуу бекийт. Астыңкы жаагы бир гана тиш сөөгүнөн турат. Омуртка тутумунун моюн бөлүгү туруктуу сандагы
7 омурткадан турат. Омурткалары бири-бири менен кемирчек тканы менен ашталып, омуртка тутумунун ийилгичтигине алып келет. Беш манжалуу алдыңкы жана арткы буттары башка омурткалуулардыкындай, бирок манжаларынын санына жараша таянып басып жүрүшү өзгөрүлгөн.
Сүт эмүүчүлөрдүн буттары
Сүт эмүүчүлөрдүн буттары аткарган кызматына жараша өзгөрүлүп учуучу (жарганат), казуучу (крот, сокур чычкан), чуркоочу (кеңгуру, кош аяк), басуучу (уй, жылкы), сүзүүчү (дельфин) жана кармоочу (маймыл) кызматтарды аткарат
Жумуртка туучулар классчасы
Австралия, Жаңы Гвинеяда таралган
🔹 Жумуртка тууйт
🔹 Клоакасы бар
🔹 Сүт бези бар, бирок эмчеги жок
🔹 Сүт териден бөлүнөт
Өрдөк тумшук - сууда сүзүп жүрүүчү сүт эмүүчү болуп саналат. Түзүлүшү жана биологиясы боюнча уникалдуу жаныбар. Манжалары тери жаргакчасы менен капталган, буттары рептилиялардыкындай денесинин капталдарынан орун алган. Арткы бутунда корооздукундай текөөрү болот. Буттары сүзүүгө жана казууга дагы ыңгайлуу. Куйругунун формасы жалпак, сыртынан жүн менен капталган. Алардын канчалык жүнү аз болсо, ошончолук ал картаң деп саналат жана майы теринин астында эмес куйругунда гана топтолот. Алар жумуртка тууп көбөйөт, аны басып чыгарып сүтү менен багат. Болгону эки жумуртка тууйт, аларды 14 күнгө чейин басышат. Балдары адегенде жүнсүз, сокур болушат. Алар жумурткадан чыгары менен энеси чалкалап жатып курсагына коёт. Сџт бези курсагында жайгашкан, анын џрпџ болбойт, тер сыяктуу сызылып чыккан сџтџн баласы жүнүнөн жалайт
Ехидна сыртынан ийнелер менен капталып кирпиге түспөлдөшүп кетет, анын дагы чөбү болбойт, ошондуктан жумуртка тууп көбөйөт. Болгону бир гана жумуртка тууйт, бирок өрдөк тумшуктан
айырмаланып аны баспай курсагында баштыгына алып жүрүп багат.
Сүтү сыдырылып курсагынын жүндүү бетинен чыгат. Эки айдан кийин баласы баштыгынан чыгат, сүт менен багылат. Жакшы торолгондон кийин өз алдынча тамактанууга өтөт
Баштыкчалуулар классчасы
- 270ке жакын түрү бар
- Австралия, Америкада кездешет
- Тирүү тууйт
- Баласы өтө кичинекей төрөлөт
- Баштыкта өсүп жетилет
- Эмчек аркылуу сүт менен багылат
Чөптүүлөр же тондуулар классчасы
Дүйнө жүзү боюнча таралган
🔹 Тирүү тууйт
🔹 Түйүлдүк ургаачынын жатында өрчүйт
🔹 Плацента (тон) бар
🔹 Түйүлдүктүн өрчүшү – бооздук деп аталат
Чөптүүлөр классчасына кирген жаныбарлар - бул жогорку түзүлүштөгү сүт эмүүчүлөр, же тондуулар деп да аталат. Булардын жумурткасы абдан майда, уруктангандан кийин өзгөчө бир органдын ичинде - жатынында өрчүйт. Түйүлдүгү жатындын ички бетине – тонуна же чөбүнө бекип, киндиги аркылуу байланыш түзөт. Киндиги кан тамырларга бай келгендиктен, ошол аркылуу энесинен түйүлдүккө керектүү азык заттар жана кычкылтек келип турат, кайрадан тџйџлдџктєн энесинин канына керексиз заттар бөлүнүп чыгат. Тирүү туучу жаныбарларда бооздук деп аталат. Бооздуктун мөөнөтү ар түрдүү. Сүт эмүүчү канчалык майда болсо, ошончолук ал аз көтөрөт. Көтөрүүнүн мөөнөтүнө жаныбарлардын жашоо тиричилиги, көлөмү да таасирин тийгизет. Көлөмүкичине болгондор аз көтөрүп, бирок тез-тезден төлдөшөт. Мисалы, майда чычкандар жылына 5-8 жолу тууса, ирилери – бир нече жылда барып бир жолу төлдөшөт. Эмчектеринин саны туулган балдарынын санына жараша болот. Мисалы, 3-8 күчүк тууган иттер 8 эмчектүү болушат.
Үйгө тапшырма
§52. Сүт эмүүчүлөр классына кирген классчалардын өзгөчөлүктөрүн айырмалап, талдоо