СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых боюнча материалдар

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарых боюнча материалдар»

Тарых

- Адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы Жер, жаратылыш тарыхынын бир бөлүгү жана уландысы. Коомдун тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат.
- Коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай жүрүмү.

Тарых арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга (археологиялык, этнографиялык, жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат. Жана ошондой элетарых (латын сөзүнөн "hisтoria" – тарых; өткөндөр тууралуу баян)

– 1) жаратылыш менен коомдун өнүгүү процесси;

- 2) адамзаттын конкреттүү жана көп түрдүү мүнөздөгү өткөн тарыхын окуп-үйрөнгөн коомдук илимдердин комплекси

(тарых илимдери). Бул илимдердин чегинде далилдер, окуялар жана процесстер тарыхый булактардын негизинде изилденет. Тарых жалпы тарыхтан жана айрым өлкөлөр менен элдердин тарыхынан турат; -Алгачкы жамааттык тарых,

-Орто кылымдардын тарыхы, жаңы тарых

- Жана соңку жаңы тарых болуп бөлүнөт.

Тарыхтын негизги тармактары болуп экономикалык тарых, аскердик тарых, тарыхый география, ж. б. боуп эсептелишет. Комплекстүү илим болуп саналган тарыхтын органикалык составы болуп адистештирилген Тарых илимдери, археология жана этнография саналышат. Маданияттын, илимдин жана техниканын ар тараптуу тарыхы аталган илимдердин (математиканын тарыхы, физиканын тарыхы, философиянын тарыхы ж. б.) жана искусство түрлөрүнүн (музыканын тарыхы, театрдын тарыхы ж. б.) таарыхый бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Тарых тигил же бул чөлкөмдү (африканистика, балканистика), элди (синология, тюркология ж. б.) же элдер түркүмүн (славян таануу) изилдеген гуманитардык илимдердин тобуна кирет.

Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.

Тарыхты комплекстүү үйрөнүү аркылуу гана тигил же бул элдин, улуттун, этностун, социалдык топтун, диндин, расанын өзгөчө тарыхый барактарын калыс таразалоого болот.

Тарыхты иликтөөнүн да ар кыл усулдары бар.

Тарыхый жазма булактарды иликтөө – булак таануу менен байланыштуу.

Археологиялык эстеликтерди жана жайларды иликтөө менен археология илим тармагы алектенет.

Тарыхты изилдегендердин ар кыл мектебин, ар тарыхчынын тарыхый саамалыктарын, өзгөчөлүктөрүн, жетишкендигин жана кемчилигин иликтөө – тарыхнаама илимий тармагы аркылуу жүргүзүлөт.

Тарыхты илимий иликтөө тарыхый далилдерге гана таянат, ушул жагынан ал тарыхый окуяларды пенде катары айтып берүүдөн, өз жоромолун бир беткей таңуулап сунуштоодон кескин айырмаланат.













1-CУРОО

"Ала-Тоо" аянтындагы "Достук" монументи кайсы окуяга байланыштуу тургузулган?

Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата, орус эли менен болгон мамилени жакшыртуу үчүн

Кыргыз-Кытай мамилесин жакшыртуу максатында

Кыргыз Республикасынын Орусиянын курамына өз ыктыяры менен кошулгандыгынын 100 жылдыгына байланыштуу

2-CУРОО

Бул ыр саптары кайсы окуяга байланыштуу жазылып, "Ала-Тоо" аянтына илинген? Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар, Эч жалтанбай ажалга түз баргандар. Өлбөс кылды келечегин кыргыздын, Өлкө үчүн өмүр берген кайрандар.

1994-жылдагы Ош окуясына байланыштуу

Баткен окуясына карата

Аксы окуясында жана Апрель окуяларында жабыркагандар үчүн

3-CУРОО

Токтогул Сатылганов канча жаш курагында, кайсы жерде каза болгон?

72 жашында, Сибирде абакта

66 жашында, Таласта тойдо

69 жашында, өз айылында

4-CУРОО

Ак үйдүн тосмосуна кайсы окуянын катышуучуларынын ысымдары жазылган?

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуянын катышуучуларынын

2010-жылдагы Ош окуясында көз жумгандардын

Аксы окуясында кайтыш болгондордун

5-CУРОО

Советтер Союзунун Баатыры Иван Васильевич Панфиловдун айкели борбор калаадагы кайсы мамлекеттик имараттын жанына орнотулган?

Бишкек шаардык мэриянын жанында

Ак үйдүн жанында

Ички иштер министрлигинин батыш-чыгыш тарабында

6-CУРОО

Нүзүп бий Кокон хандыгында кайсы эң жогорку чинди алган?

Миң башы

Жүз башы

Ляшкар башы

7-CУРОО

Баткен облусу канчанчы жылы Ош облусунан бөлүнүп, өзүнчө облус макамын алган?

1995-жылы 5-мартта

1999-жылы 12-октябрда

2000-жылы 3-декабрда

8-CУРОО

Кыргыз Республикасын 1924-жылы Орусия облус катары кабыл алып, расмий кандай атаган?

Кара кыргыз автономиялуу облусу

Кыргыз автономиялуу облусу

Кызыл кыргыз автономиялуу облусу

9-CУРОО

Жеңиш чокусу кайсы аймакта?

Чаткал тоо кыркаларында

Тянь-Шань тоосунда

Талас тоосунда

10-CУРОО

Теңир-Тоо деген аталыш кайсы облуска таандык?

Жалал-Абад

Нарын

Ысык-Көл

11-CУРОО

2010-жылы 7-апрелде өлкө тарыхында кандай окуя болгон?

Нааразычылык акция

Жарандык согуш

Элдик төңкөрүш

12-CУРОО

1916-жылдагы тарыхый Үркүн окуясын кыргыз эли кандай атайт?

Улуттар аралык чыр-чатак

Орус падышачылыгы менен жер талашуу

Улуттук боштондук көтөрүлүш

13-CУРОО

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы качан, кайсы жерде белгиленген?

1994-жылы Бишкекте

1995-жылы Таласта

1993-жылы Чүй облусунда

14-CУРОО

Кетмен-Төбө өрөөнү кайсы районго таандык?

Чаткал

Токтогул

Ак-Талаа

15-CУРОО

Сүймөнкул Чокморов ким болгон?

Опера ырчысы, солист

Киноактёр, сүрөтчү

Саясий ишмер