Жаңы тема: Ч.Айтматов «Жамийла» повести
-окуучу: Ч Айтматовдун балалыгы,өмур таржымалын айтып берет.2-окуучу:Ч .Айтматовдун «Жамийла» повестинин мазмунун,сюжеттик окуяларды айтат
Мугалим: ”Сабагыбыз сабак-мелдеш формасында өтөт. Ар бир берген жообуңар учун желекче аласынар, тобуңар менен биргеликте жыйнайсыңар, сабак аягында кайсы топ жана кайсыл окуучу көп желекче чогултса, эн алдьңкы топ жана мыкты окуучу болуп, женишке жетишет. Анда эмесе, сабагыбызды баштайбыз".
(Класска көрсөтмөлүүлүк катары да узун жипче тартып, баалоо желекчелерди илип коюу керек. Ар бир жооп берген окуучу , топтун окуучулары улам желекчелерди алат, сандыгына сала беришет. Доскага З топ учун З кутуча(сандык) илинет.
(Фетрден жасалат же открыткадан.Топтогу окуучулардын чеберчилигине байланыштуу,себеби тапшырма берилген).
Сабакты бышыктоо. Топтор менен иштөө. Сунушталуучу тапшырмалар:
1-тапшырма. ”Суроолор көргөзмөсү' Бул учун кагаздарга суроолор жазылып, класстын каалаган жерлерине жабыштырылат. ( Суроолор повесттин идеялык багытына карай томонкучө болот)
1-суроо Жамийланын образынан кандай адамды бааладың
2-суроо Даниярга мүноздөмө бер.
3-суроо Чыгармадагы пейзаждык сурөттөөнү баяндап бер
4-суроо Оз эркиндиги үчүн эски салттарды талкалап чыккан келинди кандай баалайсын
5-тапшырма Окуучулар үч топко бөлүнүп чыгарманы талдашат.Оз ойлорун,пикирлерин билдиришет.
1-топ прокурорлор тобу
2-топ адвокаттар тобу
3-топ сот жана сот отурумундагы кеңешчилер
Каармандарга талдоо жүргүзүү:
Каармандар | Сырткы кебетеси | Мунозу | Максаты | Максатка жетүү үчүн аракети |
Сейит | | | | |
Жамийла | | | | |
Данияр | | | | |
Сейиттин апасы | | | | |
4-тапшырма:Чыгарма каармандары бизде мейманда.Көркөм окуу.
1.Илияз : Кыяда өскөн бир чынар
Бүрдөбөсө кантейин,
Сүйгөн жаным бир карап
Сүйлөбөсө кантейин…
Аселтайым арманым.
2.Асел : Кантейин ойго тунам
Ашыгым унуткаргын
Сен сынадың,мен чыдадым
Илиясым , ардагым
3.Найман Эне:Кыргыздын атын жаңыртып,
Дүйнөгө бизди таанытып
Лондон,Париж Люксембург,
Дүңгүрөп кетти атыңыз
4. Бугу Эне : Кыргызым ,ынтымакта жашагыла
Силерге Ысык –Көлду тапшырайын,
Элимде кең пейилдик орносун деп,
Маралдарды Ала –Тоого бастырайын.
Экрандан Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү :
1.Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы –үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.
2.Омурдүн чыныгы баркы ишенимде,бактысы да ишенимде.
3.Адамга эн кыйыны –күн сайынадам болу.
4.Тил-улуттун кубанса кубанычы,кайгырса кайгысы жана акыл –эси.Тилсиз улут болбойт ж.б.
Сабакты баалоо.Топтордун иши бааланат. Кайсы топ активдуу катышты, кайсы окуучулар мыкты аракет кылды, жыйынтык чыгарылат.
Уй тапшырма: 1.Ч.Айтматовдун «Делбирим «чыгармасын тааап окуу.
2.1-сүйлөм:Эх,жаным өлүп кетебизби.Элпек аке бар эмеспи,ошол бүтүрөөр,байыс .алалы.
2-сүйлөм Кудай сактай көр ,кокус Ысмайылдын качы келгенин билип калып,кадик санап калышпасын.
Жогорудагы «байыс»,»кадик» сөздөрү адабий тилде кандай аталат.
Сабакты даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими : Стамалиева У