СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жамийла повести

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жамийла повести»

“ Жамийла” повести “ Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян” ФО(кя)-1-23 Жапарова Бегайым  Илимий жетекчи:Алибекова Өмүркан Балтабаевна

“ Жамийла” повести

“ Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян”

ФО(кя)-1-23

Жапарова Бегайым

Илимий жетекчи:Алибекова Өмүркан Балтабаевна

“ Жамийла” повестинде адамзаттын жашоосундагы глобалдык маселелердин бири болгон сүйүү жөнүндө баяндалат. Бул үй-бүлө куруудагы эркин тандоо жөнүндө, адам бул жашоодо өз эркин багындыруу менен турмуш куруусу керектигин, сүйүү менен гана бактылуу боло ала турганын көрсөткөн чыгарма.

«Жамийла» повестине арналып, ага негизинен оӊ баа берген, француз элинин демократ жазуучусу Луи Арагон «Жамийланы» өзү которуп «Махабат жөнүндө дүйнөдөгү эӊ сонун баяндардын бири» деп жазган. Жамийла

«Жамийла» повестине арналып, ага негизинен оӊ баа берген, француз элинин демократ жазуучусу Луи Арагон «Жамийланы» өзү которуп «Махабат жөнүндө дүйнөдөгү эӊ сонун баяндардын бири» деп жазган.

Жамийла

Жамийла – бул эзелки эскиден жабышып келаткан жаман үрп-адаттардан аттап өтүп “эски заманды унуткула, кыргыздын эң жаман салты ала качуу!” Бул салттан баш тарткыла, өзүңөрдүн сүйүүңөр үчүн күрөшкүлө деп махабатты даңазалаган аял. Ал – ак сүйүүнүн символу! Жаштайынан тоо арасында ат чаап өскөн, тоо койнунда обонун эркин салып, аска-зоону жаӊырта ырдаган жылкычынын жалгыз кызы. Анын тоонун салкын абасында, алдыӊкы жылкычынын тарбиясында өскөндүгүнөн тоо суусундай, ак мөӊгүдөй таза кыз экендигине ишенебиз

 Балким, Жамийла убагында: «Өмүр бою чач агартаар кишим ким болор экен?» — деп кыялданган чыгар. Анткени, Жамийланын жашы курагында ар бир жаш ошол ойду ойлобой койбойт эмеспи. Бирок Жамийланын өзүмдүн сүйгөн адамыма баш кошсом деген ою ишке ашпай калган. Бирок Жамийла Садыкка капыстан тийсе дагы, аны менен алгачкы күндөрдө сүйгөн адамындай мамиледе болгон. Жамийла бир келген өмүрдү татыктуу жашоо, таза сүйүү менен өткөрүү керектигин, бактылуулук, махабат эшиги эки жүрөктүн ритминде бирдей кагылуусунда ачыларын далидегиси келген. Укукту тепселеген салт- санаага караманча каршы туруп, таалайлуу болушка акысы бар күлгүн жаштыктын башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир деңгээлде “тебелениши”, кор болушу акылга сыйбаган жорук деген.

Балким, Жамийла убагында: «Өмүр бою чач агартаар кишим ким болор экен?» — деп кыялданган чыгар. Анткени, Жамийланын жашы курагында ар бир жаш ошол ойду ойлобой койбойт эмеспи. Бирок Жамийланын өзүмдүн сүйгөн адамыма баш кошсом деген ою ишке ашпай калган. Бирок Жамийла Садыкка капыстан тийсе дагы, аны менен алгачкы күндөрдө сүйгөн адамындай мамиледе болгон.

Жамийла бир келген өмүрдү татыктуу жашоо, таза сүйүү менен өткөрүү керектигин, бактылуулук, махабат эшиги эки жүрөктүн ритминде бирдей кагылуусунда ачыларын далидегиси келген. Укукту тепселеген салт- санаага караманча каршы туруп, таалайлуу болушка акысы бар күлгүн жаштыктын башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир деңгээлде “тебелениши”, кор болушу акылга сыйбаган жорук деген.

“ Жамийла” Повестте Жамийланын согушта жүргөн күйөөсү Садык жазган каттарда, аялы жөнүндө каттын эң акырында гана кыска сурап-сурамыш этип коёт. Бул жерде Жамийла анын сүйүүсүнө ишенбеген. Садыктан келген катты окуурда анын жүрөгү дүкүлдөп, эки бети күйүп чыгат. Кат окулуп бүткөн соң, тылда калган жаш аялын көңүлкош сурамыш этип койгону аны улутунтуп, көңүлүн түшүрөт. Садык Жамийланын теңи эмес. “Садык мени сүйбөйт, менин кадырыма жетпейт” де п биротоло жыйынтыктайт. Айтматов чыгармада жаңы заманда маңыздуу тиричилик өткөрүү үчүн, сүйүү үчүн, эски салттык личносттук кызыкчылыкты туура деп баса белгилеп дберген. Автор Жамийла менен Данияр аркылуу ала качуу жеке адамдын укугун бузуу, зордук-зомбулук, эркин жашоону басмырлаган, сүйүүгө каршы аракет экенин баяндаган.

“ Жамийла”

Повестте Жамийланын согушта жүргөн күйөөсү Садык жазган каттарда, аялы жөнүндө каттын эң акырында гана кыска сурап-сурамыш этип коёт. Бул жерде Жамийла анын сүйүүсүнө ишенбеген.

Садыктан келген катты окуурда анын жүрөгү дүкүлдөп, эки бети күйүп чыгат. Кат окулуп бүткөн соң, тылда калган жаш аялын көңүлкош сурамыш этип койгону аны улутунтуп, көңүлүн түшүрөт. Садык Жамийланын теңи эмес. “Садык мени сүйбөйт, менин кадырыма жетпейт” де п биротоло жыйынтыктайт.

Айтматов чыгармада жаңы заманда маңыздуу тиричилик өткөрүү үчүн, сүйүү үчүн, эски салттык личносттук кызыкчылыкты туура деп баса белгилеп дберген. Автор Жамийла менен Данияр аркылуу ала качуу жеке адамдын укугун бузуу, зордук-зомбулук, эркин жашоону басмырлаган, сүйүүгө каршы аракет экенин баяндаган.

Советтер Союзу учурундагы социализм менен капитализмдин тирешинде «Совет элинде эркин тандоо жок, эл үстөмдүктө жашайт» деп айтылган капиталисттердин сынына Ч.Айтматов: «Биз да эркин тандай алабыз, өз башына өзү ээ болгондор бар, сүйүүсү үчүн күрөшүп, ага жеткендер бар. Мына ал кишилер» деп Жамийла менен Даниярды баса белгилеп кеткен. Жамийла Жазуучу Жамийланын образы аркылуу өзүнүн эркин сүйүүсүнө умтулган, өз сүйүүсүн табуу үчүн жанын аябаган, эскинин торунун быт-чытын чышгарып, өз жолу менен кеткен кыргыз кызынын эркин сүйүүсүн көрсөткөн.

Советтер Союзу учурундагы социализм менен капитализмдин тирешинде «Совет элинде эркин тандоо жок, эл үстөмдүктө жашайт» деп айтылган капиталисттердин сынына Ч.Айтматов: «Биз да эркин тандай алабыз, өз башына өзү ээ болгондор бар, сүйүүсү үчүн күрөшүп, ага жеткендер бар. Мына ал кишилер» деп Жамийла менен Даниярды баса белгилеп кеткен.

Жамийла

Жазуучу Жамийланын образы аркылуу өзүнүн эркин сүйүүсүнө умтулган, өз сүйүүсүн табуу үчүн жанын аябаган, эскинин торунун быт-чытын чышгарып, өз жолу менен кеткен кыргыз кызынын эркин сүйүүсүн көрсөткөн.

“ Жамийла” повестинде аялдын образынын эволюциясы өзүнүн реалисттик бийик чекитине чейин өсүп чыгып барган. Аталган чыгармада Жамийланын образы кандайдыр бир моралдык идеянын персонификациясы эмес, автордун махабат маселесине байланыштуу алдын ала түзүп алган сюжеттик долбоорун элпектик менен тейлеген шарттуу фигура же автор каалагандай басып турган, калемгер каалагандай ойноткон куурчак эмес. Жамийла баарынан мурда индивидуалдуу мүнөз, өзүнүн жекече турмушу, жекече ой-пикири, кыял-жоругу, жекече тагдыры менен жашаган тирүү личность

Жамийланын бат, бат өзгөрүп турган маанайын, бирде албырган, бирде купкуу болуп кеткен, бирде бозоргон, бирде күлүп- жайнаган өңүнөн өйдө, ичиндеги уйгу-туйгуларынын бардык юанстарынан ойдо, даана көрүп турат. Бир сөз менен айтканда, кыргыз адабиятында аялдын образы биринчи жолу толук кандуу психологиялашкан жана индивидуалдашкан.

“ Жамийлада” сюжеттин жүрүшү мүнөздөрдүн өнүгүшү менен аныкталат. Аталган повестте аялдын образы биринчи жолу автордук диктаттын бийлигинен эмансипацияланып, өз алдынча индивдуалдуулук катары жашап, аракеттенет. Бул кыргыз адабиятында сүрөттөөнүн реалисттик маданиятынын орун очок алышынын айныгыс далили

Жамийла сыяктуу эрктүү болгондо гана өз максаттарына жетээрин айткан. Жамийланын кылганы азыркы жаштарга үлгү. Жамийла биздин жаштарга «эссиз сүйүүгө эстүү мамиле керек» экендигин көрсөттү, Азыр Жамийланын жолун жолдогон сиӊдилери сансыз. Чыгарманын күчү мына, ушунда.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!